Добавить статью
8:49, 7 марта 2013 75940

Суу төлөмдөрү  өзүн актайбы?

Көп кабаттуу үйлөрдүн жер төлөөсүндө түтүктөрү жарылып, ичүүчү таза суулар сарамжалдуу пайдаланылбайт. Аны менен катар калктын тазалыгына да коркунуч келтирилет. Айрым көчөлөрдө суу түтүктөрү эскирип жарылгандыгына байланыштуу суу акысын төлөгөн жашоочулар да сууга муктаждыгы болгон учурларда бүгүнкү күнгө чейин уланып келүүдө. Таза суу сактоочу жайлардын жанына жеке ишкерлер кафе, дүкөндөрдү куруп алышкан. Алардан чыккан таштандылар суу сактоочу жайдын жанынан орун алып адамдардын ден-соолугуна кедергисин тийгизүүдө. Сууга болгон төлөмдү жашоочулар өз убагында төлөбөгөндүгүнүн натыйжасында эскирген суу түтүктөрдүн ремонту өз убагында жүргүзүлбөй келет. Кароосуз калган суу түтүктөрүнүн чордону жарылууда, анын натыйжасында таза суу коромжуга учурап жатат. Айрым учурларда ачык суу кудуктарына кароосуз калган балдар түшүп кетип кырсыктар катталууда. Жалал-Абад шаарынын Тилек кичи районунун тургундары суу акысын өз убагында төлөшөт. Бирок кыш айында бир айда бир ирет гана суу берилет. Башка мезгилдерде жумасына бир жолу гана суу менен камсыз болушат. Шаар тургундары сууга болгон төлөмдөрдү өз убагында төлөшсө, Жалал-Абад суу каналынын башкармалыгы суу кетүүчү түтүктөрдү өз убагында оңдоп-түзөө жумуштарын аткарууга милдеттүү. Бирок, каржы тартыштыгы бир топ маселе жаратат, канткен күндө да, каржы тартыштыгына төңкөп убакытты созбой даректүү жумуштар аткарылбаса, эртеңки күндөгү ичүүчү суунун абалы, шаардыктар үчүн абдан оор. Суу таза болсо, ден-соолук таза, өмүр узун, адамдардын дили да таза болоору шексиз.
Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×