Добавить статью
12:24, 11 марта 2013 44641

Кылмыштуу бийлик таржымалы, же Бакиевдердин кылгандарын унутканга болбойт

Деги адамдар кызык, жакшыны эстен кетирбей, а жамандыкты тезирээк унутканга ашыгышат. Бирок, болгону үч-төрт ган жыл мурда өлкөдө болуп келгендерди эстегенде муздак тер басып, жүрөк сайгылаша түшөт. Ошондон улам тарыхчыларга жана саясий эксперттерге адегенде Акаевдердин үй-бүлөү үстөмдүк кылган бийлиги Бакиевдердин ачыктан-ачык кылмыштуу зөөкүр үй-бүлө тобуна кантип айланганын дагы көпкө териштирип-чечмелегенге туура келет.

Курманбек Бакиев кулатылгандан үч жыл өтсө да анын командасы өлкө ичинде жүргүзгөн саясат бир гана максатта –экинчи ажонун жеке бийлигин чыңдоону максат кылгандыгын белгилөөгө болот. Ошол мезгилденги башкы аныктоочу күч кылмышкерлер болуп саналган. Натыйжада “демократия аралчасы” деп бир кездерде аталган өлкөдө демократиянын изи да калбады. Бардык аналитиктер менен эксперттер биздин өлкөнү кылмыштуу мамлекет катары мүнөздөп калышкан эле. Мында башкы роль президенттин иниси Жаныш Бакиевге таандык болчу. Ошого жараша Бакиев бийлик кылган беш жыл бою Кыргызстанды бир катара чуулгандуу саясий өлтүрүүлөр титиретти. Ал учурда ондон ашык депутат, коомдук ишмер, жана журналист курман болду. Ошондуктан бийлик атаандаштары жан алгыч эми качан бизге келет деп жандарын оозуна карма калышкан.

Дагы айтсак, ал жылдардын маалымат каражаттары сөз эркиндиги дегенди унутканга мажбур болушкан. Расмий гана маалымат каражаттары өлкөдө болуп жаткандардын жакшы жагын гана саймедиреп сайрап, сыпаттап-шөкөттөп калгандыктан, эл арасы ушак-айыңга, шумдуктуу дөмөмөл-жоромолдорго толуп кетти. Ал эми чындыкты айтып турган тартынбас журналисттердин айрымдары (Алишер Саипов, Геннадий Павлюк) өлтүрүлсө, калгандарын (СыргакАбылдаев, Улукбек Бабакулов, Турат Бектенов) чалажан абалга чейин ур-тепкиге алып,ыраймысыз токмокшуп, үчүнчүлөрү (Бермен Букашева, Чолпон Орозобекова жана башкалар) жандарын сактай өлкөдөн чыга качышкан.

Бийлик, өзгөчө тартип сактоо органдары бийликтеги кылмышкерлер менен машташып, баңги зат ээн-эркин жүгүртүлүп турган. 2008-жылы президент Бакиевдин жарлыгы менен Баңги заттарды көзөмөлдөө агеттиги жоюлгандан кийин героин жүгүртүү көп эсе артып кеткенин эл аралык экспертер белгилешкен.

Бакиевдердин балдары да калышпай, алсак, улуусу Марат Бакиев жалпы товар жүгүртүүдөгү “шойкомдуу” схемалар боюнча бардык салкытарды көзөмөлдөп, мында сол чөнтөккө күнүгө миңдеген доллар акча түшүп турган. Кичүүсү болсо, ал үчүн атайын түзүлгөн ЦАРИИ деген Конституция жок нерсени түздүрүп алып, атасынын тагын мурастоону көздөп калган эле. Ал ошондой эле өлкөгө эл аралык шылуундарды киргизип алып, багы жок Кыргызстандагы стратегиялык обьекттерди болбогон баага сатканга аракеттенген.

Эмесе, жакынкы тарыхтан бир үзүм келтирели да, Кыргызстандын экинчи ажосу Курманбек Бакиев бийлик кылгандагы өзгөчө “эсте каларлык” учурларды эскере кетели.

«Тээжиктер жоголсо, демек, баш оору да жоголот»

Мурдагы бийлик ушуну эреже кылып алган. Мындай кандуу эреже 2005-жылдын мартында Жалал-Абадда бийлик басылып алынгандан баштап колдонулган. Ошондо адегенде эле улутукт банкытн шаардык бөлүмү таланып-тонолуп, андагы, ошондой эле айрым аналитиктердин пикиринде кылмыштуу авторитет Баяман Эркинбаевдин акчаларына бир тууган Бакиевдер менен алардын тарапташтары «жоогазын ыңкылабын» уюштуруп ишке ашырышкан.

Ошентип, 2005-жылдын 10-апрелинде өз үйүндө белгилүү каскадер Үсөн Кудайбергенов атылып өлтүрүлдү. Анын алдында ал Бишкектин тегерегиндеги жер баскынчыларга каршы мтингге жигердүү катышкан эле. Ал эми ошол жер баскынчылыктын демилгечиси катары Үсөн Сыдыковду талыкпастан атап келишет. Ошол эле жылдын 10-июнунда Бишкектин так ортосунда чак түштө Жогорку Кеңештин депутаты, ишкер Жыргалбек Сурабалдиев атылып кетти. Аны март ыңкылабына каршы турган «ак шапкечен» деп айтып жүрүшкөн. Күзүндө, 21 сентябрда парламенттин дептутаты Баяман Эркинбаев өз короосунда жан алгыч тарабынан атылып өлтүрүлдү. Ошондо кесиптешинин курман болгонунун себебин талкуулаган депутаттар өлкөнүн жаңы жетекчилиги Баяман менчикти кайра бөлүштүрүү боюнча баштаган саясаттын курмандыгы болгонун мойнуна алышкан. Чатактын башы айтылуу Кара-Суу базарына барып такалганын да белгилешкен.

Андан туптуура бир ай өтпөй дагы бир эл өкүлү Тынычбек Акматбаев Молдовановкадагы №31 колонияга депутаттык комиссия менен барганда жардамчылары жана ГУИН башчысы полковник И.Полотов менен кошо өлтүрүлгөн. 2006-жылдын 8-январында Олимпиада оюндарынын күмүш байгелүү балбаны Раатбек Санатбаев жырткычтык менен атылган. Раатбек Улуттук олимиада комитетинин төрагалыга баарынан татыктуу талапкер болуп турган эле. Жарым жыл ичинде киши өлтүрдү деп шектелген адамдан өлкө парламентине депутаттыкка чейинки жолду басып өткөнгө үлгүргөн өлкөгө абдан белгилүү кылмыш «аталыгы» Рыспек Акматбаев ошол эле жылы жайында буюртулуп, Бишкектин четинде жан алгычтар тарабынан өлтүрүлдү. Рыспек жан-жөкөрлөрү менен уюштурган калың митингиде ошондогу президент Курманбек Бакиевди эл алдына чыгарган болчу. Курман болооруна 4 күн калгандагы маегинде Рыспек «Бакиевди мен президент кылгам, керек болсо тактан кайра алып түшөм» деген. Андан көп өтпөй, 2008-жылдын 3-октябрында КСДП мүчөсү, Жогорку Кеңештин депутаты Руслан Шаботове дайынсыз жоголуп, сөөгү бир жылдан кийин Бишкектин тегерегиндеги адырлардан табылган. Билген кишилердин айтымында Шаботоведи кылмыштуу бийликтин бетин ачкан маалымат билгени үчүн өлтүрүшкөн дешет.

Кийинки жылдын март айынын башында өлкөнү дагы бир солк эттирген жырткычтык жасалды. 12- марттан 13-мартка караган түнү президент администрациясынын мурдагы жетекчиси Медет Садыркулов, Эл аралык стратегиялык изилдөөлөр институтунун директору Сергей Слепченко жана айдоочу өзгөчө мыкаачылык менен жок кылынган. Жакында Бакиевдерге карат угузулган сот өкүмүнөн кийин бул жырткычтык мурдагы ажонун иниси Жаныш Бакиевдин гана колунан келди деп ачык айтсак болот. Соттун материалдарынан улам Садыркуловду ошол кезде Мамлекеттик күзөт башкармасын жетектеген Жаныш Бакиев жеке өзү айбанча кыйнап, анан муунтуп өлтүргөнү ачык болду. Анысы үчүн Жаныш Бакиев өмүр бою түрмөгө, Курманбек Бакиев 24 жылга, экөө тең үй-мүлкү мамлекетке тартылып алынуу менен кесилбедиби. Азырынча жаза сыртынан чыгарылды. Бирок, кандуу кылмышкер Бакиевдер сот алдына келип жооп берчү күн жакын калды.

2009-жылдын 14-апрелинде өз үйүнүн кире беришинде желкеге атылган октон депутат Санжарбек Кадыралиев көз жумду. Ошондо коомчулук кылмыш дүйнөсүнүн бийлик саясатына таасир кылгандыгы тууралуу шектенип жатты.

Ошентип, жогоруда айтылып өткөн өлтүрүүлөрдөн улам Бакиевдер өзүлөрүнүн бийликке келишине жигердүү каршылык кылгандардан арыла баштаганын байкоого болот. Андан аркы өлтүрүүлөр таасир чөйрөлөрүн, анын ичинде баңги зат жүгүртүүнү бөлүшкөнгө байланышкан.

Санжарбек Кадыралиев өлтүрүлгөндөн кийин саясат иликтөөчү Нур Омаров: «Кыргызстанда кылмышкерлер чындыгында коомго жеке өзүлөрүнүн мыйзамдарын таңуулап жатат. Бул демек, кылымштуулар саясатка киришкенин билдирет. 2005-жылдагы март окуяларынан бийликке кийин жакпаган саясатчылар четинен жок кылына баштады. Натыйжада саясат жана коом таптакыр бурмаланып, мунун бары дал ошол өлтүрүүлөр аркылуу билинип турду», - деген эле.

Сөз эркиндиги үчүн жан алынат

Ошол учурда өлкөдө бир шумдуктар болуп жаты. Бирок, ал тууралуу чанда гана бирөөлөр жазганга батынышкан, анткени чындыгы үчүн саламаттагы зыянга учурап же жандары алынып турду. Бакиевдер бийлеген мезгилде журналисттерге кол салган бардыгы болуп 60 учур катталган. Ошондон улам, 2006-жылы жогоруда атйлып өткөн бир катар журналисттер жана аларге кошулуп, Жеңишбек Эдигеев, Кайрат Биримкулов, Хабира Мажаева да чет өлкөгө баш коргоп качышкан. Ал жылдарда Кыргызстанда журналист кесиби жөндүү түрдө коркунучтуулардын катарына кошула баштаган. Журналисттерге кылмыш иши козголуп, алар чындыкты эч качан айтканга даай албасы үчүн өлтүрүлүп же ур-токмокко алынып, мунжу кылынганы белгилүү.

Алсак, журналист Сыргак Абдылдаев «Общественный рейтинг», «Лица», «Репортер» гезиттеринде жарыяланып жүргөндө, ошол басылмалардын редакторлору анын макалалары сабырдуу жазылгандыгын белгилеп, ошентсе да журналистти неге мынчалык жырктычтык менен уруп-сабашканын түшүнө алышпайт. Макалаларынын биринде Сыргак өлкөнүн ошол учурдагы абалына «Оорулунун абалы кыйын жана үмүтсүз» деген диагнозун койгон.

С.Абдылдаевдин көчөдө элдин көзүнчө кандайча токмоктолгону, анын жанын жыйырмадан ашык урулган бычактан калың кайыштан тигилген планшет-сумка гана сактап калганын, бир нече ай ооруканада жатып чыгып, андан кийин да көркоо бийлик анын арытнан калбай аңдып, өлкөдөн чыгып кеткенге кантип мажбурлаганы убагында маалымат каражаттарында көп жазылган. Токмоктолоордун алдында Сыргакты буюрткандар аны Бакиевдердин «Манастагы» америкалык аба базасы боюнча былыктарынын бетин ачкан материалдарын убада кылып алдап жолугушка чакырып, анан ур-тепкиге алышкан.

Саясий куугунтукта жүргөн С.Абдылдаев аны Медет Садыркуловдун өлтүрүлүшүнө байланышкан маалыматты ал өзү жаңыдан ачып жаткан сайтка жарыялоону белгилегени үчүн өлтүргөнгө аракет кылышканын айтканы бар. Айтмактчы, дал ушундай ачыла турган сайт үчүн дагы бир журналсит Геннадий Павлюк ошондон тогуз айдан кийин Алматыда өлтүрүлдү.

Ошондогу ички иштер министи Молдомуса Конгантиев «Сыргак Абдылдаевге кол салуу саясатка эмес, кылмыштууларга байланышкан» деп оозу-мурду кыйшайбай айткан. Дегеле журналисттерге кол салуулар саясатка эмес, көбүнчө турмуш-тиричилик жагдайдагы чыр-чатактан келип чыкканын баса белгилеген, министр.

Абдылдаевге кол салуудан кийин оурс тилиндеги «Лица» гезити жабылып, анын алыднда башредактору Бермет Букашевага телефондон коркутуп-үркүтүүөлөр болгондуктан, журналист айым өзүнүн жана жаш баласынын өмүрүнө коркуп, чет өлкөгө качканга мажбур болгон. 2009-жылдын март айында «МК-Азия» гезитинин башредактору Улугбек Бабакулов мыкаачылык менен сабалып, башынан оор жарадар болду. Андан мурда Букашева экөө «Лицаны» Бабакулов чыгара баштайт деп сүйлөшкөнү тыңшалып калганы айтылды.

«Мени үчөөлөр сабашты, ошондо мен булардын уруш ыкмаларынан улам спортчулар экендигин дароо билдим. Анктени мындайлар дайыма бетке-көзгө койгулап тебишет. Себеби деле белгилүү: курч материалдарды чыгарганымды

Бакиевдер эмне сырды катышкан?

Кулатылганынан үч жылдан кийин Бакиев бүлөсүнүн көптөгөн катылуу сырлары Wikileaks аркылуу дүнйөгө билинип отурат. Мындай маалымат үчүн мындан бир нече жыл мурда көптөгөндөрдун жандары алынчу эмес беле. Бирок, бүгүн алардын колу кыскарып, өзүлөрү адилет жазадан жанын сактоонун айласында жүрүп калышты. Көрсө, президент К.Бакиев өз оозу менен Кремлге америкалык аба базасын чыгарамын деп убада кылганына карабастан, анын кичүү уулу Максим базаны калтырууга жетишкен экен. Себеби, америкалыктар Максим түзгөн ЦАРИИни каржылоого убада кылыптыр. Бакиевдер ошондой эле “Түндүкэлектро”, “Кыргызтелеком” сыяктуу стратегиялык обьекттерди ортомчу фималар аркылуу текейден арзанга сатып алышканын билдиргилери келбеген. Дагы айтсак, Максим Бакиевге шылуундук жагынан кеп-кеңешин аянбаган Евгений Гурьевичтин, анын шойкомдуу MGN Group фирмасы каржылык кылмыштарын жаап-жашырышкан. Айрым маалыматтарга караганда Орусия Камбар-Атага деп берген 300 миллион долларды бакиевдик өкмөт дал ошол шылуун Гурьевичтин колуна салып берген экен. Көрсө, ал сойку италиялык мафия менен тыгыз байланышып алыптыр да, ошол учурдагы кыргыз бийликтери бул тууралуу маалыматты кыргыз элинен жашырыш үчүн интернетти жапканга чейин аракеттенишкен.

Эң башкысы, Бакиевдер өзүлөрү бийлеп турган мезгилдеги бардык саясий өлтүрүүлөрдү эч кимге билдиргилери келген эмес. Бирок, бул тууралуу маалымат баары бир элге коомчлукка жетип турган, эл-журт Бакиевдер бийликке Максимди алып келүүнү көздөп калышканын да сезген. Ал кездеги маалымат каражаттары Оксана Малеваная баштаган катчылыктын бийлиги астында калып, ал айым жакпаган журналисттерди маалымакта жолотпош үчүн абдан катаал иштеген. Мисалы, бир катар чет өлкөлүк ЖМКлар расмий иш чараларга бир нече айлап каттала албай жүрчү. Бакиевдин убагындагы жападан-жалгыз басма сөз жыйыны 2009-жылдын 16-февралында болуп, анда да бир катар маалымат каражаттарына суроо бергенге тыюу салынып, Бакиев болсо, мурдатан даярдалган суроолорго даяр жоопторду берген. Ал суроолорду катчылык жарым ай мурда жыйнап, аларга жоопторду алдын аладаярдап, жакпаган суроолорду чийип салып турган.

Бийлик ал тургай «Азаттыктын» ишин да чектеп, интернетти, гезиттерди жаап салган эле.

Бакиевдер эмнени тилешет?

Бакиевдин өкүмдар убагы менен азыркы сөз эркиндиги сайран курган учурду салыштырып болбойт. Мурдагы бийликтен айырмаланып, азыр бийликти ким кандай кааласа сындап, ал тургай каралап-көөлөп жатпайбы. Бул да болсо, демократиянын накта көрүнүшү. Башкасын айтпасак да, бийликтеги колу кир айрым чиновниктердин былыктары интернет, ЖМКлар аркылуу бир заматта калкка, коомчулукка жетип тураарын кантип танабыз.

Бирок, сөз эркиндигине көө сүрткөн бир жагдайды айтап коюуга болбойт. Атап айтканда күнү бүтүп, жазасын алаар сааты келген Бакиевдер арам акчалары менен каржылап турган гезиттер жана интернет-сайттар 2010-жылдын 7-апрелиндеги накта элдик революцияны мына бир жылдан бери наадандык менен каралап келишет. Алар Бакиевдин зөөкүр бийлигин коргогондордун огунан курман болушкан карапайым эр-азаматтарды ошол революциядан пайдаланып үңкүрлөрдүн чыга калып, шаарды талап-тоногондорго салыштырышууда. Ыарс, Убактылуу өкмөттүн айрым жетекчилери кызмат абалынан кыянат же туура эмес пайдаланганы бар. Бирок, революция сыяктуу абдан татаал чырмалышкан кыйчалыш учурда болуучу кемчилкитерге жамынып алып, адал иш үчүн жанын кыйган азаматтардын арбагына шек келтирген болбойт. Мындай жорук бир да динде жазылган эмес, эч бир маданиятка жатпайт. Мунун баарны Бакиевдер эң сонун билип турушат, бирок, алар үчүн негизгиси – эмне болсо да, кайра бийликке келүү, аман калгандардан өч алуу. Саясат таануучу Т.Акеров Бакиевдер өлкөдөгү кырдааалды бузуш үчүн баарына барганга даяр деп белгиледи. «Медет Садыркуловдун өлтүрүлүшү боюнча кылмыш иши Бакиевдердин кылмыштуу дүйнө менен байланышын, алар менен кызматташканын толугу менен далилдеди. Эми алар 2010-жылдын 7-апрелиндеги революциянын өзүн жокко чыгарыш үчүн митингилерди, саясий акциялардан баштап, көзөмөлүндөгү ЖМКлардагы атайын макалаларды каржылаганга чейин абалды бузуп-жарыш үчүн баарына барышат. Алардын урааны: «Бизден калгандын баары өрттөнүп кетсин!». Алар өлкөнү канга чөктүрөбүз дешкен, демек, муну жасаганга тырышат», дейт Акеров.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×