Добавить статью
3:53, 25 марта 2013 93043

Нарындагы жолугушуудагы ажылдактар

Мурда маалымдалгандай Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков баштаган ЖК депутаттары, өкмөттүн өкүлдөрү 19-20-мартта Нарын облусунда иш сапар менен болушуп, 20-март күнү Нарын шаарындагы Жаштар Ордо борборунда коомчулук менен жолугушуу жыйын өткөрүштү.

А.Жээнбеков: Саламатсыздарбы! Мен биринчиден сиздерди эртеңки кирип келген Нооруз майрамыңыздар менен куттуктаймын. Албетте бийликтин булагы эл. Жогорку Кеңешти эл шайлайт, а биз сиздердин атыңыздардан сүйлөйбүз, иштейбиз. Проблемаларды өкмөт менен бирге чечебиз. Бүгүнкү саясат кандай? Жаратылыш ушундай, адамдар кайтыш болушат. Бири карып, экинчиси ооруп, дагы бири балким чалынып жыгылып деле каза болуп калат. Ал эми Нарындан 27 жигит ушул жаңы бийликти алып келиш үчүн жанын берген. Биз аны унутпайбыз. Алар кыргыз элинин духун, рухун көрсөтүштү, мамлекеттин келечеги үчүн жанын беришти. А чынында мамлекет кайда баратты эле. Биз бир ууч топтун башкаруусунда кала жаздаганбыз. Аскар Акаевич башында жакшы иш кылган менен, аягында бийликти үй-бүлөсүнө алдырып жиберген. Кызы, баласы депутат болуп шайланган. Бакиев боюнча айтпай эле коёлу. Натыйжада эл аралык шылуундар, кыргызча айтканда «жөөттөр» башкарып калган. Эми алар кудайдын жазасын алышууда.

Азыр болсо биз жаңы жолго түштүк. Ушул жолго түшкөн мамлекеттер сөссүз өсүп-өнүп жатышат. Мисалы, бул жолго Моңголия 1989-жылы түшкөн. Азыр ал өлкө өнүгүп жатат. Саясат ушул, ачык-айкындуулук, ачыктык. Бирок кээ бир топтор тез кетели дешүүдө. Айрымдары болсо, кечээ эле вице премьер болгон, спикер болгон, министр болгондор артка кайтууну ойлошууда. Алар тез эле баарысы оңолсо деп элге кеп кылып жатышат. А биз мыйзам ченемдүү өнүгүүгө бара жатабыз. Ошондуктан, күрөш дагы деле улантылууда. Күрөш ар дайым болот. Эгер сиздер тынчтыкты камсыз кылып берсеңиздер, алдыда чоң үмүттөр аткарылат. Стабилдүүлүктү камсыздоо сиздерден болсун, өнүктүрүү бизден болсун. Мына жакында Коргоо Кеңеште 22 жылда айтылбаган улуу сөз айтылды. Анда Кыргызстанда кыргыз эли жана кыргыз тили өзөк деген улуу сөз айтылды. Мурунку бийлик болсо кыргыз элинин көз карандысыздыгы жөнүндө ойлошкон эмес.

Жол, ичкен суу, сугат суу чечилген эмес. Баткен жак электр энергиясынан, мамлекет темир жолдон көз каранды болгон. Кен байлыктар боюнча 300дөн ашуун лицензия туура эмес берилген. Эми бизге ишениңиздер.

Жумабек Осмоналиев, Нарын шаарынан: Кыргызстанда 3 эле шаарда троллейбус жүрөт. Жантөрө Сатыбалдиев келгенде кат бергенбиз, 3 ай болду жооп жок. Азыр 15-марттан тарта электрге карыз деп троллейбустар жүрбөй калды.

Жанабил Абдракманов, ардагер: Облустук оорукананын 3 имаратында 36 үй-бүлө эзилип жашап жатышат. Булардын убал сооптору кимге. Алар ары бери ойнолгон футбол тобундай ойнолуп жатат. Актык, тактык, ачыктык деген кайда? Экинчиси, азыркы күндө Нарын шаарында 1578 үй-бүлөдө там салганга жерлери жок. А эмне үчүн Нарын шаарынын чыгыш жагынан бош жаткан жерлер чечилбей келет?

Абдразак Шермамбетов, ардагер, апрель баатыры: Кумтөрдүн экологиялык абалы белгисиз. Ошондуктан качан лаборатория курулат?

Кубаныч: Мен Оттук айылынан (Нарын району) келдим. Эл кат менен кайрылышты. Кытайдан чыккан машиналар үйлөрдү талкалап бүткөнү калды.

Асыл Жаманова: Мен апрель баатырымын. Отунбаева, Бекназаров, Темир Сариев, Топчуке деген 3 жыл мурда даяр ашка келишкен. Дагы деле революционерлердин эмгектери бааланбай жатат. «Тазалануу»мыйзамы качан кабыл алынат? Кадрлардын оюндарын токтоткула!

Канайым Бердибаева: Жогору жак оңолбосо, кантип оңолбуз. Парламентте Жолдошова деген бар. Ал ким, ал аңги. Парламентте акаевчилер, бакиевчилер, кримавторитеттер олтурушат. Мына Тиленчиева шайлоонун баарын бурмалап өткөргөн, ал да депутат болду.

Сүйүнбек Бекмамбетов: Эмгек сиңирген машыктуруучулардын башкалардай статусу жок. Персоналдык пенсияга чыга алышпайт. Экинчиси, эмне үчүн Каныбек Осмоналиевге Баатыр наамы берилбейт?

Сагынбек Дүйшөналиев: Мен Жан-Булак айылынан депутатмын. Ал жерден 42 гектар жер Ага-Ханга берилип кетиптир. Биз ал жердин ордуна таза суу салып бергиле деп жатабыз. Ушуну Жогорку Кеңеш көзөмөл кылып берсеңер.

Салтанат Усупбаева: Мен апрель баатырымын. Өкмөткө, депутаттарга элдин үмүтү болгон, азыр кетти аларга болгон үмүт. Жумушсуздарга орун жок. Пенсиялар туура эмес көбөйдү. Таласта болгон Улуу жыйынга эмнеге барган жоксуңар? Эл менен эсептешкиле, уккула көйгөйлөрүн!

Замира Абдраева: Нарын шаарында майыптарга үй куруу үчүн жер берилген. Курулбай жатат. Нарын шаарын Эркин экономикалык аймак кылып бергиле!

Улан Айтиев, Нарын жылуулук ишканасынын деректири: 2010-жылга чейин өз ара эсептешүү менен пениялар жоюштурулуп, карыздар төлөнүп берилчү. Мына азыр биздин электрге болгон пениябыз эле 37 млн, карызыбыз 40 млн сом болду. Азыркы күндө электриктер светтерди кыркып, оңдоо жумуштарыбыз үзгүлтүккө учурап жатат.

Өз ысымын айтпаган жаран: Элдин 95%ы насыя алышат. Дагы деле кымбат. Ушул аркылуу эртең эл көтөрүлүп кетпейт деп ким кепилдик берет?

Айнура Темирова, Республика партиясынын координатору: Нарын шаарында Ак-Дил бала бакчасынан 14 миң доллар жоголуп жатат. Ал бакчага үй туура эмес алынган.

Өз ысымын айтпаган жаран: Терминал боюнча Кулматовдон эмдигиче жооп жок. Бакыт Акелеев деген трайбалист экен. Биз эч качан нарындык же көлдүк деп бөлүнчү эмеспиз. Азыр бөлүнө баштадык. Нарын бажыканасы өзүнчө бөлүнсүн.

Мамбеткадыр Мотушов, мал доктур: Малдарда оорулар пайда боло баштады. Дарыларга болсо акча бериле элек. Экинчиси, мен Торугартта иштеп келгем, ал жердеги терминал жөн эле формалдуу нерсе да. Эч шарт жок. Эмне үчүн Ат-Башыга салына баштаган терминал токтоп калды. Ал качан курулат?

Кожогелдиев: Мен Нарын университетинде иштеймин. Дин боюнча сабактар качан киргизилет. Мисалы азыркы учурда бир үй-бүлөдө эки башка көз караштагы дин туткандар пайда болуп калды.

Адылгазы Ысагулов, Жумгал районунун акими: Азыр 30-40 жерден жолдор таптакыр бузулуп, катташуу кыйын болууда. Элде чыңалуу 10-15 күнгө жеткендей калды окшойт. Экинчиси, насосторго көңүл бурулса.

Адыл Эсенбеков, Нарын суу чарба башкармасынын жетекчиси: Мен айылдык кеңештин депутатымын. Эмне үчүн Жогорку Кеңештин депутаттарын значоктору жакшы жасалат да, айылдыктардыкы андай эмес?

Жыйында өкмөт өкүлдөрү жана келген 7 депутат баардыгы жооп беришти. Бирок, алар жооп берип жаткан маалда залда олтургандар, айрыкча революция баатырлары кыйкырышып, тоскоолдук кылышып, кайым айтыша жооп кылышып жатышты. Мындай мамилеге да келген меймандар тарабынан жооптор берилди.

К.Сыдыков, министр: Эми мугалимдерге стажер, насаатчы, чебер деген наамдар берилет. Эмгектери да ошого жараша болот. Аттестациялоо жүргүзүлөт.

А.Жумалиев: Жеке менчик ветсервистерге көңүл бурулат. Бизде малдын саны так эмес, ошондуктан вакцинди толук ала албай калуудабыз.

К.Ыбыраев: Жумгалдагы жол үчүн 300 миң сом которулуп берилип, иш башталды. Мен бара жатып көрө кетем.

Т.Мамбетов: Былтыр жалпысы 29 обьект бүтүптүр. Быйыл 70 объектини берели деп жатабыз. Нарын шаарындагы неврология бөлүмү үчүн курулушу 2014-жылы бүтөт.

Ч.Турсунбеков: Терминал боюнча маселе чечилген. Нарында терминал болушу керек. Мага кадрларга карата сөз болуп кетти. Мен бир губернаторго, акимге чалып кадр боюнча маселелерине киришкен эмесмин. Дагы көп нерсени айтсам көбүңөрдүн башыңар жерге кирип кетиши мүмкүн.

Ө.Текебаев: Нооруз –бул жаңы күн. А Нарындан болсо жаңы заман башталды. Өсүп-өнүгүүнүн жаңы жолу салынууда. Мына өткөн шайлоодо бийликтеги партиялар аз эле шаарлардан жеңишке ээ болушту. Мадумаровдун партиясы, камакта жаткан Ташиевдин партиясы да жеңип чыгышты. Азыр жаңы адам, жаңы лидерлер өсүп жатышат. Туура, административдик реформалар кечигип жатат. Азыр мыйзамдар өзгөрүүдө. Мисалы, микрокредиттик компаниялар жылына 8 млрд сом таза киреше табышат. Эми алар 10%га чейин пайыздарын төмөндөтүшөт. Ал эми туумду болсо алар 20%дан ашыра албаган мыйзам даярдалып жатат.

М.Тиленчиева: Мен иштеп турганда бир шайлоо өттү. Бирок шайлоо жыйынтыктары участкаларда, анан аймактык шайлоо комиссияларда жыйынтыкталат. Биз алардын жыйынтыктарын БШКга гана беребиз.

Э.Ысаков: Мен да 7-апрелде ошол учурда аянтта жүрүп, эки балабыздан ажыраганбыз. Революцияда жүрүшүп, анан кийин оңго-солго өткөндөргө өкүнөм. Алар бийликке ыктап же оппозицияга өтпөш керек. Кеп төш белгиде эмес, депутаттын ишмердүүлүгүндө. Өмүрбек Чиркешовичке бир да төш белги бербесек деле, эл бул кишини тааныйт.

А.Кутушев: Мен биринчи жолу Нарынга келип жатам. Теңиртоолуктарды бийик жерде жашашкан улуу эл деп билебиз.

А.Жээнбеков: Бажыканалардан каражат 2 эсе көп түшүп жатат. Коррупцияга каршы 11 иш боюнча кылмыш иш козголду. Азыр министрлер, депутаттар камалып жатат. Таза иштегенден башка саясат жок азыр. Системалуу тазалануу болот. Ошондуктан люстрация тууралуу мыйзам кабыл алуу өтүп кетти. Мага чогуу окуган эки айыл өкмөт башчылары келип, иштебей эле коёлу деп айтышты. Себеби, азыр көмүскө иштегенге мүмкүнчүлүк болбойт. Азыр дагы бир мыйзам кабыл алганы турабыз. Анда тизме киргизилет. Мурун иштеп жүрүшүп кызматтан кеткендер, кайра башка жетекчи кызматтарга алынбай калат. Ага Ханга болсо көп тийишпейли. Тескерисинче, долбоорлорду ишке ашырып бергиле деп сураналы. Жүздөн ашуун компаниялардын лицензиялары алынды. Ошондуктан келечек үчүн азыркы саясатты колдоп бергиле.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

30-10-2014
Эки аймактын эки башка капчыгы
34737

20-01-2014
Жыйналышы көп болоор, жыйынтыгы жок болоор
33651

03-09-2013
Өкмөт башчысынын иш сапарынан сүртүмдөр
45609

26-04-2013
«Өлкөнүн ресурстары-элдин ресурстары»
37065

26-04-2013
Таластан алган таасирлер (Биринчи макала)
35723

24-04-2013
«Өлкөнүн ресурстары - элдин ресурстары». Адамдын саламаттыгына каражат кандай жумшалууда?
43995

28-03-2013
Ыйлап жүрүп арык каз, ырдап жүрүп суу сугар
60950

15-01-2013
Ала Тоодо шыбагадан куру калган бир кыштак
66510

29-12-2012
«Профсоюз - бул биз»
64959

16-11-2012
«Калкка кеңеш» галстукчандарга эмне деп кайрылат?
49786

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×