Добавить статью
4:51, 29 апреля 2013 39466

Ачык мамлекеттик сатып алуулар — коррупцияга каршы кадам

Мамлекеттик сатып алуулар боюнча туура иштелип чыккан саясат бюджеттик каражаттарды натыйжалуу колдонуу, алардын тазалыгы, ачык–айкын болушу менен камсыз кылып, республикада ушул системанын өнүгүшүнө шарт түзөт.

Учурда мамлекеттик сатып алуулардын электрондук системасы мамлекеттик сатып алууларда катышуучу сатып алуучу уюмдардын, жабдуучулардын ортосундагы маалымат алмашуу үчүн бирдиктүү система болуп саналат. КР Финансы министрлиги тарабынан иштелип чыккан электрондук системанын негизги максаты -товарлардын жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдүн процессин автоматташтыруу жолу аркылуу мамлекеттик сатып алуулардын натыйжалуу иштешине багыттоого аракет көрүүдө. Эң негизгиси электрондук тооруктарды киргизүү натыйжасында максималдуу атаандаштык шартында сапаттуу кызматтарды алууга мүмкүндүк берет.

Акыркы учурда көпчүлүк региондор өткөргөн тендерлер боюнча маалыматтарды ыйгарым укуктуу органга беришпейт.Себеби жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мамлекеттик администрациялардын,айыл өкмөттөрдүн жетекчилери бул мамлекеттик сатып алуларга анча маани беришпей жатат.

Тендерди жеңүүчүлөрдү тандоодо баалоонун белгиленген критерийлери эске алынбайт, ошондой эле тендерге катышуучулардын тендердик арыздарын баалоодо тендердик комиссия тендердик арыздарды анча маанилүү эмес шайкеш келбестиктер үчүн кабыл албай койгон учурлары кездешет.

Андан тышкары, кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу менен мамлекеттик сатып алуулар жол-жобосун одоно бузган адамдар четтен табылат.Ага мисал кылып өткөн жылдардагы “Чыгышэлектро” ААК электрсчетчиктерин сатып алуу тендери жарыяланган, мекеменин материалдык-техникалык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы тендерди өткөрүү шарттарын алдын ала “КР Улуттук электр тармагы” ААК башкы директорунун орун басарына берген, ал жоопкерчилиги чектелген “Линберг” коомуна тендердик документация пакетин берген.

Натыйжада “Линберг” фирмасы жеңүүчү деп аныкталат, ал эми бул аталган фирма жалган фирма аркылуу контрабандалык продукцияны сатып алууга аргасыз болгон. Ошентип тиешелүү органдар тарабынан “Чыгышэлектро” ААК мамлекеттик сатып алуулар боюнча коррупциялык схеманын бети ачылган.

Мына ушул маселелелер тегерегинде КР Финансы министрлигинин мамлекеттик сатып алуулардын методологиясы жана талдоосу башкармалыгынын начальниги Мелис Акжигит уулунун айтымында республиканын бардык региондорунда тендерлерди жүргүзүү электрондук сатып алуу методун ишке ашыруу абалы тууралуу маек куруп берүүсүн сурандык.

-Республиканын бардык аймактарында тендерлерди жүргүзүүнүн абалы кандай деңгээлде,ошондой эле электрондук сатып алуу методун ишке ашыруу кандай этапта турат?

Бүгүнкү күндө, бирин-экин айырманы эсепке албаганда, тендерлер жалпысынан мурдагыдай эле жол-жобо менен жүргүзүлүүдө.

Биринчиден, республика боюнча өтүп жаткан тендерлердин пландары, жарыялары, жыйынтыктары Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан иштелип чыккан Мамлекеттик сатып алуулардын Интернет-Порталында жайгаштырылууда.

Экинчиден, мурда жабдуучулар тендер боюнча так маалымат алыш үчүн, сатып алуучу уюмга барып, тендердик документти сатып алгандан кийин гана билишчү.

Мисалы, сатып алуучу уюм азык түлүк алабыз деген гана жарыя берет. Ал эми жабдылоочу, сатып алуучунун эт азыгын алабы, сүт азыгын алабы аны билчү эмес. Азыркы учурда, сатып алуучу, эмне алганын, канчага ала турганынан бери көрсөтүшү зарыл.Мисалы, картошка – 100 тоннасы – 20 сомдон 2 млн. сомго, күрүчтүн 5 тоннасы– 100 сомдон 500 миң.сомго деп толук жазышы талапка ылайык.

Электрондук сатып алуулар боюнча маселе боюнча азыр сатып алуучу уюмдардын өкүлдөрү, менен бирдикте өзгөртүүдөрдү киргизүү иштерин аяктап калдык. Ушул жылдын май айынан баштап пилоттук негизде бир-эки министрликти электрондук тендер өткөрүүгө сунуштайбыз. Пилоттук долбоор алгылыктуу деңгээлде өтсө, анда дагы сатып алуучу уюмдарды кошуп баштайбыз. Натыйжада жыл аягына чейин Бишкектин сатып алуучу уюмдарын толугу менен электрондук тендерге өткөрүүгө пландаштырып жатабыз.

Бүгүнкү күндө жакын - алыстыгына карабай, бардык сатып алуучу уюмдарды Интернет-Порталга жарыя берүүсүнө мажбурлаганбыз. Интернети жоктор да, интернет-клуб аркылуу болсо да жарыяларды беришүүдө.Май айынан баштап, Азия Өнүктүрүү Банкынын колдоосу аркылуу ар бир райондук борборлордун администрациясында бир кабинетке интернетке туташкан компьютер коюп берүүлөрү башталат.

Сатып алуулар процессинде жүрүүчү алдын-ала квалификациялоо процесси ачык-айкын жүргүзүлөт деп эсептей аласызбы, ошондой эле ачык жүргүзүлбөгөн сатып алуулар боюнча сиздердин органдын контролдоо функциясы барбы?

Алдын-ала квалификациялоо процесси азыркы учурда адамдык фактор аркылуу жүргүзүлөт. Ошондуктан толук ачык-айкын өтөт деп айтуудан алыспыз. Тендердин жыйынтыгын бурмалоо дагы да эле бар, аны биздин дарегибизге түшүп жаткан арыздардан улам байкасак болот. Эскерте кетүүчү нерсе, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин контролдоо функциялары жок.

Сатып алуу тендерлери жана электрондук сатып алуулар ишке ашуусунда коррупциялык схемаларга толук бөгөт коюу маселеси боюнча жүз процент коррупциялык схемалар жоюлат деп толук айта албайбыз, себеби тендердик документтерди адамдар жүргүзүшөт, ал жерге квалификациялык мүнөздөмөлөрдү да алар коюшат, ошол себептүү толук кепилдик бере албайбыз. Бирок, эмне үчүн ошондой квалификация койгонун кийин далилдей албаса, ал үчүн жоопкерчилик тартышат. Тендердик документ атайы бир товар үчүн толтурулбай, туура толтурулса, калган квалификациялык салыштырмаларын, система адамдын катышуусуз өзү чыгарат, бул жакта, адамдык фактор жоюлат жана тендер ачык-айкын өтөт деп толук кепилдик бере алабыз .

Жакында мамлекеттик сатып алууларды өнүктүрүү стратегиясы кабыл алынды Бул документтин алкагында мамлекеттик сатып алуулардын бекитилген стратегиясы менен мурдагы мыйзам жана мыйзам алдындагы актыларды жөнгө ссалуу жана иштеп чыгуу менен иштей турган жумушчу топ түзүлгөндүгүн белгилеп кетким келет.

Бир булактан сатып алуу, ошондой эле чектелген катышуу менен өткөрүлгөн тооруктар кандай принциптер менен өткөрүлөт?

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизилген жаны мыйзам долбоору жактырылып калса, бир булактан сатып алуу жолу бир кыйла ачык өтүп баштайт, себеби, жаңы мыйзам долбоорунда, бир булактан сатып алуучу учурларда, сатып алуучу уюм, сөзсүз түрдө протокол түзөт, жана аны Интернет Порталга жайгаштырат. Ал протоколдо, кимден, эмне үчүн, канча сомго ж.б.у.с. маалыматтарды көрсөтүшөт.

Сатып алуучу уюмдар тарабынан берилген даттануулар, арыздар менен кайрылуу фактылары барбы, аларга карата кандай жаза чаралары колдонулат?

- 2012-жылы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине, сатып алуучу уюмдардын, тендер өткөрүү учурунда туура эмес чечим чыгарган деген баш аягы 36 арыз-кат келип түшкөн. Анын жыйынтыгы менен 21 тендер жокко чыгарылган Туура эмес чечим чыгаргандыгы үчүн, азыркы күндө жоопко тартууну караган тийштүү жоболор жок болгондугуна байланыштуу сатып алуучу уюмдардын жетекчилерине гана кат түрүндө эскертүү жолдодук.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

11-11-2016
Канткенде өспүрүм кыздарга болгон зордук-зомбулукту токтотобуз?..
59961

30-10-2014
Бюджеттик угууга катышуу – айыл аймагынын турмушун жакшыртууга өбөлгө
46012

24-09-2013
Инвесторлор менен кандайча иштешибиз керек?
58282

29-04-2013
Бюджет ачыктыгы – экономикалык өсүшкө өбөлгө
42506

26-04-2013
Инвесторлор менен кандайча иштешибиз керек?
51895

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×