Добавить статью
6:33, 29 апреля 2013 42508

Бюджет ачыктыгы – экономикалык өсүшкө өбөлгө

Эл аралык бюджет өнөктөштүгүнүн “Бюджет ачыктыгынын индекси-2008” деп аталган иликтөө дүйнөнүн 85 өлкөсүндө жүргүзүлгөн. Анын ичинен Кыргызстан мамлекеттик бюджеттин ачыктыгы боюнча 72-орунда турат. Бюджеттин көлөмү, андагы каражаттын кайда, кандай максатта жумшалгандыгы тууралуу маалыматтарды Англия, Түндүк Африка, Франция, Жаңы Зеландиянын элдери 87-88% ачык ала алышат. Ал эми биздин коңшулаш Казакстандын бюджети карапайым калк үчүн 34% ачык. Кыргызстанда мамлекеттик бюджеттин ачыктыгы 8%ды гана түзүп, бекитилген бюджет, күнүмдүк эсеп-кысап, жылдык отчет гана элге жеткиликтүү экендиги аныкталган. Бюджеттин ачыктыгы боюнча Кыргызстанда иликтөө жүргүзгөн “Көз карандысыз укук коргоо тобу” кыргызстандыктар мамлекеттик бюджеттин долбоору менен таанышуу укугуна ээ эместигин, ал эми бюджеттик кайрылуу, жарандык бюджет, жарым жылдык бюджет дегендер жазылбай тургандыгын белгилешет. Аталган топтун юристи Нурбек Токтакуновдун билдирүүсү боюнча мамлекеттик бюджеттин аткарылышын көзөмөлдөгөн аудитордук иликтөөнүн жыйынтыгы да карапайым эл үчүн жеткиликтүү эмес. Ушундан улам коомчулук өкмөттүн бюджеттеги каражаттарды кайда, кандай максатта сарптап жаткандыгын билишпейт. -Бул болсо өкмөттүн карамагындагы маалыматтарды алуу тууралуу мыйзамга каршы келет, -дейт юрист Нурбек Токтакунов.

Жогоруда баяндалгандай канткенде өлкө бюджетинин ачык-айкындулугуна жетишебиз деген проблема бүгүнкү күндө эң актуалдуу болуп саналат. Бюджеттин ачык-айкындуулугун изилдөө көз карандысыз эл аралык өнөктөштүк эксперттери тарабынан жүргүзүлөт. 2012-жылы Кыргыз Республикасынын бюджетин ачыктуулук индекси менен баалоо 20%ды түздү, тактап айтканда 43 упайды алды.

Мамлекеттик башкаруудагы ачыктык жана ачык-айкындуулук туруктуу демократиялык өнүгүүдөгү өлкөлөр үчүн мүнөздүү. Бюджеттин ачыктыгы коомдун ар бир мүчөсүнө бюджет тилин жана анын цифраларын түшүнүүгө мүмкүндүк берет. Мындай жагдай анын кандай максаттарга жумшалганы жана салыктар канчалык деңгээлде жыйналганына жана анын канчалык деңгээлде натыйжалуу пайдаланылгандыгы тууралуу кабардар болууга жол ачат. Бул болсо өз кезегинде бюджеттин негизги киреше бөлүгүн түзүүчү салык жыйымынын жогорулашына өбөлгө түзөт.Ошондой эле бюджеттин ачыктыгы коррупциялык бүтүмдөр жана макулдашуулар үчүн мүмкүнчүлүктөрдүн болуусун кыскартат, калктын жана жарандык коом өкүлдөрүнүн бийликке болгон ишеними артат.

Финансы министрлигинин алдында түзүлгөн Коомдук байкоочу Кеңешинин төрагасы Азамат Акелеевдин билдиргенине караганда Финансы министрлигинин азыркы учурда бюджетти түзүүдөгү оң жактары менен бирге кеңеш берүү боюнча сунуштары бар экендигин белгилейт. Анын айтымында, 2013-жылдын бюджетинде программалык бюджеттөөгө өтүү жана тобокелдиктерди акыйкат баалоо сыяктуу көрүнүштөр байкалат. Белгилеп кетүүчү жагдай эң маанилүү нерсе бюджеттик процессти автоматташтыруу улантылса заманбап талапка жооп берет.

Ал эми байкоочу кеңештин эң маанилүү сунуштарынын бири Бюджеттик Кодекске милдеттүү түрдө бюджеттик мыйзамдарды бузгандык үчүн каттуу жоопкерчиликти караган өзгөртүүлөрдү киргизүү болуп саналат. Мамлекеттик сатып алуулар мыйзамын өркүндөтүп иштөө менен бирге бардык сатып алуучу жана жабдуучу уюмдарды каттоо, ачык электрондук тооруктарды жана кайтарым аукциондорду жүргүзүү зарыл, -деп эсептейт - эксперт А.Акелеев.

2012-жылдын бюджетинин улуттук кирешеси канча сумманы түзгөн жана 2013-жылга карата киреше түшүүлөрү канча пайызга өсүүсү тууралуу маалымат боюнча Финансы министрлигинин кирешелерди калыптандыруу башкармалыгынын начальниги Бекблот Абдыганиевич Алиевдин айтымында мамлекеттик бюджеттин кирешелеринин жалпы көлөмү Борбордук казыналыктын алдын ала маалыматтары боюнча 2012-жыл үчүн 86,8 млрд. сомду түзгөн. 2013-жылга карата мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгү 101,5 млрд.сомду түзөт. Өткөн жылдын көрсөткүчү менен салыштырганда бюджеттин жалпы кирешелери 17,0%га өсөт деп белгилейт.

Албетте, бюджетте кирешелерди өсүүсү натыйжасында элибиздин байгер турмушуна жетүүсүнө шарт түзөт.Өлкөбүздө калк саны жагынан деле чаканбыз, эмне үчүн чакан бюджетти саресеп салып жакшылап түзө албайбыз,эмнеге экономикалык өнүгүү жолубузду таппай келебиз. Табигый ресурстарыбыз, кен байлыктарыбыз деле бар, бирок алардын баарын дүйнөлүк баада сатып бюджетибизди киреше булактары менен эмнеге толуктай албайбыз деген ой пикир ар бир жарандарыбызды түйшөлтпөй койбойт. Андыктан өлкөнүн социалдык-экономикалык абалын бекем чыңдоо үчүн өнүккөн жана өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн тажрыйбаларынан үйрөнүү, сабак алуу, мамлекетибиздин азыркы экономикалык абалына саресеп салып баа берүү жана келечегине акыл калчап, талдоого алуу жалпы коомчулуктун жана бийлик өкүлдөрүнүн, билимдүү жаш адистердин атуулдук милдети болуп калуусу зарыл.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

11-11-2016
Канткенде өспүрүм кыздарга болгон зордук-зомбулукту токтотобуз?..
59961

30-10-2014
Бюджеттик угууга катышуу – айыл аймагынын турмушун жакшыртууга өбөлгө
46012

24-09-2013
Инвесторлор менен кандайча иштешибиз керек?
58283

29-04-2013
Ачык мамлекеттик сатып алуулар — коррупцияга каршы кадам
39467

26-04-2013
Инвесторлор менен кандайча иштешибиз керек?
51895

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×