Добавить статью
11:50, 7 мая 2013 131909

Жалал-Абад шаарында бюджеттен 47 млн сомго курулган эки аянт бир жылдан бери эмнеге бүтпөй жатат?

Жалал-Абад шаарында борбордук «Эркиндик» аянты менен «Мир» кинотеатрынын алдын заман талабына ылайык кайрадан оңдоп-куруу иштерин өткөн жылы «Транс-Юг-Авто» жана «Эрк-Строй» фирмалары башташып, ага жергиликтүү бюджеттен 46 млн 14 миң сом бөлүнгөн. Өткөн жылы 80-90% курулуш иштери бүтүп калганына карабай, курулуш иши дале аягына чыкпай турат. Бирок, шаардыктар аталган аянттарга барып, иштеп жаткан фонтандардын алдында отуруп, эс алууну адатка айлантып алышкан. Бул боюнча азыркы учурда тергөө иштери жүрүп, тиешелүү жетекчилердин жоопкерчилигин шаардык сот териштирип жатат. Мунун негизиги себебин билүү үчүн атайын журналисттик иликтөө жүргүзүп, жетекчилердин жүйөлөрүн билүүгө аракет жасап көрдүк.

Бул эки аянтты кайрадан куруу демилгеси шаардыктардын өзүнөн чыкканын экс-мэр Бакыт Адылов билдирди. Анын айтымында, буга чейин «Эл Достугу» аянты митинг өтүүчү жерге айланып, кароосуз калып, бак-дарактары убагында каралбай, мурдагы союз мезгилиндеги фонтандар иштебей, «Мир» кинотеатрынын алдындагы фонтан бирде иштесе, бирде иштебей калып, шаарда эс алуучу жай болуунун ордуна, жок болуп кете турган аянттардын катарына келип калган болчу.

«Бул аянттар чекесинен кертилип, сатылганы сатылып, ижарага берилип кеткен экен. Ошол себептен, шаардыктар үчүн эс алуу жайы түзүлсүн, жаштар келип эс ала турган, чындап эле Жалал-Абад шаары - жаштар шаары экен деген максатта ушул демилгени колдогонбуз. Эмне үчүн мен муну демилге деп жатам, аткени бул демилге менин жеке өзүмдөн чыккан эмес. Бул ушул шаардык атайын кызматтар тарабынан сунушталып, кайра-кайра жергиликтүү ММК тарабынан талкууга коюлган. Элдин арасында талкууга алынып, ошол жерде көпчүлүктүн колдоосуна ээ болгондон кийин демилгени ишке ашыруу максатында жасадык»,- дейт экс-мэр Б.Адылов.

Жалал-Абад шаардык каржы бөлүмүнүн башчысы Азамат Раматиллаевдин берген маалыматына караганда, Жалал-Абад шаардык мэриясы менен ЮСАИД эл аралык уюму «Эркиндик» аянтын кыргыз-өзбек улуттарын жараштыруу максатында «Эл Достугу» аянты деп атап, алар 10 млн сомду бере турган болушкан. Ал эми калган 15 млн сомду өзүңөр жергиликтүү бюджеттен карагыла дешкен. Жергиликтүү бюджеттен 15 млн сомду аянтка бөлгөндөн кийин, «биз быйыл каржылай албайт экенбиз» деп алар официалдуу кат менен баш тартып коюшкан.

«Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин бир нече токтомдору менен «Эл Достугу» аянтына жалпысынан жергиликтүү бюджеттен 33 млн 262 миң 500 сом, «Мир» кинотеатрынын алдындагы аянтка жалпысынан 12 млн 751 миң 500 сом бөлүнүп берилген. Мурдагы каржы министри А.Жапаровго да шаардык кеңештин, мэриянын атынан жардам сурап кайрылганбыз. Ал аянттын курулушуна колумдан келишинче жардам берем деп айткан, бирок кийин бюджеттин тартыштыгына байланыштуу акча бөлүнбөй калган», - дейт А.Раматиллаев.

«Эркиндик» аянтын кайрадан курууга облустук ардагерлер кеңеши каршы болушкан

Мурдагы «Эркиндик» аянтын кайрадан куруу иши башталганда Жалал-Абад облустук ардагерлер кеңешинин төрагасы Адыш Кочкоров баш болгон бир топ адамдар каршы болуп чыгышты. Бул боюнча облустук бийликте жолгушуулар өтүп, алар өздөрүнүн нааразычылыктарын Б.Адыловго ачык эле билдиришкен. Алар тарыхый мааниси бар аятты бузуунун кереги жоктугун, бюджеттин каражатын үнөмдүү пайдалануу керектигин айтышкан болчу. Ардагерлердин айтымында, бул аянт буга чейин эки жолу оңдоого дуушар болгон. Биринчиси 2003-жылы курулуш иши башталып, ал жерде өсүп турган бак-дарактар түбү менен алынып, алар Телтору ат-майданы менен шаардын көчөлөрүнө көчүрүлгөн. Анын ордуна үч кабаттуу фонтан аянты курулган.

«Ал фонтаны бар аянтты куруу боюнча ошол мезгилдеги облус губернатору Жусупбек Шарипов ПРООН менен ушул маселени чечип, ПРООНго Жалал-Абад шаарындагы управалар менен кварталдык комитеттер кичи 10дон ашык долбоорду жазышкан. Борбордук фонтан аянты менен бирге №2-мектептин, Токтогул эс алуу паркынын темир тосмосу, парктын ичиндеги коомдук ажаатканасы бүткөрүлгөн. Жалпысынан 3 млн сомго жакын каражат кеткен», - дейт шаардын экс-вице-мэри Садыр Айтбаев.

Ошондой эле, шаардагы асфальт-бетон заводун курган «Туран-Замин» ЖЧКга да жабдууларды «Транс-Юг-Авто» фирмасы Кытайдан алып келишкен. А.Нургазиевдин айтымында, булардын алдамчылыгы – алып келген жабдууларды майдалап көрсөтүп жатышат. Кытайдан заводду толук бир комплект менен сатат. Булар заводдун бир бөлүгүн Кытайдан алып келдик, дагы бир бөлүгүн бул жердеги 2-3 фирмадан сатып алдык деп көрсөтүшкөн. «Андай болбойт, заводдун жабдуулары Кытайдан экиге бөлүнүп сатылбайт. Бетон заводунда салыктык текшерүү болуп, 4 млн сомдук сатып алынган товарлар ашыкча көрсөтүлүп жазылган. «Бигойыл», дагы бир фирмалар аркылуу сатып алдык деп, жалган счет-фактура алышып, баасын көтөрүшкөн» - дейт тергөө бөлүмүнүн башчысы.

Жалал-Абад облусунда үстүбүздөгү жылы 4 айында 15 млн сомдон ашык мамлекетке зыян келтирилген

Мындан башка облустук мамлекеттик улуттук коопсуздук башкармалыгы тендер өткөрүүдө мамлекетке келтирилген зыян боюнча дагы бир ишти аныктаган. Кара-Көл шардык мэриясы тарбынан «Мега-Строй» деген ишканасына жолдорду асфальттоо боюнча тендер өткөрүлүп, 12 млн. сомдук зыян табылгандыгын атоого болот. А.Нургазиевдин айтымында, ал жерде да курулбаган жолго, аткарылбаган иштерге акт жазылып, ошонун акчасы которулган. Өткөн жылы кылмыш иши ачылган, азыркы учурда убактылуу токтоп турат. Себеби, азыр жол экспертизасы өтүп жатат. Ошонун жыйынтыгы чыккандан кийин, канча зыян келтирилгени аныкталат.

«Жакында эле Көк-Жаңгак шаардык билим берүү бөлүмүнө эсептөө палатасы тарабынан акт түзүлүп, 11 млн 600 миң сомду ыйгарып алуу чыкты. Бул боюнча биз тараптан кылмыш иши козголду. Азыр тергөө амалдары жүрүп жатат. Шаардык билим берүү бөлүмү тарабынан Көк-Жаңгак шаарындагы мектептерде иштеген мугалимдерге берилүүчү айлыкты кош ведомост кылып өткөргөн. Булар минфинге заявканы да жогору беришкен. Бөлүнгөн акчаны жабыш үчүн кош ведомость түзүшүп, ошону менен жабышкан. Бул 2011-жылдын апрелинен 2013-жылдын апрелине чейинки мезгилде болгон. Коомчулукта резонанс жараткан иштерден ушуларды атоого болот», - дейт А.Нургазиев.

Үстүбүздөгү жылдын 4 айында Жалал-Абад облустук мамлекеттик улуттук коопсуздук башкармалыгы тарабынан бюджеттик каражаттарды максатсыз пайдаланган боюнча 10 кылмыш иши, аталган башкармалыктын материалдары боюча башка укук коргоо органдары 1 кылмыш ишин ачышкан. Анын ичинен 4 кылмыш иши сотко жөнөтүлгөн. Ачылган кылмыш иштеринин натыйжасында 15 млн сомдон ашык мамлекетке келтирилген зыян аныкталган. Ал эми өткөн жылы 76 арыз келип түшүп, бюджеттик каражаттарды максатсыз пайдалануу боюнча 22 кылмыш иши, башка укук коргоо органдары тарабынан 3 кылмыш иши ачылган. Тергөө амалдарынын жүрүшүндө 23 млн 157 миң 183 сомдук зыян аныкталып, 402 миң 500 сомдук жана 40 миң 400 АКШ долларында контрабандалык жүк алынган. Кылмыш иштеринин негизинде мамлекетке келтирилген 2 млн 147 миң сомдук зыян калыбына келтирилген. Анын ичинен 657 миң 725 сомдук зыян натуралдык түрдө мамлекетке кайтарылган.

Жалал-Абад шаарынын мэри бүтпөй жаткан аянттарды ишке киргизип, ачылышын жасайм,- дейт

Жалал-Абад шаардык мэриясынын коммуналдык чарба боюнча виц-мэри Таирбек Чойбековдун берген маалыматына караганда, «Эл Достугу» аянтындагы иш 90 пайыз бүткөн. Азыр ал жер боюнча тергөө жана сот иштери жүрүп жатат. «Транс-Юг-Авто» ишканасынын жетекчиси камакта отурду. Калган жеткечилерин таап сүйлөшүп, бүтпөй калган 10 пайыздык ишин жасагыла дешсе, алар биз жасай албайбыз, бизге калган акчаны төлөп бергиле дешкен. «Келишим түзүлгөндө башында 5-абзац, 2-бөлүм менен ар бир жасалган иштин 10 пайызы бизде кармалып (курулуш терминде) турушу керек эле. Ал кармалган эмес. Алардын акчасы, бирок бизде кармалып турушу керек. Келишимге карабай эле, алар алдын ала алып алышкан. Мыйзам боюнча ошол акчаны биз кармап турабыз, калган ишти бүткөрүп, кээ бир көчүп кеткен жерлерин оңдогондон кийин калган акчасын беребиз», - дейт вице-мэр.

«Мир» кинотеатрынын алдындагы курулуштун 80 пайызы бүтүп калган. Ал жерде да 10 пайыздын эсебинен калган акчасын бербей кармап турушат. «Бүтүргүлө, анан төлөйбүз, болбосо башка ишканага буйрутма берип, бүтүртөбүз деп жатабыз. Анан алар өзүбүз бүтүрөбүз дешти. Булар менен кайра-кайра жолугуша берип, каталарын мойнуна койдук, макулдугун беришти, бирок иш алдыга жылбай жатат», - деди Т.Чойбеков.

Ал эми шаар мэри Мухтар Арапбаев болсо, өкмөт башчысынын койгон тапшырмасын аткарып, шаарда бүтпөй жаткан курулуштарды биринчи кезекте бүтүрүп, андан кийин гана жаңы курулуштарды жасаша тургандыктарын журналисттер менен өткөн маалымат жыйынында билдирди. «Бул эки аянттын курулушу бүтүп, мэрияга тапшыргандан кийин, анын ачылышын жасап, шаардыктар үчүн эс алууга жакшы шарттарды түзүп беребиз», - дейт М.Арапбаев.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

16-02-2012
Жалал-Абадда 15-17 жашта төрөгөн айымдар бар
115071

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×