Добавить статью
3:28, 8 мая 2013 27401

Нарын шаарындагы тирешүү

30-апрелден тарта Нарын шаарынын бийлигинде саясий күрөш башталып, учурда ал тымызын бири-бирине чалма салууга кириптерленүүдө. Нарын шаардык кеңешинин бир катар депутаттарынын шаар жетекчисине ишеним көрсөтпөө тууралуу демилгеси депутаттарды жана бийликти эки ажырымга бөлүп салды. Биринчи тарап шаар мэри мыйзамсыз иштерди жасап жатат, өз ишине татыксыз деп баалашса, экинчи тарап шаардык кеңештин төрагасына ишеним кылбоо үчүн кайрылуу жасашууда.

Кептин баары 30-апрель күнү болгон депутаттардын Нарын шаардык кеңешинин XXVI чакырылышынын V отурумунун күн тартиби кароого алынганда башталды. Төрага Эрмек Турсуналиев отурумдун күн тартибине 7 меселе киргизилгендигин билдирип, кимде кандай сунуш бар экендигин маалымдаганда, депутат Автандил Молдосалиев депутаттардын демилгелүү тобунан түшкөн сунушту дагы күн тарбине киргизүүнү билдирди. Анда жети талаптан турган шаар мэрине карата билдирүүлөр окулуп, жыйынтыгында шаар жетекчисине ишеним көрсөтпөө тууралуу 11 депутаттын демилгесин күн тартибине киргизүү талабы айтылды. Маселе колго салынганда 16 добуш берилип, (шаардык кеңеш 31 мандаттан турат) сунуш күн тартибине киргизилмей болду. Натыйжада бир катар депутаттар мындай сунуш көпчүлүк башкаруучу коалицияга берилбегендигин, алдын ала талкуулоо болбогондугун айтып чыгышты. Ошентип депутаттар дароо экиге бөлүнүштү да калышты.

Биринчи тарап мэрге ишеним көрсөтпөөнү жактагандар маселе күн тартибине киргендигин кан какшап айтышса, экинчи тараптагылар мындай кысымга каршы аракет катары залдан чыгып кете тургандыктарын билдирип коркутушту. Акыры көпчүлүктү түзгөн «Нарын Келечеги» деп аталган бирдиктүү 4 партиядан турган фракциялар биримдигинин жетекчиси КСДПдан шайланган депутат Алмаз Абдыкадыров сыртка чыгып кетүүгө кам урганда аны коштоп жоон топ депутаттар, аларга кошулуп Нарын шаарынын мэри Баатырбек Жээналиев, анын орун басарлары, бир катар мекеме, уюм жетекчилери кошо эшикке чыгып кетишти. Залда калган депутаттарды эсептегенде алардын саны он жетини түзүп, отурум мыйзамдуу улантылаары шарданаланды. Натыйжада, кеткендер кетип, калгандар болсо сессиянын ишин кароого киришишти. Анык кызык тамаша ошол учурда башталып жана андан бери улантылып келүүдө.

Ошентип апрель-май айлары тогошкондон бери Нарын шаарынын саясий аба ырайында жаатташуу, бири-бирин мелжөө, ич ара аракеттенүү, өз ара акырет келтирүү вазыйпасы кайнап келүүдө.

30-апрель күнү сессиянын отурумунан чыгып кеткен 13 депутат дароо жыйын өткөрүшүп, анда төрага Эрмек Турсуналиевге ишеним көрсөтпөө жана көпчүлүк коалицияны таркатуу тууралуу эки Кайрылуу кабыл алышкандыктарын жар салышты. Ал эми ичкериде калган 17 депутат жана кийин алардын катарына сырттан жол жүрүп келип кошулган бир депутат менен он сегизи мэрдин жоопкерчилигин карап, кызмат ордунан бошотуу жөнүндө КРнын Президентине, КРнын өкмөтүнө, КРнын Жогорку Кеңешине жана КРнын өкмөтүнүн Нарын облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнө Кайрылуу камдашты.

Келип чыккан жагдайды болсо шаар жетекчиси мыйзамсыз аракет катары баалайт.

«Албетте, шаардын мэри деген кызмат атамдан калган эмес. Ал эми 30-апрелде шаардык кеңештин сессиясында мэрге ишеним көрсөтпөө сунушу күн тартибине киргизилгендиги мен үчүн күтүүсүз болду. Натыйжада кан басымым көтөрүлүп кеткендиктен улам ооруканага убактылуу кайрылууга аргасыз болдум. Андан кийин үйгө барганда дагы калыбыма келбегендиктен кийин «Тез жардам» чакырттым. Эми негизсиз туура эмес маалыматтарды келтиргендиги үчүн, маалымат берген депутаттарды сотко берем. Мисалы «Нарын-Эт» коомун мен эмес, жубайым Тамара Сыртбаева иштетет. Экинчиден, ал ишкана электр энергиясы үчүн 168 миң сом карыз эмес. Ошондой эле жол боюнча дагы мыйзамсыз иш кылган эмесмин», - деп билдирди шаар жетекчиси Баатырбек Жээналиев.

Кырдаалды депутаттардын шаардык кеңешинин төрагасы Эрмек Турсуналиев, «Негизи фракциялар маселе коё алышат, күн тартибине депутаттар тобу дагы, бир депутат дагы кошумча маселе киргизе алат. Бирок мэрдин чыгып кетиши саясый чоң катачылык болду. Бул депутаттарды,элди сыйлабагандык.Негизи биз коалиция деп эле байланбашыбыз керек. Иштебеген адамды ээрчип жүрө берелиби. Ал эми коалиция тарайт дегенге негиз жок», - деп белгилейт.

«Турсуналиев Эрмек Турдалиевич төрага катары өз ишин туура, так жүргүзө алган жок. Саясий жоопкерчиликти сезбей, ачык-айкын саясатты жүргүзбөй, өз кызыкчылыгын шаардык кызыкчылыгынан бийик коюп, партиялар ортосундагы ажырымды жаратып, чагымчылык кылууда. Мындан сырткары көпчүлүк коалициянын макулдашуусун одоно бузду», деп жазылат көпчүлүк башкаруучу коалицияны түзгөн «Нарын Келечеги» деп аталган бирдиктүү фракцияга кирген КСДПдан 6, «Ак шумкар» партиясынан 3, «Мекен ынтымагы» партиясынан 2 жана коалицияга кирбеген «Ата Мекен» партиясынан 2 депутат кол коюшкан кайрылууда. Бирок «Ата Мекен» партиясынан шайланган Жийде Көкөтаева чогуу жыйында болгондугун, бирок кол койбогондугун телефон аркылуу маалымдаган эле.

Ал эми бирдиктүү коалицияга кирген «Замандаш-Современник» партиясынын бардык 6 депутаты, «Мекен Ынтымагы» партиясынан 2 депутат кол койгонго катышышкан эмес.

Нарын шаардык кеңешинин көпчүлүк башкаруучу коалициясын КСДП (6 мандат), «Замандаш-Современник» (6 мандат), «Мекен Ынтымагы» (4 мандат) жана «Ак-Шумкар» (3 мандат) партияларынан шайланган 19 депутат түзүп, «Замандаш-Современник» партиясынан шайланган Эрмек Турсуналиевди төрагалыкка шайлашкан.

Жагдай боюнча «Нарын Келечеги» коалициясынын жетекчиси, депутат Алмаз Абдыкадыров, «Мен кайрылууну кабыл алдым. Анткени келишим-макулдашуу шарттары бузулду. Бирок коалиция тарабайт деп ишенем. Болгону төрага ошол эле «Замандаш» партиясынын депутаттарынын арасынан кайрадан шайланат», -деп болжолдойт коалиция лидери.

Шаардык кеңештин депутаттыгына «Ак Шумкар» партиясынан шайланган депутат Жыргалбек Ботокановдун баамында экинчи тараптагылардын мэлжегени эле бийлик талашуу.

«Мэрге ишеним көрсөтпөйбүз дегендердин сөзү жөн эле кеп. Алар эл үчүн күйүмүш болгондору менен алардын жүрөгү кызмат үчүн болууда», - дейт Ж.Ботоканов.

Бирдиктүү коалиция тутумунан сыртта калган «Ата Мекен» партиясынан шайланган депутат Бакыт Балбаевдин пикиринде мындай оюндар акыры жакшылыкты алып келбейт.

«Кандай болгондо деле мэр олтуруп маселени угушу керек болчу. Сын болот, айтылат. Аны угуш керек, туура кабыл алып көтөрүш керек. Биз баарыбыз эл үчүн иштейли деп шайлангандан кийин, бийликте болгондон соң максат дагы бир болушу зарыл. Кеңеш менен мэрдин ортосундагы ажырымды туура эмес көрүнүш деп баалаймын. Ал эми биздин партиядан шайланган 2 депутат партиянын бирдиктүүлүгү үчүн башка партияларга кошулуп кетпейт деп ойлоймун», - дейт Б.Балбаев.

Шаардык кеңештеги экинчи бир оппозициялык маанайдагы «Республика» фракциясынан шайланган депутат Нурбек Молдокадыровдун жүйөөсү төмөнкүдөй.

«Чынында ар бир партия бийлик үчүн күрөшөт. Бийликке келүү менен элге кызмат кылуучу идеяларын ишке ашырат. Бирок баарысы мыйзамдуу болушу шарт. Бизге «Ата Мекен» партиясынан шайланган депутаттар мэрдин туура эмес иштери жөнүндө билдиришти. Биз колдоого алдык. Болгону ошол. Бирок эмне үчүн ушундай иш-аракетти мэр уккусу келбейт, кеп ошондо болуп жатат».

Ошентип Нарын шаарында бийлик тиреши жүрүп жаткан чак.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×