Добавить статью
4:04, 8 мая 2013 94838

Кадыржан Батыровдун мүлкү аныкталып, конфискацияланууда (тизме)

К.Батыров Жалал-Абад областы боюнча өзбек улуттук маданий борборунун президенти болуп туруп башкалар менен туруктуу кылымыштуу топ түзүп, 2000-жылдан баштап 2010- жылдын 13-июнуна чейин ар кандай улуттук кастыкты козутуучу, башка улуттун ар намысын кемсинтүүчү массалык башаламандыкты уюштурган. Баарына белгилүү болгондой, 2010-жылдын 14-майы күнү саясий мүнөзгө ээ болгон мурунку президент К.Бакиевдин жана анын бир туугандарынын үйлөрүн өрттөп, тоноочулук салышып, улуттар аралык чыр-чатакты күчөтүү максатында өзбек улутундагы элдерди баш аламандыкка чакырып, массалык тартипсиздиктерди уюштуруп, кыргыз менен өзбек улутунун ортосунда тарых кечирбеген, көптөгөн адам өлүмү коштогон кандуу кагылышууга алып келип, бул кылымыштуу аракеттери боюнча 2011-жылдын 28-октябрындагы Жалал-Абад шаардык сотунун өкүмү менен күнөөлү деп табылып, өмүр бою эркиндигинен ажыратылып, мүлкү конфискацияланган.

Кадыржан Батыров кылган кылмышы үчүн соттолуп, үй-мүлкү конфискацияланып, өзү качып, чет мамлекетте жүрсө да анын Жалал-Абаддагы мүлкүн «адалдап» акчага айландыруу аракети жүрүп жатат. Буга Болот Дубанаев деген жарандын иш аракети мисал боло алат. Убагында К.Батыров Жогорку Кеңештин депутаты, өзбек маданий борборунун президенти болгон, ар кандай саясий иш-аракеттер менен алектенген. Июнь окуясынан кийин соттолуп, ал соттун чечими боюнча кандайдыр бир кылымыш жоопкерчилигинен жана мүлкүн конфискациялоодон качуу максатында жубайы Карамат Батырованын ортосундагы никени бузуп, натыйжада Батырова К. аны менен формалдуу түрдө ажырашкан. Натыйжада калп эле «ажырашкан» жубайы Карамат айым «Дустлик» ААКнын 266180 акциясына менчик ээлери болуп калгандыктан аны сактап калуу максатында 2010-жылдын 22-ноябрында К.Батыровдун тууганы М.Алимов Жалал-Абад областтык райондор аралык сотуна Сузак райондук сотунун жасалма чечиминин көчүрмөсүнүн негизинде никелери бузулгандыгы жөнүндө күбөлүк алып көрсөтүшкөн.

Жалал-Абад областтык райондор аралык сотуна жогоруда көрсөтүлгөн чечимин жаңы ачылган жагдайлар боюнча кароо тууралуу арыз келтиришип, аталган мүлктөр жубайлар К.Батыров жана К.Батырованын жалпы менчиги болбостон бир гана К.Батырованын менчиги болуп эсептелет дешип 2011- жылдын 15-июлундагы К.Батырованын А.Ахмедовго берилген ишеним кат боюнча Россия Федерациясынын жараны С.Шарипов менен анын ортосунда 266180 даана акцияны сатуу жөнүндө келишим түзүп, бул келишимдин негизинде «Дустлик» ААКнын 85% акциясын сот тарабынан камакка алуудан качуу максатында сатып жиберген.

Бирок, К.Батырова менен М.Алимовдор жалган келишимдерди түзүшүп, өздөрүнүн милдеттеринен качуу максатында түзүлгөндүгү, никени да бузуу чечиминин көчүрмөсү жасалма экендиги, «Дустлик» ЖЧКсынын менчик ээсин анын эркине каршы алмаштыруу максатында жүргүзүлгөндөрү Сузак райондук сотунун 2012-жылдын 26-мартындагы чечими менен тастыкталган.

Укук коргоо органдарынын аракети менен төмөнкү мүлктөр Кадыржан Батыровго тиешелүү экендиги аныкталган:

1.Жалал-Абадшаарынын Москва көчөсүндө жайгашкан 2 га жер аянты менен;

2.Жалал-Абад шаарынын Строителей көчөсүнүн 27-дарегинде жайгашкан 9,37 га жер аянты менен;

3.Жалал-Абад шаарынын Кошоев көчөсүндө жайгашкан 0,95 га жер аянты менен;

4.Жалал-Абад шаарынын Кошоев көчөсүндө жайгашкан 1,11 га жер аянты менен;

5.Жалал-Абад шаары «Промзона» 180 а кв 5,85 га жер аянты менен катталган өндүрүштүк база.

6.Жалал-Абад шаары «Промзона» 180 а кв 5,04 га жер аянты менен катталган өндүрүштүк база;

7.Жалал-Абад шаары Мельничная көчөсү 0,12 га жер аянты менен катталган өндүрүштүк база;

8.Жалал-Абад шаары Мельничная көчөсү 4,73 га жер аянты менен катталган өндүрүштүк база;

9.Жалал-Абад шары Мельничная көчөсү 0,27 га жер аянты менен катталган бассейн;

10.Базар-Коргон району Арстанбап айылында жайгашкан Существующая көчөсү турак-жай жана кампалык имарат жашылча сактагыч;

11.Базар-Коргон району Арстанбап айылында жайгашкан 4,80 га жер аянты менен катталган лагерь;

12.Сузак районунун Күмүш-Азиз аыйлында жайгашкан РТС,5.0 га жер аянты менен катталган;

13.Сузак районунун Күмүш-Азиз аыйлында жайгашкан бала бакча;

14.Сузак районундагы АБЗ «Ынтымак» (мурунку кирпич заводу «Промзона»аймагында) катталган;

15.«Базар-Коргон айыл чарба техникасы»

16.Ноокен районунда жайгашкан административдик-тирчилик корпусу менен 6га жер аянты менен;

17.Ала-Бука районун Баястан айылында жайгашкан түшүм комбинаты;

18.Сузак районунда Баш –Булак айылында жайгашкан А.Батыров атындагы элдердин достугу университети административдик кимараттары жана 0,44 га жер аянты менен;

19.Жалал-Абад шаарынын Ленин көчөсүндө жайгашкан А.Батыров атындагы элдердин достугу университетинин окуу корпусу 0,36 га жераянты менен;

20.Жалал-Абад шаарынын Ю.Абдырахманов көчөсүндө жайгашкан 2.45 га жер аянты менен жашылча-жемишти кайра иштетүү жана консервалоо боюнча комбинат;

21.Жалал-Абад шаарынын Олимпийская көчөсүндө «Кыргызвнештранс» ЖЧКсынын темир жол станциясынын жүк короосу 9 га жераянты менен;

22.Жалал-Абад шаарынын Ленин көчөсүнүн №10-кварталында жайгашкан пайдалуу аянты 1643.9 кв.м жер аянты 5023.0 кв.м жашоого ылайыкталбаган имарат;

23.Жалал-Абад шаарынын Ленин көчөсүнүн №10-кварталында жайгашкан пайдалуу аянты 1390.9 кв.м жер аянты 2935.0 кв.м жашоого ылайыкталбаган имарат.;

24.Жалал-Абад шаарынын Ленин көчөсүнүн №10-кварталында жайгашкан пайдалуу аянты 1216.6 кв.м жер аянты 3545.0 кв.м жашоого ылайыкталбаган имарат.;

25.Сузак районунунТаш-Булак айыл өкмөтү «Эшме» аймагында жайгашкан 0.72 га Батыров К.А таандык айыл чарба багытындагы жер аянты;

26.Жалал-Абад шаарынынЖамашов көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуутурак жай үйү;

27.Жалал-Абадшаарынын Строитель көчөсүнүн 27-дарегинде жайгашкан 0.23 га жер аянты менен ылайыкташылган имарат 3.19 га жер аянты менен;

28.Жалал-Аба дшаарынын Строитель көчөсүнүн 27-дарегинде жайгашкан 0.23 га жер аянты менен спорттук бассейин ;

29.Жалал-Абад шаарынын Ленин көчөсүнүн №10-кварталында жайгашкан «Шабдалызар» базары

30.Жалал-Абадшаарынын Ленин көчөсүнүн 51-дарегинде жайгашкан «Кыргызстан» дүкөнү

31.«Дустлик» ААКна жана «Ал-Каб»ЖЧКнатаандык авто техникалык каражаттары, мүлктөрү;

Белгилеп кетчү жагдай, Жалал-Абад шаарынын Ленин көчөсүнүн №10-кварталында жайгашкан пайдалуу аянты 1643.9 кв.м, жер аянты 50.23,0 кв.м, жашоого ылайыкталбаган имарат 2009-жылдын 28-декабрындагы сатып алуу келишимдин негизинде Жалал-Абад шаарынын Ленин көчөсүнүн №10-кварталында 5023,0 кв.м, чыгарылып А.Мирзаевке өткөрүлүп берилген жана 2009-жылдын 28-декабрындадагы сатып алуу келишимдин негизинде Жалал-Абад шаарынын Ленин көчөсүнүн №10-кварталында 5023,0 кв.м, чыгарылып А.Мирзаевке өткөрүлүп берилген жана 2009- жылдын 28-декабрында дагы сатып алуу келишимдин негизинде Жалал-Абад шаарынын Ленин көчөсүнүн 10-кварталында жайгашкан «Шабдалызар» базары А.Мирзаевдин менчигине өткөрүлүп берилген. Жалал-Абад шаарынын Ленин көчөсүнүн 51-дарегинде жайгашкан «Кыргызстан» дүкөнү 2009-жылдын 24-декабрындагы сатып алуу келишимдин негизинде Т.Исламходжаевдин менчигине өткөрүлүп берилген.

Бирок коомчулук бул жагдайлар боюнча башкача пикирде. Анткени 2008-209-жылдары мурдагы президент Курманбек Бакиевдин иними Акмат Бакиевдин ортосунда ушул объектилерди талашуу жүрүп, шаардык кеңештин депуттары тарабынан да чечим чыгаруу аракети болгон. Бирок ошо кездеги губернатор Кошбай Масировдун кийлигишүүсү аркылуу токтотулган. Ошол жагдайларга байланыштуу ошол «Шабдалызар» базары менен «Кыргызстан» дүкөнүн башка адамга каттатып койгон деген күмөн туулуда. Ал эми укук коргоо органдары бул жайларды конфисациялоо аракетин көргөндө жергилктүү бийликтен адамдар ортого түшүп токтотуп калган деп айтышууда. Анысы үчүн ортомчу 1 млн сом акча алгандыгы жөнүндө сөз жүрө баштады.

Ошондуктан Жогорку Сот Сузак райондук сотунун 2012- жылдын 24-октябрындагы Алимов Муроджан Махамаджанович жана Батыров Карамат Гуламовна жөнүндө өкүмдүн конфискацияланган мүлктөрдүн тизмесинен 22-пунктунда. Жалал-Абад шаарынын Ленин көчөсүнүн №10-кварталында жайгашкан пайдалуу аянты 1643.9 кв.м жер аянты 5023.0 кв.м жашоого ылайыкталбаган имарат.;29-пунктунда Жалал-Абад шаарынын Ленин көчөсүнүн №10-кварталында жайгашкан «Шабдалызар» базары; 30-пунктунда Жалал-Абад шаарынын Ленин көчөсүнүн 51-дарегинде жайгашкан «Кыргызстан» дүкөнү жашоого ылайыкташтырылбаган жалпы аянты 1216.6 кв.м имарат 3545,0 кв.м жер аянты менен мүлктөр алынып салынсын, өкүмдүн калган бөлүгү күчүндө калтырылган» деп чечим чыгарган.

Ал эми калган мүлктөр мамлекетке конфискациялануу тууралу у соттун чечими чыкты. Белгилеп кетчү жагдай, Кадыржан Батыровдун мүлкүн аныктоодо жана жубайы Карамат Батырова менен ажырашты деген жасалма докуентти жокко чыгарууда Жалал-Абад областынын прокуратура тармагынын эмгеги көп. Алар мындан башка да июнь окуясы боюнча соттун чечимдерине каршы сунуш берип, буздуруп бир нече сотту жоопкерчилиги каралууда. Анткени сот тарабынан айрым учурда адилет баа берилбей калып жатат. Эл оозунда элек жок, эл арасында эле эмес соттордун өздөрүнүн арасында Жалал-Абад областтык сотунун төрагасы Р.Шүкүралиевдин кийлигишүүсү менен Ленин көчөсүнүн ашкансынын ээси киши өлтүрүлгөндүгү боюнча айыпталып бирак ири суммадага акча алып актап жибергендиги тууралуу сөз болуп жатканын угуп калдык. Ошондуктан Кадыржан Батыровдун мүлкү оңой эле конфскациаланган жок. Салижан Шарипов сыяктуу адамдар аралашып жатса, көмүскөдө туруп иш кылган бийликтин көп адамдардын кулагы көрүнүп жатса бечар журналист сылап –сыйпа жазып тим болобуз да.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

06-02-2012
Кадрдын   кадыры билинүүдө
43151

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×