Добавить статью
10:37, 14 мая 2013 148675

Жалал-Абад шаарынын чоңдору кызмат талашып жатышат

Жалал-Абад шаарынын мэриясын жана шаардык кеңешти соодагерлер башкарып калгандан бери шаарда баш аламандык өкүм сүрүүдө. Тактап айтканда, быйылкы жылдын бюджетин ар жактан же былтыркы жылдагыдан көчүрүп, ага олчойто кошуп жазышып отуруп араң бекиткен бюджетке шаардык бюджеттин эсебинен шаардык салык кызматына 10 штат ажыратылып берилген. Кызыктын баары ушул 10 штаттын тегерегинде болуп жатат. Шаар мэри Муктар Арапбаев шайлоо учурунда СДПКга буту үзүлгөнчө чуркап жүргөндөрдү, өкүл уулдарын же тааныш-билишин киргизүүнүн үстүндө катуу иштеп жаткан. Ага кошумча шаардык кеңештин төрагасы Мураталы Тагаев дагы дос-тууган-тааныштарын салыкчы кылууга катуу бел байлашат. Шаардагы салык тармагын да көзөмөлгө алгысы келген бул эргулдар, эл кызматына келиштиби же шаарды дос-тууган уругу менен талап-тоноп жок кылууга келиштиби?

Шаардык салык кызматынын башчысы Касымжан Дыйканбаевге шаардык кеңештен бөлдүргөн 10 штаттык бирдикке салыкчы кыласың деп Жалал-Абад шаарынын мэри Мухтар Арапбаев телефон урат. Шаардын баш салыкчысы антип-минтип оюн жыйнай электе шаардык кеңештин төрагасы Мураталы Тагаев дагы өзүнүн 10 адамын 10 кызматтык бирдикке бекитүүнү талап кылат. Шаардык баш салыкчы ары басса араба сынат, бери басса аты өлөт деген абалга түшүп калып, бул соодагерлер өзүнөн башканы ойлобогон эки эргулдун талабынан сылык баш тартат.

Бул заманда шаарда оңолуу болобу же жокпу? Жалаң гана келишимдик кызыкчылыктын, кызмат соодалашуунун тегерегинде гана иш алып бара беришеби бул шаар жетекчилиги? Биз кимдерди шайлап, шаардын келечегин кимдерге карматканбыз дешип шаардын коомчулугу нааразычылыгын билдиришүүдө. Акырында айтаарым, белгилүү лидер Адахам Мадумаров айтмакчы: «Эл буларды шайлап өзүбүз ката кылдык окшойт. Буларды билбегендер жарым чыны шорпосуна, эки жумшак лепёшкасына алданып шайлап коюшуптур да».

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×