Добавить статью
7:24, 28 мая 2013 89521

Өйдө болсоң өлпүк – ылдый болсоң сөлпүксүңбү?

Ош, Жалал-Абад шаарларында орун алган 2010-жылдагы июнь коогалаңынан кийин, өкмөттүн жарлыгы менен Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү дирекциясы түзүлүлгөн. Ал эми, менин 37 жылдык үзгүлтүксүз тажрыйбамдын 14 жылы мамлекеттик кызматты аркалаган болсом, калган мезгилдери негизинен курулуш жаатында өткөргөнүм эске алынып, аталган дирекцияга эксперттик кызматка кабыл алындым. Жасаган жумуштарым бааланып мамлекет тарабынан бир топ сыйлыктардын ээси болдум. Эми, айтаарым жасаган жарытылуу ишиң болбосо деле мамлекет эмгегиңди жөн жерден баалай бербейт да.

Заман талабына ылайык Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү зарылдыгы турду. Башка жактардагы аткарылган иштер боюнча өздөрү деле маалымат берип жатышса керек. А, бирок, Жалал-Абад боюнча мамлекеттик дирекция тарабынан жүргүзүлгөн курулуштар боюнча, бүткөн үйлөрдө жашап жаткан тургундардан азырынча нааразычылыктар каттала элек.

Биздин облус боюнча курулган үйлөр, имараттар, көпүрө, коммуникациялар жана башка объектилер боюнча 2010-жылдын июль айынан баштап 2012-жылдын аягына чейин массалык маалымат каражаттары тарабынан коомчулукка үзгүлтүксүз жарыяланып турду. Ошондой эле 2010-2012-жылдары ичинде алты жолу медиа-тур өткөрүлүп, ар бир турга 40-50дөн журналисттер катышып, маалымат беришти. Менчик үйлөрдү калыбына келтирүүдө Кыргыз мамлекети менен УВКБ ООНдун келишиминин негизинде жабыр тарткан үйлөрдүн аянтына жана ар бир үй ээлеринин макулдугун эске алып үч категорияга бөлүп 40-70-100 квадрат чарчы курулуш эрежелерине жооп берген жаңы үйлөр белгиленген мөөнөттө тапшырылды. Жеке менчик үйлөрдүн курулушун көзөмөлдөөдө Эл аралык эксперттер да катышкан. Мамлекет тарабынан болсо, жабырланган ар бир үй-бүлөгө бир куб тактай, эки жүз кг арматура берилген. Жалал-Абад шаарында үч көп кабаттуу үй, Көк-Арт кичи районунда заманбап спортсарайы курулуп, ЖТРдин имараты калыбына келтирилип, Аксакалдар үйүнүн имараты капиталдык оңдо-түзөөдөн өткөрүлдү. Областтык оорукананын эки корпусу(Түркия мамлекетинин жардамында) капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөн. Облустук архитектуранын жаңы имратынын курулушун аяктоого 3,5 млн сом бөлүнүп берилген. Топурак-Белдеги июнь коогалаңынын курмандыктарына арналган монументтин курулушуна 2,5 млн сом бөлүнүп, Сузак районунун Ленин айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан көпүрөнүн, Октябрь айылында 50 орундуу оорукананын курулушу ж.б. бир топ алгылыктуу элибизге зарыл деген курулуштар аягына чыкты.

Жогорудагы кыска мөөнөттө аткарылган курулуш иштерин ошол дирекциянын Жалал-Абад облусу боюнча өкүлөрү Садыр Айтбаев, Кубанычбек Жумабеков, Эркин Исаковдор менен биргеликте эксперт катары көзөмөл иштерин жүргүздүк.

Дирекциянын Жалал-Абад облусу боюнча эксперттеринин эмгек тажрыйбасы орто эсеп менен 30-38 жылды түзөт, адистиги боюнча иш алып баруудан сырткары жетекчилик кызматтарды аткарышкан.

Учурда мен Жалал-Абад шаардык мэриясынын аппараттык жетекчисинин милдетин аткаруудамын, бул жумушту мурда аткарып жаткан жигит шаардагы Жүргүнчүлөрдү ташуу агенттигине жетекчи болуп дайындалды.

Биздин шаарда болгон жооптуу курулуш болбосун дайыма Садыр Төрөевичтин катышуусунда аткарылгандыгын шаар тургундарынын көбү жакшы билет. Өз адистигин жогорку деңгээлде аткарган кесипкөй адамды жооптуу жумуштарды тиешелүү деңгээлинде бүтүрөт экенин эске алып, Садыр Айтбаевди быйылкы шаарга келе жаткан чоң долбоорлорду ишке ашырууда б.а. негизинен Жалал-Абад шаарын суу менен жабдуу жана канализация тутумдарын реаблитациялоо долбоорун ишке ашыруу жана көзөмөлдөө бөлүмүнө көмөк көрсөтүүсүн шаар мэриясы сунуштады.

Шаардык архитектура башкармалыгына курулуш Департаменти тарабынан архитектор адистиги бар адам дайындалуусу керек деген талап коюлган. Ал эми, дирекцияда иштеген эксперт Кубанычбек Жумабековдун адистиги туура келгендиктен, учурда шаар архитектурасынын башчысы болуп иш алып барууда. Бул тармактын көйгөйү көбөйүп, финансылык оор абалга жеткен 900,0 миң сом бюджетке 2013-жылдын апрель айына карыз деп табылган. Бул кадрдын жумушка келүүсүнө шаар мэриясынын тиешеси жок, ал өз тармагы аркылуу дайындалган.  

Жакында kyrgyztoday.kg сайтына «Жантөрө мырзанын көмөгү же Жалал-Абаддагы кадрдык өзгөрүүлөр» деген макала жарыкка чыкты, жазат деп эле жазып жаткан Адамова Ширин эмнегедир маданиятсыздыгын көргөзгөндөй. Эгер маалымат керек болсо, келип өзүбүздөн так, факты менен маалымат алышса. Дирекцияга ишке кирип жатканыбызда, атайын тендердин негизинде адистер тандалган. Пешене экен, келип жаткан долбоорлорду ишке ашырууга Садыр Айтбаев, адистиги архитектор болгонунан байланыштуу Кубанычбек Жумабеков жумушка орношушту. Мен болсо мындан чоң кызматтарда иштеп жүргөн элем, шаар мэриясынын аппаратын жетектеп берүү сунушу түшүп мен мэрияга келдим. Өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев биздин кай жерде ким болуп иштеп жатканыбызды билбесе деле керек деп ойлойм. Эгер жасаган жумушуңдун дайыны жок жүргөн адамдар болсок, балким мындай жоопкерчиликтүү жумуштарды сунуштаардан мурун жетекчиликтер да ойлонушаар эле. Мындан келди, өйдө болсоң-өлпүк, ылдый болсоң сөлпүксүң деп эле жөнү жок асыла берген туурабы? Ширин айым, менин оюмча бул ат сиздин көмүскө атыңыз, «Гүлчөтай, жүзүңдү ач!» - дегендей айта турган сөзүңөр болсо, атыңарды, оюңардан чыгарган божомолдоруңарды тактап алып, обективдүү маалымат берип жүрсөңөр дээр элем!

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×