Добавить статью
10:10, 30 мая 2013 102154

Көчүбүз качан түзөлөт?

Акыркы убактарда жаңыдан шайлоонун натыйжасында келген Жалал-Абад шаардык бийлигин бир беткей сынга алган мындан мурунку бийликте» олтурган мезгилине «ностальгия» болуп күйүп-жанган тарап бар. Кыргызстан боюнча жергиликтүү кеңештерге болгон шайлоо бири-биринен өтө айрымаланган деле жери жок. Шайлоо өтүп, анын эртеси да болуп шаардык кеңешке төрага болуп шайлангандан бери кеңеш тарабынан 7 сессия өткөрүлдү. Шаар бюджетин бекитүү, келип түшкөн арыз кагаздарын комитеттерде кароо ж.б. толгон-токой маселелерди биргеликте чечүү аракетин көрүп келе жатабыз.

Сынга алынып жаткан кезектеги 2013-жылдын 19-апрелиндеги VI сессиясынын №1 «Жалал-Абад шаарындагы мекеме ишканаларында өткөрүлүүчү тендердик комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө» токтому шаардык кеңештин Курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясында каралып, VI сессияга сунушталып, ал сессияга катышкан депутаттардын 24 добушу менен кабыл алынган. Демек, ошол эле, «Өнүгүү» фракциясынын депутаттары да бул токтомду колдошкон. Туура, бул токтом шаар прокуратурасы тарабынан берилген протесттин негизинде жокко чыкты. Ал эми, биздин кээ бир депутаттар эмнегедир, шаар прокуратурасы бир гана ошол токтомго өзүнүн сунушун берди деп эсептешип жатышса керек. Андай болгон жок, 2011-2012-жылдардагы шаардык кеңеш тарабынан кабыл алынган чечимдердин дээрлик 80%ын мыйзамсыз деп шаар прокуратурасы тарабынан 2013-жылдын 8-майында №11/1-650-13 мыйзам бузуучулукту четтетүү сунушу шаардык кеңешке жолдонгон. Ошол убактарда шаардык кеңештин аппараттык жетекчиси кийин мэр кызматтарын аркалаган Бакыт Адыловго, өтө эле «сабаттуу» бир тууган эжеси Нурсулуу Атажанова убагында мыйзам боюнча иш жүргүзүүнү үйрөтүп койсо болмок экен. Тендердик комиссия деген маселенин артында коррупциялык «схемалар», процесстер тураарын, балким ошол мурдагы бийлик жакшы билээр. Анткени, булар бюджеттин 47 млн сом акча каражатын элге кызмат кылып жаткан борбордук аянттарды аңтара коюп курулуш иштерин «сапатсыз» аткарып ушул күнгө чейин толук бүтпөй «Юг-строй» курулуш фирмасынын жетекчиси Немат Сидиковдун колу тергөөдөн бошбой жаткандыр…

Борбордук аянттардын курулушу боюнча атайын комиссия түзүү сунушу КСДП фракциясынын мүчөсү Тилек Акамбаев сунуштап, сессияда али 2012-жылдын бюджетинин аткарылышы карала электигинен, бул маселе кийинки сессияда карала турган болду.

Өткөн 2010-жылы орун алган баш аламандыктан улам, шаардагы өнөр-жай зонасында жайгашкан 8,14 га аянттуу жерге элдер мыйзамсыз турак-жай куруп алышкандыктан, мыйзамга ылайыкташтырып ал жерлерди өнөр-жай зонасынан жашоо зонасына өткөрүү сунушу да Курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан түшкөндүктөн сессияга алынып чыгарылган. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамда көрсөтүлгөндөй.

Үй-тиричилик калдыктарын чыгарууга болгон тарифтерди жогорулатуу маселесин санитардык тазалыкты сактоо атайын автобазасынын жетекчиси Талант Касымов, Европалык өнүктүрүү банкы тарабынан келген өкүлдөр менен жолугушууга бараарын айтып, бул маселени күн тартибинен алып коюну өтүнгөн.

Кыргыз Республикасынын «Ченемдик-укуктук актылары жөнүндө» мыйзамынын негизинде депутаттардын Жалал-Абад шаардык кеңешинин 2013-жылдын 13-мартындагы кезексиз V сессиясында «Жалал-Абад шаардык кеңештин регламенти» бекитилип, 18-мартында шаардык «Жалал-Абад үнү» гезитине жарыяланып, 25-мартта Адилет министрлигинен каттоодон өтүп, укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик Реестрине кирген. Эгер эстеринде болсо, «Өнүгүү» фракциясынын депутаттары А.Хажиматов, Б.Исмаилов, Н.Маматов, Н.Атажановалар кол тамгаларын коюп Регламент менен таанышуу үчүн шаардык кеңештин аппаратынан алып кетишкен.

«Атажуртчулар менен КСДПчылар элдешкис душман эле биригип алышты!» – деп добулбас кагып күйүгүп жаткандарды түшүнүп турам. Анткени, биз депутаттар менен эл аралап чогулуш өтүп жүргөн убактарда, шайлоо учурунда тигил же бул жумушту берем, бизге иштегиле деген эле «Өнүгүү» партиясы, өнүгүү эмей эле өкүнүү болуп жатат деген нааразычылыктар айтылууда. Адам эртеңки күнү пешенеге кандай жазылаарын так айта албайт, анын баары Кудайдан дейбиз го, менин да пешенеме төрагалык кызмат жазылганы Кудайдан, убакыт сааты келгенде бул орунга дагы башкасы келет. Кайсы партиядан болбойлу, акыры бир эл, бир жердин уул-кыздары болобуз, ошондуктан пикирибиз, алган багытыбыз туура келсе эл үчүн биригип иш алып барууга не жетсин. «Өнүгүү» фракциянын депутаттары болобу, башкасыбы элдин көйгөйүн чечүүнү максат койгондон кийин, ошону аткарсак, эртеңки күнү да эл алдында жооп бере турган учурлар болоорун баарыбыз эле билип турбайбызбы.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×