Добавить статью
7:33, 31 мая 2013 14358

Нарындагы соңку окуя бийликтин алсыздыгын дагы бир ирэт ачык көрсөттү

Нарын шаарында 28-майда башталган нааразычылык толкун эки күндөн кийин облустун башкы милиционеринин имараттан чыгып кетүүсү менен жыйынтыкталды. Жөн жыйынтыкталбай облустук ички иштер башкармалыгынын имаратын курчап турган сырткы темир жана дубал тосмону омкоруп салуу менен аяктады. Ушул окуя мамлекеттик бийликтин жана милициянын абалы эптеп эле уйдун ысык богундай былжырак экендигин анык ачык көрсөттү.

«Мен ушундан кийин, кандай болсо дагы чет мамлекеттердин бирине тезирээк тил үйрөнүп алып кетүүнү чечтим. Менин милициям - мени эмес, өздөрүн коргой алган жок»,- деген такилигин билдирди жергиликтүү жаш кабарчы Токтосун Шамбетов.

«Ушундай да болобу. Өзгөчө корголуучу мамлекеттик имаратка ээнбаштардын басып киргендиктерине жол бергендер баарысы, а түгүл министрге чейин кетишсин», - деп жаалданып алды ички иштер органынын ардагери Айдар Сокеев. Чынында бул окуя бир катар жарандардын маанайын түшүрдү. Менин болсо кандайдыр бир тынч тоолордун арасына Ак-Сайгабы же Орук-Тамгабы кетким келди. Мындан мүдөөлөрүн аткаргандар гана шатыра-шатмандыкта тарап кетишти.

28-май күнү Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Таалай Нуралиев кызматтан кетип, анын ордуна мурда ушул орунда иштеп кеткен Нарынбек Молдоисаев келет экен деген маалымат тарап, аны киргизбейбиз дегендер пайда болушуп, күндүн экинчи жарымында Нарын ОИИБнин имаратынын алдына эл топтоло башташкан. Ал күнү чогулгандардын негизин 7-апрель ыңкылапчылар түзүшкөн. Саат 16:50лөр чамасында имарат алдына келген КРнын Ички иштер министринин орун басары Фурхат Үсөновду бир нече мүнөт ичкери киргизбей, анан гана макул болушкан. Өздүк курам менен сүйлөшүп чыккандан кийин Ф.Үсөнов жергиликтүү журналисттерге «Н.Молдоисаев мурда Нарын ОИИБнин жетекчиси болуп иштеп, кызматтан алынган. Бирок ал өз укугун коргоп сотко даттанып, акырында Жогорку сот ушул жылдын 15-февралында анын пайдасына чечим чыгарган. Биз соттун чечимин аткарууга келдик жана ал аткарылат»,- деп билдирген. Сыртта тургандар Молдоисаевдин келбешин, Нуралиевдин кетпешип талап кылышып, акыры тарап кетишкен.

29-май күнү эртең менен Н.Молдоисаев кызмат ордуна олтурганын уккандар кайрадан нааразычылыгын билдиришип Нарын ОИИБнин алдына саат 11ге чукул чогула башташты. Ошол учурда митингде жүргөн мурунку губернатор, ыңкылапчы Адыл Эсенбеков Н.Молдоисаев менен жолугууга ичкери кирип кетип, анын сыртка чыгып: -Мага буйрукту окутту. Бирок мен эл талабы аткарылыш керек деп айттым. Азыр чыгып силерге өзү жооп берет,-деп билдирди. Аңчыга Н.Молдоисаев жергиликтүү кабарчыларды кеңсесине кабыл алды. Ал жерде ички иштер органдарынын 14 ардагери бар болуп чыкты. Ардагерлер мындай көрүнүшкө каршы экендиктерин, мыйзамдарга каршы иш жасалып жаткандыгын, ички иштер органдарына кадрлар жер таңдабастан жиберилерин, мындай жоруктарды тыюу зарылдыгын кеп кылышты. Ал эми Н.Молдоисаев ардагерлердин көзүнчө «Кечээ Ички иштер министринин орун басары келгенде киргизбей коюшуп, тоскоолдук жаратышып топтолгондор милициянын бетине көө жабышты. Кимде ким мыйзамсыз иш кылса, алар мыйзам чегинде жооп беришет. Боз үй тигишеби, ачка болушабы мыйзамдуу түрдө боло беришсин», - деген. Андан соң сыртка чыгып, эл менен жолугушуу башталганда кыйкырык-сүрөөндөрдөн оңчулуктуу пикир алышуулар болгон эмес. Н. Молдоисаев ичке кирип, эл болсо тарашкан.

30-май күнү алгач эл Нарын шаарынын борбордук аянтына топтоло башташты. Саат 11ден өткөндө жөө жүрүш менен Нарын ОИИБнин имаратына жөнөштү. Мурунку күндөрү дээрлик 40-60 адам нааразычылык акцияга чыккан болсо, бул күнү алардын саны 300гө чамалады. Арасында мас абалында жүргөн, оозуна келгенди сүйлөгөн болжолу 15-20 жаш адамдар жүрүштү. Алгач эл атынан 10 адам өкүл болуп Н.Молдоисаевге кирип, сый менен кызматыңды өткөрүп бер деген сүйлөшүү жүргүзүлөөрүн, болбосо күч менен кеңседен чыгарылып, ал олтурган кеңсе мөөр басылып чапталаарын аткармай болушту. Ошол учурда имараттын батыш тарабындагы тосмолорду айрым балдар жулкулдатыша баштаганда аларды көпчүлүк тыйып коюшту. Качан имаратка кире турган адамдар киргизиле баштаганда тосмо эшик тараптар ортосунда талашка түшүп, эки жактын талашында калды. Ошол учурда мас абалындагы жигиттер тосмолорго асылышып, көпчүлүк жабалактап акыры тосмону кулатышып, дубалдар талкаланды. Качан жаалдангандар Нарын ОИИБнин короосуна кирип, андан ары ичкериге карай жулунганда гана Н.Молдоисаев чыгат жана кетет деген маалымат айтылды. Бир маалда Молдоисаев эл алдына келип кете тургандыгын жарыялап, имараттан милиция кызматкерлердин курчоосунда сыртка чыгып кетти.

«Мынчалык болуп кетет деп ойлогон эмеспиз. Чындыгында мурда иштеп кеткендиктен эл билет да. А түгүл өздүк курамдын дагы 80-90 пайызы Молдоисаевдин кайра келгенине каршы болушкан. Биз дагы билдирүү жасайлы деп жатканбыз. Күч менен имараттын тосмосун талкалап киргендер боюнча эч нерсе деле кылбайбыз. Аны ордуна өз күч аракетибиз менен эле тургузабыз», - деди жетекчинин убактылуу милдетин аткарууга калган Нарын ОИИБнин орун басары Махабат Жумаев.

Ошентип министрдин буйругу эки күнгө аткарылып, ал эми Н.Молдоисаевдин сөзү куру талаага айтылган болду. Мыйзамсыз жасалган иш-аракет жабылуу аяк жабылуу бойдон калсын кейпте кала берүүдө.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

16-03-2015
Койчусу көп болсо, кой арам өлөт
70225

30-10-2014
Эки аймактын эки башка капчыгы
34749

02-10-2014
Эне тилди экчегендер, эли-журтун тепсегендер (Кыргыз тилине арналган пародиялар)
43353

22-04-2014
Мектеп парламентинин үчилтиги
49417

27-03-2014
Ой пикир: Бай сотко барса-барпаңдап, кедей сотко барса калтаңдайбы?
31565

24-01-2014
Оро албаган орок тандайт
20813

20-01-2014
Жыйналышы көп болоор, жыйынтыгы жок болоор
33672

29-11-2013
Жамиланын талаасы
27773

28-11-2013
Калымбүбүнүн карааны
16299

21-11-2013
КИЖКны жеңүүчү ким?
13061

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×