Добавить статью
6:53, 18 июня 2013 18004

А.Атамбаев кыргызга душман болгусу келбейт

Автор: Фабула

Президент Алмазбек Атамбаевдин Нарындагы ГЭСтердин курулушунун башталышында сүйлөгөн сөзү Кыргызстанга “дүң” эле дей түштү. Катуу сүйлөдү, ичиндеги болгон бугун чыгарды. Акыл-эстүү адамдар президенттин айткандарын туура түшүндү жана кабыл алды. Ал эми саясий оппоненттер болсо өз кызыкчылыгына сөздөрдү бурмалап, элге жалган маалымат жеткирүүгө түрө киришип, А.Атамбаевди жаман көрсөтүүнүн пландарын ишке ашырып жаткандары байкалып эле калды.

Мисалы, Жети-Өгүздө атайын эле “Атамбаев бизди бандит деп атады” деген кептерди козутуп атышат. Мунун баары элдин нааразычылыгын жаратып, түшүнүп-түшүнө бербей эле бузук телефон сыяктуу бурмаланган маалыматы жеткирип атышат.

Мына, Атамбаевдин Жети-Өгүз боюнча айткан сөзү, эч нерсеси кошулган да, алынган да жок: “Жанагы Жети-Өгүздө балдарды башкарып жүргөн эки жолу каракчы Бахтияр Курманов, экологияны билеби ошол? Эки жолу соттолгон бандит билеби экологияны?”, деп президент айткан.

Эми чынында эле Курмановдун эки жолу соттолгонун ким тана алат? Ал факт. Бир адамдын аркасы менен бүт райондун элин бандит деп атады дегени ары наадандык, кылдан кыйкым издегендик жана айтылган таамай сөздөргө ичи ачышканынан ортодон чыгарган чагымчыл сөздөр деп бааласа болот мындайды.

Мисалы, саясат таануучу Бакыт Бакетаевдин айтымында, бизде сөз эркиндиги деген аябай катуу өнүктү. “Президенттин сөзүн уккандан кийин аны каалагандай кабыл алышып, каалагандай комментарий берип жатышат. Бирок, президенттин Нарындагы сөзүн элдин баары укту. Аны уккандан кийин көпчүлүгү ойлонуп калышты. Айрым сөздөрүн башка нукта канчалык бурмалаган менен элди алдай албайбыз. Себеби, Атамбаевдин сөзү дагы деле интернет-сайттарда турат. Каалаган киши кайра башынан угуп чыкса болот. Ал жерде эч кандай кайсы бир аймактын элин душман деп айтканы жок. Жеке мен өзүм эки-үч жолу кайталап уктум. Жазылып алынган кагазды пайдаланбастан эркин сүйлөдү. Тууганча сүйлөдү. Тарыхта кала тургандай жакшы сөздөрдү айтты, ачуу сөздөрдү айтты. Аны туура кабыл алыш керек”, - дейт Бакетаев.

Андан кийин Талас эли чыкты таарынып, “бизди душман, эл эмес деди” деп. Кантип эле өзүнүн эле элин “булар эл эмес” деп айтсын? Бул айтканы Манас эпосунан алып, үзүндүнү мисал катары айтып жатканы түшүнүктүү эле болуп турбайбы?

Тарыхчы Тынчтыкбек Чоротегин президенттин пикирин мындайча чечмеледи: - «Манас» эпосунда көптөгөн терс каармандар менен бирге эле Бакай ата, Алманбет сыяктуу эл жер үчүн күйгөн оң образдарды жаш муундарга таалим-тарбия берүү максатында колдонуп келгенбиз. Эгерде кимдир-бирөө Талас бир гана уруунун жери деп атаса жаңылышат. Ал күлкү келе турган гана пикир. Талас бир гана таластыктардын эмес, жалпы кыргыздардын жери. Кыргыздар Памир, Алтай өңдүү жерлерди да жердеп келген. Манаста көптөгөн жерлердин аттары аталган. «Манас» кыргыз элинин мурдагы тарыхый окуяларын дастан түрүндө чагылдырган чыгарма. Биз «Манасты» дагы-да тереңдеп билүү үчүн Памирдеги манасчылардын, Кытайдагы кыргыз манасчыларынын варианттарын да окуп үйрөнүшүбүз зарыл. Ал эми президентибиздин Нарын жергесинде сүйлөгөн сөзүндө «Манас» аркылуу элибизди биримдикке чакырууну көздөгөн. Аны бурмалап, чайкоочулук кылууну көздөгөндөр болсо, туура эмес кылышат. Президенттин элди биримдикке чакыруусу Конституция боюнча дагы милдети. Ал үчүн бардык мүмкүн болгон нерселерден мисал келтирсе болот.

Ушундай, урматтуу окурман. Президенттин айткандарына арданбай, андан сабак алсак болбойбу? Кыргызга кыргыз душман болсо да, Атамбаев кыргызга душман болгусу келбейт. Антпесе, ушундай сөздөрдү айтмак да эмес, өз билген ишин кылып жүрө бермек. Тескерисинче, биз душмандык мамиле кылып жүрбөйлү? Өлкөнүн келечегин ойлобогон, элге бүлүк салган “кыргыз” имиштер душман болуп жүрбөсүн? Эки жээкти карап, тандоо жасаганда кыргыздар ойлонушу керек, ким туура жолдо, ким түңгуюкка алып баратат. Кыргызстанды өнүктүрүп-өстүрөйүн деген Атамбаевби, же тынч жашоо бербеген, бийликке учкаша калсам дегенде эки көзү төрт “душмандарбы” Ойлонолу, кеч болуп кала электе тыянак чыгаралы.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

02-12-2014

Коррупция короосунан... Маданияттын мафиялары... (уландысы)

31592

01-12-2014
Коррупция короосунан... Маданияттын мафиялары... (уландысы)
22415

28-11-2014
Коррупция короосунан... Маданияттын мафиялары...
39786

27-11-2014

“Кыргызфильм” киностудиясындагы коррупция... Иликтөө...

22199

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×