Добавить статью
6:36, 24 июня 2013 5904

Бекен Назаралиев менен «Жаңы Ордо» гезитин «кой» деп койчу жан барбы?

Акыркы убакта кайсы гезитти ачпа, бүт эле президент Алмазбек Атамбаевди жамандаган макалалар жайнап кеткенин байкап жүрөбүз. Жалгыз эрмектешкендери ушул ажо Атамбаев болгон окшойт.

«Жаңы Ордо» гезити жана анын башредактору Бекен Назаралиев чыккан саны сайын Алмазбек Атамбаев жөнүндө жазбаса баштары ооруйт. Каалашынча маашырканып, ушунчалык ырахат менен эң ыплас сөздөрдү тандап, президентти оозго алгыс сөздөр менен боктоп, канчалык катуурак чымчып алсак, ошончолук Белоруссиядагы «шефке» жагабыз деген ойдо сасык саясаттарын жүргүзүп келаткандарын окуп алып, абдан капаландым.

Карап көрсөм, акыркы убакта оппозициялык ММКларда атайылап Атамбаевди моралдык жактан сындыруу аракеттери, өз кызмат ордун таштап кетүүгө мажбурлоо макалалары көбөйө баштаптыр. Ошол эле убакта качкын Курманбек Бакиевди тымызын мактоо, түштүк жергесинде экөөнү салыштыруу, элди Атамбаевге каршы үгүттөө, «Бакиев эле жакшы болчу» таризинде агитация кылуу көрүнүштөрү байкалууда. Мындай көрүнүштөр бир элди бири-бирине каршы коюу, жарандык карама-каршылыкка алып келип жатканын журналист имиш жазмакерлерди уялтып да койбостон, тескерисинче, «мейли, ошондой эле болсун, экиге бөлүнүп калсын, Бакиев шефим кайра келүүгө шарт түзүлсүн» дегендей элес калтырууда.

Мындай оюндарды эң мыкты өздөштүргөндөрдүн бири Бекен Назаралиев болууда. Апрель революциясынан кийин ал Белоруссияга чейин «шефине» барып келип, андан интервью алып келгени, анысы аз келгенсип, ушундай машакаттануу менен маекти гезитине басып чыгарганы, кан ичкич экс-президентти ачыктан-ачык колдогону, апрель революциясында каза тапкан балдардын жакындарынын бетине түкүргөндөй эле болуп жатат.

Анысы аз келгенсип, жеке менчик «Жаңы Ордо» гезитинин кеңсеси мамлекеттик имараттын 100 чарчы метрин ээлеп отуруп, айына жарыбаган 20 миң сом төлөгөнү дагы бир бетке жабыла тийген түкүрүк эмей эмне?

Мындай жазмакерлердин максаты өлкөнүн келечеги эмес, «шефинен» агылып келип жаткан гонорарларды иштеп берүү экени ачыктан ачык арсайып көрүнүп калды. Канчалык бийик сөздөр менен аны жымсалдабасын, баарыбир көрүнүп турат. Учурда булар «Атамбаевдин түбүнө жетмей» операциясын ишке ашырып жаткан кербездери, орусча айткандай, «чтобы жизнь малиной не казалось», бирок ал канчалык ийгиликтүү болот – мында чоң суроо жатат.

«Кой деп койчу кожосу жок» ушу Бекен Назаралиевге окшогондордун күнү тууду. Анан эмне? Сөз эркиндиги болуп атса, куугунтуктаган бирөө жок, жатып алып ичтен ирите берсе болот, ага акча агылып келип турса чет жактан, жыргал да!

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×