Добавить статью
12:17, 26 июля 2013 50895

Карьерде иштеп каза болгон К.Өзүбековдун өмүрү 50 миң сомго бааланган

ПРООН менен өнөктөш болуп Эл аралык эмгекти уюштуруу уюму Ысык-Көл, Талас жана Нарын облустарынын 127 алыскы айылындагы айыл чарба продукциясын өндүрүүчүлөрдүн жыргалчылыгын көздөөгө салым кошту. Бул тууралуу көзкарандысыз журналист Тагир Осмоналиев билдирди.

Анын айтымында, дыйкандарга коопсуз эмгек шарттарын түзүү жана саламаттыгын сактоо, алардын тажрыйбасын эске алуу менен эмгек практикасын жакшыртуу үчүн дыйкандарга эмгектин техника коопсуздугун жана айыл чарбасындагы тобокелдиктерди талдоону үйрөтүү максатын көздөгөн атайын окуулар өткөрүлдү. «Окутуунун аркасында фермерлер агохимикаттарды колдонуу жөнүндө маалымат алышты. Анткени айыл чарба продукциясын өндүрүүчүлөрдүн коргоочу чараларды пайдалануу, пестициддерди сактоо жана пайдалануу боюнча ыктары жана билимдери жок экендиги жашыруун сыр эмес. Химикаттар ашыкча өлчөмдөрдө пайдаланылууда. Көп учурда дыйкандар агрохимикаттарга сактоо үчүн атайын бөлүнгөн жайларды талап кылбай турган кадыресе заттар сыяктуу мамиле жасашат. Алар пестициддерди пайдаланууда атайын чүмбөттөрдү пайдаланышкан эмес, андан бешбетер «дарыны» канчалык көп чачсаң, ошончолук жакшы түшүм аласын деген пикир айтылып жүрөт. Тренингдер ушул ойдон чыгарылган нерсени жокко чыгарды, ал эми Нарын, Талас облустарында пестициддерди сактоо жана аларды туура пайдалануу процесстери күндөлүк турмушка сиңүүдө.

Ысык-Көл облусунун тургуну Кадыркул Өзүбеков карьерде иштеп жатып курман болгон. Эмгектин оор шарттары жана техника коопсуздугун сактабагандык үй-бүлөнүн багуучусунан айрылып калуусуна алып келген, ал эми иш берүүчү анын үй-бүлөсүнө 50 миң сом берүүнү зарыл деп эсептеп, курман болгон жумушчунун өмүрүн ушундай суммага баалаган. Ушул кайгылуу окуяны тренингдин катышуучусу Жыпар Абылова айтып берген. Окутуу аяктагандан кийин тренерлер жана тренингдин катышуучулары иш берүүчү менен жолугушушкан жана мыйзамдын талабын эске алуу менен курман болгондун үй-бүлөсүнүн компенсацияга укугун коргоп калышкан. Ушул окуя дале текшерип чыгуу жараянында турат. WIND программасынын айылдыктарга жана жалпысынан коомдоштукка оң жана натыйжалуу таасир тийгизгенин айгинелеп турат, окутуунун алкагында программа тарабынан укуктарды коргоонун жол-жоболору жөнүндө маалыматтык материал берилген.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

26-07-2013
Карьерде иштеп каза болгон К.Өзүбековдун өмүрү 50 миң сомго бааланган
50288

24-07-2013
WIND программасы аркылуу ийгиликке карай
22431

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×