Добавить статью
7:35, 1 августа 2013 161838

Жалал-Абад областында балдардын жайкы эс алуусу үзгүлтүккө учуроодо

Ушул күндө Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо, Сузак, Ноокен, Базар-Коргон, Аксы, Ала-Бука райондорунда, Көк-Жаңгак, Майлуу-Суу шаарларында балдардын жайкы эс алуу жайлары бир агым иштегенден кийин Кыргызстан профсоюздар федерациясы тарабынан акча каражаты бөлүнүп берилбегендиктен 10-20 күндөн бери иштебей бош турат. Балдардын жайкы эс алуусун уюштуруу боюнча облустук штабдын берген маалыматы боюнча азыркы күнгө балдардын эс алуусуна каралган финансы каражаттынын 66 пайызы гана бөлүнүп берилген.

Жалал–Абад облусунун «Элдик комитет» коомдук бирикмеси тарабынан көрүлгөн чараларга карабастан Жалал–Абад облусунун Ноокен районунун жашоочуларынын балдарынын жайкы эс алуусун уюштуруу үзгүлтүккө учуроодо. Анын себеби Кыргызстан профсоюздар федерациясы тарабынан акча каражаты убагында бөлүнүп берилбегендиктен «Алаш–Ата» балдардын эс алуу жайы ушул жылдын 22-июлунан бери иштебей бош турат. Учурда Кыргызстандын түштүгүндө абанын температурасы 42-45 градуска чейин жетип жатат. Жалал-Абад облусунун мектеп окуучулары ушундай ысык күндөрдө толук кандуу эс алуунун ордуна, убактыларын бош өткөрүшүп, көчөлөрдө ар кандай жумуштарды аткарып, терс көрүнүштөргө барып, туура эмес тарбия алып жатышат.

«Элдик комитет» коомдук бирикмесине Ноокен районунун тургундары кайрылышып жергиликтүү мамлекеттик бийлик бул маселеде жеткиликтүү жумуш аткарбай жаткандыгын айтышууда. Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы А. Осмоновго бир нече жолу кайрылып, бул маселени оң чечип берүүнү суранганбыз, бирок эч кандай жардам болгон жок,-дейт комиттетин төрагасы Муктар Артыкбаев

Жалал-Абад облусунун айыл чарба кызматкерлеринин профсоюздук уюмуна караштуу балдардын эс алуучу 4 жайы бар. Бул эс алуу жайлары 1-июлдан 31- августка чейин балдардын эс алуусун 4 агымда уюштурууну белгилешкен, бирок финансы каражаты чечилбегендиктен балдарда эс алдыруу бир гана агымда уюштурулганын маалымдашты.

Финансылык каражаттарды чечүү үчүн атайын Бишкек шаарына келип маселени Кыргызстан профсоюздар федерациясы менен жеринде чечүүгө аракет кылып көрдүк, чечилген жок деп Жалал– Абад облусунун «Элдик комитет» коомдук бирикмесинин төрагасы Муктар Артыкбаев Кыргызстан профсоюздар федерациясынын төрагасынын ишмердигине нааразылыгын билдирди.

Кыргызстан профсоюздар федерациясынын төрагасы А.Токтогуловго 29-июнь күнү кирип жардам берүүсүн сурансак, ар кандай шылтоо айтып 1-2 күндө чечип берем деп убада берди эле. Бирок чечкен жок.

Кыргызстан профсоюздар федерациясынын Төрагасы А.Токтогулов бир эле убакытта Билим берүү кызматкерлеринин профсоюздарынын Республикалык комитетинин Төрагасы болуп иштөө менен эки кызмат орунда иштейт экен. Бул Кыргызстандын кайсыл мыйзамына туура келет? Ошондуктан ал Кыргызстан профсоюздар федерациясын түп-тамырынан бери реформалап, эмгекчи элдин кызыкчылыгы үчүн иштегидей кылууга мезгил жетти,-деди Муктар Артыкбаев.

М.Артыкбаевдин пикири боюнча азыркы күндө Кыргызстан профсоюздар федерациясы өзүнчө эле мамлекет ичиндеги мамлекет болуп , биз коомдук уюмбуз эч кимге баш ийбейбиз деп өзүлөрүнүн билгенин жасап жатышат. Катардагы мугалим, дарыгер, жумушчу, дыйкан, фермерлер жана мамлекеттик кызматкерлер ай-сайын эмгек акысынан 1 пайыз өлчөмүндөгү каражатты профсоюздук уюмга которуп жатса дагы элдин муктаждыгын чечүүнүн ордуна профсоюздардын Республикалык уюмдарындагы 10-15 жетекчинин кызыкчылыктарын чечүүнүн үстүндө алектенишүүдө.

Бул жагдай боюнча Жалал–Абад облусунун «Элдик комитет»коомдук бирикмеси Кыргыз Республикасынын Президентине кайрылуу жолдогон. Ал кайрылууда эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарында, А.Акаевдин мезгилинде «Кыргыз керек жарак коомунун» жетекчилиги дагы, ушул А.Токтогулов сыяктуу, биз коомдук уюмбуз, эч кимге баш ийбейбиз деп Кыргызстандын аймагындагы пайщиктердин үлүштөрүнө таандык эбегейсиз байлыкты, соода-ишканаларын, турак жай комплекстерин, социалдык объектилерин Кыргыз керек жарак коомунун 5-6 эле жетекчиси акыйкатсыз, мыйзамсыз жол менен сатышып өзүлөрүнө ири өлчөмдөгү байлыкты топтоп алышкан. Ал эми ошол каражаттардын, мүлктөрдүн ээси карапайым, катардагы соода кызматкерлери бул иштен сыртта кала беришкен. Бул турмуштун ачуу чындыгы. Эгерде тез аранын ичинде Кыргызстан профсоюздар федерациясы боюнча маселени жалпы элге коюп, элге кызмат кылууга бурбасак, бул коомдук уюм дагы Кыргыз керек-жарак коомунун кебетесин кийип, карапайым калктын арасында нааразычылыктарды көбөйтүп, элдин бийликке болгон ишенбөөчүлүгүн арттырат деп айтып жогорудагы айтылган маселени Кыргыз Республиканын Президенти, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын кепили катары көзөмөлгө алып Кыргызстандын эмгекчилерине Кыргызстан профсоюздар федерациясы тарабынан жеткиликтүү шарт түзүлүшүнө жардам берүүңүздү суранган.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

07-08-2013
Майлуу-Суу шаары саясий кризистен чыга албай жатат  

161098

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×