Добавить статью
4:49, 7 августа 2013 161168

Майлуу-Суу шаары саясий кризистен чыга албай жатат  

Майлуу-Суу шаардык кеңештин төрагасы Кеңеш Шадмановдун төрагасы болуп иштөөсүнүн легитимдүүлүгү жөнүндө маселе коюла баштады, деп шаардык кеңештин депутаты Алмаз Курманкулов маалымдады. Буга коалициялык келишимдин башын аттап «Өнүгүү» партиясынын депутаттары «Ата Журт» партиясынын өкүлү Кыянбек Сатыбалдыевди шайлашкандыгы себеп болгон.

Белгилей кетчү нерсе 21-июнда Жалал-Абад облусунун Майлы-Суу шаарында бир айга жакын сүйлөшүүлөр болуп, кыйынчылык менен 18 депуттан турган «Биримдик» коалициясы түзүлүп, ага «Өнүгүү» ( 6 депутат), КСДП (5 депутат), «Замандаш» (4 депутат), «Ата Мекен» (3 депутат) киришип, 24-июнда 1-сессиясын өткөрүп, шаардык кеңештин төргасы кылып «Өнүгүү» партиясынан Кеңеш Шатмановду шайлашкан. Ага «Ата Журт» партиясынын 13 депутаты добуш берүүгө келишкен эмес. Ал Майлуу-Суу шаарынын мэрин шайлоодо шаар жетекчисинин кызмат ордуна «Биримдик» коалициясына кирген «Ата-Мекен», КСДП, «Замандаш-современник» фракцияларынан 3 адам-Алмазбек Курманкулов, Абдиллажан Оморов жана Максат Оконбаев, «Ата Журт» партиясынан Кыянбек Сатыбалдиев, расмий каттоодон өткөн.

Талапкердин ичинен Кыянбек Сатыбалдиевге 31 депутаттан 22 депутат ишеним көрсөтүшкөн. Демек, азчылык партиялардан түзүлгөн коалициянын депутаттары «Ата Журт» партиясынын талапкерин колдошкон. Мында «Биримдик» коалициясына кирген депутаттардын көбү коалициялык келишимди бузгандыгы аныкталган. Демек коалиция күчүн жоготту деп дароо эле кийинки сессияда КСДП партиясынын фракциясынын жетекчиси Абдиллажан Оморов дароо кийинки сессияда маселе көтөрүп чыккан. Бирок көпчүлүк депутаттар колдобой каралбай калган.

Үстүбүздөгү жылдын 6-июнь күнү «Биримдик» коалициясынын депутаттары коалиция шайлоо учурунда келишимди аткарбагандыгы үчүн шаардык кеңештин төрагасы К.Шадмановдун төрага болуп шайланышы легитимсиз экендигин дагы бир жолу көтөрүшүп, «Өнүгүү» партиясынын депутаттары келишимди аткарбай койгондугу үчүн сынга алышып, коалиция күчүн жоготту деп чечишип, кайра шайлоо керектигин түзгөн партиялар алып чыгышкан.

Буга кошумча К.Сатыбалдыевдин Майлуу-Суу шаарынын мэри болуп шайланышынын мыйзамдуулугу да талаштуу болуп калды. Анткени Кыянбек Сатыбалдыев тапшырган буга чейинки аткарган кызматы боюнча эмгек китепчесинин көчүрмөсүнүн жасалмалуулугу тууралуу жаңжал чыгып кетти. К.Сатыбалдыевдин атаандаштары анын 2000-жылдан баштап 2005-жылга чейин «Ак жол - 2000» фермердик чарбада коммерциялык директор болгону жалган деп шаардык прокуратурага кайрылышкан. Салык кызматы да коммерциялык директор К.Сатыбалдыев эмес, Каныбек Какаев деп тастыктама беришкен.

Прокуратура тарабынан да документтин жасалмалуулугу аныкталып К.Сатыбалдыевдин эч качан коммерциялык директор болуп иштебегендиги, буга далил тиштегендигин далилдеген салык жана башка төлөмдөр төлөнбөгөндүгүн аныкташкан. Натыйжада 17-июлда шайланган К.Сатыбалдыевдин талапкерлигин Борбордук Шайлоо Комиссиясы бекиткен жок. Кызыгы «Ата Журт» партиясынын шайланган талапкерлигин ошол эле «Ата Журт» партиясынын фракциясы тарабынан сунушталып БШКнын мүчөлүгүнө шайланган Ишенбай Кадырбеков каршы чыгып, сынга алды. Натыйжада 11 мүчөнүн 6 мүчөсү каршы чыгып К.Сатыбалдыевдин мэр болуп шайланышы мыйзамдаштырылган жок. БШК дагы териштербиз деп убада берүүдө.

Ошентип бир жылга жакын убакыттан бери Майлуу-Суу шарында саясий кризис жүрүп, жетекчисин шайлай албай келе жатат.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

01-08-2013
Жалал-Абад областында балдардын жайкы эс алуусу үзгүлтүккө учуроодо
161927

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×