Добавить статью
5:35, 4 сентября 2013 40495

Ничке-Сайдын окуучулары заманбап мектептен билим алууга акысызбы?

1-сентябрь – Билим күнүн окуучулар зарыга күтүп, билим алуусун уланта башташты. Билим күнү! Кандай гана сыймыктуу, кубанычтуу күн!
Бул күнү окуучулар жаңы формаларын кийишип, жаш бөбөктөр алгачкы жолу билим партасына отурушат эмеспи...
Мындай сыймыктуу кубанычтан Ош облусунун Өзгөн районундагы Ничке-Сай айылынын Сатыбалды Кадыров атындагы №31 мектебинин окуучулары куру жалак калышкан.Аны төмөндө келтирилген сүрөттөрдөн көрө аласыздар.
Ушул аймактан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутат болуп шайланган Жыргалбек Саматовдун «быйылкы жылы, Кудай буюрса бүтүрөм, Өкмөт акча бербесе,демөөрчүлөрдөн сурайм»,- деген аракети дагы болбой калды окшойт. Айылдагылар мектепти оңдоп-түзөө, куруп бүткөрүү иши «мына июнда, мына июлда, мына августта башталат экен» деп жыйырма жылдан ашык убакыттан бери күтүп атып, тажап да бүтүштү.
Көптөгөн текшерүүлөрдөн, көп тил эмизген убадалардан кийин быйылкы жаңы окуу жылы Ничке-Сайдын «ырысы кем» окуучулары ошол эле же партасы, же классы жетишпеген, же сыртында жарытылуу жазуусу жок, отурарга отургучу жок, полдору тешилген, терезесине айнек эмес, клеёнка тартылган мектебинде аргасыздан өз билим алуусун улантуу үчүн келишти. Өткөн кылымдагы жаңы совет мамлекети курулуп жаткан мезгилдегидей мектептин кейпин көрүп, зээниң кейийт.Ал мектеп жөнүндө айылдыктар Кыргыз Республикасы Өкмөтүнө муң-зар катын жолдошту. ЭлТР каналынан көрсөтүлдү.
Андан кийин эмне болду? Кайра-кайра текшерүү барды да,аягында көңүл бурулбаган бойдон кала берди.Ошентип, абал «баягы-баягы, койчумандын таягы» боюнча турат.
Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

21-12-2012
Кыргыз интеллигенциясынын азыркы абалы
29275

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×