Добавить статью
13:01, 23 октября 2013 125933

Жалал-Абадда - Өрдөк жокто чулдук бий

Көпчүлүк коалициясынын айдыңы менен «Ата Журт» мекенчил партиясынан «Асыл» фирмасынын жетекчиси Таирбек Чойбеков Жалал-Абад шаарынын биринчи вице-мэри кызмат ордун ээлеген. Иштеп жатканына жарым жылдан ашып калса да, мамлекет үчүн көзгө урунаарлык иш жасабай, өзүнүн «Асыл» фирмасынын итине чөп жедирип атыр.

Кечээ эле зымырап Бишкек шаарына барып, өлкө бийлигинин кулагын чоюп олтурган үлкөн лөктөргө барып тымызын тилегин айтканга жетишти. Анын уктаса түшүнөн, ойгонсо оюнан кетпей жатканы Жалал-Абад шаардык кеңешинин «Ата Журт» менен КСДП партияларынын көпчүлүк коалициясы КСДПчы Мухтар Арапбаевди мэрликтен оодарып, ордуна кайра эле КСДПчы Каныбек Айтакаловду койгонго аракет көрүү экенин билдирди.

Ал жактагы саясатчылар Таир Чойбековдун кыйла кылыгын билип калышкандай. Анткени, бирөөсүнө бирди, экинчисине башканы сүйлөг өн адатынды карматпа, сен иштеген кызмат өтө жооптуу иш. Минтип интрига жасап жетишкенине караганда иштеген жериндин жумушу жасалбай калып жатса керек деген, кагуусун жеп артка кайтты. Өзү жана өзүндөй болгон эки жүздүүлөрдөн команда түзүп, мэрияны бир жолу отургузганы жатканын Бишкектеги чиновниктер да жакшы билип калышкан го, сыягы.. Эми, КСДПчы Арапбаевди иштен кетирип башка партиядан сунуштаса го, бир жөн, кайра эле КСДПчыны түртүп жаткан киши болуп, «Ата-Журттан» өзүн шайлап калышабы деп жатканыбы. Жалал-Абад шаардык мэриясында интрига менен күн өткөргөн адамдар ишти жыргатып салгансып, эл менен алардын көйгөйлөрү менен чатагы жок, өз кызыкчылыгы үчүн ар-намысын сатууга даяр экенин далилдешүүдө.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×