Добавить статью
5:25, 20 ноября 2013 42681

Ооба, булар Кудайдын эрке балдары

Ооба, булар, ооба, булар, эркелер...

Майыптыгы бар балдар биздин турмуштун бардык чөйрөсүнө аралашууга укуктуу. Кыргызстанда майып балдардын 75% окууга мүмкүндүгү жок, башкача айтканда мүмкүнчүлүгү чектелген 30 миң бала өспүрүм жана жаш балдар расмий катталган.

Майыптар укугу тууралуу БУУнун конвенциясында мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды коомго толук кандуу аралаштыруу, алардын адамдык жана жарандык укуктарынын камсыздалышы тийиштиги айтылган.

Биздин коомдо майып адамдарга болгон мамиле, көз караш чет өлкөлөргө караганда бир топ айырмаланып турат. Чет өлкөлөрдө тротуардан баштап, метро станцияларында, эл көп баруучу жайларда, музейлерде , ошондой эле самолеттор да атайын жабуу менен жабдылып, өзүнчө орун бөлүнүп берилген. Башкача айтканда, майыптар үчүн инфраструктура абдан жакшы жолго коюлган. Аларга медициналык тейлөө, билим берүү системасында да, өзгөчө көңүл бурулган жана мамлекет тарабынан камкордукка алынган. Ал ишке орноштуруу боюнча да алгылыктуу жактары көп.

Бул багытта республикада мүмкүнчүлүгү чектелген ден соолуктагы адамдардын турмушун жакшыртуу жана кызыктуу кылууга бей өкмөт уюмдары тарабынан ар кандай долбоорлор ишке ашырылууда. Алардын бири Тоң районундагы- Коңур Өлөң айылындагы «Бейпил» коомдук фонду кийиз жасоо жана кийизден улуттук буюмдарды жасоо боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген балдар жана анын ата –энелери иштөөгө мүмкүнчүлүк алышты . Ал эми Каракол шаарындагы реабилитациялык борбор улуттук курут жасоо өндүрүшү боюнча ийгиликтүү иш башташкан. Бул аталган жерде да мындай майып балдар киреше алуунун жаңы булагын табуу боюнча «Ысык-Көл облусунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын турмуш шартын жакшыртуу» аттуу долбоор алкагында жүндү кайра иштетүү үчүн жүн тытуучу жана жүн бышыруучу машиналар, тигүү машиналары жана оргтехника сатып берилди. Бул жабдуулар менен иштөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болушуп иш орундары менен камсыз болушту. Ошондой эле борбор калаадагы мүмкүнчүлүгү чектелген жаш улан-кыздар интернет-технологиялар аркылуу интернетти активдүү пайдалануучуларды, убактылуу эмгекке жарамсыз жаштарды эмгек акы табуусуна шарт түзгөн окутуу семинарларын өткөрүү менен бир нече жаш улан-кыздар ишке орношуусуна мүмкүнчүлүктөр түзүлдү.

Көптөгөн адамдар майыптыгына карабастан жашоодон ырахат алуу менен толук баалуу адам катары бактылуу өмүр сүрүү менен алардын рухий жактан ден соолугу чың, толук кандуу коомго аралашкан жагдайлар турмушубузда эң эле көп. Мисалы, Франклин Рузвельт — АКШ тарыхында президенттик постко төрт жолу шайланган майыптык коляскада отурганына карабастан мамлекетти башкарган президент болгон. Анын ысымы тарыхта өзүнүн өлкөсүнүн улуу президенти катары калган. Ал эми биздин республикада болсо Жогорку Кеңештин активдүү, жигердүү жаш депутаттарынын бири Дастан Бекешовду, Азиздер жана дүлөйлөр коомунун төрагасы Калык Мамбетакуновдорду атоого болот.

Россияда болсо социалдык милдеттерден тышкары, мамлекет, компаниялар жетекчилиги ден соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга иш орундарга милдеттүү квота менен берилет. Көптөгөн майып адамдардын ишкердик иштер менен иштөөгө ыңгайлуу шарттар түзүлгөн.

Ал эми биздин республикада мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды коомго интеграциялоо, иш берүү жаатында азырынча илгерилген иштери анча алгылыктуу эмес. Башка жагынан алганда мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга белгилүү бир эмгек шарттарын түзүүгө келгенде иш берүүчүлөр мындай адамдарга иш берүүдөн көбүнесе качышат. Себеби бул адамдардын тийиштүү квалификациясы жок же техникалык жактан эмгек шарттары, эмгек коопсуздугу сыяктуу түзүлгөн шарттар жок деп жүйөлөшөт.

Кээ бир адамдар майыптыкка аянычтуу карашса, кээ бирлери маани да беришпейт, ал эми кээ бирлери өзүлөрүнөн төмөн көрүшөт андыктын, ар бир адам мындай абалга туш болбойсуң деп эч ким кепилдик бере албайт, башкача айтканда маңдайга жазып койгон тагдыр-жазмышка баш иээри айныгыс чындык. Ошондуктан майыптар тагдырына кайдыгер карабай, кесир карабай боорукер болууга, көңүлүн аеого, жакшылык жасоо, ошол жакшылыктан өзүн бактылуу сезүү өңдүү сапаттарга, ден соолукту, өмүрдү баалоо менен биздин арабыздагы майыптарга карата мамиле, көз карашты өзгөртсөк дегиң келет. Ал эми эмгекке жарамсыз майып адамдарга жакындан жардам, кайрымдуулук иштерин жасаганды унутпасак...

Адам жан дүйнөсүнүн сезимталдуулукка, гумандуулукка чакырган таланттуу акын Фатима Абдалованын майыптарга арналган төмөндөгү ыр саптары менен макаланы аяктагым келет.

Булар ооба, чексизге өтүп кеткендер,

Көрдүйнөңдү көрбөй, кыйгап өткөндөр,

Сен буларды аяп ыйлай бересиң,

Булар чыны, көрүнбөгөн көркөмдөр...

Көңүлү оору балдар, ооба, эркелер,

Качандыр бир кайып кеткен эс келээр,

Ооба, булар Кудайдын эрке балдары,

Ооба, булар, ооба, булар, эркелер...

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

17-09-2014
Инвесторлор менен жергиликтүү калк ортосундагы чыр-чатактардын күңгөйү менен тескейи (уландысы)
42424

16-09-2014
Инвесторлор менен жергиликтүү калк ортосундагы чыр-чатактардын күңгөйү менен тескейи
43453

28-04-2014
Кино өнөрүнүн классигинин тасмалары жөнүндө ракурс
44521

13-06-2012
Баңгилик-өмүрдү алат
30284

08-06-2012
Баңгилик абдан коркунучтуу илдет
28091

21-05-2012
Дүйнөдө баарынан сулуу - ЭНЕ
44031

28-02-2012
 Автотоктоочу жайдын же парковканын кызматкери кимдин чөнтөгүн толтурат?
94506

15-02-2012
Укугуңду билесиңби?
33135

01-02-2012
Кыз ала качуу — адам укугун бузуу
54092

29-06-2011
Чакан насыялоо - жакырчылыктан чыгарууга өбөлгө
54480

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×