Добавить статью
5:07, 30 ноября 2013 28837

Президент А.Атамбаевден «Бишкек-Парктын» директоруна тийиштүү укуктук баа берүүcүн суранабыз

Урматтуу Алмазбек Шаршенович!

2013-жылдын 20-октябрь күнү «Бишкек-Парк» ЖЧКнын башкы директору (де-факто) Али Ихсан (туркия жараны) «Бишкек-парк» ЖЧКда маркетолог кызматын өтөгөн Кыргызстандын жараны Айзада Ашимбаеваны өз бөлмөсүнө чакырып алып, уят сөздөр менен тилдеп, эч себепсиз, түшүндүрүүсүз жана тийиштүү кагаздар жок (жумуштан бошотуу тууралуу Буйрук жана маалымдама) Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодексин жана эмгекке тийиштүү бардык мыйзамдарды одоно бузуп, жумуштан бошотуп жиберген. А. Ашимбаеванын 6 ай иштеген мөөнөтүндө эки тараптуу түзүлгөн Эмгек Келишиминин бир нускасы колуна бүгүнкү күнгө чейин берилбей келет. А. Ашимбаева жана биз маселенин чечилишине жардам сурап бардык мамлекеттик органдарга расмий кайрылдык. Тилекке каршы, өзүбүздүн өлкөдө жашап, өзүбүздүн жарандардын укуктары талпактай тебеленип жатканын көрүп туруп, көрмөксөнгө салган бийлик өкхлдөрүнө рахматыбызды айткандан башка арга жок экенин түшүндүк!

Бир дагы мамлекеттик орган жардам бербегендигинен улам, 19-ноябрь күнү саат 11:00 «Бишкек-Парк» соода борборунун алдында тынчтык акциясын өткөрүүнү чечип, акциянын өтүлүшү тууралуу расмий Билдирүүлөрдү Бишкек шаарынын мэри И.Өмүркуловдун атына (Чыг.. № 009/26 от 18.11.13г) жана Бишкек Шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчиси М.Турганбаевге (Чыг. № 009/27 от 18.11.13г) жолдогонбуз. 19-ноябрь саат 11:10 биз «Бишкек-Парк» соода борборунун алдына келип, плакаттарды колубузга кармап, жаңыдан сөз баштаганда укук коргоо органдары тарабынан тынчтык акциябыз үзгүлтүккө учурап, акциянын 7 катышуучусу камалып, соттон жөн жерден эскертме алып чыгышты. Тынчтык акциялар, митингдер башталбай туруп токтотулганы жана анын уюштуруучулары менен катышуучуларын камакка алган ыплас ыкмалар менен окуялар качып кеткен Акаев жана Бакиев учурунда болгон. Бүгүнкү күнү, өз жерибизде өзүбүзгө ээ боло албай, өзүбүздүн укуктарды коргой албай, сырттан келип, биздин байлыктарды, жерлерди, кендерди, жада калса мамлекеттен көрсөтүлгөн жеңилдиктерди алып, биздин элди койго теңеп «КОЙСУҢАР» деп шылдыңдаганын көрүп, бир дагы бийлик бутагы үн катпай койгону биз үчүн ШЫЛДЫҢ жана УЯТ деп эсептейбиз. Андыктан, урматтуу Алмазбек Шаршенович, «Бишкек-Парк» соода борборунда болуп келген мыйзам бузууларды мисал катары көрсөтүп, «Бишкек-Парктын 6 кызматкеринин «Бишкек-Парк» ЖЧКнын президентинин кенешчиси Али Ихсандын наамына жазылган арыз менен таанышып (тиркеме №1), тийиштүү укуктук баа берүүңүздү суранабыз. Арызда «Бишкек-Парк» ЖЧКнын мурдагы маркетинг бөлүмүнүн башчысы, азыркы генералдык директор Хусаметтин Йылмаз кызматкерлерди (Кыргызстандын жарандарын) оозго алгыс сөздөр менен сөгүп, кыргыз элинин намысына тийген сөздөрдү айтуу менен, баарыбызды «КОЙСУҢАР» деген (толугу менен тиркелген арыздан көрө аласыздар). Эгерде, тиркелген арызга жогорку деңгээлде баа берилип, тийиштүү чара колдонулбаса окуя саясатташып, чыңалууну жаратат, жана опурталдуу жагдайларга алып келиши мүмкүн. ЭСКЕРТМЕ: Албетте, биз Кыргыз мамлекетинин экономикасынын өнүгүшүн колдойбуз жана инвесторлордун келишин тилейбиз. Бирок, ар бир келген инвестор биз берип жаткан жерлерди, кендерди, шарттарды туура колдонуп, биздин Мыйзамдар менен ишмердүүлүгүн жүргүзүүсү керек. Эн негизгизи, инвесторлордун ишмердүүлүгүндө жумушка тартылган Кыргыз Республикасынын жарандарына Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодексине жана башка тийиштүү мыйзамдарга урматтоо менен мамиле кылып, жалпы элдин намысына шек келтирген ыплас башкаруулары өз учурунда токтотулушу абзел. Эгерде, ар бир келген инвестор өз каалаганын кылса, эл өкүлдөрү чыгарып жаткан мыйзамдарды аткарбаса, анда эртеңки күнү толугу менен Кыргыз эли инвесторлорго баш ийип, алардын тизесине чөгөлөп иштешибиз керекпи деген суроо жаралат. Бүгүнкү күнү кыргыз элинин бирден-бир көйгөйү болуп келген «Кумтөр» маселесин кароодо абдан оор кырдаал жаралганын көрүп, мамлекетте Кумтөр эмес андан бир топ чакан трансулуттук компанияларга ээлик кыла албай, башкара албай, мыйзамдарыбызды аткарта албай, салыкты төктүрө албай, тийиштүү пайда көрө албай, жарандарыбыздын укугун коргой албаган соң «Кумтөр» маселеси кантип чечилет деген маселе жүрөктү өйүп келет. Жогоруда аталган жагымсыз окуя бүгүн эле чыккан жери жок. Трансулуттук компанияларда буга чейин болуп келген 3 чоң чырды эсиңизге салсак: 1) 2006 жылы «Манас» аэропортунда жайгашкан Америка Кошмо Штаттарынын «Ганси» аскердик авиабазасында Кыргыз Республикасынын жараны Иванов Алекскандр АКШ ААК жоокери Закари Хэтфилд тарабынан атылып өлтүрүлгөн жана кылмышкер эч жоопко тартылбастан өз өлкөсүнө ээн эркин качырылган. 2) 2008-жылы 22-ноябрь күнү «Дос Конфи» ЖЧКнда Усупова Мээримдин иш үстүндө болгон оор кырсыктын кесепетинен оң колунун 4 манжасы бырчаланып, кыймылсыз болуп калган. Аталган ишкана КСДП саясий партиясы тарабынан көрсөтүлгөн, Бишкек шаардык кенешинин депутаты Павел Десятниковго тийиштүү. 2008-жылдан бүгүнкү күнгө чейин сот процесстеринде убара тарткан Мээрим Усупованын атасы Айдар Усупов П. Десятниковдун шылдыңына кабылып келет. П. Десятников учурунда А. Усуповго «каалаган жериңе бар, мен бардык сотторду, прокурорлорду сатып алам» деп мазактаган. П. Десятников айтканындай 6 жылдан бери Усуповдордун үй-бүлөсү иш-кананын жетекчилиги тарабынан запкы жеп келет. 3) 2011-жылдын 19-апрелинде ушундай эле трансулуттук компания «Бета-Сторес 3» дүкөнүнүндө сатуучу болуп иштеген Кыргызстандын жараны Чолпон Орузбаеваны аталган соода бөлүмүнүн менеджери Түркиянын жараны Гульнеш Ыйылмаз ур-токмокко алып, ичи-карындары үзүлүп кеткенге чейин сабап салган. Г. Ыйылмазга КР КПК 104 беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон. 10-майда Г. Ыйылмаз үй камагына коё берилип, Казакстанга качып кеткен. Аталган иштин негизиде кылмышкерди качырган Бишкек шаардык соттун 3 судьясы КР Президенти Роза Отунбаеванын Указынын негизинде Нарымбаева Людмила Петровна, Калыбекова Жыпаркул Калыбековна, Бейшенова Майя Каныбековналар ээлеген кызматтарынан бошотулган. Кылмышкердин тийиштүү жаза алышын көздөп, 2011-2012-жылдары 9 жолу нааразчылык митингдери Бишкек шаардык соту, Биринчи майрайондук соту, Түркия элчилиги, Казак элчилиги, КР ТИМ алдыларында өткөрүлүп, авто марш уюштурулуп, 6 жолу сот процессине катышуу менен, кылмышкер Г. Ыйылмаз 6 жылга эркинен ажыратылган. 4) Бишкек шаарынын так борборунда жайгашкан «Вефа» соода борборунда Кыргызстандын жараны Н.Тумакова аталган соода борборунун жетекчилиги менен келишим түзүп, алдыңкы кабатын ишке киргизүүдө, алдоо жолдору менен Н. Тумаковага өтө орой жана ыплас ыкмаларды колдонуп, кубалап чыгышкан. Жалпы 2 млн 800 миң сомго чыгым тарткан. Кыргыз Республикасынын укугун коргогон бир дагы мамлекеттик орган жок болгондугуна байланыштуу, айласын таппай, запкы жеген биртууганыбыздын кайрылар жери калбады, кагар эшиги калбады. Андыктан, Сизден жогоруда көрсөтүлгөн иштер жана тиркемеде белгиленген Арыз боюнча дыкаттык менен териштирип, тийиштүү чара көрүп, трансулуттук компаниялардагы Мыйзам бузууларды токтотуу менен, жогорку деңгээлдее чечим чыгарып берүүнүздү суранабыз.

Слайд1 Слайд2

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

14-01-2014
Премьердин Баткен маселесин чечүүдө кудурети жетпейби?
13798

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×