Добавить статью
6:55, 10 января 2014 19780

Өз капчыгын ойлогон Алымкуловдун жоруктары

Жалпы журтка аттын кашкасындай таанымал, кечээки революционер, бүгүнкү министр, эртең президент болом деген Алиясбек Алымкулов тууралуу көптөгөн сөздөр айтылып жүрөт. Бакиев доорунда бизнеске аралашып, адашкан ажонун кайсы бир тоюнда тамадалык кылып, Алымкулов ичкен ашына түкүрүп акыры аны айдап, азыркы ажонун ичи койнуна кирип кол баласына айлангандай көрүнөт. Айтканыбыз, туура эмес иш кылып, же одоно мыйзам бузууларга жол бергенин унутуп, Атамбаев турганда мага эч кимиңдин алың жетпейт, бир жылдан кийин мени мураскор кылып калтырып кетет деген сөздөрүн өлкөнүн ар кайсы бурчунан укканыбыз бар. Бул кандай жорук? Өлкөнүн эң ири, стратегиялык маанилүү министрлигинин ишин тарта албай, аны күн санап талкалап жаткан атка минер Алымкулов президент болобу? Анда эле өзү айтмакчы таштандыдан картошка терип жеп, картондун үстүнө уктап, орусияга көчүп кеткенибиз оң го. Анын үстүнө жолдош министр азыркы айткан сөзүн унутуп, мен качан айттым эле, ок тийген билбейсиңерби, андай болгон эмес деп, өз сөзүнө жооп бере албаган министр , жогорку өзүнүн устаты кылган жоруктарга барат көрүнөт. Эсиңерде болсо керек урматтуу окурман, Бакиев кечинде жарлыгына кол коюп, эртеси уйкулуу көзүм менен кылыптырмын деп жокко чыгарганын. Алымкулов да дал ошол жолду тандаган сыяктуу. Алма, алма бактан алыс түшпөйт эмеспи.

Айтканыбыз мамлекеттик кызматта бир тажрыйбасы жок Алымкуловду мээрман ажобуз Отунбаева министр кылып, калкалап келгени баарыбызга белгилүү. Акыркы үч-төрт жыл арасында бийликтин эрке баласы эмне иш аткарды? Жаштар менен мигранттардын таламын кантип талашты? Жумушсуздардын санын канчага төмөндөттү? Ушул суроолорго жооп издөө таризи аталган макаланы жазууга түрткү берди. Кыргызстандын булуң бурчунан жаштарды бириктирип, «Кыргызстан жаштар Кеңешин» түзүп алгылыктуу иштерди аткара баштады эле, акыры кеңеш эки-экиден чабышып, учурда бийликтин кекиртегине тыгылган сөөктөй болуп, оппозиция катарында жүргөнү белгилүү. Мында Алымкулов мамлекетке эмес, ага каршы иштеген министрби? деген суроо жаралат. Мындан тышкары канчалаган мектептерди жана бала бакчаларды салдырдым деген сөзүн көп угабыз. Кызыгы ал мектепти кимдин акчасына, кимдин атынан салдырып жатат? Угушумча министрликтин атынан бир да мектеп салынган эмес, ал эми салынган болсо өкмөттүн балансына министрлик тарабынан өткөрүлүп берилген документтер жокко эсе. Ал эми айдоо аянттарына суу чыгарып берип жатабыз, жүздөгөн гектар жерге суу чыгардык, жаштар эми айылда кармалып калат, деп айтканын артында төмөнкүлөрдү баамдасак болот. Суу чыгарылган гектар аянттар министр мырзанын кичи мекени Таласта жайгашкан, демек башка аймактарда жаштар жашабайт экен да. Мекенибизде жаштардын көйгөйлөрү көптүгүнө карабастан Алымкулов жетектеген министрлик жаштардын өнүгүүсүнө салым кошо турган бир дагы жеткиликтүү саясат иштеп чыккан эмес. Баса бир стратегиясы бар, 20 пункттан турган, бирок ал да белгилүү болгондой эч жерде, эч кандай иш аткарган эмес. Жаштар категориясына Алымкуловду тегеректеп жүргөн жаштар гана эмес, жогорку окуу жайларында, кесиптик окуу жайларда, мамлекеттик жана мамлекеттик эмес мекемелерде, базарларда эмгектенген, элет жеринде жашаган жаштар кирээрин унутта калтыргандай. Кыскасы жаштардын, айрыкча чектеш элет жерлерде кармалып, мамлекетибиздин бүтүндүгүн коргоого кандай салымын кошуп жатканы белгисиз болууда.

Көнүмүш адатка айланган той-топурларды, тегерек стол жана ар кандай шоу иш-чараларды өткөрүүдөн башка министрлик эч кандай иш алып барган эмес. Далили катары, үч жыл аралыгында жакырларга той берип, аларды үйлөнтүп жатканы. Ал да кандай ыргакта тандалаары белгисиз. Элдин айтымында министрликтин жамаатынын жакындары кирип, күнүн улантып келет дешет. Акыркы той берүү алдында кыргыз мигранттары Орусияда эң ири проблемаларга кабылып, айласын таппай турганда Алымкулов Бишкектин белгилүү Соң-Көл ресторанында 50 жупка той берип, чардап жатканы кейитет. Той болот, тойдун эртеси да болот демекчи, эртеси өзүнүн жакындарын алып Катар мамлекетине учуп кеткени болуп жатат. Мигранттардын, жаштардын маселелерине караганда өзүнүн ишин аягына чыгаруу артыкчылыктуу болуп жатса керек. Мигранттар тырмалап, бөтөн эл, бөтөн жерде күнүмдүк нанын таап жатканы Алымкуловду, анын артында министрликти кызыктырбагандай көрүнөт.

Себеби, министрлик чет жактан келген жарандарга уруксат берүү менен да иш алып барат. Бул болсо, белгилүү болгондой эле чоң акча менен байланыштуу. Министрликтин жетекчилиги мигранттардын таламын эмес, өз капчыгын кеңейтүү үстүндө иштеп жаткандай. Албетте, мамлекет менен мигранттардын кызыкчылыгына караганда, атка минер эл баатыры өз капчыгын толуктаганы биринчи кезекте да. Албетте, буга толук далилибиз жок болсо да, Алымкуловдун салып жаткан особнягы, көп кабаттуу тамдан сатып алган үйү кайсыл каражаттарынан. Ооба, айтымы боюнча бизнесинен, бирок мыйзамга ылайык мамлекеттик жогорку кызматта отурган адам эч бизнес менен алектенбеш керек. Экинчи жагынан, билишибизче Алымкуловдун бизнеси салык жагынан да, социалдык фонд жагынан да аракеттенбеген катары отчет тапшырып келет. Демек, кайсыл акча, кайсыл жактан келгенин өзүңүздөр баамдаңыздар. Май кармаган бармагын жалайт, а эртен иштен алса бийлик акмак болот. Саясатчылардын көнүмүш адаты. Алымкулов да ошол жолдон тайбайт болуш керек. Ал эми жумушсуздардын саны мигрант болуп кетип жаткандардын эсебинен азайып жатат десек жаңылышпайбыз. Акаев доорунда кеминизм терминин киргизип, андан азыркыга чейин арыла албай келебиз. Дал ушул теминди эми таласизм деп атоого туура келет. Миграция министрлигинин ичинде дал ушул термин тамыр алып келе жатат. Алымкуловдун орун басары, кесиби медик, эң жакын адамы, жакында айымдарды аз төрөөгө чакыруу менен сенсацияга кабылган Чаргынов мырза, дагы бир орун басары, кесиби боюнча энергетик, кезинде Ош электронун сызга отургузуп кеткен, СДПКнын кишиси, Алымкуловдун кол баласы, досу Бекмурзаев. Кесиптик билим берүү агенттигинин жетекчиси дал ушул таласизм демилгесинин катышуучулары. Мында катардагы кол балдары, кадр, аудит, эсеп-кысап, эл аралык кызматташтык, басма сөз бөлүм башчыларын эсепке албай эле досторумду да, туугандарымды да аёосуз жазалайм деди өткөндө ажобуз Атамбаев. Бирок эл баатыры, мураскору, эрке баласы Алымкуловго карата күчү жетпейт го. Же, дал ушул адамды иштен алып, өлкөнүн социалдык бөлүгүнүн эң ири мекемесин жетектегенге иш билгилиги жогору болгон, мамлекеттик кызматты түшүнгөн адамды дайындайт бекен. Аны учур көрсөтөт.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

03-06-2013
Аксы районундагы Элдик толкундоо тууралуу
75000

25-04-2013
Аксы элинин кайрылуусу
68653

24-04-2013
Аксыдагы Кашка-Суу эли Падыша-Ата күмбөзүнүн маселеси боюнча курултайга чакырат
74678

05-03-2013
Апрель революциясынын баатырларынан кайрылуу
79772

01-03-2013
А.Атамбаевге кайрылуу
88401

09-01-2013
Падыша-Ата күмбөзүнүн чыры боюнча сот отуруму Жогорку сотто 10-январда болот
79573

25-10-2012
Ж.Сатыбалдиев Аксыга келип, бюджеттин акчасын негизсиз пайдаланып  кетти
66366

19-09-2012
Аксы элинин кайрылуусу
53701

23-08-2012
Жаңы өкмөттүн курамын 40 жашка чейинки жаштар түзүшү керек
76135

28-06-2012
Жаштарды колдобогон Өкмөттүн келечегине жо
62090

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×