Добавить статью
10:49, 28 апреля 2014 44522

Кино өнөрүнүн классигинин тасмалары жөнүндө ракурс

Сүйө билген жакшы, бирок жек көрө да билиш керек. Алардын ортосунда күрөш болбосо тирешүү да болбойт. Көрүүчүнү өзүнө тартып алып, таң калтырып, ишендире турган нерсе да ошондон улам пайда болот. Ал жок болсо искусство да жок.

Төлөмүш Океевдин күндөлүгүнөн

Чынгыз Айтматов кыргыз адабиятын дүйнөгө таанытса,Төлөмүш Океев өзүнүн фильмдери менен кыргыз элинин каада-салтын, ички жан дүйнөсүн, кыргыздын ажайып кооз табиятын дүйнө элдерине өзүнүн фильмдери аркылуу тааныта алды.

70-жылдарда Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын экрандаштыруу абдан жигердүү тартылып турган учуру эле. «Кызыл алма» чыгармасы чакан аңгеме болгонуна карабастан. жазуучу Төлөмүш Океевге бул аңгеме боюнча тасма тартып көрбөйсүңбү деп сунуш кылган. Бул аталган чакан аңгемени тартууда режиссерго чыгармачылык чоң мейкиндик берилген. Ошол учурдагы советтик идеологияны чагылдыруу талабына карабастан, лирикалык чегинүү катары жеңил, романтикалык, социалдык көйгөйдү чагылдырган «Кызыл алма» фильмин жараткан. Режиссердун фильмдеринин көпчүлүгү цензурадан өткөн болсо «Кызыл алма» тасмасы эч кандай тоскоолдуксуз көрүүчүлөргө тартууланган.

Бул тасмада бир жаш үй бүлөнүн бир нече күнүнүн хроникасы баяндалган. Мында советтик кыргыз киносунда көбүн эсе каарманга, анын кыймылына сыртынан гана байкоо жүргүзүлсө, бул фильмде каармандын жан-дүйнөсүндөгү кыялына, ой-толгоосу көркөм ачылып берилген. Андагы башкы каарман Сүймөнкул Чокморов башка тасмаларда кыргыздын эр жүрөк баатыр, кайраттуу командир ж.б, ролдорду аткарган каарман болсо, бул тасмада чыгармачыл сүрөтчү -Темирдин ролун аткарган. Ошондой эле бул тасмада Таттыбүбү Турсунбаева жана Гүлсара Ажыбековалар аткарышкан. Тасмада Темир аскердик милдетин өтөп келген жаш улан окууга келип, ажайып бир татынакай бийкечти көңүлү жактырып калат, анын караанын алдыртадан карап, китепканада отурганда алыстан сүймөнчүк менен карай берет. Көз алдында жарашыктуу, сулуу кыздын келбети улам-улам тартылып, жан-дүйнөсүнө тынчтык бербей, убайым жедиртет... Таанышайын десе кыздын сүйгөн адамы бар экенин билип, капаланат. Көп жыл өткөндөн кийин үйлөнөт, бирок ошол кыздын элеси, образы кыялында кайра- кайра анын көз алдына элестей берет... Бул кадрлар өтө сезимталдык менен тартылган эпизоддор.

Тасмадагы сулуу кыздын ролун Таттыбүбү Турсунбаева аткарган. Ал таланттуу актриса гана эмес, кыргыздын ай жаркын сулуусу, жарык дүйнөгө бир кылымда бир келген сулуусу катары кыргыз элинин аялзатынын нукура сулуулугу мына ушундай деп даңктоого жетишкен. Айрыкча бул фильмде Таттыбүбү Турсунбаеванын аппак элечекчен боз жорго минип, Сүймөнкул Чокморов ак калпак кийип тору жорго минишип, жанаша жарышып бараткан эпизод бир керемет менен тартылган ажайып сулуулукту чагылдырган көрүнүш . Экөөнүн ат үстүндө жорго минип баратканын тартуусу,т.а. ат үстүндө камераны карап ат менен жүрүш салуу абдан татаалдыгына карабастан бул эпизод фильмдеги эң бир ийгиликтүү тартылган. Азыркы учурда көгүлтүр экрандан бул эпизод көрсөтүлгөн сайын көз алдыңа чыныгы өчпөс жылдыздарды элестерин бир суктануу менен көрөсүң. Фильмдеги бул эпизодду режиссердун өзүнүн ой-чабыты, фантазиясы деп түшүнүүгө болот.

Фильмдеги эпизоддордун басымдуу бөлүгү режиссердун туулуп өскөн Ыссык-Көлдун тескейиндеги көл жээгиндеги тартылган. тасмадагы Кеме үстүндөгү үйлөнүү тою көлдүн жүк ташыган кемесинде тартылган. Ошо кезде 75-жылдары кемеде той өткөрүү, албетте жокко эсе болчу. Чет өлкөлүктөр учурунда бул фильмди көрүшүп, кыргыз жеринде да ушундай кереметтүү, кооз көл бар экендигине, кыргыз элинин жашоо-турмушунун деңгээли ушунчага жетишкенби деп таң калуу менен көрүшкөн. Режиссердун өзүнүн айтуусунда, «Менин тасмаларымда турмуш чындыгы жана көркөмдүк сапаты, түбөлүктүү темалар болгон табият жана сүйүү темаларын чагылдырууга аракеттендим, мен өзүмдүн чыгармачылыгыма бир жагынан ыраазымын» деп айтканы бар.

Негизинен кызыл алма, күзгү алманын ширесине толуп, бышып турган учуру, фильмдеги кичинекей кыз Анаранын кызыл алманы таап алып, аны апасына «бактылуу болуңуз» деп арнап тартуу кылуусу өтө символикалуу...

Режиссердун дагы бири «Улан» фильми. Аталган фильмдин сюжети биз жашаган учур, тактап айтканда 70-жылдардагы коомдук турмуштагы эң бир көйгөйлүү аракечтик темасына арналган. Башкы ролду эркектердин ролдорун мыкты аткаруучу номинациясынын бир нече ирет жеңүүчүсү, таланттуу актер Сүймөнкул Чокморов ойногон. Бул башкы ролду С.Чокморов турмуштагы ичкиликке берилген жаш адамдын образын психологиялык жактан көрүүчүлөргө абдан ишенимдүү ачып берген. Төгүн жерден атактуу япониялык режиссер Акира Курасава Сүймөнкул Чокморовду уулу актер Тосиро Мифуне менен салыштырбаса керек.

Фильмдеги негизги каармандарын Сүймөнкул Чокморов менен биргеликте таланттуу актерлор Наталя Аринбасарова, Асанкул Куттубаев, Арсен Умуралиев, Советбек Жумадылов, Жамал Сейдакматовалар ойношкон.

Режиссер аталган фильмдин сценарийин Эдуард Тропинин менен жазган. Фильмдин жанры драмалык болуп саналат.

Фильм сюжети каарман – Азаттын деградацияга түшүү тарыхы, натыйжада үй –бүлөсүнөн ажырап, аракечтикке азгырылып, өзүн , эрки жок адам катары көрсөтсө, фильмдин соңунда келечекке кайра жаралган адам катары оптимисттик маанай менен аяктаган.

75-жылдары, биздин коом материалдык жыргалчылыктарга жетишкени менен, коомдогу көйгөй ошол учурда ичкилик ичүү маданиятына үйрөнө электигибиз болду. Дүңгүрөгөн тойлор өткөрүлүп, ичкиликтин чеги жок ичилиши же болбосо жөн эле таң эртеден кечке чейин жүйөөсү барбы-жокпу арак ичүү көрүнүш болуп калган. Ичкиликти ашкере ичүү үй бүлөгө бактысыздык, ынтыкмаксыздык, мамлекетке зыян алып келген социалдык көйгөй болгон. Бул мезгилде аракечтик темасы фильмдерде чагылдырылганы менен аракечтикти шылдыңга алуу менен, бир беткей чагылдырылгандыгын баамдаган режиссер өзүнүн фильминде турмушубуздагы орун алган олуттуу көйгөйдү көрсөтүү менен фильмдеги каарман Азаттын тагдырынан кандайдыр бир таасирдүү тарбия алса деген максатты койгон.

Фильмдин аталышы символикалуу Улан - бул Ыссык –Көлдөгү катуулап күчөгөн шамалды билдирип турган сыяктуу адамдардын табият стихиясына, башкача айтканда катуулап-күчөгөн шамалга, турмуштагы көйгөйгө адамдын эрки-кайраты менен туруштук бере алуусу катары алса керек деп ойлоймун. Фильмдеги Улан шамал жана «Улан» ичкилик ичүүчү жай эки башка жагдайды чагылдырат. «Улан» ичкилик ичүүчү жай - биздин салттуу, ата -бабаларыбыздын турмушуна каршы келген азгырыктуу жоо. Бул ичкилик ичүүчү жайдагы жашы бир топко барып калган бармен адам мурунку молдо, мечитке сыйынганы адамдардын сейрек келип калгандыгынан улам мечитти таштап, адамдарга арак куйган бармен болуп иштеп калуусу ата бабаларыбыздын каада-салттын, улуттук нарк-насилинин бузулуусу катары көрсөткөн.

Фильмде Азаттын ичкилик айынан иштен четтетилиши , үй бүлөсүндө аялы менен атасынан күндө айткандарын этибарга албоосу, алардын ага болгон нааразылыгы, уулдуу болгонун майрамдап ичкилик ичип, түрмөгө түшүп калуусу менен ишиндегилердин ага кылган түшүнбөөчүлүк мамилелерине ого бетер жинин келтирет, ачууга алдырып , бир аз ичип койсом эмне экен деп отуруп биротоло аракка берилип, андан ары токтотууга чама-чаркы, эрки жеткен жок. Ошентип каарман ичкиликтин туңгуюгуна, түпкүрүнө чейин жетет, ал бөтөлкөлөшүнүн жаңы казылган мүрзөсүнө кокустан түшүп кетиши , кайра-кайра чыгайын деген аракет кылса дагы кайра төмөн кулоосу, жөөлүп оорусу кармоосу, ошол эле учурда балалык учурундагы ат чабуусу, аттардын дүбүртү сыяктуу көрүнүштөр менен коштолуусу фильмдин көрүүчүсүн ойлонтууга түрткү берген эң күчтүү, таасирдүү жагы жагы деп эсептөөгө, түшүнүүгө болот.

Фильмдин негизги максаты – адамдардын терең трагедияга киришинин булагы бул нравалык жактан адамдардын жан-дүйнөсүнүн төмөнкү деңгээлине түшүүсүнүн олуттуу көйгөйүн , турмушубузда орун алып жаткан турмуштун ачуу чындыгына адамдардын көңүлүн бургузуу болгон. Бул жагдайдан алганда Төлөмүш Океев заманыбыздагы азыр да орун алып жаткан эң олуттуу көйгөйдү 70-жылдары эле баамдап өз учурунда экранга алып чыккан.

Азыркы учурда жогоруда баяндалган фильмдер кыргыз көрүүчүлөрү гана эмес дүйнөлүк кино экрандарда өзүнүн актуалдуулугун, өзүнүн маанисин жоготпогон фильмдердин катарын толуктайт, ошондой эле бул фильм күн сайын адам болуу кыйын деп улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматов айтып кеткендей турмуштун ар бир мүнөтү жөнүндө ойлонтууга мажбур кылган өтө таасирлүү фильмдерден. Ошону менен бирге жаш муундарга тарбиялык мааниси маанилүү тасмалардан деп белгилегим келет.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

17-09-2014
Инвесторлор менен жергиликтүү калк ортосундагы чыр-чатактардын күңгөйү менен тескейи (уландысы)
42424

16-09-2014
Инвесторлор менен жергиликтүү калк ортосундагы чыр-чатактардын күңгөйү менен тескейи
43455

20-11-2013

Ооба, булар Кудайдын эрке балдары

Ооба, булар, ооба, булар, эркелер...

42681

13-06-2012
Баңгилик-өмүрдү алат
30286

08-06-2012
Баңгилик абдан коркунучтуу илдет
28091

21-05-2012
Дүйнөдө баарынан сулуу - ЭНЕ
44031

28-02-2012
 Автотоктоочу жайдын же парковканын кызматкери кимдин чөнтөгүн толтурат?
94506

15-02-2012
Укугуңду билесиңби?
33136

01-02-2012
Кыз ала качуу — адам укугун бузуу
54092

29-06-2011
Чакан насыялоо - жакырчылыктан чыгарууга өбөлгө
54481

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×