Добавить статью
9:33, 16 сентября 2014 43452

Инвесторлор менен жергиликтүү калк ортосундагы чыр-чатактардын күңгөйү менен тескейи

Кыргызстан калктын жан башына минералдык ресурстар саны боюнча Россия менен Монголиядан кийинки орунда турат. 2,7 миллион калкы бар Монголиянын кен байлыктарды иштетүү тармагын салыштырганда жылына 4,5 - 5 миллиард доллар тартылат, бул Кыргызстанга караганда 10 эсе көп дегендикти билдирет. Монголия азыркы учурда дүйнөдө экономикасы тез өнүккөн өлкө, себеби кен байлыктар тармагы ички дүң продукциянын 70%ын түзөт. Кен байлыктар негизинен бийлик органдарынын башкаруусуна байланыштуу, себеби туруктуу экономикалык өсүштү колдоо үчүн пайдаланылууга тийиш, бизде болсо, тескерисинче кен байлыктар тармагын башкаруу тууралуу кеңири маалыматка ээ эмес, атап айтканда казуу шарттары, контракт же келишим өзгөчөлүктөрү кен чыгуучу жерлерди пайдалануудан түшүүчү пайда жергиликтүү калк өз жеринен чыккан кен байлыктын үзүрүн көргөн эмес.

Премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин айтымында, Кыргызстанда 20 жылдан бери кен байлыктар тармагы коррупцияга батып калган. «Ал жактан биздин мамлекет эч кандай деле пайда көргөн эмес. Байлыктардан тапкан пайда тууралуу ачык отчеттор да болгон эмес», - деп билдирген. «Өлкөдө кен байлыгы чалгындалып баштаган аймактардын бардыгында дайыма жергиликтүү калк менен өз ара түшүнбөстүктөр орун алып келген жана орун алып келүүдө.

Ушул жагдайдан алып караганда азыркы учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу геология жана минералдык ресурстар боюнча Мамлекеттик агенттиктин акыркы маалыматы боюнча кен казып алуучулардын 43 обьектиси боюнча жергиликтүү калк менен олуттуу көйгөйлөрү орун алган, атап айтканда, Нарын облусунда 5, Талас облусунда – 7, Жалал _Абадда -10, Баткенде – 4, Ош облусунда – 8, Ыссык –Көл облусунда – 4 жана Чүй облусунда -4 обьект.

Аталган аймактардагы жергиликтүү калк менен бизнес компаниялар ортосунда көптөгөн чатактар болуп, кеңселер талкаланып, ал тургай өрттөлүп кеткен. Инвесторлорго каршы уюштурулган митингдер менен пикеттер, жол тосуулардын так санын аныктоо кыйын. Алтын жана башка кендер чыккан алты облустагы сегиз жерде өткөрүлгөн социологиялык иликтөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча калктын тыштан келген чет элдик ишканаларга терс мамилелери аныкталган. Кадам-Жай, Чоң-Алай, Нарын, Талас жана Ала-Бука элдери инвесторлорго каршы экендиктерин билдиришкен. Инвесторлор материалдык жардам көрсөтүп жаткандарына карабастан, баары алардын иштешин каалашпайт. Пикет, жол тосуулар кандай учурда уюшулат? Жергиликтүү калк кендерди иштетүүдөн өзүлөрүнө пайда түшпөөрүн билгенде. Азыр ушу тапта Кыргызстанда кендерди иштетүүдөн түшкөн пайданын кайсы бир бөлүгү жергиликтүү калкка калышын караган мыйзам долбоор ишке ашырылууда. Кытайда да экономикалык реформалар башталып, чет элдик компаниялар менен биргелешкен ишканалар түзүлгөндө, жер-жерлерде тургундар арасында америкалык, европалыктардын эмне кереги бар, өзүбүз иштетебиз дегендер болгон. Андан кийин биргелешкен компаниялар инвестиция алып келип, жаңыча иш башкаруу, уюштуруу, жаңы технологиялар алып келээрин түшүнүштү. Инвесторлор акча таап атат, бирок өлкө экономикасы да киреше алып атат. Мамлекеттин, жергиликтүү элдин, инвестордун кызыкчылыгы бирдей балансынын сакталышы шарт болуп саналат.

Табигый ресурстарыбыз, кен байлыктарыбыз деле жетиштүү, бирок аларды дүйнөлүк баада эмне үчүн сата албайбыз, экономикалык өнүгүүбүз эмнеликтен артта, кен иштетүүчү инвесторлор менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына караштуу аймактарда жашаган калк ортосундагы чыр-чатактар эмне үчүн орун алып келет деген түмөн-түйшүктүү суроолор ар бир жарандарыбызды ойлонтпой койбойт? Бул жагдайга карата эксперт Игорь Шестаковдун билдирүүсүндө 2011-жылдан бери Кыргыз Республикасынын кен өндүрүү жаатында кырдаалды митинг жүргүзүү планында өнүгүүдө. Жергиликтүү коомдоштуктардын бирден-бир аракеттери бул бийлик органдарын өздөрүнүн социалдык-экономикалык көйгөйлөрүнө көңүл бургуздуруу болуп саналат, себеби Өкмөт тарабынан региондорду өнүктүрүү маселелерин натыйжалуу чечүүгө жетиштүү көңүл бурулбагандыгы деп эсептейт. Ал эми жергиликтүү бийлик жетекчилери көпчүлүк учурларда инвесторлор менен калк ортосундагы талаш-тартышты чече алышпайт.

Акыркы мезгилде жергиликтүү калктын кен казып алуучу компаниялардын иштерди жүргүзүүсүнө тоскоолдук кылган учурлары көбөйүп кетти. Кен казып алуучу компаниялар менен жергиликтүү калктын бири-бирин түшүнө албоосунун себептери эмнеде деген маселеге келе турган болсок, албетте жергиликтүү калк менен түшүнүшкөн өз ара мамилелерди түзүү үчүн кылдат жана ырааттуу мамиле түзүүнү талап кылган татаал жана көп кырдуу маселе. Бул маселеде мамлекеттин, жалпыга маалымат каражаттарында, жергиликтүү бийликтин, анан компаниялардын өздөрүнүн да биргелешип өз ара түшүнүшүү менен иш алып баруулары талапка ылайык. Тактап айтканда, жергиликтүү өз алдынча органдар тарабынан айрым бир топтордун жеке кызыкчылыктарын гана эмес, жериндеги экологиялык кырдаалга тийгизген таасирин адистин сунуш- пикири менен жүйөөлүү далилдерди келтирип инвесторлорго дооматтарды коюуга болот.

Жергиликтүү калктын инвесторлордун иш-аракеттерине тоскоол кылып, каршылык көрсөтүүсү Кыргызстан үчүн гана мүнөздүү эмес, ал пайдалуу кен байлыктар казылып жаткан дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө жергиликтүү калк менен тирешүүлөр келип чыгат, бирок аларда, адатта аларда катуу тартипте мыйзамдардын алкагында гана туура чечилет.

Албетте, биз мыйзамдардын өркүндөтүлбөгөндүгүн моюнга алууга тийишпиз, аларда жергиликтүү жамааттардын кызыкчылыктары эч качан эске алынбай келгендиги жашыруун эмес.

Бул жааттан алып караганда ири россиялык «Полюс Золото» ЖАК башкы директору Эдуард Кубатовдун пикиринде «мурунку мыйзамдар рынок экономикасынын азыркы заманбап талаптарына жооп бербейт, ал кен байлыктарды иштетүүчү эски советтик административдик башкаруунун салты болуп келген. Азыр шарт башка жана мурунку шарттарды өзгөртүү зарыл. Эгер натыйжалуу иштеп кете турган мыйзамдар жана адекваттуу салык салуулар болсо Кыргызстанда кен байлыктар тармагын ыкчамдык менен өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлмөкчү»,- деп белгилейт.

Мындай көйгөйдү чечүү жолдорун издөөгө аргасызбыз. Мындай кыйынчылыктар, анын ичинде Кумтөрдө да болгон, бирок алар өздөрүнүн ачыктыгын жана жергиликтүү жамаат менен диалогго даярдыгын көрсөтүү менен аларды чечүүгө жана өз ара түшүнүшүүнү табууга боло тургандыгын иш жүзүндө көрсөтүштү. Кумтөр менен жергиликтүү калк эле эмес Ысык-Көл облусу боюнча социалдык-экономикалык орчундуу маселелерди чечүүчү бир канча ийгиликтүү долбоорлор ишке ашырып жатышкандыктары баарыга маалым. Бул жерде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен инвесторлор ортосунда өз ара түшүнүшү маанайы өкүм сүргөндүгүнөн кабар берет. Негизинен өлкөнүн мамлекеттик саясатынын негизги максаты инвестицияларрды тартуу менен региондордун экономикалык потенциалын көтөрүү жана жергиликтүү бюджетин көбөйтүү болуп саналат,тактап айтканда кен казып алуучулар үчүн жаңы төлөмдөрдү жана жыйымдарды киргизүү, жергиликтүү бюджеттерге чегерүүлөрдү мыйзамдык жактан бекемдөө, ошондой эле аларды тескөө боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына ыйгарым укуктарды берүү.

«Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө» КР мыйзамынын 19-2–беренесине ылайык лицензияларды кармагандык үчүн төлөмдөр суммасынан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына бюджетине түшөт, ошондой эле 2013-жылдын июлунан баштап пайдалуу кендерден алынган каражаттардан 2% жергиликтүү маанидеги инфраструктураны күтүүгө багытталууда.

Жогоруда аталган иш чаралар жергиликтүү бюджеттердин кирешесин көбөйтүү гана эмес жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айыл аймактарында жайгашкан жер фондусундагы кен байлыктарды натыйжалуу пайдалануу боюнча маселелерди чечүүдө түздөн түз катышууга мүмкүнчүлүк берди.

2013 –жылдын жыйынтыгы боюнча кен пайдалануучу субьекттерден республика боюнча жалпысынан лицензияны кармагандык үчүн төлөмгө 147 млн.сомдон ашык төлөндү,ал эми жергиликтүү маанидеги инфраструктураны өнүктүрүүгө жана күтүүгө 112 млн сом чегерүү жүргүзүлдү.

Мындан тышкары, 2013-жылы жергиликтүү бюджетке кендерди пайдалангандык үчүн салык түрүндө (Роялти) 100 млн сом багытталды, жыйынтыгында 2013-жыл үчүн кен пайдалануучулар тарабынан 359 млн сом түштү, ал жергиликтүү маанидеги маанилүү маселелерди чечүүдө жергиликтүү кеңештердин мүмкүнчүлүктөрүн кеңетүүгө өбөлгө түздү.

(уландысы бар...)

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

17-09-2014
Инвесторлор менен жергиликтүү калк ортосундагы чыр-чатактардын күңгөйү менен тескейи (уландысы)
42424

28-04-2014
Кино өнөрүнүн классигинин тасмалары жөнүндө ракурс
44521

20-11-2013

Ооба, булар Кудайдын эрке балдары

Ооба, булар, ооба, булар, эркелер...

42680

13-06-2012
Баңгилик-өмүрдү алат
30283

08-06-2012
Баңгилик абдан коркунучтуу илдет
28091

21-05-2012
Дүйнөдө баарынан сулуу - ЭНЕ
44031

28-02-2012
 Автотоктоочу жайдын же парковканын кызматкери кимдин чөнтөгүн толтурат?
94506

15-02-2012
Укугуңду билесиңби?
33135

01-02-2012
Кыз ала качуу — адам укугун бузуу
54092

29-06-2011
Чакан насыялоо - жакырчылыктан чыгарууга өбөлгө
54480

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×