Добавить статью
7:06, 17 сентября 2014 42424

Инвесторлор менен жергиликтүү калк ортосундагы чыр-чатактардын күңгөйү менен тескейи (уландысы)

(уландысы...)

Жогоруда аталган чыр-чатактардын себебин талдоодо Кыргыз Республикасынын стратегиялык изилдөөлөр Улуттук институтунун эксперттери түз жана кыйыр катышуучулардын негизги төрт тобун бөлүп көрсөтүшкөн: кен казып алуучулар, жергиликтүү коомдоштуктар, мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарынан тышкары, жалпыга маалымат каражаттары жана Бейөкмөт уюмдар да таасирин тийгизет деп белгилешкен.

Негизинен жергиликтүү калктын кен казып алуучуларга карата айланага чөйрөгө терс таасирлерге карата тынчсыздануусу. Жергиликтүү элдердин долбоор жана инвесторлор тууралуу маалыматынын жоктугу ар кандай негизсиз ушак-айыңдарга жана жоромолдоолорго өбөлгө түзөт.

Айыл жергесиндеги жумушсуздуктун жогорку деңгээли дагы кандайдыр-бир таасирин тийгизет. Компания бардык жергиликтүү калкты ишке орноштура албайт. Ишке орношо албай калгандар да, биригип алып чыр-чатактуу жагдайды түзүүгө аракеттенишет.

Саясий күчтөрдүн кызыкчылыгы: көпчүлүк учурда саясатчылар өзүнүн жеке кызыкчылыгын көздөп жана бийик трибунадан ооз көптүрмө куру убадаларды айтып жергиликтүү калкты көкүтүп коюу менен чыр-чатактуу абалды түзүшөт.

Көпчүлүк учурда жергиликтүү бийлик органдары мамлекеттин өзүнчө институттары катары чыгып, колдонуудагы мыйзам талаптарын аткарышпайт.

Жергиликтүү калк – чыр-чатактардын дагы бир башкы себеби: алар криминалдык топтордун тартылуусу. Мыйзамдын үстөмдүгү начар региондордо криминалдык топтор өзүлөрүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ролун аткарып башташат, натыйжада аларды контролдоп, өзүлөрүнүн тартиптерин орнотушат же акча талап кылганга көнүшкөн.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын киреше потенциалын чыңдоо боюнча кабыл алынган иш чараларга карабастан көпчүлүк жергиликтүү өз алдынча органдарында “ мени багат же берсең жедим” деген маанайдын өкүм сүрүүсү байкалат. Бул көйгөйдү чечүү үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын инвесторлор же мамлекет дотациясына отуруп алып каражаттарды бөлүп берет, инфраструктураны жакшыртып берет деген бекем ишеним орун алып келет.

Биздин мамлекетке инвестициялар канчалык көбүрөөк тартылса, экономикабыз өнүгүп, жергиликтүү элдин турмуш деңгээли жогоруламакчы. Ал эми алар биздин мамлекеттин кызыкчылыгында иштеп жатабы ал башка маселе. Көп жылдар бою «Кумтөр» Кыргызстан үчүн өтө ыңгайсыз шартта иштеп келгендиги маалым. Мурдагы Өкмөт, администрация өлкө үчүн бир кыйла пайдалуу жаңы макулдашуу түзүү үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз деп байма-бай айтып келишкени менен майнаптуу жыйынтык чыккан эмес.

Чындыгында инвесторлорду эч качан биз мажбур кыла албайбыз, алар өз салымдарын салабы, коебу өздөрү чечишет. Азыркы тапта жаңы кен байлыктарды иштетүү боюнча жигердүү иш-аракеттерди азыртадан иштеп чыгуу зарыл. Бул проблемалар жаатында экономика илимдеринин доктору Чыңгыз Шамшиевдин айтымында кыргызстан элинин кызыкчылыгы көбүрөөк эске алынган жаңы макулдашуунун моделин жакшыртып иштеп чыгуу зарылдыгы менен бирге инвесторлорду тартуудан мурда алар менен кандай шартта иштей тургандыгыбызды ачык айтканыбыз оң, себеби өлкөбүздүн азыркы экономикалык абалына карата өзгөчө пайдалуу шартта гана иштешебиз деп дароо айтпасак ак ниетсиз инвесторлордон деги эле арыла албайбыз. Мындай инвесторлорду өлкөгө киргизүү өтө коркунучтуу, анткени алар бул тармакка тиешеси бар чиновниктерди сатып ала башташат деп белгилейт.

Мындан тышкары, өлкөдө азыркы учурга чейин колдонуудагы жана пландаштырылган инвестициялык долбоорлордун бирдиктүү маалыматтык базасы жок. Ошондой эле потенциалдуу инвесторлордун Кыргыз Республикасынын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалыматка жетүү татаалданган. Инвестициялык долбоорлордун маалыматтар базасына, инвестициялардын потенциалдуу багыттары тууралуу маалыматка жеткиликтүүлүк, ошондой эле инвесторлордун даттанууларын жана кайрылууларын топтоону жана ыкчам кароону камсыз кылуучу көп тилдүү интернет-порталды түзүү азыркы учурдун актуалдуу маселелеринин бири. Инвестициялар чөйрөсүндөгү колдонуудагы мыйзамдардын ченемдери көбүнчө каалагандай чечмеленет, инвесторлордун иши үчүн чыр-чатактар жана коррупция менен өзгөчө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын деңгээлде коштолгон жасалма тоскоолдуктар түзүлөт. Инвесторлордун менчик укугун коргоонун төмөнкү деңгээли чет өлкөлүк түз инвестициялардын агылып келиши үчүн олуттуу тоскоолдук болуп саналат. Анткени буга чейин кен-байлыктар инвесторлорду жана уруксат бергендерди гана байытып келгени белгилүү.

Албетте, коомчулук кен казып алуу компаниялардан канча каражат мамлекет бюджетине түшүүлөрүн билгилери келет. Бул тармак негизинен 40% экспортту жана ички дүң өндүрүмүнүн 10%ын берет. Биздин пайдалуу кен байлыктарыбыз эсебинен жакырчылык деңгээлин кыскартууга жана салыктык түшүүлөрдү көбөйтүүгө өбөлгө болот.

Андыктан жагымдуу инвестициялык долбоорлорду даярдоо жана иштеп чыгуу зарыл, ал үчүн өлкө ичинде эле жогорку адистиктеги креативдүү адистердин катышуусунда кыргызстан элинин кызыкчылыгында жаңы долбоорлор иштелип чыгуусу бүгүнкү учурдун эң орчундуу маселеси болууга тийиш деп ойлоймун.

Кыргыз мамлекетибизди кедей мамлекеттердин катарына кошушат, жакынкы коңшулардан экономикалык өнүгүүбүз артта экендигибиз ачуу чындык, анткени экономикалык жактан өркүнү өскөн мамлекеттер эч качан жакыр жашабайт.

Ал үчүн инвестицияга кошумча каражаттарды жумшоо зарыл, инвестицияга салынган каражаттар өлкөнүн бюджетинен салык түрүндө кайтарып алууга толук негиз бар. Ошондуктан жаратылыш байлыктарын өзүбүз өндүрүп, сырье сатпай, продукция сатуунун жолдорун талаптагыдай деңгээлге жеткирүү керек. Андыктан кен байлыктарыбызды ачык жана айкын башкаруу натыйжасында жергиликтүү коомдоштуктардын социалдык-экономикалык шарттары, инфраструктуралары жакшырып экономикалык өсүш камсыздалаарын эсибизден чыгарбасак.

(аягы)

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

16-09-2014
Инвесторлор менен жергиликтүү калк ортосундагы чыр-чатактардын күңгөйү менен тескейи
43451

28-04-2014
Кино өнөрүнүн классигинин тасмалары жөнүндө ракурс
44521

20-11-2013

Ооба, булар Кудайдын эрке балдары

Ооба, булар, ооба, булар, эркелер...

42680

13-06-2012
Баңгилик-өмүрдү алат
30283

08-06-2012
Баңгилик абдан коркунучтуу илдет
28091

21-05-2012
Дүйнөдө баарынан сулуу - ЭНЕ
44031

28-02-2012
 Автотоктоочу жайдын же парковканын кызматкери кимдин чөнтөгүн толтурат?
94506

15-02-2012
Укугуңду билесиңби?
33135

01-02-2012
Кыз ала качуу — адам укугун бузуу
54092

29-06-2011
Чакан насыялоо - жакырчылыктан чыгарууга өбөлгө
54480

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×