Добавить статью
10:35, 10 октября 2014 28858

Кара-Кечеде жумалап кезек күтүү болбойт

1 Республикабыздын түндүк аймагын көмүр менен камсыз кылган Нарын облусунун Жумгал районундагы Кабак, Кара-Кече, көмүр кесимдери Кыргызстандагы гана эмес Орто Азиядагы күрөң көмүрдүн ири кору жайгашкан аймак.

Мында Союз мезгилинде бир гана мамлекеттик көмүр ишканасы иштеп, калктын ички керектөөлөрүн жылына дайыма кең кесири камсыз кылып келген. Андан бери алганда бүгүнкү күндө аталган мамлекеттик ишкананын аты эле калып, заты жок дегендей бир кездеги кубаттуу техникалары иштен чыгып, штаттык бирдиктери кыскарып отуруп, жылына болгону 27-30 миң тоннанын айланасында көмүр казып берет. Ал эми, ошол эле аймактагы жеке менчик «Пандж-Шер» ишканасы жылына 63 миң тонна, же эки эсе көп көмүр казып келүүдө. Жумгал району боюнча мындай көмүр казган 13 жеке менчик ишкана бар. Алардын жалпы казып берип жаткан көмүрү жылына 300 миң тоннанын тегерегинде.2

Албетте, бул сан мындан да көп. Себеби, кайсыл ишкана болбосун колунан кармап албагандан кийин чыгарган продукцияларын салыктан жашырары айтпаган күндө да белгилүү.

Деги эле, мындан ондогон жылдар мурдагы мезгилди айтпаган күнү да, азыркы кылымдын байланышы жетпей турган алыскы тоолордун арасында иштеп, көмүр казып жаткан ишканалардын баарысы тең эле алган кирешелеринин чып-чыргасын жашырып жаппай мамлекетке маалымдап, тиешелүү салыктарын төлөп жатат десек бүгүн эч ким деле ишенбейт.

Жогоруда биз атап өткөн көмүр казган ишканалардын арасынан Кара-Кече көмүр кесиминдеги бири-бирине жамаатташ жайгашкан «Шарбон», «Ак Жол» деп аталган менчик жана Кыргыз көмүр мамлекеттик ишканасынын «Кара Кече» ишканалары иштеп жаткан аймактардан жогорку каллориядагы сорттуу көмүрлөр казылып алынат. Тагыраак айтканда, көмүр ташып саткан автокөлүктөрдүн ээлери мына ушул ишканаларга келишет.

Кээ бир күндөрү тигил же бул ишканалардын кайсы биринин көмүр казган оор техникалары бузулуп, иштебей калган күндөрү көмүр алганы келген ар түрдүү техникалардын саны улам көбөйүп олтуруп, кезек күткөн транспорттордун саны 200дөн ашып, көмүргө болгон таңсыктык менен бирге көмүрдүн баасынын көтөрүлүшүнө да алып келип жатканы жашыруун деле эмес.

Жогоруда белгилеп кеткендей, техникалык бузулуулардан же болбосо көмүр казып алуудагы геологиялык технологиянын (көмүрдүн үстүн ачуу жумуштары) толук сакталбагандыгынан улам, убактылуу көмүр казылып жаткан участоктун үстү көчүп кеткен учурларда кыштын кычыраган cуугунда он күндөп же жумалап кезекте туруп, ансыз да бир машина кирип чыккан тар жолдо бири-бирине жол 3 бербей кезек талашып, бири-бири менен мушташкан тартип бузуулар сезон учурунда көбүрөөк катталып келген.

Анын бир эле мисалы өткөн жылдын декабрь айында ушундай тартип бузуулардан улам милиция кызматкерлери менен конфликке барган Жумгал районунун тургуну инфарктан улам (дарыгерлердин чыгарган корутундусу) каза болуп, ал боюнча сот отурумунун аркасы каза болгон жигиттин туугандары тарабынан сот залынан милиция кызматкерлерин өрттөөгө, бир милиция кызматкеринин өлүмүнө алып келди. Ошондой эле, өткөн жылы Жумгал районунун үч тургуну айдап барган унааларын туура эмес жерге токтотуп жер көчкүнүн алдында калып, үй-бүлөлөрү үчүн орду толгус кайгыларды алып келди.

Көптөгөн жылдар менен чечилбей келе жаткан мындагы маселенин аягына биротоло чекит коюу – албетте иштин бардык тарабын салмактаган же иликтеген убакытты анан чечкиндүү иш-чараларды кабыл алган чечимди талап кылары айтпасак да белгилүү.

Андыктан, Кара-Кечедеги башаламандыктарды тартипке келтирүү экинчиден мында казылып жаткан көмүрдүн так эсебин алуу 4 менен бюджетке түшүүчү каражаттарды көбөйтүү сыяктуу маселелер өткөн жылдын аягында өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалган Аманбай Кайыповго тапшырылып, бул боюнча Кыргыз Республикасынын өкмөт башчысына абалды тартиптештирүү боюнча сунушун берип, иш башталган. Биринчиден көмүр кесимдерине келген унаалардын тыгынын азайтуу максатында Кара-Кечедеги көмүр ишканаларынан 5-6 чакырым алыстыкта атайын унаалар токтой турганга шарты бар «Турускул» деп аталган участокто пост орнотулду. Ал жерде милиция кызматкерлери жана райондук салык кызматынын өкүлдөрү такай олтуруп иштөө үчүн 40 тонналык эки контейнер алынып келинип, ичи толук кайра жасалгаланды. Райондук салык кызматынын жана ички иштер бөлүмдөрүнөн 2ден штаттык бирдиктер чечилди. Ушундай эле эки контейнер райондун Миң-Куш аймагында иштеп жаткан көмүр карьерлери үчүн «Арал» участкасына жайгаштырылып, атайын пост уюштурулду.

Кара-Кече жагындагы постту электр энергиясы менен камсыз кылуу боюнча өкмөттүн облустагы өкүлүнүн резервдик фондунан 500 миң сом бөлүнүп, көмөкчордон алынып келинди. Постко видеокамера орнотулуп, көмүр жүктөп кетип жаткан унааларды каттоо милиция кызматкерлери жана салык кызматы тарабынан эки тараптуу жүргүзүлөт. Видеокамераларды келечегинде он-лайн режиминде иштетүү да каралууда.

5 Келген унаалардын тыгынын азайтуу максатында ар бир карьерге кезек-кезеги менен милиция кызматкерлери ондон гана унаа киргизип турат. Ар бир карьерге өздөрүнө тиешелүү кызыл сары, жашыл түстөгү номур коюлган карталар посттон берилип, ошол боюнча кезеги менен көмүр жүктөй алышат. Келечегинде уюлдук телефон ишканаларынын биринин станциясын посттун жанына койдуруу боюнча да маселе каралып жаткан. Демек, кайсыл кардар болбосун мурдагыдай жумалап кезек күтпөй өзүнүн үйүнөн эле тиешелүү карьерлердин посттогу өкүлдөрү менен байланышып, качан, кайсыл мезгилде келүүсүн тактап алат. Бул биринчиден убактысын, экинчиден кыш күндөрү күйүүчү майын үнөмдөөгө мүмкүнчүлүк бермекчи.

Биз сөз кылып жаткан Кара-Кечедеги «Турускул» участкасындагы посту 8-октябрда расмий ачылды. Ага өмөттүн облустагы өкүлү Аманбай Кайыпов, Нарын облустук ички иштер башкармасынын башчысы Ороз Молдосариев, Жумгал райондук мамлекеттик администрация башчысы Адылгазы Исагулов жана райондук тиешелүү кызматтардын жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү келишти.

«Постторду мындан мурда эле ачканга мүмкүнчүлүгүбүз бар болчу. Кечиккенибиздин себеби, транспорт жана коммуникациялар министрлиги тарабынан постторго таразалар коюлмак. Ал кечигип жатат. Бирок, ошого карабастан карьерлерде мурдагыдай баш аламандыктарды болтурбоо үчүн постторду иштете берели деп чечтик. Таразалар эртерээк коюлса, тартылып кетип жаткан көмүрлөрдүн эсеби өзүнчө алынып турса көмүр ишканаларындагы көмүскө эсептерге бөгөт коюлмак», - деди өкмөттүн облустагы өкүлү журналисттердин кеч коюлуп жаткан жокпу деген суроосуна жооп берип жатып.6

Ооба, иштин жагдайын жакындан түшүнгөндөр үчүн, же теориялык жактан алганда мындай аракет биз санап өткөн баш аламандыктардын турукташына сөссүз түрдө жардамын тийгизип, тиешелүү натыйжа берээринде шек жок. Канткен менен быйылкы жылы кээ бир убакта мурдагыдай жүздөгөн унаалардын кезек талашкандан чыккан чыр чатактарына биротоло чекит коюлат. Ал эми, кетип жаткан көмүрлөрдүн так эсеби ошол ачылып жаткан постто иштегендердин жеке абийирине байланыштуу болот.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×