Добавить статью
11:16, 30 октября 2014 46069

Бюджеттик угууга катышуу – айыл аймагынын турмушун жакшыртууга өбөлгө

Биздин өлкөнүн калкы саясий жагынан активдүү, алар маалыматка ар дайым муктаж. Жарандар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында болгон, жергиликтүү маанидеги окуялар жана көйгөйлөр кызыктыргандыгы белгилүү. Калктын жергиликтүү деңгээлдеги чечимдерди кабыл алууга катышуусу коомдогу туруктуулукка кепилдик болот, жарандардын өздөрүнүн мүмкүнчүлүктөрүн колдонуу аркылуу айыл аймагынын турмуш деңгээлин жакшыртууга көмөк көрсөтөт.

Мына ушул жагдайдан алганда жергиликтүү бюджеттердин башкаруунун жана жарандардын бюджеттик процесске катышуусу тууралуу маселе тегерегинде ой-пикир бөлүшүүнү ылайык деп таптым.

Чындыгында, бюджет – бул жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын эң маанилүү документи, тактап айтканда финансылык планы. Жергиликтүү аймактарда жашаган айыл тургундары бюджет кантип кабыл алынат жана аткарылаарын баардыгы эле түшүнө беришпегендиги айныгыс чындык. Атайын даярдыксыз бюджетти түшүнүү абдан эле кыйын. Көпчүлүк жарандар өлкөдөгү иш аракеттеги бюджет аралык мамилелер системасы менен тааныш эмес. Көпчүлүгү татаал финансылык графиктерди жана диаграммаларды, ошондой эле бюджеттик документацияны камтуучу бюджеттик финансылык терминдер жана түшүнүктөр жөнүндө эч кандай маалыматка ээ эмес.

Иш жүзүндө бюджетти түзүүдө ресурстар чектелгендиги көйгөйү ар дайым орун алып келген. Бул болсо каржылоонун артыкчылыктарын, башкача айтканда ,биринчи кезекте каржылоолорду билдирет. Эгер ар бир адам өзүнүн бюджети жөнүндө мыкты биле алса, ал биринчи кезекте каражатты эмнеге жумшоо керектигин аныктайт. Бюджет – бул бардык жарандардын, салык төлөөчүлөрдүн акчасынан топтолот. Андыктан өз айылыңдын бюджети жөнүнө бардыгын билсең айыл көйгөйүн чечүүгө жасаган жигердүү аракет болуп саналат. Айылдыктар үчүн айылдын иштерин натыйжалуу башкаруу жарандардын катышуусу болмоюнча мүмкүн эмес. Жергиликтүү маанидеги иштерге жарандардын катышуусун жогорулатуу менен жашоо шарттарын жакшыртуунун көбүрөөк мүмкүнчүлүктөрүн алууга болот

Адатта, жергиликтүү бюджет жөнүндө сөз козгоо алдында, шаардын, айылдын, аймактын бюджетинин үлүштөрү тууралуу кеп козгосок, тактап айтканда бюджеттин чоң үлүшүн категориалдык гранттар түзөт – мугалимдерге эмгек акыны төлөөгө республикалык бюджет бөлөт. андыктан бул каражаттар эч бир башка муктаждыктарга жумшалбоого тийиш. Бюджеттин дагы бир чоң бөлүгү – республикалык бюджеттин трансферттери. Аларды дагы “ теңөө гранттары” деп да аташат, себеби, дотацияда отурган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына бөлүнүп берилет, алар тиешелүү киреше көлөмүн ала алышпайт. Республикалык бюджет бизге жалпы республикалык салыктар суммасынан бир бөлүгүн берет, ал киреше салыгы жана башкалар. Жергиликтүү салыктар, атайын каражаттар жана салыктык эмес жыйымдар бюджеттин - пайызын түзөт жана чекене соода, жер салыгы жана муниципалдык менчикти ижарага берүүдөн кирешелер түзөт. Бюджет түзүүчү кирешелер булактарынын жыйноо деңгээлинин жогорулаш эсебинен өсөт, ал өткөн жылы салыктарды ким төлөбөсө келечекте аларды төлөшөт. Мисалы, кирешелердин туруктуу өсүшү ыктыярдуу патенттөөдөн, жаңы коммерциялык ишканаларды түзүү эсебинен чекене соодадан алынуучу салыктардан күтүлөт. Ошондой эле республикалык бюджеттен гранттар (трансферттер) күтүлөт.

Ар кай жерде угуулар ар кандайча өткөрүлөт, ал шаар жана айылдардын ар кандай салттарына, ЖӨБ органынын активдүүлүк деңгээлине жана калктын өзүлөрүнүн активдүүлүгүнө байланыштуу. Тилекке каршы, жергиликтүү өз алдынча башкаруулардагы угуулар түз жана өтмө маанисинде өтүшү үчүн көптөгөн натыйжалуу да,натыйжасыз да иштер аткарылып келүүдө. Алдыдагы угуулар жөнүндө жарандарга алардын маалымдоо иштери өзгөчө . Андыктан ар кандай региондордо маалыматтык кампаниянын тактикасына да байланыштуу болот Мисалы, жаңы бюджетик угуулар практикалана баштаганда Өзгөндө жана Кара -Сууда салттуу жалпыга маалымат начар өнүккөн жерде эл көп келүүчү жерлерге жарнамалар , кулактандыруулар илинген, Исфанада – популярдуу болгон радио, Кара Балтада – теле көрсөтүү жана газета менен жергиликтүү радио активдүү пайдаланылды. Башка жагынан алганда, бюджеттик угууга дайым эле алдын ала даярданышпайт жана бюджет менен калктын таанышуусу үчүн кыскача бюджети баяндоо, көрсөтмөлүү жана элге таратылып берилүүчү материалдар жетиштүү таратылбайт. Андан тышкары, тилдик аспекттерге абдан кунт коюучулук менен көңүл бөлүү зарыл, себеби көпчүлүк угууну уюштурган өкүлдөр расмий тилде өткөрүүнү адатка айландырышкан, айыл аймактарына мамлекеттик тилде, ар кандай кызыктуу оюн түрүбү же суроо-жооп түрүндө натыйжалуу өтүлүүгө тийиш.

Угуулардын жыйынтыгы боюнча жарандардан түшкөн ондогон сунуштар шаардык бюджеттердин долбоорлоруна киргизилет. Бул сунуштар мектептерди оңдоого жана эмерек менен камсыз кылууга (Көк-Жаңгак, Өзгөн, Жалал -Абад), канализацияны курууга (Кара- Балта), социалдык инфраструктурага (Каракол, Чолпон-Ата), шааарларды көрктөнүрүүгө (Кара-Суу, Ноокат, Кара-Көл) жана башкаларга тиешелүү болгон.

Калк менен толук кандуу, натыйжалуу маалымат алмашуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына эл ишенимин арттырууга, чыр-чатактарды болтурбоого, ресурстарын натыйжалуу башкаруу айыл жергесиндеги кырдаалдарды жакшыртууга жетишүүгө жардам берет.

Учурдагы жылы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги 2014-жылдын июль айында Каракол, Ош, Нарын, Баткен шаарларында “Кыргыз Республикасынын 2015-жылга республикалык бюджетинин долбоору жана 2016-2017 жылдарга болжолу” боюнча  коомдук угууларды өткөрдү.

Коомдук угуулардын негизги максаты мамлекеттик финансыны башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу, анын ичинде бюджеттин ачыктыгын камсыздоо, бюджеттик процесстерге жарандардын кызыгуусун арттыруу, активдүү катышуусун камсыз кылуу ж.б. саналат. Иш-чарага финансы министринин орун басары Арзыбек Кожошев, жооптуу кызматкерлери, жарандык коомдун, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, айыл, шаар, район, облус жетекчилери катышты.

Коомдук угууларда жергиликтүү коомдун өкүлдөрү тарабынан жергиликтүү бюджет, дем берүүчү жана теңдештирүүчү гранттар, социалдык жана чек - ара  маселелерин чечүү боюнча иш-чараларды каржылоо жана башка көптөгөн маселелер көтөрүлдү. Финансы министрлиги үчүн элдин пикири билүү маанилүү, андыктан иш-чарада айтылган сын-пикир, сунуштар министрлик тарабынан бюджетти калыптандыруу процессинде эске алынат деп ишендиришти.

Чек ара аймактарындагы жаратылыш ресурстары ар кандай пайдалануучулар тарабынан пайдаланылат, алардын ортосундагы мамилелер формалдуу да, ошондой эле салттуу ченемдер менен жөнгө салынат. Бирок, ыкчам өзгөрүп жаткан социалдык-экономикалык шарттардан улам, жаратылыш ресурстарын туруктуу пайдаланууну камсыз кылышкан жөнгө салуучу ченемдердин күчү жана маңызы начар бойдон калууда, бул адатта, социалдык чыңалуунун келип чыгышына, пайдалануучулар ортосундагы талаш-тартышууларга, а  кээде жаратылыш ресурстарын пайдалануу укугу үчүн ачык чыр-чатактарга алып келген окуялар республикабызда четтен табылат.

Муниципалдык менчик жана табигый ресурстарды башкарууга байланыштуу маселелер калкка түшүнүктүү маселелер. Ошондуктан муниципалдык менчикти ачык-айкын башкаруу, калк үчүн пайда алып келүү менен жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн байкаларлык толуктайт. Бул жааттан алганда айыл өкмөттөрүндө мыйзамдын ченемдерин аткарууга даяр эле болуп турушат, бирок айыл өкмөттөрүнүн кызматкерлеринин өздөрүнүн моюнга алуусу боюнча айрым мыйзамдарды аткаруунун механизмдери акырына чейин түшүнө албай келиши бир топ көйгөйлөрдү жаратууда. Мисалга алсак, 2010-жылдын апрель окуясына чейин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилиги ар кандай мыйзамсыз жер сатууларга, бөлүштүрүүлөргө жол берип келишкен, азыркы учурда алардын дээрлиги иштен кетишкен. Кийинки дайындалган жетекчилик ал боюнча мыйзамсыз иштер тууралуу так жоопту айтып бере алышпайт.

Бирок, айрым объекттер жана жер участкаларынын тагдыры коомдоштукту социалдык жана маданий жүйөө боюнча түйшөлтөт. Эркин чектөө ыкмасын алып салуу жана бир тараптуу тартипте, коомчулук менен кеңешпөө коомчулуктун негизсиз шектенүүлөрүнө жана каршы болууларды алып келет. Мындай жагдайды коомдук угуулар жардамы менен четтетүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт, коомдоштукка бюджеттик процесс мындай чечимдердин экономикалык пайдасы кеңири түшүндүрүлөт: инвесторлорго ишенимдүү укук камсыздалат жана керексиз чектөөлөр алынып салынат, коомдук участкадан – аны жогору баада сатуу баасынан же ижаралык төлөм эсебинен алда канча көп киреше алынаары камсыздалат. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары калктын артыкчылык берүүлөрүн, белгилүү бир убакытта аларды эмне тынчсыздандырарын билишин, ЖӨБ органдары биринчи кезекте ушул маселелерди чечишин талап кылууга калктын укугу бар. Андыктан азыркы учурда айыл, шаардын, аймактын жер ресурстары болгон – жер байлыктарын ачык-айкын башкаруу менен жергиликтүү бюджеттин киреше потенциалын жогорулатууда, жогоруда аталган көйгөйлөрдү эске алуу менен жергиликтүү бийлик жетекчилери маанилүү салым кошо алат. Ал үчүн айыл аймактарынын жетекчилеринен иштин көзүн көрө билген кесипкөйлүк, экономикалык жактан билимдүүлүк менен бирге чечкиндүү чечимдерди кабыл алуу талаптары бүгүнкү учур талабы дээр элем.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

11-11-2016
Канткенде өспүрүм кыздарга болгон зордук-зомбулукту токтотобуз?..
60022

24-09-2013
Инвесторлор менен кандайча иштешибиз керек?
58347

29-04-2013
Бюджет ачыктыгы – экономикалык өсүшкө өбөлгө
42560

29-04-2013
Ачык мамлекеттик сатып алуулар — коррупцияга каршы кадам
39513

26-04-2013
Инвесторлор менен кандайча иштешибиз керек?
51949

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×