Добавить статью
4:06, 27 ноября 2014 22236

“Кыргызфильм” киностудиясындагы коррупция... Иликтөө...

Тарыхка кайрылсак...

Кыргызстан дүйнөгө эмнеси менен сыймыктана алат? Албетте, биринчи кезекте жалпы маданияты менен сыймыктанып, төш кага алат десек болот. Бирок маданиятыбыздын бүгүнкү абалы анчалык деле көңүл жубатарлык эмес. Жетишкендикке карганда жеп - ичкендер, ийгиликекке карганда, көйгөйлөр көп. Бүгүн биз жалпы маданияттын бир чоң бөлүгү болгон кыргыз киносунун күңгөй-тескейи, кечээкиси жана бүгүнкүсү тууралуу кеңири кеп кылууну туура көрдүк.

1960-жылдардан 1990-жылдарга чейин тартылган кыргыз кинолору “Кыргыз керемети” деген жогорку баага арзып, ал өз учурунда Кыргызстанды дүйнөгө тааныткан. Эң оболу кыргыз киносунун түпкү тарыхына токтололу.

Кыргыз элине кино деген түшүнүк жалпысынан 20 – кылымдын башында кирген. Тактап айтканда, 1916-жылдардан баштап орус элинин киночулары кыргыздар тууралуу ар кандай маалыматтарды документалдуу кинолордо колдонуп башташкан. 1920-жылы орус режиссеру А.Терско биринчилерден болуп Кыргызстандын аймагында этнографиялык тасма тарткан экен. Ал эми 1927-жылы режиссер О. Фрелих Кыргызстандын аймагында “Крытый фургон» аттуу толук метраждуу көркөм фильмин тартып, аталган кинодо кыргыз элинен биринчи болуп актриса А.Түмөнбаева башкы ролдордун бирин ойногон. Улуу Ата Мекендик согуш башталган мезгилде да кино тармагы унутулбай, тескерисинче жаңыдан жаралууга кадам таштаган. 1941-жылдын 17-январында Кыргыз СССРинин Элдик комиссары тарабынан Фрунзе шаарында “Кинохроника студиясын” ачуу токтому кабыл алынат. Дал ушул күн расмий түрдө кыргыз киносунун “туулган күнү ” болуп эсептелип калат. Ушулу жылы биринчи жолу: «Чапаев», «Ленин в Октябре», «Тринадцать» аттуу орус кинолору кыргыз тилине которулган.

1944-жылы режиссер Г. Раппапорта “Манастын уулу Семетей” аттуу тарыхый кинону тартып баштаган. Белгилүү болгондой, бул кинонун азыркыча айтканда продюсери белгилүү акын Жоомарт Бөкөнбаев болгон. Ал ушул кинону тартып жүргөндө автокырсыктан улам көз жумуп, аталган кино аягына чейин тартылбай калган.

Бул кайгылуу окуядан туура он жыл өткөндөн кийин, тагырагы 1955-жылы Кыргызстан өзүнүн “Салтанат” аттуу толук метраждуу алгачкы көркөм тасмасын тарткан. Анда коомдогу кыргыз аялдарынын орду чагылдырылган. Режиссёру Василий Пронин. Башкы ролдорду: Муратбек Рыскулов, Бакен Кыдыкеева, Даркүл Күйүкова, Советбек Жумадылов сыяктуу залкарлар ойношкон. Мына ушул фильм кыргыз киносунун алгачкы киносу болуп эсептелет. Ушул жылдары кыргыз элинин: Фатима Мамуралиева, Лилия Турусбекова (Жусуп Трусбековдун кызы), Төлөмүш Океев, К. Кыдыралиев, М. Туратбеков сыяктуу уул-кыздары Москвадан кино тармагы боюнча жогорку окуу жайды бүтүп келишип, кыргыз киносун жандантууга бел байлашкан. “Салтанаттан”, кийин 1957-жылы “Менин жаңылыштыгым” экинчи киносу тартылган. Ал эми 1960-жылдан 1990-жылга чейин, “Кыргызфильмстудиясы” жыл сайын 10дон ашык документалдуу, 3-4 толук метраждуу кинолорду тартып, алардын басымдуу бөлүгү Эл аралык абройлуу сыйлыктарга ээ болуп, дүйнө элин суктантып турган. Жогоруда аттары аталган кыргыздын алгачкы режиссёрлору: Л. Турусбекова Ф. Мумуралиева, Т. Океевдердин артынан: Мелис Убукеев, Генадий Базаров, Дооронбек Садырбаев, Болот Шамшиев сыяктуу дөө-шаа режиссёрлор: “Ак-мөөр”, “Биринчи мугалим” “Бакайдын жайыты”, “Жамийла”, “Мен Тянь-Шань”, “Ак кеме”, “Саманчынын жолу”, “Караш-караш окуясы”, “Жетинчи ок”, “Махабат дастаны”, “Кожожаш”, “Кызыл алма”, “Улан”, “Уркуя”, “Бөрү зындан” “Акбаранын көз жашы” ж.б. кинолорду жаратышты. Ал эми жогоруда аталган кинолорунда өтө жогорку чеберчиликте роль ойношкон: Муратбек Рыскулов, Сабира Күмүшалиева, Сыдыкбек Жаманов, Бакен Кыдыкеева, Даркүл Күйүкова, Болот Бейшеналиев, Таттыбүбү Турсунбаева, Сүймөнкул Чокморов, Советбек Жумадылов, Насыр Кытаев, Алиман Жангорозова, Жамал Сейдакматова, Алтынай Темирова, Дүйшөн Байдөбөтов, Күнболот Досумбаев ж.б. актёр-актрисалары кыргыз кинсунун тарыхындагы ташка тамга баскандай из калтырышты. “Кыргыз кереметин” мына ушул залкар инсандар жаратып, кино тармагындагы кийинки муундарга чоң үлгү көрсөтүштү.

“Кыргызфильм” киностудиясы өзүнчө бир гүлзарга айланып турган

Мамлекетибиз “Кыргызфильм студиясынын” имаратын куруу маселесинде эч нерсени аяган эмес. Бир сөз менен айтканда эмне керек болсо, баарын берген. Алгач 1960-жылдары Түштүк автовокзалдын жанынан (Жибек-Жолу көчөсүндө) аянты 6 гектарды ээлген, анын ичинде муктаждыкка жараша 2 жана 3-кабаттуу бир нече имараттар бар жер берилген. Мына ошол куттуу жерде жогоруда аттарын атап санап кеткен “Кыргыз кереметинин” жаратмандары күндүр-түндүр иштеп турушкан. Чынында “Кыргызфильмдин” ал мекемеси шаардын четинде жайгашканы менен, шаардын көркүнө көрк кошуп, кыргыз маданиятынын эң эле ыйык, эң эле куттуу жери катары эсептелген.

Ал эми кыргыз киносунун гүлдөп турган 1980-жылдардын башында, жогоруда биз сөз кылган имарат тардык кылып, мамлекет ошол Жибек –Жолу менен кесилишкен, режиссёр Динара Асанованын аты берилген кыска көчөдө “Кыргызфильмдин” жаңы студиясын, так айтканда 6 гектар жерге 4 кабаттуу заңкайган имарат салып берген. Ал имараттын жанына куйрук улай кыргыз киносунун музейин, кинолорду монтаждай турган атайы кошумча имаратты, киного керектелчү аппараттарды коё турган складдарды, 10догон машинелер токтой турган автомеханикалык парк ж.б. салынган. Имараттардын ортосунда, жол чекелерине бак-дарактар тигилип, айтор “Кыргызфильм студиясынын” короо-жайы кирсең чыккыс, өзүнчө эле гүлзарга айланып турган. Ошол учурда “Кыргызфильмде” жалпысынан 400дөн ашык адам эмгектенип, алардын ар бири кыргыз киносунун өсүп-өнүгүшүнө өз өмүрлөрүн арнап жашаган десек аша чапкандык болбос.

Кечээкинин бири жок, уй байлаарга жиби жок... 

Алгач, гезитибиздин өткөн санда жарыяланган бир маанилүү маалыматка тактоо киргизип коёлу: “Кыргызфильм” киностудиясынын жаңы жана эски студиясынын жалпы аянттары биз белгиленгендей 4-5 гектар эмес, экөө тең 6 гектардан 12 гектар экен. Гезиттин өткөн санында суктануу менен айтылган “Кыргызфильм студиясынын” бүгүнкү абалы кандай? Албетте, өзүңүздөр билгендей жакшы эмес, орто да эмес. Жалпылап айтканда, таланып-тонолгон, имараттардын жедеп эскилиги жетип, тарпы чыккан, өтө кейиштүү абалда. Союз кезинде 400дөн ашуун адам маңдай терин төгүп эмгектенсе, бүгүн болгону 70тей гана адам иштеп, алардын жарымы да илгеркидей жумуш көп болбогондугуна байланыштуу эптеп күн өткөрүп, айлык алуунун амалында жүргөндөр. “Кыргызфильм студиясына” барып, анын ичин толук аралап чыксаңыз, бир кездеги куттуу имараттардын ичи да, сырты да калтырак абалга кептелип, аты калып, заты жоголуп кеткендей элес калтырат. Себеби, 30-40 жылдан бери бир да жолу оңдолуп түзөлгөн эмес. Айнектери сынган, айрым бөлмөлөрдүн эшиктери бар, айрымдарыныкы жок. Айрым дааратканаларынын абалын айтпай эле коюңуз, алыстан эле сасып, мурдуңуздун каңылжаарын “жарып” турат. Имараттын коридорлору күндүзү күңүрт караңгы болуп турса, түнкүсүн көзгө сайса көрүнгүс капкараңгы. Анткени, коридордо жарык жок, лампочкалары эчак эле күйүп кетип, алмашпай калса керек. Кыскасы, бүгүн ал жерде иштегендер коридорлордо карайлап, чөнтөк телефондору менен жарык берип, аяр басышат. Бир кезде гүлзар бакка айланган сырткы көрүнүшү да көз жоосун алган ажайып көрүнүштөн эчак ажырап калган. Т. Океев, М. Убукеев, Д. Садырбаевдер олтургузган бактар мындан беш - он жыл мурун асман тиреп зоңкоюп турса, бүгүн алардын көбү кыйылып кеткен.

Баарынан да “Кыргызфильм студиясынын” атын алып жүргөн атактуу режиссёрубуз Төлөмүш Океевдин имаратка кирип бараткандагы колго жасалып, илинип турган тактайчасы такыр өзүнө окшобой, ал кишини шылдыңга алгансып, Гайдайдын фильминдеги “Шурикке” окшотуп салышкан. Же Кыргызстанда Океевдин элесин эң сонун кылып жасай турган скульптор – сүрөтчүлөр калбай калганбы? Балким, ал тактайчага бөлүнгөн акча да толук кандуу сарпталбай, ортодон алкымы бузуктар жеп алып жүрбөсүн.

Эң кызыгы “Кыргызфильм” менен Кинодепартаментинин билерман жетекчилери мамлекеттик ишкана болуп эсептелген “Кыргызфильм студиясынын” башкы энергетиги менен башкы инженерин кызматтан айдап, ал штатты жоюп салышкан. Эмне шылтоо менен жоюшканы түшүнүксүз? Ошону менен ошол күндөн ушул күнгө чейин “Кыргызфильмде” башкы энергетик менен техникаларга жооп бере турган башкы инженер жок. “Бөйрөктөн шыйрак чыгарганды” жакшы өздөштүргөн биздин билермандар муну эмне менен түшүндүрүшөт болду экен?

Иши аз 70 адам “ити чөп жеген” ижарачылар...

Жогоруда айткан 70тей адам 4 кабаттуу имараттын 2 кабатына гана жайгашкан, бирок баарына эмес. Калган эки кабаты короо-жайдагы 3-4 кошумча имараттар менен кошо эчактан бери ижарага берилип келет. Ижарачылардын тең жарымын киночулар түзсө, калган тең жарымын кийим тигүү цехтери, кириешки ж.б. азыктарды чыгарган жеке ишкерлер түзөт. Береги сүрөттөгү автомеханикалык паркта кичи автобустар, чубалжыган оор жүк ташуучу машинелер да ошолорго таандык. Ал аталган паркта мурун: "Зил", "Чайка" деген унаалар, үстү ачык "Кабриолет" сыяктуу түркүн машинелер да бар эле. Азыр аларды ким алганы белгисиз. Маселен, "Зис" деген раритет машине азыр бери болгондо 500 миң доллар турат. Жалпысынан “Кыргызфильмде” 50гө жакын ишкана бар. Алар менен келишим Мамлекеттик мүлк боюнча агенттик аркылуу түзүлгөн, анын 30 пайызы мамлекетке, 70 пайызы киностудияга түшөт. Мурунку жетекчинин маалыматына караганда, 50дөн ашык ижарачылардан болгону ай сайын 150 миң сом гана түшчү экен. Албетте, бул абдан аз, жалган маалыматка жакын десек болчудай. Балким, бул жерде да кандайдыр бир коррупциялык схемалар иштеп келгендир.

Кыскасы, бир кезде “Кыргыз керемети” жаралган куттуу жайдын басымдуу бөлүгү бизнес кылууга ылайыкташтырылып кетиптир.

Түштүк воказалдын жанындагы имарат болсо, учурда киночулар тарабынан “Эски студия” деп аталып калган. Анын эң негизги 2 кабаттуу имаратын Садык Шернияз 6 миллион (чатырынан бери оңдоп, ичин жылтыратып койгон экен) сомго капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүп, өзүнүн “Айтыш фильмине” ижарага алган. Кыскасы, иш дегенде ичкен ашын жерге койгон Садык мырза ал эски имараттын өмүрүн узартып, багын ачып коюптур.

“Кыргызфильмдин” бюджетинин 20 пайызын жетекчилер “жеп” келишкенби?

(Башы өткөн санда)

“Кыргызфильмди” бекеринен минтип атаган жокпуз. Анткени, буга себеп болгон көрүнүштөр толтура. Чекесинен мисалдарды келтире берели. Алгач мамлекет тарабынан “Кыргызфильмге” бөлүнгөн акча тууралуу маалымат берели. Билбегендер үчүн маалымат катары айта кетели, “Кыргызфильм” студиясы “сууга салса чөкпөгөн, отко салса күйбөгөн” “Кощей” сындуу баардык бийликтин тилин таап, эбин таап эки жеп келаткан Султан Раев жетектеген Маданият жана маалымат министрлигинин алдындагы Кинодепартаментине карайт. Мыйзам боюнча Кинодепартаментке, тагыраагы кино тартууга ички дүң пайыздын 0,01 пайызы которулушу керек. Ал акча орто эсеп менен бери жагы 110 млн. сомду түзөт. Бирок бюджеттин тартыштыгына байланыштуу анчалык акча берилбей келет. Маселен: 2009-жылдары 20 миллион сомдун тегерегиндеги акча каралса, 2012-жылы 40 млн. сом бөлүнгөн. 2013-жылы 33 млн. сом каралаган. Ушул акча Кинодепартаменттин өзүн кармап туурга, бул департамент аркылуу: мамлекеттик кинотеатрлардын муктаждыгына, Кинопрокатка жана биз сөз кылып жаткан “Кыргызфильмге” бөлүнөт. Башкаларга канча бөлүнөт билбейт экенбиз, бирок “Кыргызфильмге” былтыр 17 миллион сом бөлүнүп берилген. Бул акчанын 3-4 млн. сому айлык ж.б. майда-чүйдө муктаждыкка сарпталса, калганы негизинен кино өндүрүшүнө кетет. Бирок ошол 17 млн. сомдун 20 пайызын “жалпы студиянын чыгымы” деген шылтоо менен киностудиянын жетекчилиги алып калат экен. Кызыгы, ал 20 пайыздын кайсыл мыйзамдын негизинде кармалып калаары азыркыга чейин белгисиз. Мисалы, “Кыргызфильм” тарабынан тартылган ар бир киного бөлүнгөн акча канча болсо ошонун 20 пайызын жогоруда айтылган шылтоо менен алып калышат. Киночулар ал “сырдуу 20 пайыздын” чыныгы чоо-жайын билишпегендиктен улам, жетекчилерге бекер “жем” кылып таштап келишкен экен. Кызык, ал акча кимдердин чөнтөгүнө кетет? Бул жерде схема мындай: “Кыргызфильмдин” жетекчиси аркылуу Кинодепартаменттин жетекчиси Мукталы Бектеналиевдин чөнтөгүнө түшүшү толук мүмкүн. Айтмакчы, бул маселени укук коргоо органдары текшерип, ачыкка чыгарганга жарай элек. Же алар булардын баарын эчак эле билип, чогуу чаран жеп, бөлүшүп келеби?

Карагулов 10 млн. сомду кантип жеген?

Эми элге аты чыккан кинорежиссёрлордун теңирден тескери иштерин теске алып көрөлү. Андай режиссёрлордун катарында эски бийликтин тушунда, тактап айтканда Бакиев Кыргызстанды башкарган жылдары “Кыргызфильм” киностудиясын жетектеген Бакыт Карагулов да бар. Бу байкебиз өзү анчалык деле чыгаан режиссёрлордун катарына кирбегени менен, 80-жылдардан бери орто жана ортодон жогорураак деңгээлдеги 7-8 документалдуу жана 6-7 көркөм кино тарткан. Учурунда 3 жылдан ашык “Кыргызфильмди” өзү каалагандай башкарып, чалмакейди чалган ыплас иштери кыска элдин кыйырына, калың элдин катмарына чейин жеткен. Тактап айтканда, кино жаатындагы коррупциялык иштерге даңгыр жол ачкан “ачылыштары” тарых бетинде калды.

Жетекчи болуп турган маалда “май кармаган бармагын жалайт” деген нуска кепти туура эмес түшүнүп алганбы, айтор бармагын эмес, бармактан башкасына чейин жалап жибергендигин анын сырын жакшы билгендер божурап жүрүшөт. Эми бул айтылган ар кандай сөздөргө мисал кылып, жеке эле Бакыт байкебиз эмес, жалпы эл да жакшы билген фактыларды келтирели:

2008 - жылы мамлекет тарабынан “Кыргызфильмге” жарык берүүчү аппараттарды алууга 8 млн. сомго чукул каражат бөлүнөт. Мындай чоң акчаны көрбөгөн Бакыт мырза, ал акчаны АКШда жашаган, жаңылбасак маңзаттар менен кармалып соттолуп чыккан Болотников деген орус жигиттин фирмасына которгон экен. Чынында анын эч кандай фирмасы жок болгон эмес. Кыскасы, ал акчанын ошол күндөн ушул күнгө чейин дайыны жок, кыргызча айтканда “оомийн” болгон. Кийинчерээк ал 8 млн. сом боюнча белгилүү болгон маалыматтар төмөндөгүдөй: АКШдагы Болотников (атын билбейт экенбиз) Карагулов тарабынан өзүнө которулуп келген 8 млн. сомду Бишкекте кайсы бир чоң мончолордун автостоянкасын кайтарып иштеген Илья Болотников деген бир тууган иниси менен бирге бизнес иштерине жумшап койгон. Мисалы, ал экөө жакшы баадагы машинелерди минишип, Бишкектин Манас көчөсүндө жайгашкан илгерки “Детский мирден” анча алыс эмес жерге заңгыраган Компьютердик борбор ачып алышкан. Бул биз билгендери гана, билбегенибиз канча болду экен?

Эң кызыгы, ошол түп-орду менен жоголгон 8 млн. сомдон кийин Бакыт мырзага Болотниковдор: “Аппарат алуу үчүн силер которгон акчаңар жетпей жатат” деп кайрылышат. Анчалык аңкоо болбогондон кийин алдатып жатканын билип-сезип турган Бакыт мырза ал 8 млн. сомдун үстүнө 2010-жылы дагы 2 млн. сомдой каражат которуп жиберген. Муну ошол жылдары кыска убакытка министр болгон мырзалар да жакшы билиши кажет. Ошону менен 10 млн. сомдун түп-орду менен жок. Көрсө, бул иштин баары башында эле жең ичинде уюшкандыкта жасалса керек. Болбосо, ошончо олчойгон акчаны алдатып жибергидей Бакыт мырза эмне акылынан айныды беле? Жакшы байкаган адамга, бул жерде эптеп эле акча жеп калуу максаты биринчи орунга чыккан. Кыскасы, “Кыргызфильмге” “кара мүртөздүк” кылган Карагулов да, боору таштык кылган Болотниковдор да, ал акчаны сүйлөшүп алып жок кылышканы байкалып турат.

Биз айтып жаткан 10 млн. сом (доллардын ошол кездеги курсу менен) 200 миң доллардын тегерегинде болот экен.

Эми Карагулов чындап эле жарык берүүчү аппараттарды 10 млн. сомго алмак беле деген суроого жооп издеп көрөлү. Албетте, жок. Себеби, Бакыт мырза АКШдагы Болотниковго “заказ” кылган жарык берүүчү аппараттарды ошол кездеги баасы болгону 40 миң доллардын (Кыргызстанга алып келген растамаошка ж.б. чыгымы менен) тегерегинде болгон. Ошондо калган 160 миң доллар ашыкча көрсөтүлгөнбү? Мына сага, коррупция, мына сага кыянаттык. Эң эле өкүнүчтүүсү бул 10 миллион сом боюнча эч кандай кылмыш иши козголгон жок. Карагулов да, Болотниковдо да жоопко тартылбай, ушул кезге чейин ал олчойгон сумманы сиңирип-жеп алышып, жайбаракат жашап жүрүшөт. Мына сизге, кыргыздын жазылбаган мыйзамы: Мамлекеттин миллиондорун жей бер да, жер үстүнөн кеткенче өз абийириңди тебелеп-тепсеп, эч уялбай элге аралашып жашай бер! Жашасын коррупция деген ушул эмеспи.

Белекке берилген “Мерседес” жана бүтпөй калган “Бүкүр”...

Карагулов “Кыргызфильмди” башкарып турган кезде, Шамил Жапаров Кинодепартаментти жетектеп турганын айта кетели. Бул кишинин анчалык деле коррупциялык иштери тууралуу маалыматтар жок. Бирок калыстыктан тайган, адилетсиздик жагы бар. Мисалы, Бакыт мырзанын 10 млн. сомду түп –орду менен жоготкону киночуларга билинип калганда, алар баары Жапаровго бир ооздон: “ Кылмыш козголсун, жазага тартылсын, жоготкон акчаны төлөсүн” деген талап коюшат. Бирок Шамил мырза, киночулардын андай талабын четке кагып койгон. Жазага тартмак тургай, тескерисинче ал талапты айтып чыккан киночулардын ар-намысын тебелеп-тепсеп Карагулов “Кыргызфильмдин” жетекчилигинен кетип жатканда ага “Мерседес” үлгүсүндөгү машинени белекке берип узатып, Кинофондго жетекчи кылып койгон. Ошону менен кыйкырып чыккандардын үнү тиешелүү жерге жетпей 10 млн. сом тууралуу кеп басаңдап калат.

Эми Бакыт мырзанын дагы бир кызык ишинен кеп кылалы. Ал “Кыргызфильмди” ары-бери калчап турган кезде, кино тартууга бөлүнгөн акчадан өзүнө 1 миллион 750 миң сом бөлүп алат. Ага “Бүкүр” деген аталыштагы кино тартып баштайт. Бирок ошол 2008-жылдары баштаган киносу бүгүнкү күнгө чейин тартылып бүтө элек. Себеби, ал мыйзамды бузуп, өзүнө-өзү буйрук чыгарып чөнтөккө салган 1 млн. 750 миң сому башка иштерге жумшалып кеткен окошобойбу? Кыскасы, ошол күндөн ошол күнгө чейин ал 2 миллионго чукул акчадан дайын жок, же “Бүкүрдөн” дайын жок. Карагуловдун мына ушундай кылмыштуу иштерине көз жумган Кинодепартаменттин азыркы жетекчиси Мукталы Бектеналиев жердешчиликти эске алып, аны өзүнө бакыйган кеңешчи кылып алган. Эми элестетип көрүңүздөр, Карагуловдун Бектеналиевге кеңеш айтып жатканын. Эмне тууралуу кеңеш айтат, баягы эле коррупция же, кантип жеп алуу жөнүндөбү? Айтор, канкор Бакиев айтмакчы, буларды түшүнүп “бовойт” экен. Бирок Бектеналиев Карагуловду бекер жерден кеңешчи кылып алган жери жок. Экөөнүн кулк-мүнөздөрү, иштөө ыкмалары бирдей. Кандай маселе болбосун, кадимкидей тил табышып, жылдыздары келишип турат дешет, экөөнү эчактан бери билгендер.

Андан тышкары, Бакыт мырза, “Кыргызфильмди” жетектеп турганда Бакиевдер менен жакын мамиледе болуп жүрүп  “Жусупбек Бакиев” фондусунун колдоосу менен 40 мүнөттүк “Бешик”  аттуу тасмасын 1, 5 млн. сомго тарткан. Бирок ал акча “жетпей калды” деген шылтоо менен “Кыргызфильмден” кошумча 300 миң сом бөлүнүп берилген экен. Чынында, ал 300 миң сом ашыкча каралганы айтылып келет.

Карагуловдун актануусу, же Раевдин да “кулагы” чыгып...

PS: Гезитибиздин өткөн санында “Карагулов 10 млн. сомду кантип жеген” деген иликтөөбүз жарыялангандан кийин Бакыт Карагулов байкебиз редакциябызга келип, өз чындыгын айтып, актанып кетти. Минтип түз эле айтпасак болбос. Анткени, ал киши менин жазгандарымдын баарын жокко чыгаргысы келгенин байкадым. Өзү 10 млн. сомго эч кандай тиешеси жок экенин кыйытып, бул иш министрлик аркылуу жүрүп, аппарат алууга бөлүнгөн ал 10 млн. сомго ошол кездеги министр Султан Раев кол коюптур. Андан тышкары, киностудияда тендер өтүп баары мыйзамдуу болгон имиш. Биз аны да тактап көрдүк. Карагулов айткан тендер маселеси калп дешти. Айтор, ал 10 млн. сом боюнча эч кандай тендер өтпөптүр. Демек, муну кулакка илинген “лапша” деп койсок болот.

Кыскасы, маданияттагы коррупцияны, коррупциялык схемаларды чукуп чыксаң эле, Раевдин башы чыга берчү болду. Бул киши театрлардан, филармониядан, маданий мекемелерден, Манастын эстелигинен, министрликтен, айтор бардык жерден ылгабай эле “жей” берген окшойт. Мен Султан мырзаны жок дегенде “Кыргызфильмден” жеген эместир деп ойлодум эле, көрсө жаңылышыптырмын. Демек, Раев келечекте “Кыргызфильмдеги” коррупция боюнча да көрсөтмө да, сурак да берчүдөн экен. Карагуловдун 10 млн. сом боюнча так секиргени мына ушундай болду.

Экинчиси белекке берилген “Мерседес” боюнча. Мен өткөн санда жарыяланган макалада “Шамил Жапаров Карагуловго “Мерседести” белекке берип узатып” деп жазып, бир аз ката кетириптирмин. Жапаров “Кыргызфильмдин” ал машинесин Бакыт мырзага белекке эмес, Кинопрокатка алып берип коюптур. Бул жерде 10 млн. сомду түп орду менен жоготкон адамды “Кыргызфильмден” Кинопрокатка которгону аз келгенсип, дагы үстүнө “Мерседести” берип салганы ошол кезде жалпы киночуларды абдан нааразы кылганын эске сала кетели. Үчүнчүсү: бүтпөй калган “Бүкүр” тууралуу сөз кылды. Карагуловго ишенсек “Бүкүргө” деп бөлүнгөн 1 млн. 750 сомго башка, 15 мүнөттүк көркөм фильм тартып өткөзүп, ошону менен кутулган экен. Мен чынында таң калып: “Ошончо акчага 15 мүнөттүк эле кино тарттыңызбы” деп сурадым. “Ооба” дейт. Мына сага, ишенээримди, же ишенбесимди билбей калдым. Айтмакчы, Бакыт байкебиз “Бүкүргө” өзү акча бөлүп, өзүнө-өзү буйрук чыгарып алган. Андан тышкары, Көркөм кеңештин кароосунан да өткөн эмес.

Кино департаменттин эмне кереги бар?

“Кыргызфильмдеги” коррупцияны иликтей келсек, анын жолу түздөн-түз министрликтин алдындагы Кинодепартаментти жетектеген, Раевдин дагы бир көздөй кишиси Мукталы Бектеналиевге барып такалат экен. Бул киши аталган департаментти мындан он жыл илгери да башкарган. Андан кийин Маданият министрлигинде бир канча жыл стат-катчы болуп турду. 2012-жылы мартта Бабановдун буйругу менен Кинодепартаментке экинчи ирет директор болуп дайындалган. Бир сөз менен айтканда, Мукталы мырза, маданият тармагында билбеген жана аралашпаган кандай иш бар? ошол себептен улам Кыргызстандын “Маданияттагы мафияларынын” бири болуп жүрөт да. аны жакшы билгендер коррупция жыттанган бардык иштерге аралашпаса да, бир тобуна өз үлүшүн кошкон дешет. Муну ал киши өзү да эң сонун билет. Ошондуктан бүгүн ал аздыр-көптүр абийири болсо: “Таза иштеп жатабыз, кыйратып жатам” деп бети чыдап айта албастыр.

Бектеналиев жетектеп жаткан департамент тууралуу учкай кеп кылалы. 2012-жылы аталган департаментке 40 млн. 2013-жылы 33 млн. сом бөлүнгөн. Жалпысынан 15тей адам эмгектенип, алардын айлык ж.б. кеткен чыгымы бери болгондо 2-3 млн. сомду чапчыйт. Эми ошончо акчанын башын жутуп жаткан департамент эмне иштерди жасап жатканы деле түшүнүксүз. Маселен, мамлекеттин карамагында кинотеатрлар өздөрүнүн жанын өзү багат. Аларды ремонттоп деле кыйратып жиберген жок. Негизинен ижара алгандар оңдошту. Болгону алардан ижара акысын, салык ж.б. деген шылтоолор менен акча чогултат. Кинопрокат менен “Кыргызфильм” да өзүнө бөлүнгөн акча менен эптеп жанын багып жатышат.

Ал эми департамент болсо алардын ортосунда, орусча айтканда “посредник” болуп акча бөлүштүрүп, колдон келишинче өөнөп олтурат. Анчалык деле кыргыздын кинолорун чет мамлекетке даңазалаганын, же чет мамлекеттерден кино тартууга инвестиция тартып келгенин көргөн да, уккан да жокпуз. Андай иш колунан келбегенин жакшы эле көрсөтүп бүттү окшойт. Кыскасы, департаментти жоюп жиберсе, зыянына караганда пайдасы алда канча жогору болору турган иш. Биринчиден аны кармоого сарпталып жаткан миллиондор үнөм (маселен ал акчага 1 жылда жок дегенде 2 толук метраждуу кино тартса болот ) болмок, экинчиден ортодон ондогон кишилердин кол туткактыгына бөгөт коюлуп, коррупция да азаймак. Кыскасы, бул маселени кыргыз өкмөтү эртерээк ойлонушу абзел.

Суммасын көбөйтүп, сол чөнтөккө солошот...

Эми департамент менен киностудиядагы өнөкөткө айланган коррупциялык схемаларды ачыктайлы:

Мисалы: Кинодепартаменти менен “Кыргызфильм” киностудиясынын жетекчилери 2 миллион сомго 1,5 сааттык толук метраждуу кино тартышса, аны отчётто 3 миллион сомго тартылды деп баса белгилеп көрсөтүшүп, ортодон 1 эле кинодон бери болгондо 500 миң сомдон 1 миллиондон ашык акчаны сол чөнтөккө солоп коюшат. Ал эми 25-30 мөнөттүк кыска метраждуу жана даректүү кинолорго орточо 400 миң сомдон 600 миң сомго (узактыгына жана татаалдыгына жараша) чейин акча каралат. Бирок департамент менен киностудиянын: “Ат качырбас боз айгырлары” аларга да болбой калды дегенде 150 -200 миң сом кошуп, арам пайданы көрүп келишет. Андан тышкары, “Кыргызфильмдин” буга чейинки бардык жетекчилери жеке киностудиялар тарабынан тартылган кинолорго байма-бай жардам көрсөтүү ишин мыктылап жөнгө салып алышкан. Мыктылап дегенбиз мындай: “Кыргызфильмге” жардам сурап келген режиссёрлорго көп учурда аппарат жана ар кандай техникалык жактан болор- болбос жардам беришет да, ал тартып жаткан кинонун аягына сөзсүз “Кыргызфильмдин” колдоосу менен бадырайта жаздырышат да, андай майда-чүйдө жардамдардын баарын жылдык отчётто баса белгилешип, айрым учурларда керек болсо ошол жардам көрсөткөн кинону толугу менен “Кыргызфильм” тарабынан тартылды” дегендей маанайда абдан пиар кылышат. Ошондой эле, аларга 200 миң сомго жардам кылышса, отчётко 500 миң сом деп көрсөтүшөт. Бул жерде эки чоң кызыкчылык бар. Биринчиси жогоруда мисал келтиргендей ашык акча кошуп, акча жемей, экинчиси “Кыргызфильм” эч токтосуз күжүлдөп иштеп, жыл сайын ондогон кинолорду жаратып жатат деген маселе турат. Эми бул айткандарыбыз кур сөз болуп калбаш үчүн, бир катар мисалдарды келтирели:

2008-2009-жылдарга баам салсак: Кинодепартамент 2009-жылы Эрнест Абдыжапаров тарткан “Ууруунун махабатына” 3 млн. 300 миң сомго жакын бөлүп бердик деп жар салышкан. Бирок иш жүзүндө ал акчанын 2,5 млн. сом гана берилген. Ал кезде “Кыргызфильмди” Карагулов жетектеп турган. Негизи “Уурунун махабатына” башында 4,5 млн. сом бөлүнгөн. Ушул акчага кино толугу менен тартылып бүтмөк. Бирок Карагулов өзүм билемдикке (балким көрө албастык кылгандыр) салып, ал 4,5 млн. сомду үчкө бөлүп жиберген. Атап айтканда: “Уурунун махабаты”, “Жийде жыты”, “Араб” деген кинолорго 1.5 млн. сомдон бөлүп, 4,5 млн. сомду ушул үч киного чачыратып салган. Бул үч кинонун ичинен белгилүү болгондой “ Ууруунун махабаты” тартылган. Ал эми “Кыргызфильм” болсо 1,5 млн. сомдон тышкары, “Билим” деген студия менен келишим түзүп, (эмне үчүн башка студияда монтаж кылынат) миллион сомго монтажын бүтүрүп берген. Автордун айтымына караганда бул кинонун жалпы чыгымы 210 миң доллар болгон. Бул акчанын көбү (Кыргызфильмдики 2,5. млн. сом ) демөөрчүлөрдүн эсебинен жана өзү ар кимден карыздап акча алып тартып бүткөн. Ал карыздарын ошол күндөн, бул күнгө чейин толугу менен төлөп бүтө элегин айтты. Себеби, “Уурунун махабаты” мыкты кино болгону менен, аны тартылып бүткөндөн көп узабай пиратка чыгарып жиберишкен.

Ал эми “Жийде жытына” 1,5 млн. сом каралганы менен, ал кинонун сценарийи казактарга сатылып кеткен. Казактар ал кинонун “Кечиккен махабат” (башкы ролду француз актёру Ж. Депардье ойногон) деген ат менен тартышкан. Үчүнчүсү Карагулов өзү режиссёрдук кылган “Араб” киносу тартылганы же, тарталып жатып бүтпөй калганы белгисиз. Дагы башка мисалдарды келтирели:

Жаш режиссёр Наргиза Маматкулова да ошол жылдары “Сөйкө” деген тасмасын Швейцария бюросунун колдоосу менен тартканы белгилүү. Кызыгы “Кыргызфильм” буга да 250 миң сомго жакын акча бөлүп берген. Албетте, белгилүү болгондой ал 250 миң сом да ашыкча болгон. Союз кезинде “Кыргыз кереметин” жараткан режиссёрлордун бири аксакал режиссёр Болот Шамшиевге 2008-жылдары 1, 5 миллион сом бөлүп берген. Ал бул акчага “Жаңгак токоюнун арбактары” аттуу көркөм тасма тартып баштаган. Баса, баасы канча экенин билбейбиз, бирок Шамшиевдин ал киносун тартыш үчүн атайы кымбат баадагы кинокамера да сатылып алынган экен. Бирок ошол жылдан ушул күнгө чейин “Жаңгак токоюнун арбактары” тартылып бүткөн жок. Белгисиз себептер менен токтоп калган. Акча жетпей калганы, же бөлүнгөн акча ортодо желип кеткени белгисиз?! Ушундай мисалдарды келтире берсек, гезит бети чак келбес...

Мына ушуга окошогон көрүнүштөрдүн көбү Замир Эралиев Кинодепартаментти, Бакыт Карагулов “Кыргызфильмди” башкарып турган маалда орун алган. Эралиевдин ишмердүүлүгүн да өзүнчө кеп кылабыз.

(уландысы бар...)

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

02-12-2014

Коррупция короосунан... Маданияттын мафиялары... (уландысы)

31620

01-12-2014
Коррупция короосунан... Маданияттын мафиялары... (уландысы)
22437

28-11-2014
Коррупция короосунан... Маданияттын мафиялары...
39808

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×