Добавить статью
7:03, 2 декабря 2014 31620

Коррупция короосунан... Маданияттын мафиялары... (уландысы)

(уландысы...)

Ошентип Маданият министрлиги тагыраагы Раевдин жоопкерчилиги менен тургузулган Москвадагы Манастын эстелигинен ачыктан-ачык жоголгон 5 миллион сомдун дайыны ушу күнгө чейин жок. Ал акча кимдин чөнтөгүн ысытып жатканы да жалпыга маалым. Министр Султан мырза болсо, эч нерсени билмексен да, көрмөксөн. 5 миллионду өзү алганын айтпайт, же башкалар жеп алганын айтпай, оозуна талкан толтуруп алган немедей, бул маселеге келгенде үн-сөз жок. Ал 5 миллиондун дайыны кандайча чыкпай калганын “Азаттык” баштаган массалык маалымат каражаттарына түшүндүрүп айтып койгонго жарабай, тескерисинче жаа бою качып жүрөт. Ошол эле учурда өзүнөн жогорку атка минерлерге жана жоро жолдош - туугандарына “мен тазамын, менин тиешем жок” деп актанып, колдон келишинче артын тазалап жүргөнү айтпасак да түшүнүктүү.

Ити чөп жеген министрдин иштөө ыкмасы

Маданият министрлигин менчигиндей ээлеп, иштеп келаткан Султан мырза кыргыз маданиятына эмне пайда келтирди? Анын учурунда мурда жазганыбыздай Опера жана балет театры, филармония, КырДрам, Цирк баштаган республикадагы жүздөн ашык маданий мекемелерге майда жана чоң оңдоп-түзө иштери жүрдү. Аларга бюджеттен жүздөгөн миллиондор сарпталды. Бирок сарпталган акчалардын бир далайы Раев, Ибрагим Жунусов, Нурлан Шакиев, Кыргызбай Осмонов, Керим Турапов, Болот Осмонов, Рыскул Боронбаев, Мукаталы Бектеналиев, Курмангазы Исанаев, Самсалиев сыяктуу жетекчилердин элегинен өтүп, эчендеген миллиондор ар кандай шылтоолор менен дайынсыз жоголуп, чагалакей чак түштө уурдалды. Тагырагы жогоруда аты аталган инсандардын чөнтөгүн “ысыткан” деп айтсак туура болчудай. Булар тууралуу дагы да болсо кеп кыла бермекчибиз. Эми ушул “үркөрдөй” топко айланган мафиянын ана башчысы Раев мырзанын иштөө ыкмасы жөнүндө сөз кылалы.

Биздин ар дайым кандай терең суу болсо да кургак чыккан, кандай чоң от болсо эч күйбөй аман чыккан каарманыбыз Раев 2005-жылдан бери министрлик креслодо ушуну менен үчүнчү жолу олтурат. Бир сөз менен айтканда, ал: Маданият министрлигине “казык” болуп кагылып калгандай, ар кандай жол менен мээлеп атып, менчигине айлантып алгандай, же министрлик анын пешенесине жаралгандай элес калтырат. Бул көрүнүш өзүнө эле кут болбосо, жалпы элек, өзгөчө маданият тармагынын миңдеген кызматкерлерине кут боло алган жок. Тескерисинче жут болду. Анткени, анын учурунда жогоруда кеп кылгандай коррупция гүлдөдү. Мурун эле баш алман тартипте берилип жаткан наамдар ого бетер күчөдү. Ал эми министрликтин борбордук аппаратынан тартып филармониядагы, театрлардагы кызмат талаш жанан анын азабына улам келип чыккан ар кандай интригалар өз опегейине жетип турат. Эгер бул сөзүмдү министр мырза калп дей турган болсо, анда маданияттын аттуу-баштуу аксакалдары да үн кошушсун, калыстык кылышып.

Бул маданият тармагынын азыркы кейиштүү көрүнүштөрүнүн бири. Тилекке каршы, Раев мындай көйгөйлөрдү чече албайт, чечкенге дарамети да жетпейт.

Раевдин “кашалёгу” Рыскул Боронбаевби?

Раев 2006-жылдары министрликтин алдында Маданият борборун ачкан. Албетте, башында жакшы идея, жакшы максат менен ачылса керек. Алдына койгон максаты да чоң болуптур. Түшүнүктүү болуш үчүн сөзү башынан баштайлы.

Бул борбордун жетекчилигине Рыскул Боронбаевди жетелеп келген. Рыскул мырза, ошол жылдан ушул күнгө чейин борборду Раев сыяктуу эле менчиктеп жетектеп келет. Учурда Абдрахманов көчөсүндөгү Жаштар театры, Курчак театры жана айтылуу “Дордой” спорт компелекси жайгашкан жер ошол кезде Маданият министрликтин карамагында болчу. Канча гектар жер экени тууралу так маалымат колубузда жок, бирок болжолу менен бери жагы 5-8 гектар десек болчудай. Борбор шаардын чок ортосунун орун алган ал жер Раев ачкан Маданият борборуна өткөрүлүп бериптир. Аталган борбор болсо, ал жерге шаардын көркүнө көрк кошо турган, чет элдик туристтерди суктантып өзүнө тарта турган маданий шаарча, мындайча айтканда шаарда жок маданий комплекстерди курмак экен. Анын үстүнө жогоруда айткандай ал жерде Жаштар тетары жана Курчак театыр бар. ошол маданий мекемелерге улай, улуттук маданиятыбыздын негизги сыймыктарын көрсөтүп турган маданий комплекстерди куруу максат кылынган. Бул иш чара Маданият борборунун иштөө функциясында бакыйта көрсөтүлгөнү да айтылат. Ал үчүн чет элдик инвесторлорду да тартуу иш жүрүп, натыйжада кореялык инвесторлор да табылганы менен, кандайдыр бир себептер менен ал инвесторлор ишти колго алган эмес. Мунун бир себебин, ал жердин жарымы Аскар Салымбековго сатылып кетиши менен байланыштырышат. Асакар байкебиз болсо, ал жерге азыркы “Дордойдун” спорт комплексин койкойтуп куруп койгон. Чынында министрлик ал жерди Салымбековго кандай жол менен, Салымбеков болсо канча акчага сатып алганы тууралу так маалыматтар жок. Ал “зделканы” Аскар мырза менен Раев жана Боронбаев үчөө билбесе, биз билбейт экенбиз.

Кыскасы, ал жер тилкесине Маданият борбору кура турган маданий комплекстердин эмдигиче дайын жок. Курулбай да калды да, анткени, ал жер сатылып кетсе, кайда куурулсун?! Ошентип, Боронбаев жетектеген борбор ал иштен “кутулгандан” кийин, Раев борборго жаңы иш аткаруунун функцияларын берет. Борбор ошол жаңы функциясына ылайык Кыргызстанда кандай чоң маданий иш-чаралар болсо, анын баарын өткөзүп келет. Мисалы, чоң-чоң майрамдарды, Шанхай самитиндеги маданий иштерди, филармониядагы ар кандай иш-чараларды, жыл сайын Ысык-Көлдө болуп келаткан Ысык-Көл фестивалдарын, Кыргызстандын башка өлкөлөрдөгү маданият күндөрүн, (быйылкысы “Мейкин Азия” деген ат менен өттү) ж.б. толгон-токой маданий иштерди мына ушул министрликтин алдындагы Маданият борбору өткөзөт. Филармония аткар турган иштерди көбүн ушул борбор аткарып калганын да байкоого болот.

Ушундан улам, жакшы байкаган адамга бул борбор өзүнчө Маданият министрлигинин ичиндеги министрлик болуп калган. Министрликтин бюджетинин арбын бөлүгү ушул борборго которулат. Бүгүнкү күндө Маданият борбору Маданият министрлигинин үч кабаттуу имаратынын биринчи кабатын толугу менен ээлеп олтурат. Борбордо жалпысынан 60тай адам эмгектенет.

Негизи, коомчулуктагы: “бул борборду Раев акча жасоо үчүн атайы түзгөн” деген кеп да бекер жерден айтылбаса керек. Анткени, акча жасоонун жолдорун жакшы өздөштүргөн Раев иш-чаранын көбүн, болгондо да акча көп сарптала турган иш-чаралардын басымдуу бөлүгүн ушул Боронбаев жетектеген борбордун боорун басып берген экен. Ушундай көрүнүштөрдөн улам эл ичинде: “ Боронбаев Раевдин “кашалёгу” деген кеп айтылып келет.

Боронбаевдин ишмердүүлүгүнөн бир шиңгил мисал келтирели. 2008-жылы өткөн Шанхай саммитине карата филармония оңдолуп түзөлүп, ал иштерден миллиондор уурдалганын буга чейин жаздык. Ошол саммиттин алдында министрлик үн күчөтө турган атайы аппарат сатып келүү үчүн бир нече миллион сом бөлүп, ал акчага Боронбаев Германиядан аталган аппаратты алып келет. Бирок ал кымбат аппараттын кийинки тагдыры өзүнчө кызык. Себеби, Раев менен Боронбаев ал аппаратты министрликтин балансынан чыгарып, жеке фирма аркылуу аны республикада болуп жаткан ар кандай чоң иш-чараларда, майрам-концерттерде, мааракелерде ж.б. салтанаттарда жакшы суммага ижарага берип, пайдасын айда көрүп жүрүшкөнү айтылат. Жада калса, министрлик өзү иш-чара өткөрсө, ижарага акчасын төлөп колдонушарын эшиттик. Демек, бул чындап эле анык болсо, анда иш биз жазып жаткан эки каармандын өзүнчө бир коррупциялык иш десек болот.

Ижарага берип пайда көрүп...

Султан Раевдин “кашёлогу” аталган Рыскул Боронбаевдин ишмердүүлүгүнөн дагы бир шиңгил мисал келтирели. 2008-жылы өткөн Шанхай саммитине карата филармония оңдолуп түзөлүп, ал иштерден миллиондор уурдалганын буга чейин жаздык. Ошол саммиттин алдында министрлик үн күчөтө турган атайы аппарат сатып келүү үчүн бир нече миллион сом бөлүп, ал акчага Боронбаев Германиядан аталган аппаратты алып келет. Бирок ал кымбат аппараттын кийинки тагдыры өзүнчө кызык.

Себеби, Раев менен Боронбаев ал аппаратты министрликтин балансынан чыгарып, кайсы жеке фирма аркылуу аны республикада болуп жаткан ар кандай чоң иш-чараларда, майрам-концерттерде, мааракелерде ж.б. салтанаттарда чоң суммага ижарага берип, пайдасын айда көрүп жүрүшкөнү айтылат. Жада калса, министрлик, анын алдындагы Улуттук маданий борбор өзү иш-чара өткөрсө, ижарага акчасын төлөп колдонушарын эшиттик. Демек, бул чындап эле анык болсо, анда иш биз жазып жаткан эки каармандын өзүнчө бир коррупциялык иши десек болот.

Сөздүн кыскасы, Боронбаев менен раевдин жаны бирге. Минтип айтып жатканыбыздын да жүйөлүү себеби бар. Мисалы, Раев кайсы чет өлкөгө барса, Борнобаевди дайым жанына алып алат. Анын кереги барбы, жокпу, ал үчүн канча чыгым кетип жатканына да карабайт. Иши кылып, жанында болсо болду.

“Чычканга кебез алдырбас ” Мукталы Бектеналиев...

Маданият тармагынын дагы бир чоң атка минер адамдарынын бири, Раевдин кареги менен тең айлангандардын катарында Бектаналиев Мукталы Абдыбекович деген да байкебиз бар. Бул адам убагында Мамлекеттик кино тасма компаниясын бир топ мезгил башкарган. Бирок өзүн мыкты башкаруучу, тың, жаратман жетекчи катары деле көрсөтө алган эмес. Анткени ал жетекчи болуп турган учурда бир кыйла баш аламандык, кемчиликтер орун алган. А, түгүл айрымдар аны “кино тармагын талкалагандардын бири” деп баа берип жүрүшөт. Ошондой “ийгилигине” карабастан Бакиевдин үй-бүлөлүк бийлигинин тушунда, тагырагы Раев министр болуп турган кезде ага статс-секретарь болуп барган. Ал ордунда бекем олтурду. Ал тургай, 2010-жылы бийлик алмашканда да кызматтан кетпей, “казык” болуп кагылып турду.

Аны Раевдин кареги менен тең айланат деп бекеринен айтышпаса керек. Анткени, ал Боронбаев сыяктуу эле Раевдин ишенимдүү кадрларынан, түз айтканда “мафиядагы” ардактуу мүчөлөрүнүн бири десек аша чапкандык болбос. Маселен, ал статс-секретарь болуп турган кезинде кадр жана каржы маселелерине кол коюп, бир топ “жакшы” иштердин автору болууга жетишкендиги айтылат. Бирок бул адам башкаларга салыштырмалуу өтө сак жана куу дешет, аны жакшы билгендер.

Эске салсак, Раевдин буга чейин көп жолу жазып келген маданий мекемелерди (филармония, опера жана балет театры, КырДрам, Цирк, Абдыраев ж.б.) оңдоп-түзөө маселесинде Бектеналиевдин түздөн-түз катыштыгы бар. Себеби, ал статс-секретарь катары бөлүнгөн акчаларга кол койгон. Тендерлерди уюштуруп, “кол ийрисине” тартат дегендей “шефи” Раев каалаган курулуш фирмасын тендерде утуп чыгууга салым кошуп келгендиги да айтылат. Мисалы, Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектепти оңдоо үчүн тендер уюштурулуп, ат салышка түшкөн бир нече фирмалардын ичинен “Ариет-Д” аталышындагы фирмага жең ичинен жан тартылып, натыйжада ал утуп чыккан. Ээси Шыртаев Бообек. Бул адам филармония, КырДрамды оңдоо иштерине катышып, 100 миңдеген сомдорду максатсыз пайдаланган. Ошентип музыкалык мектепке бөлүнгөн 18 миллион сомдун көбү максатсыз пайдаланылган. Көндүм адатка айлангандай эле, жоопкерчиликке эч ким тартылган жок. Бул боюнча Раев да, Бектаналиев да “лам” деп ооз ачпады.

Бетеналиев учурда министрликтин алдындагы кино депаратаментинин директору. Анын азыркы ишиндеги ишмердүүлүгү тууралуу кийинчерээк кеп кылалы.

...Жылдын этегинде сандан-санга эки айга чейин жарыяланып турган бул “Маданияттын мафиялары” деген макалабыз ар кандай себептер (бут тосуулар, ортого киши салмайлар ж.б.) менен аягына чыкпай калган эле. Ошондон уламбы, “Аягын качан окуйбуз, булар эмне жазылбайт, алар эмне жазылбайт?” деп кайрылып, сурап кызыккандар көп болду. Анткени, бул макалабыз маданиятта өзүнчө чоң топ болуп жүргөн белгилүү инсандарыбыздын тынч уйкусун алып турду. Жакынкы сандарыбызда “Цирк”, бир катар музыкалык мектептер баштаган дагы бир топ маданий мекемелердеги коррупциялык иштерди жазмакчыбыз. Жогоруда сөз ортосунда кыпчып кеткен тоскоолдуктарга карабай, бүгүнкү саныбыздан баштап, “Маданияттын мафияларын” кайрадан улантып олтурабыз.

Маданият тармагынын эң башкы мафиясы же тагыраак айтканда ана башчысы министр Султан Раев экенин бул макаланы калтырбай окугандар жакшы билет. Раев мырза, Кыргызстандын маданият тармагы талкаланганы талкаланган. Бул пикир жеке менин пикирим эмес. Жогорку Кеңеште олтурган көпчүлүк депутаттардын көз карашы да ушундай экени баарына белгилүү. Эң башкысы жалпы эл, анын жасаган иштерин жактырбай, катуу сынга алып келатканы факт. Эмесе, Раевдин бүгүнкү күндө эмнеге аракет кылып, эмнеге жанталашып жатканы тууралуу “ысык” маалыматты окурмандар менен тең бөлүшөлү.

“Кыялдын” кыялдары реалдуу турмушта...

Раев министрликке караштуу жалпы маданиятты жөндөй албай жатып, министрликтин карамагына дагы башка багыттагы кызматтарды кошконго аракет кылып келатканы ачыкка чыкты. Мисалы, айтылуу “Кыял” бирикмесин министрликке каратуу аракетин катуу көрүп, Ак үй, Көк үйгө чуркап, башбакан баштаган билермандарды көндүрө албай, өзүнөн-өзү убара болуп, тынч уктай албай жүрөт. Эми бул маселе боюнча башканы айтардан мурун даңазалуу “Кыял” тууралуу кыскача пикирибизди ортого салалы.

“Кыялдын” кыял атына заты жарашып иштеп келатканын бери жагы 40 жылдан ашты. 1969-жылы Борбордук Комитет "ар бир республикада элдик өнөрдү сактаган ишкана ачылсын" деген токтом токуйт. Анын негизинде "Кыял" бирикмеси түзүлөт. Бирикме азыркы турган имаратына 1986-жылы көчүп кирген. Бул жарым кылымга жакын убакытта “Кыял” кыргыз элинин улуттук баалуулуктары болгон кол өнөрчүлүгү, уз чеберчилигин өнүктүрүү, аны башка мамлекеттерге жайылтуу иштери менен ийгиликтүү жүргүзүп келатканын эч ким жокко чыгара албайт. Бирок бул кеп оңой айтылганы менен, мунун артында эмне деген түмөн түйшүк, эмне деген эмгек жатканын баса белгилеп айтпасак да түшүнүктүү. Ал түйшүктүү эмгектин жаратмандары албетте “Кыялдын” жалпы жамааты. Учурда “Кыял” бирикмесининин штаттык бирикмесинде 200гө жакын адам иштейт. Андан сырткары 400 адам “Кыял” менен тыгыз байланышта, тактап айтканда штаттан тышкары иштешет экен. “Кыял” өзүнүн жарым кылымга жакын басып өткөн жолунда кыргыздын комузу, ээри, камчысы, сандыгы баштаган улуттук баалуулуктарын, ошондой эле калпак, чапан, кыргыз көйнөгү баштаган улуттук кийимдери менен жалпы кыргыз элин камсыздап, унутта калтырбай, улуттук дөөлөттү, бабалардан калган ыйык мурасты даңазалап, арийне аздектеп келет. Муну менен гана чектелип калбастан, башка чет өлкөлөргө да экспорттошуп, алардын да чоң кызыкчылыгын байма-бай жаратып турушат.

Маселен, союз убагынан бери, тактап айтканда 1970-жылдардан тарта кыргыздын нукура дөөлөтүнүн даңазасын арттыруу максатында: ГДР, Алжир, Ирак, Франция, Япония, Португалия, Англия, АКШ, Италия, Кытай, Турция, Ливан сыяктуу ондогон мамлекеттерди кыдырып, эл аралык сынактарга катышып, баш байгелерди жеңип келишет. Биз азыр ал аталган мамлекеттерден бардык жеңип алган эл аралык сыйлыктарын тизмектеп олтурбастан, 2010-жылы Кытайда өткөн ЭКСПОдон алтын медаль жеңип алганын айта кетсек жетиштүү болоор.

“Кыялдын” көп жылдан бери жетектеп келген мурунку жетекчиси, Кыргыз эл сүрөтчүсү Султанбек Макашов жалпы жамааты менен 1990 -жылдарда башталган менчиктештирүү деген “катуу шамалдан”, тактап айтканда Акаевдин, Бакиевдин доорундагы сасык саясатка туруштук берип, “Кыялды” бирөөлөрдүн менчигине бердиртпей, мамлекеттин карамагына калтырганы эң чоң жетишкендик. Эгер “Кыялдын” жетекчисинин мындай туруктуу позициясы болбогондо, “Кыял” эчак бирөөлөрдүн менчигине кетмек, балким эмдигиче таптакыр кыйрап да түшмөк...

Андан тышкары, 2010 –жылы Отунбаева бийликте олтурганда, “досумун” деп Роза эжекебиздин атын жамынган Д. Чоочунбаева деген айым “Кыялдын” жамаатын чоочутуп, жетекчи болом деп желпинип, бир топ ызы-чуу чыгарды. Аны ошол кездеги президенттин аппарат башчысы Эмилбек Каптагаев да катуу колдоп, бар болгон аракетин жумшаган. Бирок “Кыялдын” жетекчиси жалпы жамаат менен алардын андай “чоочун саясатын” четке кагышкан. Андай балээден кутулган “кыялчылар” жаңы гана тынчып, өз иштери менен алек боло баштаганда баары бүтүп, эми Султан Раев көз артып баштаганы кайсыл акылга жана кимдин акылына сыят?! Сыйса, Раевдин чолок ойлорунан чогулган акылына эле сыйбаса, бул маселе жалпы элдин акылына сыйбай, ал тургай түшүнө да кирбей турган нерсе болуп турат.

Башкасын кыйратып бүтүп, “Кыялды” кыйраткысы келет...

Маданият министрлигинин республика боюнча жалпы жамааты бери жагы 10 миңден ашат. Аймактардагы талкаланып тарпы чыккан маданий имараттар, иши аксаган, айрымдарынын такыр эле иши токтоп калган министрликке караштуу ар кандай бөлүмдөр да толтура. Эң аз айлык да ушул министрликте. Ал эми биз сөз кылып жаткан министрлик коррупциянын очогу. “Жетекчи кандай болсо, калганы да ага карап түздөлөт” деген сөздү дал ушул жерде айтып койсок жарашат. Кыскасы, Кыргызстандын маданияты учурда олку-солку абалда. Баш аламандык абдан көп. Жол көрсөтүп, мындай туңгуюктан чыга турган министрлигибиздин кебетеси болсо бул. Андыктан: “Айдаганың беш эчки ышкырыгың таш жарат” дегендей, алына карап ышкырбаган Султан мырзанын “Кыялды” министрликке каратам деген кыялы өтө опурталдуу болуп турат. Себеби, жогоруда айткандай министрликтин ишин жыргата албаган, талапка ылайык оңдой албаган Аким аксакалдын баласы, “Кыялдын” ишин кыйратмак беле? Эгер, бул маселе чоң талаш-тартышка айланып, кокус Раевдин колуна тийип калса, анда “Кыялдын” кебетеси, министрликке караштуу аймактардагы аты бар, заты жок маданият үйлөрүнө, китепканалардын, киши кирбеген айрым театрлардын кебетесин кийип калышы толук мүмкүн. Анткени, Раев кандай бийлик келсе да, алар менен тил табышып, мындайча айтканда : “Күн тийген жердин күкүгүнө айлынып, ”Маданият министрлигин ушуну менен үчүнчү ирет башкарып олтурат. Ошондо жалпы жонунан 10 жылга жакын, министрлик кызматты аркалады. Бирок он жылдын ичинде эмнени өзгөрттү? Бир сөз менен маданият тармагын кашаанын ичинде өлдү деп койсок болот. Болгону кино, эстрада тармагы, улуттук фольклор тармагы министрликтин күчү менен эмес, өз аракеттери менен жанданып, жакшы жолдо баратат. Калган театр баштаган бир топ багыттардын иши аксап, оңоло албай, аз-аз жерден оңкосунан сайылганы турат. Анан ушундай иши аксаган министрликке кырк жылдан ашык тарыхы бар, кыргыздын сыймыгы болгон “Кыялды” кошуп салып, шорубуз шорподой кайнабасын. Бар нерсени жоготуп, бүтүн нерсени бүлдүрүп, кийинки муундардын алдында айыптуу болуп жүрбөйлү. Албетте, бул маселе Раевди ойлонтпойт. Анткени, ал өзүн кыйын сезип, “Кыял” колума тийсе эле, баарын кыйратам, гүлдөтөм” –деп биринчи кезекке жеке кызыкчылыктарды коюп жатканын баамдасак болот.

Анткени, “Кыял” биринчи кезекте 100дөгөн жумушсуз адамдарды жумуш менен камсыз кылууда. Ошондой эле мамлекетке жыл сайын он миллиондон ашык сом салык төлөп турат. Мына ушундай кызыкчылыктар Раевди тынч уктатпай жатса керек.

“Кыял”, “Кыял” болуп түзүлгөндөн тартып эле, Мүлк министрлигине караштуу болуп келатат. Бир сөз менен айтканда өкмөттүк мекемеге караштуу нерсени Раев бөлүп чыгып, өзү эптей албай жаткан министрликке карата албай жатканы жалпыга, ал тургай президентке да жагымдуу иш болбосо керек. Раевдин министр болуп турган 10 жылга жакын убакыттын ичинде Кыргызстандагы филармония, КырДрам, Опера жана балет театры, Цирк баштаган 10догон маданий мекемелерге 100дөгөн миллиард сомдор бөлүнгөн. Тилекке каршы, алары талапка ылайык оңдолгон жок. Аттары аталган мекемелердин Керим Турапов, Кыргызбай Осмонов, Болот Осмонов, Ибрагим Жунусов, Нурлан Шакиев, Курмангазы Исанаев, Рыскул Боронбаев, Муктаалы Бектеналиев, ж.б. белгилүү инсандар ошол оңдоо иштеринде миллиондогон суммалардын зыяндуу пайдаланышына даңгыр жол ачып беришкен. Учурда Турапов, Осмонов баштаган айрымдарына кылмыш козголгон. Алардын жоопкерчилигинде убагында желип кеткен 10догон миллиондор турат. Албетте, ал “мафиялардын” башында Раев министр катары өзү турган. Ага эчак кылмыш козголушу керек эле. Бирок укук коргоо органдары “уктап” жатышабы, же алардын баарын колго алып койгонбу, айтор биздин министрибиз өзүн коомчулукка эч нерсе кылбагандай, ар дайым таза иштегендей, өзүнөн башка кыйын адам жоктой көрсөтүүнүн аракети менен гана иштемиш болуп келет. Бирок кандай болбосун, акыры колу менен жасагандарын мойну менен тарта турган күн да келет. Мына ушуну эстен чыгарбашыбыз зарыл.

Гезитибиздин кийинки санында талашка түшкөн “Кыялдын” оор тагдыры тууралуу аталган мекеменин жетекчилиги жана жамаатынан пикирине орун бермекчибиз.

Үмүттү үзбөгөн үчүнчү жолку аракет

Гезитибиздин өткөн санында Раевдин “Кыялды” алууга аракет кылып жатканын жазганбыз. Бүгүн да биз окурмандарга ал маселенин чоо-жайын тереңирек иликтөөгө алган кезектеги макалабызды сунуш кылмакчыбыз.

Раевдин “Кыялды” алууга болгон аракети мындан туура он жыл илгери эле башталыптыр, тактап айтканда азыркы аракети үчүнчү жолку аракети экен. Анда кеп башынан болсун.

Султан мырза, 2004-жылы министр болуп келгенде, Осмонакун Ибраимов Мамлекеттик катчы болчу. Анан ал кездеги терисине батпай турган жаш министр “Кыялды” Маданият министрлигине кошуу боюнча кат жазып кайрылган. Бирок ал “жашыруун” катты “Кыялдын” жамааты билип калып, Ибраимовго “Кыялды” министрликке кошууга болбосун түшүндүрүп жатып, алып калышкан экен. Арадан бир канча убакыт өтүп экинчи жолу аракет кылып баштайт, бирок жолу болбой кызматтан түшүп калып, ордуна Н. Шакиев дайындалат. “Кыялдын” жамааты Шакиевге чоо-жайды түшүндүрүп кат жазышат. Деңгээли Раевдин деңгээлинен айырмаланбаган Шакиев: “Бизде “Кыялдан” башка да баш ооруткан маселелер көп, биз “Кыялды” кошуп алуудан баш тартабыз” деген мааниде өкмөткө кат жазат. Ошентип, ортодо бул маселе чечилип, жабык болуп калганда, жыл айланбай “Кыялдан” көзү каткан Раев экинчи жолу министр болуп келет да, баягы “сасык саясатын” баштап, “Кыялга” жетүүнүн жалгыз чыйыр жолун ошол кездеги Мамлекеттик катчы Адахан Мадумаров аркылуу издейт. Бирок ал жолу да тилегине жеткен жок. Эми төмөндө Раевдин “Кыялга” эмнеге мынча “ашык” болуп калганын башкы себебине учкай токтололу.

Раевдин Таалай Мусабаев деген досу 2007-жылдары “Кыялдын” мурунку жетекчисинин орун басары болуп турган. Бир күнү Раев, Мусабаев экөө мончодон мындай бир чечимге келишет. Раев Мусабаевге: “Маданият күнү келатат, давай сага сыйлык алып берейин документтериңди даярда”-дейт. Ошентип экөө мончодо жылаңач олтурушуп, бакыйган бир чоң сыйлыктын тагдырын чечип коюшат. Бирок Мусабаев өзүнүн жумушка бирде келип, бирде келбей жүрүп, жалпы жамааты менен мамилеси начар экенинен улам, сыйлык тууралуу эч кимге айтпастан эле: “Кыялдын” жамааты менен чогулуш өткөрдүк, баары макул”, –деп жасалма документ кылып, кол койгондордун арасына жетекчинин да колун, андан бир ооз сурабастан, өзү коюп коёт. Раев ага “Маданиятка эмгек сиңирген ишмер” деген сыйлыкты алып берет. Бирок бул кабар ачыкка чыгары менен 20-30 жыл (эчактан бери сыйлыкка көрсөтүлүп, бирок ала албай жүргөндөр) иштеген ардагерлер баштаган жалпы жамаат: “Мусабаев маданиятка эмне кылып эмгек сиңирди? 4-5 жыл эле иштеди го, кайсы кызматы үчүн алды?”- деп катуу нааразы болушуп, Ак үйгө, министрликке, прокуратурага да арыз менен кайрылышат. Прокуратура арыз боюнча баарын иликтеп чыгат. Жыйынтыгында Мусабаев: “Жетекчинин колун өзүм коюп койгом” деп жасалма документ жасаганын мойнуна алат. Ошентип, Раевдин да абийири аштай төгүлүп, “Кыялга”, “Кыялдын” жалпы жамаатына ызырынып, жогоруда сөз болгон кадамдарга, бара баштайт. Бирок ушул кезге чейин мыйзамды одоно анын жасалма жол менен алган

Төмөндө “Кыялдын” мурунку жана бүгүнкү ахыбалын терең билген адамдарды сөзгө тарттык.

Абдуллаев Мукаш Кыргызстандын кол өнөрчүлөр палатасынын төрагасы:

“ Маданият министрлиги “Кыялды” өнүктүрө албайт, тескерисиче “өлтүрүп” алышы мүмкүн...”

- Мукаш байке, сиз “Кыялдын” Маданият министрлигинин карамагына кошулушуна кандай себептер менен каршы болуп жатасыз?

- Каршы болуп жатканымдын жөндүү себептери бар. Мен аны айтуудан мурун, “Кыялдын” өзү тууралуу кыскача айтып берейин. Биз 2007-жылдан 2009-жылга чейин жалпы Кыргызстанды кыдырып, 400дөн ашык айылдан 126 миң кол өнөрчүлөрдү, уздарды каттоого алганбыз. Чынын айтканда, бул бери жагы эле. Мына ошонун баары биздин палатанын мүчөсү болуп эсептелет. Негизи эле биздин мамлекет кол өнөрчүлүккө кайдыгер мамиле кылып, эч кандай жардам бербей келет. Ал эми башка мамлекеттерде андай эмес. Мисалы, Россияда, Белорусияда мамлекет жакындан колдоо көрсөтүп келет. Биздин коңшубуз Өзбекстанда да кол өнөрчүлүк жакшы жолго коюлган. Алардын жалпы элинин 60 пайызга жакыны кол өнөрчүлүк менен алектенишет. Ал эми Түркмөнстандын килеми бүт дүйнөгө белгилүү да, ал жакта аялдардын 90 пайызы килем токушат. Себеби, бул өлкөлөрдүн көбүндө кол өнөрчүлүк багыты түздөн-түз президенттин жүргүзгөн саясатына караштуу.

Окумуштуулардын иликтөөсүнө таянсак, ар бир мамлекеттин жалпы элинин 10 пайызы кол өнөрчүлөр болот экен. Бирок бизге окшогон көчмөн элдин 10 пайызы эмес, бери дагы 30 – 40 пайызы кол өнөрчүлүк менен алектенет. Бирок жогоруда айткандай бизди мамлекет бул багытты такыр колдоого албайт. Кол өнөрчүлүктү өндүрүүгө эч кандай акча бөлбөйт. Жеңилдиктер да каралган эмес. Эгер мамлекет мен айткан 126 миң адамды колдоп, атайы имарат берип, шарт түзсө, алар мамлекетке абдан чоң салым кошушмак. Мисалы, “Кыял” жыл сайын 20дан ашык ар кандай эл аралык көргөзмө, сынактарга катышат. Баары тең коммерциялык багытта эмес, бир гана улуттук баалуулукту даңазалоо багытында. Кытайда өткөн ЭКСПО-2010 сынагына “Кыял” 2 млн. сомдук экспонат жөнөтүп, ал 8 ай бою көргөзмөдө турду. Ушундай сынактарга катышууга мамлекет бир да сом бөлбөйт. Негизи “Кыял” өзүнүн уставы боюнча: улуттук көркөм өнөрдү изилдейт, ал тууралуу китеп, альбомдорду басып чыгарат, авторлорго методикалык жана материалдык жардам көрсөтөт. Алыскы региондорду кыдырып, анык чебер, уздарды таап, алардын эмгектерин өндүрүшкө киргизет. Чыгаан чеберлерге, өсүп келаткан муунга өнөрдүн сырларын окутат. Мындан башка да коммерциялык эмес ар кандай долбоорлор менен да иштейт. Мына ушунун баарына жылына 5 млн. сомдон ашык каражат сарпталат. Анан ушул акчаны Маданият министрлиги каржылай албайт да. Россия баштаган бир катар мамлекеттерде бул иштерге бюджеттен атайы акча бөлүнүп турат. Эгер “Кыял” мамлекеттик ишкана бойдон калса, анда аны Мүлк фондусунан алып, Маданият министрлигине кошуунун кандай кажети бар? Маданият министри “Кыялды” өнүктүрө албайт. Тескерисинче, “Кыялдын” тапкан-ташыган борбордук аппаратка ж.б. муктаждыкка ала берип, такыр сызга олтургузуп, талкалап салышы толук мүмкүн.

- Негизи, акыркы жылдардан бери ары-бери сүйрөп жатышкан “Кыялды” эч кандай министрликке кошпой эле, башка өлкөлөр сыяктуу Президенттин иш башкармалыгына кошуп койсо болот да...

- Президенттин иш башкармалыгына кошуп койсо, абдан сонун болмок. Анда “Кыял” өнүгүүнүн дыңгыр жолуна түшмөк. Бирок бул маселе менен “Кыялдын” жетекчилиги буга чейин кайрылып, тилекке каршы оң жооп ала алган эмес. Мисалы, президент указ чыгарып, тапшырып турган сыйлыктардын, белек–бечкектердин дээрлик бардыгын Президенттин Иш башкармалыгы аркылуу “Кыял” жасайт. Бир жылы тендерди утуп алып, 10 миң Баатыр эне орденин жасадык. Бирок бизге чейин Москванын “Монетный дворуна” заказ кылышкан. Алар бир орденди 8900 сомго жасап беришерин айтышкан. Ал эми “Кыялдыкы” 6517 сомго айланган. Эгер Москвага жасатса, анда бюджеттен дагы кошумча 30 млн. сом ашык кетмек. Ошентип, “Кыял” Москваныкынан алда канча арзан жана сапаттуу жасап берип, мамлекеттин 30 млн. сомун үнөмдөп берген. Ошондон кийин, биз Президенттин Иш башкармалыгына “Кыялды” кошуу боюнча кат жазсак, алар эки айдан кийин: “Жок, мыйзамга туура келбей калат” деп жооп берген Ошол бойдон бул маселе жабык турат. Негизи, Кыргызстандын кол өнөрчүлөрүн Президенттин Иш башкармалыгы өз көзөмөлүнө алса абдан жакшы болмок.

Замира Саткеева, “Кыял” бирикмесинин профсоюзунун төрайымы:

“ Раев “Кыялды” алам деген кыялын унутуп койсун...”

- Чынын айтканда, акыркы 10-15 жылдан бери “Кыял” чоң чырлардын, талаш-тартыштын очогуна айланып калды. Жалпы жамаат “Кыялды” Акаевдин учурунда менчиктештирүүдөн сактап калган. Бакиевдин тушунда болсо, ар кайсы мамлекеттик мекемелерге кошуу саясаты күч алган. Бирок андай “алааматтан” да кутулуп чыккан. Ал эми Отунбаева бийликке келгенде, анын досумун деген Д. Чоочунбаева “Кыялга” жетекчи болмокчумун деп, Роза айым менен Каптагаевге таянып алып чоң аракеттерди көрдү. Алардын атайы жасаган ар кандай чабуулдарына жалпы жамаатыбыз менен каршы чыгып, андай чоочун адамдарга “Кыялды” алдырткан жокпуз. Эми болсо “Кыялга” көз арткандардын катарына министр Раев кошулуптур. Ал ар кандай аракеттерди көрүп жатканын угуп жатабыз. Биз жалпы жамаат “Кыялды” Маданият министрлигине эч качан караштуу кылганга жол бербейбиз. Себеби, мындай чечимге баарыбыз караманча каршыбыз. Эгер Раев ошончолук эле чечкиндүү аракеттерди көрө турган болсо, биз миңден ашык жамаатыбыз менен чоң митингдерди уюштурабыз. Кыскасы, Султан Раев “Кыялды” Маданият министрлигине караштуу кылам деген кыялын унутуп койсун. Анткени, анын кыялы ишке ашпай турган куру кыял. Раев “Кыялга” суктангандан көрө, министрликке караштуу толгон-токой китепканаларды, театрларды, клубдарды ж.б. оңдосун. Министрликтеги башаламандыкты, коррупцияны жойсун. Ал иш колунан келбейби, башка татыктуу адамдарга кызматын бошотуп берсин.

Аламанова Ишенгүл:

- “Кыял” бирикмесинде иштеп келатканыма 31 жыл болду. Мен Акаев, Бакиев, андан кийинки ажолорго карышкыр ичик, суусар тебетей сыяктуу баалуу белек-бечкектерди өз колум менен жасаган адаммын. Чынын айтканда, акыркы жылдары “Кыялга” көз арткандар көбөйүп кетти. Тынч иштеп, мамлекетке чоң пайда келтирип жаткан кол өнөрчүлөргө асылганын токтотушса жакшы болот эле. Буга чейин “Кыялды” бөтөн колго бербейбиз деп далай митингдерге да чыктык. Эми Раевдин көз артып жатканы чынында биздин жамаатка жакпай жатат. Демек, дагы чоң митингдерге чыгат окшойбуз. Ал киши “Кыялды” оңой эле алып алам деп ойлоп жатса керек. Катуу жаңылышат. Анткени, Раев кол өнөрчүлүк кесибин түшүнбөйт да. Ошон үчүн ал киши менен биздин жамаат иштеше албайт.

(аягы)

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

01-12-2014
Коррупция короосунан... Маданияттын мафиялары... (уландысы)
22437

28-11-2014
Коррупция короосунан... Маданияттын мафиялары...
39808

27-11-2014

“Кыргызфильм” киностудиясындагы коррупция... Иликтөө...

22234

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×