Добавить статью
6:11, 12 марта 2015 33854

Элибизде патриот уул-кыздарыбыз көп болсун!

Азыркы учурда журналисттер элдин эсин эки кыла турган сенсацияны издеп, дүрбөлөңгө жакын адамдар “ааламда эмне шумдук болуп кетти экен” дегендей кулагын түрүп калган заман.

Бирок турмушубуз Кудайга шүгүр, жакшы. Арабызда жакшы адамдарыбыз арбын. Унчукпай элдин камын көрүп жаткан бийликтеги адамдар да бар...

Ошого карабастан, өзү да иштебей, иштеген кишини да иштеткиси келбеген, жалаң ушак-айың менен жашагандар да арабызда толтура. Кээде кимге ишенериңди билбей калган, Кудайга гана коюп койгон учурлар болот. Мына ушундай жамандыктардан, ушактардан, көрө албастыктардан азыркы Саламаттык сактоо министри – Талантбек Батыралиевди сактасын деп айтаар элем.

Анткени ал, эч кимдин колдоосуз эле көп ийгиликтерди жаратып койгонун төмөнкү тизмеден көрсөк болот. Алсак:

1993-ж. - Американын ангиология колледжинин, анык мүчөсү (FACA),

1994-ж. – Интернационалдык ангиология колледжинин анык мүчөсү (FICA),

1994-ж. – Бүткүл дүйнөлүк инвазивдик кардиология коомунун анык мүчөсү (FSCAI).

2000-ж. – Америка кардиология колледжинин анык мүчөсү (FACC), Bethesda, USA.

2001-ж. – Кардиологдордун Европа коомунун анык мүчөсү (FESC),

2004-ж. – Academy of TCTнын анык мүчөсү (Transcatheter Cardiovascular Therapeutics) New York, USA,

2008-ж. – РФнын медициналык-техникалык академиясынын анык мүчөсү (академик), Москва,

2011-ж. – Россия Естествознания академиясынын член-корреспонденти (РЕА РФ).

Сыйлыктары:

2000-ж. – European Board for the Speciality of Carrdiology – European Cardiologist 2002, Diploma.

2008 г. – Н.И.Пирогов атындагы ордени РФ, Москва, орден жана грамота.

2007-ж. – РФ МИАнын А. Д. Сперанский атындагы Алтын медалы.

350дөн ашык макалалардын (8 монография: 1 – англис, 7 – орус тилинде, алардын ичинен 3 монoграфия басууга даярдалууда)

80ден ашык илимий макалалары дүйнөнүн негизги журналдарында басылган (маалыматтар “Вечерний Бишкек” гезитинен алынды).

Чындыгында мен бул инсан менен тааныш эмесмин. Жакын да эмесмин.

Азыркы акча гана негизги ролду ойноп калган заманда чындыгың дагы чыркыраган бойдон элге жетпейт. Алгачкы маалымат кандай тарап кетсе, эл ошого ишенип, жакшы-жаманды ажырата албай калган учурлар абдан көп.

Талантбек Батыралиев – ушундай оош-кыйыш заманда элим-жерим деп четтен келип, эл жүгүн көтөрүп жаткан патриот уулдарыбыздын бири деп ойлойм.

Аны тааныбагандыктан, ал жөнүндө макалаларды окуп, маалыматтарды угуп, өзүмчө абдан кубанып жүрөм. Ушундай адам бар экен, болгондо да, кыргыздардын ичинде ушундай адам бар экен деп абдан кубанам. Талантбектин илимде, адамдардын ден соолугун сактоодо жараткан ийгиликтери кимди гана болбосун кубандырбай койбойт.

Талантбек Саламаттык сактоо министрлигине келе электе, Түркияга барып анын колунан дарыланып келген бейтаптар анын адамгерчилиги, түздүгү, ток пейилдиги, өз кесибинин чыныгы адиси экендиги жана ошондой эле түрк эли аны абдан сыйлай тургандыгы жөнүндө жомок кылып айтып жүрүшөт.

Түркияда Талантбектен дарыланып келген бир тааныш киши минтип айтат: “Талантбек чындыгында таза патриоттук сезими менен эле бул жерге келип иштеп атат. Анын ал жакта жакшы маяналуу иши бар. “Эмне болсоң, ошо бол” деп, айлыгын алып иштеп жүрө берсе болмок, ал кыргыз элиме кызмат кылайын деп келди. Бирок ким билет, биздегилер, бирөөнү чукуганды эле жакшы көрөт эмеспизби, аны да жөн иштетпей жолтоо болгондор чыгабы деп корком”.

Менин мындай макала жазуума азыркы Саламаттык сактоо министри муктаж деле болбосо керек, бирок, ушул макаланы окуган ар бир жаран жүрөгү жылып, патриоттук сезими козголуп, акырында бизде дагы өнүккөн цивилизациялуу мамлекеттердей, ишин мыкты билген инсандар иштеп, өлкөбүз алга жылса деген тилек.

Чындыгында өз ишин унчукпай жасап жүргөн опол тоодой адамдар арабызда көп. Четте иштеп, ата-эне, бир туугандарын, акырында келип мамлекетибизди багып жаткан уул-кыздарыбыз арбын. Мына ушундай жакшы адамдар жөнүндө жазып, жан дүйнөбүздү жыргатып, аларды моралдык жактан болсо дагы колдоп койбойлубу, урматтуу окурман, деп айткым келет!

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

04-09-2013
Ничке-Сайдын окуучулары заманбап мектептен билим алууга акысызбы?
40495

21-12-2012
Кыргыз интеллигенциясынын азыркы абалы
29275

19-04-2012
Мамлекеттик тилдин душмандары кимдер?
23535

02-04-2012
Кыргыз тили мамлекеттик тил деңгээлине эмне үчүн жетпей жатат?
17885

07-03-2012
Жакшы ойду ойло, жакшы сөздү сүйлө, жакшы ишти жаса
19533

22-02-2012
Маселени туура коюу керек!
14070

08-02-2012
Мамлекеттүүлүктү сактоо үчүн эң ириде эмне керек?
13157

26-12-2011
Кыргыз тилин өнүктүрүүгө салымын кошуучу “Тамга-КИТ” боюнча
18627

25-11-2011
Салттуу билим жөнүндө эмне билесиң?
16584

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×