Добавить статью
3:20, 16 марта 2015 70125

Койчусу көп болсо, кой арам өлөт

Сүйүнүштү, 124 күндөн кийин күйүнүштү 

Нарын облусунда ушуну менен курулуштун курулуп бүткөндөн кийинки кулай баштаган кезектеги окуясы катталды. Мындан 9 жыл илгери Кочкор районунун аймагында болуп өткөн катуу жер силкинүүдөн бир нече турак жайлар кулап калуу абалга кириптерленген. Жыйынтыгында мамлекеттик маанидеги курулуштар ордуна жаңылары салына баштаган. Бирок райондогу Ак-Жар айылындагы орто мектеп пайдаланууга берилгенден көп өтпөй жарылууларга дуушарланып, бара-бара четинен имарат кулай баштаган. Азыр ал мектеп сыртынан жалтырап, ичинен урап томсоруп турганы турган. Нарын районунун Ак-Кыя айылындагы жаңы салынган орто мектептин дагы чатырынан бир жыл өтпөй суу агып, дубалдарды саргайткан. Эми келме кезек Ак-Талаа районунун Кадыраалы айылындагы орто мектепке келди. Бул айылдын окуучулары 100 пайыз дал ушул март айында 5 күн сабакка барышкан жок.

Чатырда окуган учурлар

Кен кенемтемесине келсек Ак-Талаа районунун Кызыл-Белес айыл аймагындагы Кадыраалы айылындагы Сүйүнбек Атамбеков атындагы орто мектеп учурунда мүлдө өлкөгө белгилүү болгон. 1966-жылы элдик «Ашар» ыкмасы менен салынган мектептин имараты жарылып, өзгөчө кырдаалдар башкармалыгы тарабынан ичине кирүүгө болбойт деп 2011-жылдын январь айында жыйынтык чыгарылган. Ал эми ошол жылдын жаз мезгилинен тарта мектептин окуучуларын бийлик чатырларда окутканга аргасыз кылышкан. Кыш маалында болсо балдар ар кайсы үйлөрдөн эптеп окумуш болушкан. Кезегинде өлкөнүн +кмөт төрагалары +.Бабанов, Ж.Сатыбалдиев акыбалды жеринен таанышууга да барган. Акыры муз ордуган козголуп, жалпы наркы 59,2 млн.сомду түзгөн жаңы мектептин курулушуна ак бата жолдонуп, 2012-жылы мамлекеттин каражатынан 3 миллион сом бөлүнүп, заманбап үлгүдөгү окуу жайдын пайдубалын түптөө иштер аткарыла баштайт. 2013-жылы болсо 17 млн.сом ыроолонуп, ал акчага болгону дубалы гана тургузулат да курулуш токтоп калат.

-Мына үч жылдан бери сиздердин окуучулар чатырларда жана ар кайсы үйлөрдө окуп келишти. Себеби бюджет тартыш болгондуктан акча эки жылда толук берилбей келди. Ошондуктан КСДП партиясы катуу киришип жатып быйыл калган каражатты толук бөлдүрүп, минтип жаркыраган мектептүү болуп жатасыздар,-деп чогулгандарга сөз салган эле өткөн жылдын 2-ноябрь күнү жаңы мектептин ачылыш салтанат шаанисине келип катышкан ал учурдагы ЖК депутаты, азыркы вице премьер-министр Дамира Ниязалиева айым. Ал эми КСПД фракциясынын лидери, ЖК депутаты Чыныбай Турсунбеков болсо ошол күнү республикада окуучулар муктаж болгон бир мектеп ишке киргизилгендигин белгилеген. Айтор 2-ноябрь Кадыраалы айылы эле эмес, бүтүндөй райондун, облустун тарыхый күнү катары бааланган. Бирок туулбай жатып туна чөккөн акыбал туптуура 124 күндөн пайда болот деп ал учурда бир Алла таала же мектепти салган курулушчулар гана билбесе, башка эч бир көзү ачык билбегендир.

38 күнгө чейинки бейпилдик 

Ошентип тоо арасындагы тепкедей айылдын окуучулары да, мугалимдери да, мүлдө ата-энелер да толук шарттагы мектептүү болушуп жыргап куунап калышат. Бирок алдыда кайрадан убайым учурлар тургандыгын албетте эч ойлошкон эмес.

-10-декабрь күнү мектептин бир жак тарабы толук жылыбай калды. Бир нече күндөн кийин жарымына чейин жылуулук жеткен жок. Арга кеткенде окуучулардын теңин эски мектепте окута баштадык. Ар ким ар кандай версияларды айта башташты. 26-февралда болсо мектептин ичиндеги даараткананын бир капталы кыйшая баштап, ал 2-мартта кулап калды,-дейт мектептин окуу бөлүмүнүн башчысы Сьездбек Сасыкулов. Ал эми окуяга айылдын тургуну Муратбек Тойматов алгачкы болуп күбө болгон экен.

-Быйыл кызыбыз 1-класска кирет. 2-март күнү даярдоо классына алып келгем. Саат он бир болуп калган. Мектепке киргенимден кийин эле даараткана жактан күп эткен үндү уктум. Эшикти ача салсам ичи чаң эле болуп калыптыр. Дароо кабар бердим. Кудай жалгап ошол учурда сабак жүрүп, окуучулар эс алууда эмес экен. Эртеси келсек баякы дарааткана ичин таптаза кылып тазалап салышыптыр,-деген кебин айтат айылдык тургун Муратбек. 

Кимди ким көрдүнүн кырдаалы

Жагдайдын келип чыгышына азырынча эч ким жоопкер эместигин аталган мектепке барган учурубузда ынандык. Абалды облустук прокуратура териштирүүгө алууда. Тараптар болсо күнөөнү бири-биринен гана көрүшүүдө.

-Негизи насос иштеген эмес. Мектеп көмүр менен жылытылат. Натыйжада суу тоңуп, даараткана, анын жанында орун алган балдар тамак ичүүчү жайдын алды көөп чыккан. Бир нече класстын жана китепкананын үстүнөн тамчы тама баштаган. Курулуш сапатсыз салынган,-деп С.Сасыкулов көрсөтмө берсе, айылдык тургун Нурлан Итигулов да бул пикирге кошулат.

-Мен мектепти курганга башынан катышып иштедим. Мисалы ашкананын плиталары араң эле 2,5-3 сантиметр жерге илинип коюлган. Ошондуктан момундай жараңкалар пайда болууда. Эми ал плиталар түшүп кетпейт деп ким кепилдик бере алат. Мисалы прорабы дайыма мас болуп жүрчү,-дейт Нурлан.

-Мобу бурчтан күндүз күн жылыгандан тарта тамчы тама баштады. үстүнөн болсо көгүчкөндөрдүн шуму угулуп турат. Негизи тынч эмес. Кээде жалгыз олтурганда коркчумун. Эшик болсо жабылбай, жабылса ачылбай айланы кетирчү. Көрсө дубалдар жылышып кысчу экен,-деген пикирин кошумчалайт мектептин китепканачысы Карлыгач Абдыракманова.

Ак-Талаа районунун акиминин биринчи орун басары Абдымалик Сулайманов курулуш жүрүп жаткан маалда 14 бөлүктөн турган кемчиликтер тууралуу Акт түзүлгөндүгүн, маалыматтар курулушчуларга жана КРнын +кмөтүнө караштуу курулуш жана архитектура боюнча мамагенттиктин жетекчиси Турдубек Мамбетовго чейин билдирилгендигин белгиледи. Ал эми имаратты курган Бишкек шаар курулуш жоопкерчилиги чектелген коомунун (ЖЧК) жетекчилиги кандайдыр күнөөнү моюндап, бирок кайрадан оңдоп чыгышаарын камаарабай сөз кылат.

-Бул жердеги окуя суу тетиктеринин жарылгандыгынан болгон. Кышында жылуулук системасы аварияга учураган. Тапшырылганда жакшы эле турган. Бир жарым айдан кийин трансформатор жарылган. Эми техника экен. Бүт окуя ушундан келип чыккан. үстүнөн тамчы тамганы анча-мынча кемчилик. Эки кошулган жерде Н-2 деген болот. Долбоор боюнча 20 см эни коюлган. Ал туруштук бербеди. Себеби улуу кар болуптур. Эми 10 күн аралыгында дараткананы жана балдар тамак ичүүчү жерди оңдоп беребиз. Май айынан кийин толугу менен капиталдык оңдоо жумуш жасайбыз деген гарантиялык кат да берилген,-деген кебин айтат аталган ЖЧК деректири Бөрүбай Ахмедов. 

Эртеңкинин белгисиздиги

Кырдаалды жеринен баам салууга өкмөт атынан КРнын өкмөтүнө караштуу курулуш жана турак жай мамлекеттик агенттигинин төрагасынын кеңешчиси Кадаңбай Бактыгулов келген экен.

-Бул эми кудайга жакпаган иш. Күнөө баарыбызда. Көпчүлүгү жумушту жасаган курулушчуларда. Биз агенттик тиешелүү жыйынтыктарды чыгарабыз. Бирок кыргызча айтканда имараттын сөөгү бекем. Ошондуктан балдар жети класстарда окуй беришсе болот,-деп билдирди ал жерден чогулган айылдыктарга К.Бактыгулов мырза.

-Негизи Кочкордун Ак-Жар орто мектеби сабак болушу керек болчу. Аны кургандар жаза алышпагандыктан улам ушундай иш кайталанып жатат. Негизи ээрге олтурганда эле кыйшык минген экенсиңер. +з билгениңерди кылгансыңар. Биякта эл силерге да нааразы. Силер болсо эл боюнча ар кандай сөздөрдү айтасыңар. Биргелешкен ынтымактуу иш болгон эмес. Ошон үчүн прокуратура, милиция бардыгын ачык айкын тергегиле. Кимиси ак, кимиси кара далилденсин,-деген жүйөөсүн келтирди ал жерден өкүл Аманбай Кайыпов.

Болгон окуядан кийин ата-энелер 6-марттан тарта балдарын мектепке жиберишпей, жыйынтыгында окуу таптакыр токтогон экен. К.Бактыгулов мырза баш болуп 7 класста коркунуч жок экендигин ынандырып, балдарды окута берүүгө элге убада кылды.

Алгачкы баам салууда курулушту мамлекеттик кабыл алууда бардык тиешелүү кызматтар кол коюшкандыгы айкындалды. Демек эртеңки күнү чыныгы анык күнөөлүүлөр ким экендиги аныкталабы же Кыргызстандагы таз кейпин кийген абал кайталанып жыл өтө бул окуя да унутулабы аны мезгил көрсөтөт.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

02-10-2014
Эне тилди экчегендер, эли-журтун тепсегендер (Кыргыз тилине арналган пародиялар)
43277

22-04-2014
Мектеп парламентинин үчилтиги
49320

27-03-2014
Ой пикир: Бай сотко барса-барпаңдап, кедей сотко барса калтаңдайбы?
31487

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×