Добавить статью
16:31, 30 марта 2015 55317

Билим берүү системасын реформалоонун айрым багыттары

Билим берүү системасын реформалоонун айрым багыттар

Азыркы учурда биз, мамлекетибизге мезгилдин койгон тарыхий өтө күчтүү чаккырыктарына: “(1) Кыргызстан мамлекет катары ага коюлган мезгилдин татаалдыктарына туруштук бере алабы?; (2) Кыргызстандын мамлекет катары өнүгүүсүнүн оптималдуу багыты кандай болот?; (3)Кыргызстандын бүгүнкү географиялык мейкиндигинде биздин балдар жана неберелер жашайбы?; (4)Мамлекеттин экономикасы жана өндүрүшү жанданабы?; (5) Кыргыз цивилизациясы деги эле сакталабы? ”, күбө болуп жатабыз. Өлкөдө мамлекет менен элдин, байлар менен кембагалдардын, борбор менен региондордун, маданиятуулук менен караңгылыктын, түштүк менен түндүктүн жана башкалардын ортосунда белгилүү бир карама-каршылыктар орун алган учур.

Кыргыз мамлекети келечекте дүйнөнүн картасында калуусу үчүн өлкөнүн алдына коюлган, мүмкүн анын өнүгүү тарыхындагы эң коркунучтуу, жогорудагы тарыхый чакырыктарга жооп табуусу керек.

Бүгүнкү “тумандуу” мезгилде кыргыз элинин көпчүлүк бөлүгү, анын ичинде интеллегенциянын өкүлдөрү рухий, жарандык, экономикалык ориентирлерин жоготуп, Кыргыз мамлекетинин бул туңгуюктан кантип чыгаарын элестете алышпайт. Көпчүлүк мугалимдер, врачтар, инженерлер, илимий кызматкерлер, дыйкандар, аскер кызматкерлери социалдык жактан коргоого муктаж болгон топтун катарын толукташты. Кыргызстандык кээ бир жарандар ар түрдүү үгүт насияттарга ишенип билимсиздигинен, караңгылыгынан Сирия сыяктуу мамлекеттерге кетип жатышат.

Ал эми Кыргызстандын эгемендүүлүк жылдары “билим” алган миңдеген жаштар өлкөдөн кесиптик багыттагы жумуш орундарынын жоктугунан, эртеңки келечектин айкынсыздыгынан, коррупциянын терең тамырлашынан, өз өлкөсүнөн чыгып кетүүгө аракеттенишсе, чет өлкөлөрдө билим алгандар мүмкүн болушунча ошол жактарда калууга аракеттенишүүдө. Терең өкүндүрүүчү нерсе, бул кечээки мугалимдер, врачтар, инженерлер жана башкалар базарларда алып сатарлык, курулуштарда кара жумуш менен алектенип, күн өткөн сайын мамлекет же өз чөнтөгүнөн каражат сарптап ээ болгон квалификациясын жоготууда. Жүздөгөн жана миңдеген мурдакы мугалимдер, врачтар социалдык чөйрөнүн кызматкерлери “жаңы кыргыздардын”- байлардын “кызматкери” болушууда. Башкача айтканда миңдеген билимдүү Кыргызстандыктар жаратмандык иш менен эмес, кедейликтен чыгуунун, жаман курсакты тойгозуунун аракети менен алек.

Жыйынтыгында, көптөгөн кедей, кембагал, турмушта өз ордун таппаган, бирок билимдүү Кыргызстандын кадрлары мамлекетибиздин өнүгүүсүнө толук кандуу салым кошо албай, чет мамлекеттерде “гастарбайтер” атка конуусу же өзүбүздө калктын 1-3% ын түзгөн байлардын “кызматкери” болуп жүрүүсү, өлкөбүздөгү адам капиталын ысырапкэрчиликк менен колдонуп жатканыбыздын белгиси. Өкүнүчтүүсү, кембагалчылык, жоксуздук билимдүү жарандарды мокотот, кабыргасын кайыштырат, мамлекетке, жарандык коомго ачуулантат жана айрым учурларда, аргасыздыктан жаман, а мүмкүн өтө жаман иштерге барууга себеп болот.

Белгилүү болгондой ондогон жылдар бою мамлекеттин жетекчилери жарандардын аң сезимине айрыкча жогорку окуу жайлардын өтө көбөйүп кеткендиги, аларга мамлекет бир топ каражат сарптап жаткандыгы, ал эми алардан пайда болбой жаткандыгы жөнүндө айтып келет. ЖОЖдордо окуп жаткандардын көпчүлүгү өз каражаттарына(контракт) окуп жаткандарына карабай алардын санын азайтуу аракеттери биздин мезгилдин парадоксу десек жаңылбайбыз. ЖОЖдордун саныны көбөйүшү, жаштардын көпчүлүгүнүн жогорку билим алууга умтулганы коомго эч кандай коркунуч жаратпайт. Билимдүү мигрант үй-бүлөсүнүн бардар жашоосуна,өлкөнүн өнүгүүсүнө, өзүнүн квалификациясынын жогорулоосуна шарт түзөт. Ошондуктан билим берүүчү мекемелерди кыскартууга эмес, коррупция, наркомания, алкоголизм, жердешчилик сыяктуу илдеттери менен күрөшүүбүз керек. Анткени билим алып жаткан жаштар(студент) бомжго, жумушсузга, наркоманга, кылмышкерге караганда коом жана өлкө үчүн, Кыргыз мамлекетинин келечеги үчүн пайдалуу.

Билим берүү системасын, саламаттыкты сактоо тармагын, илимди реформалайбыз деген ураандын арты менен Кыргыз Өкмөтү жана “элита” өлкөнүн экономикасын, саламаттыкты сактоо багытын, билим берүү жана илим системасын ж.б. туңгуюкка каптоодо. Аларда, жаңылбасак, бир гана принцип бардай: “Араба сынса – отун болот, өгүз өлсө эт болот”. Бирок алар билип коюусу абзел – “арабалар”(өндүрүш тармактары, айыл чарбасы, мектептер, саламаттыкты сактоо тармагы ж.б.) сынып бүткөн, ал эми өкүнүчтүүсү, жаңыны кура элекбиз.

Жогоруда айтылгандардан, мамлекетибиздин бардык жарандары үчүн, эң негизги жыйынтык чыгаруубуз керек, - өлкөбүздө экономикалык тартипти өзгөртмөйүнчө(!!!), өнүгүүнүн өзөгүн аныктамайынча, аларды бардык жарандардын жүрөгүнүн түпкүрүнө чейин жеткирмейинче билим берүүдө жана илимде, саламаттыкты сактоодо жана армияда, коммуналдык чарбада жана социалдык чөйрөдө ж.б. кардиналдуу өзгөрүүлөрдү жаратууга мүмкүн эмес.

Кыргызстандын экономикалык жактан өнүгүүсү үчүн өзүндө болгон бир канча байлыктарга таянуусу керек, алар- жаратылыш, эмгек жана интеллектауалдык потенциалдар(!). Бул потенциалдардын эң башкысы, чечүүчүсү, келечекке үндөөчүсү – АДАМ РЕСУРСУ экендигин алдыңкы өлкөлөрдүн өнүгүү тарыхы далилдеди. Өнүгүүнүн булагы, мамлекеттин түркүгү, өлкөнүн 1-3%ын түзгөн “элита” эмес, Кыргызстандын 97-99%ын түзгөн ачка, жумушу жок өлкөбүздө жүргөн же чет мамлекеттерде тентип жүргөн жөнөкөй, карапайым кыргызстандык жарандар саналат. Бардык жарандардын бардар жашоосу үчүн, мамлекеттин өнүгүүсү үчүн эмне керек(?), биринчиден, дүйнөлүк атаандаштыкка туруштук берүүчү, билимдүү, кесипкөй, мекенчил, элине, ата-мекенине күйгөн кыргыздын атуулдары керек жана экинчиден, адам ресурсуна таянуу менен, экономикалык өнүгүүнүн негизги драйвери болгон - атаандаштыкка жөндөмдүү, күчтүү өндүрүштү түзүү жана аларды андан ары өнүктүрүү зарыл. Ал эми өндүрүштү жаңыртууда, же жаңысын түзүүдө, биринчи иретте биздин мамлекеттин негизги тармагын түзгөн өндүрүш багыттарынан баштоо керек: алар– энергетика, тоо кен, айыл чарба жана өндүрүшкө кыйыр байланышы бар билим берүү, ошондой эле туризм тармактары эсептелет.

Дагы бир эске тутуучу нерсе(үчүнчү), өнүккөн мамлекеттердин тажрыйбасына ылайык, айрыкча өлкөнүн келечегин аныктоодо, маалымат мейкиндигин өзгүртүүгө чоң маани берүү зарыл, б.а. мамлекеттин, коомубуздун эртеңки өнүгүү өзөгүн так аныктоо менен биргеликте, аны өлкөдөгү ар бир жарандын жүрөк түпкүрүнө маалымат иретинде толук кандуу жеткирүү, ишендирүү, үмүт отун жагуу зарыл. Маалымат мейкиндигинин маанилүүлүгүнүн, мамлекеттин бардык жарандарына өнүгүү өзөгүн, толук кандуу жетүүнүн маанилүүлүгүнө мисал катары төмөнкүлөрдү келтирели: Америка кошмо штатынын убагындагы президенти Франклин Рузвельт 1930-1940-жылдары мамлекетти кризистен алып чыгуу үчүн америка мамлекетинин негизги өнүгүүсүнүн өзөгү катары автомобилдик жолдорду курууну белгилеп, бош жүргөн бардык жарандарды кызматка тарткан, ошол эле учурда Джон Кеннеди улуттук идея катары айга биринчи астронавты учуруу (Нил Армстронг 21.07.1969-жылы айга кадам таштаган) маселесин алып чыгуу менен мамлекетти дагы бир баскычка көтөрө алган.

Бүгүнкү шартта Кыргызстанда, бизге белгилүү болгондой, өндүрүш эмес, соода экономикасы орун алган. Мындай абалдан чыгуу үчүн биринчи иретте: (1)ишкерлердин активдүүлүгүн күчөтүү, (2) негизги тармактарда модернизация процессин ишке ашыруу, (3) мамлекеттик каражаттарды өнүгүүнүн жаңы долбоорлоруна топтоштуруу жумуштарын аткаруу зарыл. Ал эми өнүгүүнүн негизги долбоорлору(драйверлери) катары төмөнкүлөрдү белгилейбиз:

 Билим берүү;

 Энергетика;

 Тоо кен тармагы;

 Айыл-чарбасы;

 Туризм.

Мамлекетибиздин бүгүнкү абалын, глобалдашуу учурундагы негизги өзгөчөлүктөрдү, элибиздин менталитетин, жерибиздин жаратылыш байлыктарын, эмгекке жарамдуу калктын мүмкүнчүктөрүн анализдеп “Ата Мекен” социалистик партиясынын Ош областык жана Ош шаардык партиялык бөлүмдөрүнүн мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын экономикасыны модернизациялоонун (кээ бир тармактарды реформалоонун) жана жаңылануусунун ӨЗӨГҮ катары өлкөбүздөгү “билим, илим системасын” кабылдоону сунуштайт.

Бул өзөктүү сунушту негиздөө үчүн төмөнкү мисалдарды келтирели:

1. Бүткүл дүйнөлүк банк өз изилдөөлөрүнүн негизинде жакынкы келечектеги улуттук байлыктын структурасын аныктады: ага ылайык улуттук байлыктын 5% -жаратылыш байлыктары, 18% – материалдык, өндүрүштүк капитал, ал эми 77% – адамдын билим ресурсу түзөт.

2.Сингапур мамлекети келечектеги өнүгүүнүн драйвери катары -саламаттыкты сактоо, биомедицина жана билим берүү тармактарын белгиледи.

3.Финляндия мамлекети 1980-жылдары өлкөнүн өнүгүүсүнүн негизи деп билим берүү системасын кабыл алган. Бул мамлекетин экс-премьери Эско-Ахонун айтуусу боюнча өлкөнү өнүктүрүү үчүн финансанын негизги бөлүгүн (1)билим берүүнү жана илимди көтөрүүгө, (2)илимдин жыйынтыктарын өндүрүшкө кийирүүгө багыттаган. Жыйынтыгы кандай болгонун бул мамлекеттеги жарандардын жашоо деңгээлинин дүйнөдө алдыңкы орунда турганы көрсөтүп турат.

Великобританиянын убагындагы премьер –министри Уинстон Черчиль 1950-жылдары эле “Келечектин империясы акыл –эстин империясы”, болот дегенин да эске салалы.

Ошондой эле билим берүү системасы, илим жана инновация дүйнөлүк экономиканын локомотиви болуп бара жатканына мисал катары дагы төмөнкүлөргө токтололу:

1.Адамзаттын 2003-жылга чейинки 30миң жыл ичинде чогулткан бардык маалыматтарынын топтому 2013-жылдагы 2 күндө иштеп чыккан маалыматтардын көлөмү менен дал келээрин окумуштуулар эсептеп чыгышты. Ал эми эксперттердин аныктоосу боюнча 10 жылдан кийин бүгүнкү күнгө чейин топтолгон бардык маалыматтардын көлөмү 2023-2024-жылдардагы 1 саатта иштелип чыккан маалыматтардын көлөмүнө дал келет.

2.Бүгүнкү(2014-ж) күндөгү мобилдик телефондун кубаттуулугу 1969-жылдагы NASAнын эсептөө машиналарынын кубаттуулугуна барабар.

3.Азыркы оюн приставкаларынын кубаттуулугу 1997-жылдагы АКШнын аскер суперкомпьютеринин мүмкүнчүлүгү менен тең келет.

Жогоруда тизмектешип айтылган мисалдардын бүгүнкү глобалдык экономикада орун алышы мындан 40-жыл мурда Гордон Мурдун эмпирикалык түрдөгү айтылган законунун аткарылышы катары кароого болот. Бул законго ылайык: компьютерлердин кубаттуулугу ар бир 1.5 жылда 2 эселенип өсөт, же бирдик аянтка орнотулган транзисторлордун саны ар бир 1.5 жылда эки эселенип чоңойот. Бул закон мааниси боюнча мындан башка тармактарга да которулуп айтылган варианттары көпчүлүккө белгилүү.

1. Кыргыз Республикасында “Билим берүү” системасын реформалоо зарылчылыгы

Акыркы жылдардагы ЮНЕСКО жана ЮНИСЕФтердин маалыматтарына таянсак, бүгүнкү күндө Кыргызстанда, окуу жашындагы 63 миң бала мектепке барышпайт. Эгерде Кыргыз Өкмөтү жакынкы учурда аларды мектепке тартуу боюнча чечкиндүү кадамдарды жасабаса, анда бул “билимсиз” балдар өлкөбүздө криминалдык дүйнөнү толуктоосу калетсиз. Ошондой эле мектепте окуган балдардын билиминин сапаты да эгемендүүлүк жылдары байкаларлык түшүп кетти. Ага мисал катары төмөнкүнүн белгилөөгө болот:

PISAнын жана TIMSSтин аныктоосунуна ылайык Кыргызстандагы окуучулардын билим сапаты 65 мамлекеттин ичинен изилденген багыттар боюнча эң акыркы орунга ээ болгон, ал эми Россия математикадан 38-, окуудан 43-, табигый билимдерден 39-орундарды ээлеген. Мындан келечек үчүн, малекеттин өнүгүүсү үчүн билим берүү системабызды реформалообуз учурдун талабы.

Ал эми Кыргызстандын билиминин өнүгүүсү үчүн, учурунда биздегидей эле абалда(калкынын саны, территориясы, экономикасы) болгон мамлекеттердин билим берүү системасын реформалоо тажрыйбасын үйрөнүшүбүз зарыл деп эсептейбиз. Мындай мамлекеттердин катарында 1960-1970-жылдары билим берүү системасын реформалаган Сингапур, 1980-жылдардагы Финляндия, Түштүк Корея, Гонконг болсо, 1990-жылдары Словения, Литва, ал эми акыркы жылдары СНГ(КМС)дан Казахстан, Азербайжан, Армения, ж.б.мамлекеттерди атоого болот. Бул аты аталган мамлекеттерде чындап эле билим берүү системасы жакшы жолго коюлганын же коюла баштаганынын далили катары 2011- жылдагы ТIMSSтин окуучулардын билимин баалоосунун жыйынтыктарын кээ бир мамлекеттерди өткөрүп жиберүү менен келтирели:

Мамлекеттер Математика, балл Окуу(чтение), балл

4 класс 8 класс 4 класс 8 класс

Сингапур 606 611 583 590

Түштүк Корея 605 613 587 560

Гонконг 602 586 535 -

Япония 585 570 559 -

Финляндия 545 514 570 552

Россия 542 539 559 542

Литва 534 502 515 514

Словения 513 505 520 543

Казахстан 501 487 495 -

Азербажан 463 - 438 490

Армения 452 467 416 437

Бул таблицада көрүнүп тургандай окуучулардын билим сапатынын алдыңкы катарында Европадан Финляндия, Словения, Азиядан Сингапур, Түштүк Корея, Гонконг, Япония, ал эми СНГ(КМС) мамлекеттеринен Россия, Казахстан, Азербажан жана Арменияны атоого болот.

Ушул тизмеге ылайык билим берүү системасын реформалоодогу айрым мамлекеттердин, айрыкча Финляндиянын, Сингапур, Түштүк Корея жана Гонконгдун тажрыйбаларына токтололу. Анткени бул мамлекеттердин калкынын саны(Түштүк Кореяны эске албаганда), территориясы биздин мамлекеттин бүгүнкү күндөгү сандык өлчөмдөрүнө жакын.

А.Финляндия мамлекети.

Финляндия мамлекети боюнча кыска маалымат:

Бүгүнкү күндө Финляндияда дүйнөдөгү эң жогорку жашоо деңгээл жана эң өнүккөн билим берүү системасы орун алган. Территориясы Кыргызстандын территориясынан 1.7 эсе чоң. Калкы 5млн 430миң(2012-ж). 2014-жылдагы бюджети 67млрд. долл США. Калктын орточо жашоосу-78.8 жыл. Ушундай көрсөткүчтөргө жетүү үчүн финдер 1980-жылдары дүйнөлүк экономикадагы атаандашууга туруштук максатында, билим берүү системасын реформалоого киришкен.

Финдер мектепте билим берүүнүн гимназиялык, лицейдик, б.а.элиталык системасынан баш тартышкан. Алар Финляндиянын эли 5 млн эле, ошондуктан ар бир жаран терең жана бирдей билим алуусу керек деп чечишкен. 7-16-жашка чейинки балдар Финляндиянын бардык муниципалиттеринде бирдей мектептерге барышат. Бул мектептерде окуу, китептер, түшкү тамак, мектепке чейинки транспорт, социалдык коргонуу толугу менен мамлекет тарабынан каржыланат. Окуучу 5 км ден алыс жерде жашаса ага жол кире же транспорт берилет.

Мындан башка да билим берүү системасы төмөнкү айырмачылыктарга ээ:

1. Окуу жайлардын ортосунда атаандаштыктын жоктугу, б.а. окуу жайларга максималдуу бирдей шарттарды түзүү менен алардын ортосундагы атаандаштыктыкты жок кылышкан. Бардык мектептерде окуучулар бирдей деңгээлдеги жогорку стандарттагы билим алуусу зарыл. Артта калган же алдына озуп чыккан мектептер болбоосу керек;

Бизде кандай: Мектептер билим берүүдөгү ийгиликтерине жараша алдыңкы жана арттагы деп топтторго бөлүнөт. Мектептеги билим берүү системасы мамлекеттик стандартка келтирилген. Окуучулар жетишкен жана жетишпегендигине карата , биздин каалообузсуз эле өз алдынча 2 же андан көп топторго бөлүнөт.

2. Балдар мектеп үчүн эмес, мектеп балдар үчүн кызмат кылат, б.а.Финляндияда окутуунун программалары жана ыкмалары баланын окууга болгон кызыгуусун арттырууга, окуучунун эртеңкиге умтулуусуна шарт түзүүгө багытталган.

Бизде кандай: Окуучу тигил же бул предметке кызыгабы, же жокпу ага карабастан сөзсүз түрдө аны өздүштүрүүсү керек деген принцип бар.Ошондой эле окуучулар мугалимдердин жана ата-энелердин алдында күн сайын тигил же бул предмет боюнча белгилүү бир билимдин порциясын өздөштүрдү деп отчет берүүсү керек(күндөлүккө коюлган баа аркылуу).

3.Окуучуларга жекече мамиле. Бул принцип мыйзам аркылуу бекитилген. Окуучулар билимдин кайсы тармагына кызыгаарын өздөрү тандашат.1-7-класска чейин предметтерди мектеп менен ата-энелер тандаса, 7-9-класстарда окуучулар өздөрү тандашат. Ал үчүн мектептердин автономдуу болуусу жана мугалимдер өздөрүнүн программаларын сунуштап кийирүүгө мүмкүн экендиги жол берет.

Бизде кандай: Программалар мамлекеттик жактан стандартташтырылган, мектептердин автономдуулугу минималдуу ченде, алар мамлекеттен көз каранды, бардык окуучулар үчүн бирдей программа.

4.Начар мектептер позитивдүү дискриминацияланат., б.а. начар мектептерге кошумча акча бөлүнөт, класстагы окуучулардын саны нормадан азайтылат. Бул факторлор күчтүү мугалимдердин бул мектепке келип иштөөсүнө(айлык акынын чоңдугу, окуучулардын класстагы санынын аздыгы) шарт түзөт.

Бизде кандай: Начар мектептер күчтүү мектептерге кошулат, б.а начарларды күчөтүү күчтүүлөрдү началатуу жолу менен ишке ашат. Же начарларга жетишерлик көңүл бурулбайт да анда окуган окуучулар төмөнкү дэңгээлдеги билимди алуу менен окууну аяктайт.Андан кийинки алардын тагдырына ата-энелерден башка эч ким кызыкпайт.

Белгилөөчү нерсе, Финляндия мамлекети бүгүнкү күндө мугалимдик кесипти өтө жогорку статуска көтөрө алды андан жогорку статустагы бир эки гана кесип болушу мүмкүн, бирок андан көп эмес. Мектеп мугалимдери жогорку окуу жайдын профессорлору, мамлекеттеги эң сыйлуу кесиптер. Ошондуктан Финляндияда мугалим болуп кызматка орношууга караганда врач, адвокат ж.б. кызматтарына орношуу бир кыйла жеңил. Буга мисал катары 2010-жылда бул мамлекеттеги 660 мугалимдик орунга 6600 талапкер катталганын айтсак жетишээрлик болоор.

Б. Сингапур мамлекети.

Сингапур мамлекети жөнүндө кыскача маалымат:

Сингапурдун территориясынын аянты 7158 км2, б. а.Кыргызстандын территориясынан 27,7 эсе кичине. Бюджети 28млрд 600 млн доллар. Элдин жашоо беңгээли боюнча дүйнөдө 3- орунда турат. Калкынын саны 5 млн. 310 млн(2012 –ж).

1960—1970- жылдары Сингапурда билим берүү системасы реформаланган. Бул реформага ылайык бардык мектептерде, ЖОЖдордо окуу англис тилине жүргүзүү талабы коюлган. Мындай чечимди тандоонун негизи катары (1)дүйнөдөгү маалыматардын дээрлик көпчүлүгү англис тилинде болгондугу жана (2)өлкөгө келген инвестор менен ар бир сингапурдук өз алдынча сүйлөшө алуусу керек деген талап коюлган.Өлкөдөгү кадр проблемасын чечүү максатында Сингапур өкмөтү баштапкы учурда жаштарды дүйнөдөгү эң алдыңкы университеттерге жиберип окутууга чоң сумма сарптаган жана ал бүтүрүүчүлөрдү өлкөнүн эл чарбасынын негизги тармактарында иштөөгө пайдаланган.

Сингапурдагы билим берүү системасыны кээ бир айырмачылыктары:

1.Билим берүүнүн бардык баскычтарында окуу процесси негизинен англис тилинде жүргүзүлөт(белгилүү ченде кытай, малай тилдерине да мүмкүнчүлүк берилет);

2.Орто мектептерде математика, табигый билимдер жана техникалык билим берүү багыттарына чоң басым жасалат;

3.Орто мектептер көз карандысыз жана автономдуу, аларды башкаруудагы бийлик толугу менен директорлорго берилген.Директорлорду мамлекеттин Президенти бекитет;

4.Мектеп мугалимдерди сыйлоонун, кызмат боюнча көтөрүлүүсүнүн эффективдүү жолдору иштеп чыгылган жана турмушка ашырылган.

5.Сингапурда дүйнөдөгү эң алдыңкы университеттердин 10догон филиалдарын ачуу менен, алардын жардамы аркылуу Сингапур мамлекетин Азиянын билим берүүдөгү БОСТОНу дегенге наамга жеткирүү багытындагы иштер максаттуу жүрүүдө.

6.2014-жылы чет элдик студенттердин санын 150 миңге жеткирүү пландаштырылган жана аларды окутуудан 2.2 млрд доллар акча түшүүсү каралууда, мындан өлкүнүн ВВПсы 5%га жогорулайт.

Мына ушундай реформаларга таянып Сингапур келечектеги экономиканы өнүктүрүүнүн төмөнкү 3 багытын белгиледи, алар:

(1)саламаттыкты сактоо, (2)биомедицина , (3)билим берүү.

В.Түштүк Корея малекети.

Түштүк Корея мамлекти тууралуу кыскача маалыматтар:

Түштүк Кореянын территориясы: 98.5 миң км2, б.а Кыргызстандын территориясынан 2 эсе кичине. Калкынын саны 21 млн.(2009-ж) ЖОЖдорго чет мамлекеттен келип окуган студенттердин санын Корея мамлекети 100миңге жеткирүүнү пландаштырууда. Окуу жайлардын бардык баскычтары Интернет менен туташтырылган.

Ошондой эле:

1.Түштүк Корея 1997- жылдан бери окуу процессине электрондук окутуу системасын кийирип 22 киберуниверситеттерди түзө алды. Аларда 4.4 млн студент электрондук окуу системасы менен билим алышат.

2.Ошондой эле«Кибер-дом» технологиясы кеңири жайылган. 4 млнго жакын окуучулар үйдөн чыкпай туруп кошумча билим алышат.

3.Биснес коомчулугу да бул программа аркылуу өз билимдерин такай жогорулатышат.

4.Смарт-билим берүү– Түштүк Кореядагы билим берүүнү реформалоонун жаңы жолу катары тандалып алынды.

 билим берүүнүн смарт форматына өтүүдө:

-электрондук окуу китептери жөнөндүө мыйзам кабыл алынат;

-2015-жылга баштапкы, орто жана жогорку окуу жайларына электрондук китептер даярдалып бүтөт;

-ошондой эле ар түрдүү типтеги класстар түзүлөт: медиа-класстар, виртуалдык класстар, эксперименталдык жана өндүрүштүк кааналар, ж.б.

 кореянын билим берүү министрлиги смарт– билим берүү системасын турмушка ашыруу үчүн төмөнкүлөрдү ишке ашыруунун пландоодо:

-башталышында бул багыттагы окутуунун 100 лидерлери дардалат;

-андан кийин регионалдык билим берүү борборлоруна 100дөн лидерлерди даярдоо ишке ашат, жыйынтыгында 1600 окутуучу лидерлерди даярдоо ишке ашат;

- бул даярдалган лидердик группалар тармактар боюнча ар түрдүү илимий, усулдук кеңешмелерди, семинарларды өткөрүшөт.

-мугалимдерди болсо смарт-билим берүү системасы менен смарт-залдарда кайрадан окутушат.

Билим берүүнүн смарт форматы Казахстанда, Россияда да ишке ашырылууда, ал үчүн:

1. 2014-жылы Казахстан 55 мугалим адистерди «Smart билим берүү» программасы боюнча Түштүк Кореянын Сунгсиль Кибер Университетинин базасында (Korea Soongsil Cyber university) окутуп келди.

2. Алар “Смарт билим берүү системасы” , Смарт билим берүүнү башкаруунун жолдору , мугалимдердин билимин көтөрүүнүн методору, смарт түзүлүштөрдү окуу процессине колдонуунун ыкмалары менен таанышышты.

3.Билим берүүнүн бул системасын Россияда башталышында Башкортастан Республикасынын мисалында ишке ашыруу каралып, андан кийин калган региондорго жайылтуу каралган.

Г. Гонконг мамлекети.

Гонконг мамлекети жөнүндө кыскача маалымат:

Гонконгдо билим берүүнү реформалоонун 10 жылдыгы жыйынтыкталып, анда төмөнкү 2 маселе чечилген:

1.Элиталык ЖОЖдордун жогорку эффективдүүлүгүн сактап калуу;

Ал үчүн:

-Элиталык ЖОЖдорду мамлекет тарабынан колдоого алынган;

-Билим берүүгө катышуучуулар үчүн чоң мүмкүнчүлүк түзүлгөн;

-ЖОЖдордун автономиялуулугу, академиялык эркиндиги түзүлгөн; -Бардык ЖОЖдор үчүн ачык атаандашуу чөйрөсү жаратылган;

-Менчиктин формасына карабай бардык билим берүү мекемелерине бирдей шарт жаралган.

2.Массалык жогорку билим алууга өтүү ишке ашууда(2010-11-окуу жылында 66% мектеп бүтүрүүчүлүрү жогорку окуу жайда окушкан.)

3.Азыркы учурда Гонконгдо профессордун айлык акысы АКШга караганда 33%га жогору. Айлык акынын жогорулугу жана башка шарттардын жакшылыгы дүйнөдөгү талантту профессорлрдун келип иштөөсүнө шарт түздү(50%).

4.Гонконгдун мектеп окуучулары толугу менен ноутбук түспөлүндөгү электрондук түзүлүшкө ээ болушту. Мониторунун өлчөмү 13 сантиметр болгон бул электрондук түзүлүшкө(баштапкы баасы $260) мектеп программаларын, окуу китептерин мектеп серверинен каалаган убакытта, каалаган жерден жайгаштырууга болот.

Д.Англиянын билим берүү системасын оңдоо багытындагы жумуштар.

Тони Блэр кызматка келгенде окуу жайларда мугалим адистердин жетишсиздик проблемасы күчтүү болгон. Бул проблеманы чечүү үчүн ал төмөнкү кадамдарды жасаган:

1.Бардык мугалимдик адистикте окуган студенттерге колдоо катарында налог алынбаган 6000 фунт стерлинг стипендия берген(бир жолку- разовый).

2.Математика, физика адистиктерине окууга келгени үчүн ар бир адистикти каалоочуга бир жолу 4000 фунт-стерлиг берген.

3.Мектеп мугалимдеринин айлык акысын байкалаарлык көтөргөн.

4. Телевидение аркылуу тынымсыз мугалимдик адистиктердин имиджин көтөрүүгө багытталган рекламалык компаниялар даярдаган роликткер көрсөтүлүп турулган.(Чоң каражатты болүү аркылуу)

5. Бул кадамдарды ишке ашыруунун негизинде 5-жылдан кийин 2005-жылга карата ар бир мугалимдик бош орунга каалоочулардын саны орто эсеп менен 8 кишини түзгөн жана мугалимдик адистигинин жетишсиздик проблемасы чечилген.

Билим берүүнүн бүгүнкү учурдагы тренддери:

 Дистанттык окутуу;

 Жекече окутуу;

 Геймификациялык(компьютердик оюндар аркылуу билим алуу);

 Интерактивдик окуу китептер аркылуу окутуу;

 Видеооюндар аркылуу окутуу

М И СА Л:

Стенфорд университетинин профессорлору Себастьян Трун жана Питер Норвиг «Искусственный интелект» деген предмет боюнча быйылкы күздө онлайн режиминде Интернет аркылуу окутууну (Лекциялар, тесттер, үй тапшырмалары, экзамен) сунуштаган. Алар 2000 дей студент чогултууну көздөшкөн. Бирок жыйынтыгында дүйнөнүн 200 мамлекетинен курска жазылгандардын саны 160000 түзгөн. Трун жана Норвиг өздөрүнүн изилдөөлөрүнүн негизинде 2050 жылга карата Жер шарында миллиондогон студенттерди окуткан 10 го жакын гана университет калуусу мүмкүн деген жыйынтыкка келишкен.

Билим берүү тармагына байланышкан жыйынтыктоочу мисалдар жана негизги жыйынтык:

1.1980-жылдары АКШ космос, маалымат технологиясы боюнча артта калганы билип бул тармактарды эмес билим берүүнү көтөрүү аркылуу бул тармактарды көтөрөбүз деген чечим кабыл алган. Мезгил бул чечимдин тууралыгын тастыктады.

2. Түштүк Корея, Гонконг, Япония, Тайвань, Кытай, Израиль ж. б. мамлекеттери да өнүгүүнүн драйвери катары билим, илимди өнүктүрүүнү тандашкан.

3. Израилде ар бир университетинин астында технологияларды алдыга сүрөө боюнча компаниялар түзүлгөн. Бүгүнкү күндө Израилде 4000 ден ашык стартап компания иштеп жатат.Бул компаниялар технологияны 2-3 жылдын аралыгында өндүрүшкө чейин жеткирип, жыйынтыгында 70 млрд экспорттолуучу продукциянын 50%дан көбү жогорку технологиялык товарлардын болуусуна жетишкен.

Демек Кыргызстанда да билим, илимди жолго коюу аркылуу эл чарбасынын калган тармактын жогорку деңгээлге көтөрүүгө мүмкүн деген жыйынтыкты чыгарууга болот.

Мындан, биринчи ирээте, жогорудагы келтирилген өнүккөн өлкөлөрдүн тажрыйбасынын негизинде:

(1)Кыргыз Республикасында билим берүү системасын реформалоонун жаңы долбоорун мамлекеттин жакынкы 10 жылдык өнүгүү стратегиясын эске алуу менен иштеп чыгуу зарыл. Мындай долбоордун эң негизги максаты Кыргыз Республикасында билим берүүнүн дүйнөдө кабыл алынган үзгүлтүксүз жана көп деңгээлдүү системасын калыптандыруу, смарт билим берүү системасына өтүү, билим-илим-инновация-өндүрүш чынжырчасын түзүү, башталышында мамлекеттин стратегиялык багыттарына (драйверлерине) эң жогорку квалификациялуу адистерди (чет мамлекеттеги алдыңкы окуу жайларда жана Кыргызстандандын алдыңкы ЖОЖдорунда) даярдоо керек;

(2)Билим берүүнү реформалоо менен биргеликте илим изилдөө иштерин жана инновациялык процесстерди жолго коюу аркылуу жок дегенде Орто Азияда инновациялык жана технологиялык лидерликти камсыздоо зарыл. Себеби П.Дракер айткандай, жаңы кылымда билим негизги өндүрүштүк күчкө, чечүүчү ресурска айланды жана ал традициялык экономикалык ресурстар болгон -капитал, эмгек жана жер ресурстарын экинчи планга сүрүп чыгып, алдыңкы өлкөлөрдүн өнүгүүсүнүн фундаментин түзүүдө. Анын мисалы катары, АКШнын убагындагы президенти Б.Клинтондун “жаңы экономиканын” 3 гиганты – «Microsoft», «Intel», «IBM», АКШнын бардык нефти, химия жана металлургиялык өндүрүш тармактарынан жогору турат дегенин келтирсек болот.

(3)Билим берүү системасын(илим жана инновацияны) Кыргыз мамлекети өнүгүүнүн Ө З Ө Г Ү катары кабыл алып, аны эл аралык тажрыйбаны эске алуу менен реформалап, жогорку деңгээлге көтөрүп “жаңы билимдерди” генерация кылуу аркылуу өндүрүш тармактарында(энергетика, тоо-кен, айыл чарбасы ж.б) жогорку технологиялык продукцияларды чыгаруунун жолун ишеп чыгуусу жана турмушка ашыруусу керек.

Ал эми окуучулардын билим сапатын жакшыртуу үчүн:

(1)окуу процессинин негизги куралы болгон окуу китептерди учурдун талабына ылайык жаңылоону колго алуу, б.а. жаңы окуу куралдар электрондук форматта болуп традициялык (текст, таблица, сүрөттөр ж.б.) маалыматтарды камтуу менен бирдикте билим берүүнүн жаңы формаларын –аудиожазууларды, музыканы, видеофильмдердин фрагметтерин, түстүү анимацияларды, гипертекстик шилтемелерди, бир маалыматтан экинчи маалыматка, айталы, текстен видеого же сүрөткө ж.б которуу жолдорун камтуусу керек, б.а. мындай жаңы электрондук окуу курал керектүү маалыматты тез издөөгө, маалыматты гипертекс тибинде берүүгө, мультимедиялык функцияларды аткарууга, билимди текшерүүнүн интерактивдик системасына ж.б шарт түзөт;

(2) Өлкөбүздүн ар бир жараны үчүн Финляндиядагыдай эле 1-9 класстарда окуу милдеттүү деп кабыл алынып, андан кийин окуунун 1-этабын аяктаган окуучулар өз каалоолору менен, биринчиден, 10-11-класстарда окуусун улантууга, экинчиден, профессионалдык лицейлерде кесипке ээ болуу багытында окуусун улантууга шарт түзүү зарыл. Ошондо, тажрыйба көрсөткөндөй(жылына республикалык тестирлөөгө 75-80 миңдей окуучу катышууда) бүтүрүүчү класстарда (10-11-класстар) орто эсеп менен 150 миңдей окуучу билимин улантышат. Демек, жалаң гана бүтүрүүчү 20дай класстарды камтыган ( орто эсеп менен бир класста 30 окуучусу болгон, 600 окуучусу бар) өлкөбүздө 250 мектеп болот (Мисалы, АКШнын 50 миңдей калкы бар Тремонте шаарында жогорку класстарды камтыган 1 гана мектеп бар, шаардагы, шаардын айланасындагы, жогорку билим алуунун каалаган 1-9-класстарды аяктаган окуучулар ушул мектепте билимин улантышат). Бул кайрадан түзүлгөн жогорку класстарды камтыган 250 мектептерди 3-4 багытка бөлүп(физика-математикалык, химия-биологиялык, гуманитардык, тил багытында) окуучуларга бир окуу жылында 5 предметтен көп эмес(анын 3 предмети сөзсүз окулуучу)тандоого мүмкүнчүлүк түзүү керек.Мындай системаны кабыл алсак, анда 250 мектепке орто эсеп менен 2500 гө жакын мугалимдер талап кылынат жана ар бир мектепте баштапкы учурда 1 же 2 эртеңки күндүн талабына жооп берген класстарды түзүү керек, б.а өлкө боюнча 250-500дөй класстарды интерактивдүү доскалар, компьютерлер, Интернет менен камсыздалган, керектүү жабдыктар менен жабдылган болуусу керек. . Бул деген 250-500дөй келечектин классын(тиркемеде берилет) түзүү ишке ашырылат. (Минималдык түрдө 500классты талаптагыдай деңгээлде даярдоо үчүн 10миң доллардан сарпталса 5 млн доллардай каражат сарпталат). Жыйынтыгында ар бир класста окуган окуучулар 1 айда мындай класста 8-10 жолу окушат жана жакшы билим алганга шарт түзүлөт;

(3)250 мектепке мугалимдерди даярдоо үчүн мурдакы 2200 орто мектептин жогорку класстарында сабак берген алдыңкы мугалимдерди, педагогикалык окуу жайлардын бүтүрүүчү курстагы студенттерин дүйнөдөгү эң алдыңкы окутуунун технологиялары, билим берүүнүн негизги багыттары жана ага коюлуучу талаптарды түшүндүрүү, билим-илимдин акыркы жетишкендиктери боюнча кыска мөөнөттүү билимин өркүндөтүүчү курстарды уюштуруу менен кайрадан даярдап чыгуу керек. Ал үчүн мугалимдерди окутуучу 100 дөй алдыңкы лидерлерди атайын даярдалган билим берүүнүн борборлорунда(Түштүк Кореядагы смарт билим берүү залдарындай) 2-3 ай интенсивдүү методдор менен окутуп-даярдап, аларды региондорго жиберүү керек, ал эми региондордогу алдыңкы жогорку окуу жайларда, же алдыңкы мектептерде түзүлгөн билим борборлору аркылуу 1 жылдын ичинде 2500 лидер-мугалимдер даярдалат. Жыйынтыгында, 1-3-жылда бүтүрүүчү класстарда окуган окуучулардын билим сапатын талаптагыдай деңгээлге жеткирүү ишке ашырылат.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×