Добавить статью
11:35, 29 апреля 2015 23417

Жаңы Конституциянын баяндамасы

Колдонуудагы Конституция батыштык политтехнологиянын таасири менен кыргызга жат жана анын табиятына анчейин ылайык келбеген либерал-демократиялык башкаруу үлгүсүндө түзүлүп, бийликте жоопкерсиздикти, элде теңсиздикти жаратып, элди бөлүп жаруучу, саясий партияларга таянып, жалпы коом эмес, жеке адамдын укуктарынын үстөмдүгү менен маалым.

Бийлик, колдонуудагы Конституцияга айрым өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорун түзүп, аны Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо менен кошо өткөрүлүүчү референдумда кабыл алынарын жарыялады. Долбоор, талапка ылайык толук конституциялык реформаны эмес, айрым гана “техникалык” өзгөртүүлөрдү камтыйт. Түбү начар Конституцияны улам жамачылап, колдоно берүүнү улантуу менен өлкө өнүкпөйт. Бийлик, ишмердиги элдик көзөмөлдө болуп, жоопкерчиликтин жаралышын шарттаган толук кандуу конституциялык реформаны өткөрүүнү каалабаганы айдан ачык. Конституция өзгөртүлсө да, мамлекет батыштык либерал-демократиялык башкаруу үлгүсүндө кала берет.

Республикалык “Даанышман Кеңеш” уюму, кыргыздын табиятына жана чыныгы элдик демократиясына таянган адилеттүү башкаруу системасын орнотуучу, өлкөнүн өнүгүүсүн өбөлгөлөөчү, эл менен бийликти бириктирип мамлекеттүүлүктү бекемдөөчү жана “Жамандын коногу бийлейт”- болбой, ата-бабалардын жолун татыктуу улантуу менен батыштык политехнологияга каршы туруучу сапатта КР дин Конституциясынын долбоорун иштеп чыкты.

Долбоор, 14.02.2015-жылы “Даанышман Кеңеш” уюмунун жалпы жыйынында жактырылып, жалпы элдик талкууга алып чыгуу чечими кабыл алынган. Долбоор, преамбуладан, 8 бөлүмдөн, 100 беренеден жана “Кыргыз Республикасынын Конституциясын колдонууга киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынан турат

Конституциялык түзүлүш. Кыргызстан- эгемендүү, унитардык, демократиялык, нарктык-укуктук, социалдык республика болуп, өлкөдө администрациялык-аймактык реформа да каралган. Облустар жана райондор жоюлуп, айыл аймактары ириленип, мамлекет: республика, аймак жана элетте айылдык, шаарларда конуштук башкармалык болуп үч баскычтуу башкарууга өтөт.

“Республиканын конституциялык түзүлүшүн жана мамлекеттүүлүгүнүн түрүн аныктоо Кыргызстан элинин укугу”- деген мыйзам ченемдүү укуктун негизинде, Кыргыз мамлекети төмөнкү бийлик бутактарынан турат:

-өкүлчүлүктүү бийлик- Улуттук Курултай жана Мыйзам чыгаруу жыйыны;

-аткаруу бийлиги- Кыргыз Өкмөтү жана анын жергиликтүү түзүмдөрү;

-сот бийлиги- Кыргызстандын Конституциялык Соту, Жогорку Соту жана аймактык соттору;

-мамлекеттик атайын органдар- Улуттук Банк, Эсептөө палатасы, Баш Прокуратура ж.б. Мында, ар бир бийлик бутагынын бири-биринен көз карандысыз өзүнчө жаралышы шартталган.

Мамлекеттик жана коомдук маанидеги чечимдер көпч‰л‰кт‰н добушу менен кабыл алынып, азчылыктын пикири эске алынат. Чечимдерди кабыл алууда, мамлекеттик жана коомдук кызыкчылыктар артыкчылык укукка ээ.

Кыргызстандын эли, “Эл эгемендиктин ээси жана бийликтин бирден бир булагы”- принциби менен, өз бийлигин шайлоолордо, референдумдарда же өздөрү шайлаган өкүлдөрүнө укугун табыштоо менен мамлекеттик жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу аркылуу жүргүзөт.

Долбоордо, саясий жана экономикалык маселелер, жарандык укуктар, мыйзам чыгаруу ж.б. ишмердиктер боюнча тыюу салуулардын жыйындысы бир беренеде келтирилген.

Кыргыз эли мамлекеттин өзөгүн түзүүчү титулдук улут болуп таанылат, мамлекет кыргыз элинин салттуу жамаатчылыгын тааныйт жана салттуу коом түзүү тажрыйбаларын заманбап колдонууга милдеттүү. Мамлекет Улуттук идеологияны карманат, кыргыздын жолдуулук ченемдерин жана улуттук наркты элдин бардык катмарына жайылтат. Кыргыз тили- мамлекеттик тил, жазма маалыматтар мамлекеттик тилде жана кыргыз арибинде жазылат.

Жалпыга маалымдоочу маалымат каражаттары анык жана так маалыматты таратуу ишмердүүлүгүн эркин жана мыйзамга ылайык жүргүзөт. Кыргызстандын мамлекеттик маалымат саясатын ишке ашыруу жана маалымат коопсуздугун камсыздоо максатында Улуттук мааалымат Агентствосу киргизилди.

Дин мамлекеттен ажыратылган жана диний уюмдар мамлекеттин тартибине жана иштерине кийлигишпейт. Мамлекет диний ишмердүүлүккө тескөө жүргүзөт.

Кыргызстан улуттук экономиканын кызыкчылыктарын сактайт жана аларды коргоо чараларын көрөт. Мамлекет айыл чарба бирикмелерин колдойт. Кыргызстанда стратегиялык маанилүү тармактардын көзөмөл пакети мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдын колунда болот.

Долбоордо, адамдын, жарандын укуктары жана эркиндиктери мурдагыдан кемибестен сакталып, жыйынды түрүндө келтирилген. Жеке адам же жаран, өз укуктарын жана эркиндиктерин ишке ашыруусунда, башка адамдардын укуктарын жана эркиндиктерин бузбоо, үй-бүлөнүн, жамааттын жана мамлекеттин кызыкчылыгына доо кетирбөөгө милдеттүү.

Ата-энелердин балдарды багып өстүрүү жана жашы жеткен эмгекке жарамдуу балдардын ата-энелерине кам көрүү милдети, улууларды урматтоо, туугандарына жана жакындарына кам көрүү милдети, акысыз негизги жалпы билим алуу милдети, ар бир жарандын мекенди жана курчап турган чөйрөнү, жаратылыш ресурстарын, тарыхый жана маданий эстеликтерди коргоо милдети, жарандыгы бар ар бир уландын аскер кызматын өтөө милдети, ар бир адамдын салыктарды жана төлөмдөрдү өз убагында төлөө ж.б. милдеттер келтирилген.

Иммигранттар кыргыз тилин жана тарыхын билүүгө, анын маданиятын, улуттук каада-салтын урматтап ызаттоого милдеттүү.

Кылмыш ишин тергөөнү, көз карандысыз бирдиктүү жана өзүнчө териштирүү органы- Тергөө комитети жүргүзөт. “Өзгөчө оор”- деп каралган кылмыштарды жасагандарга жазалоонун өзгөчө чарасы- өлүм жазасы колдонулат.

Курултай институту. Долбоордон “Элдин бийликти көзөмөлдөө укугу” жана “Бийликтин өз ишмердүүлүгү боюнча элге отчет берүү милдети”- деген мыйзам ченемдүү, бири-биринен ажыратылгыс эки жобо бирге орун алып, аларды Курултай институту ишке ашырат.

Республикада- Улуттук Курултай, аймакта- Аймактык Жыйын жана айылдык, конуштук башкармалыкта- айылдык, конуштук Чогулуштар жүргүзгөн элдик бийлик, мамлекеттик башкаруунун негизги формасы болуп саналат.

Улуттук Курултай- чыныгы элдик демократиянын өзөгү болуп, мамлекеттик саясий системанын башында турган жогорку орган. Улуттук Курултайдын курамы ар бир айылдык, конуштук Чогулушта экиден шайланган коомдук-саясий иште тажрыйбасы бар, инсандык, ишмердик сапаттары менен элдин кадыр баркына ээ болгон татыктуу өкүлдөрдөн турат.

Улуттук Курултай бийлик бутактарын түзөт, өлкөнүн Өнүгүү программасын бекитип, бийликтин ишмердигин багыттайт жана анын аткарылышын көзөмөлдөйт. Улуттук Курултай, “Курултайдын шайлоосу, тандалгандардын тандоосу”- принциби менен Президентти, Конституциялык Соттун жана Жогорку Соттун курамын, алардын төрагаларын, мамлекеттик атайын органдардын жетекчилерин шайлайт жана жылына бир жолу алардын отчётун угат. “Канааттандырарлык эмес” баа алган жетекчи кызматынан бошотулат. Улуттук Курултайдын жыйындар аралыгында туруктуу иштөөчү Катчылыгы түзүлөт. Улуттук Курултай жылына бир жолу өтөт. Анын өкүлдөрү жыйынга барып келүү чыгымынан башка айлык маяна албайт.

Салттуу жамааттардын жана аймактык аксакалдар кеңештеринин жогорку органы Нарктык Кеңеш түзүлүп, ал Улуттук идеологияны жана кыргыздын жолдуулук ченемдерин түптөйт.

Мыйзам чыгаруу жыйыны, 45 депутаттан турат жана функциясы кыскартылып, мыйзам чыгаруу, мыйзамдардын иштешин көзөмөлдөө, республикалык бюджетти кабыл алуу жана башка тиешелүү иштерди жүргүзөт. Мыйзам чыгаруу жыйынына ар бир аймактан жана Ош шаарынан экиден, Бишкек шаарынан беш депутат жалпы эл тарабынан 5 жылдык мөөнөткө шайланат.

Президент. Кыргыз мамлекетин, Кыргызстандын Куралдуу Күчтөрүн жана Кыргыз Өкмөтүн бир эле адам- Президент жетектейт жана ал Улуттук Курултайга жыл сайын өлкөнүн өнүгүүсү жана коопсуздугу боюнча отчет берет. Премьер-Министр кызматы жоюлат.

Президент болуп мамлекеттик тилде таза сүйлөгөн жана жаза билген, улуттун тарыхын жакшы билген, мекенчил, элдин нарк-насилин, каада-салтын карманган, жогорку билимдүү, маданияттуу, ден-соолугу чың, мурда соттолбогон, чет өлкөдө өзүнүн жана жакындарынын жашыруун активдери жок, Президенттикке талапкер болгонго чейин республикада кеминде 15 жыл жашаган, жаш курагы 40 тан кем эмес жана 65 тен ашпаган, кыргыз тектүү Кыргызстандын жараны шайланууга укуктуу.

Сот бийлиги. Долбоордо каралган реформа менен Кыргызстандын сот системасынын толук көз карандысыздыгы камсыздалат. Кыргызстандын сот системасы Конституциялык Соттон, Жогорку Соттон, аймактык соттордон жана аймактар аралык арбитраждык соттордон турат.

Аймактык соттордун судьялары кичи мекенинен башка аймакта анын эли тарабынан альтернативалык негизде шайланат. Кыргызстандын бардык сотторунун судьялары катышкан Соттор Курултайында Жогорку Соттун тармактык коллегиялары жана Президиуму шайланат. Жогорку Соттун бардык судьялары катышкан Кыргыз Республикасынын сотторунун Пленуму төмөнкү сотторго соттук практика боюнча милдеттүү түшүндүрмөлөрдү берүүгө укуктуу.

Кайсы соттун судьясы болбосун, ишти өз убагында карабагандыгы үчүн жана ар бир бузулган иши үчүн, мыйзамда белгиленген тартипте жоопкерчилик тартууга тийиш. Эгер, бир жылда үч жолу иши бузулса же туура эмес кабыл алган чечими оор жагдай жаратса, ал судья кызматынан четтетилет жана экинчи сот системасына судьялык кызматка алынбайт.

Атайын органдар. Улуттук банк, Эсептөө палатасы, Баш прокурор, БШК жана башкалар Кыргызстандын мамлекеттик өзүнчө атайын органдардын тобун түзөт.

Жергиликтүү бийлик- аймактык жана айылдык, конуштук башкаруулардан турат.

Аймактык башкаруу. Аймактык башкарууга аймактар, аймактык маанидеги шаарлар жана өзүнчө статустагы Бишкек, Ош шаарлары кирет. Аймактык башкаруу, аймактык өзүн-өзү башкаруу жана аймактык аткаруу органдарынан түзүлөт.

Аймактык өзүн-өзү башкаруу органдарына- аймактардын, Бишкек, Ош шаарларынын жана аймактык маанидеги шаарлардын аймактык Жыйындары жана аймактык Кеңештер кирет.

Аймактык аткаруу органдарына - аймактардын акимчиликтери, Бишкек, Ош шаарларынын жана аймактык маанидеги шаарлардын башкармалыктары кирет.

Аймактык Жыйын: Курамы 400 өкүлдөн турат; Аймактык Аксакалдар Кеңешинин макулдугу менен аймакка- Акимди, Бишкек жана Ош шаарларына- Бектерди кызматка бекитүүнү Кыргызстандын Президентине сунуштайт; Аймактын Өнүгүү программасын бекитет; Аймактын Акиминин ж.б. аймактык жетекчилердин жылдык отчётторун угат жана баа берет.

Аймактык кеңеш. Аймактык Курултайлардын аралыгында анын чечимине ылайык кеңешке тиешелүү ишмердүүлүк жүргүзөт. Аймактык социалдык-экономикалык өнүгүү программасын карайт. Мыйзам чегинде жергиликтүү жыйымдарды, төлөмдөрдү жана жеңилдиктерди карайт. Жергиликтүү бюджетти бекитет. Аймактык шайлоо комиссиясын түзөт.

Аймактын акимчилиги же шаар башкармалыктары: Аймактагы мамлекеттик саясатты жүзөгө ашырат; Кыргыз Өкмөтүнүн жана башка мамлекеттик органдардын тапшырмаларын аткарат; Аймактын өзүн-өзү башкаруу органдарынын чечимдерин ишке ашырат; Аймактык Өнүгүү программаларын жүзөгө ашырат; аймактык бюджеттин аткарылышын камсыздайт.

Аймактык Аксакалдар кеңеши: Улуттук идеологияны жана кыргыздын жолдуулук ченемдеринин сакталышын жана иштешин көзөмөлгө алат; Кыргызстандын Президентинин, аймактын Акиминин жана аймактын шаарларынын Бектеринин талапкерлигине макулдук берет; Нарктык Кеңешке аймактан эки өкүл шайлайт.

Айылдык, конуштук башкарууга- бир айыл, шаарларда бир конуш же алардын бир нечесинин бирикмеси кирет. Аларда өзүн-өзү башкаруу органдары- айылдык, конуштук Чогулуш, айылдык, конуштук Кеңеш жана аткаруу органы- айылдык, конуштук башкармалык түзүлөт.

Айылдык, конуштук Чогулуш: -айылдык, конуштук башкармалыктын курамындагы айылдардын же конуштардын тургундары шайлаган 200 өкүлдөн турат; Айылдык, конуштук башкармалыктын жылдык Өнүгүү жана социалдык коргоо программасын бекитет; Аймактын Акиминин сунушу менен айылдык, конуштук башкармалыктын Башчысын бекитет; Улуттук Курултайга, Аймактык Жыйынга, аймактык Аксакалдар кеңешине өкүлдөрдү шайлайт. Айылдык, конуштук башкармалыктын Башчысынын жылдык отчётун аймактык Акимчиликтин өкүлдөрү менен чогуу угат жана баа берет.

Айылдык, конуштук Кеңеш: айылдык, конуштук Чогулуш чечимине ылайык Кеңешке тиешелүү ишмердүүлүк жүргүзөт; айылдык, конуштук башкармалыктын бюджетин бекитет жана анын аткарылышын көзөмөлдөйт; Жергиликтүү жыйымдарды, төлөмдөрдү жана жеңилдиктерди карайт; Жергиликтүү маанидеги башка маселелерди чечет.

Айылдык, конуштук башкармалыктын Башчысы: Аймактагы мамлекеттик саясатты жүзөгө ашырат; Кыргыз Өкмөтүнүн, аймактык Акимчиликтин жана башка мамлекеттик органдардын тапшырмаларын аткарат; Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын чечимдерин ишке ашырат; Айылдык, конуштук башкармалыктын Өнүгүү программасын жүзөгө ашырат; Айылдык, конуштук бюджеттин аткарылышын камсыздайт.

Ушул Конституция күчүнө киргенге чейин Кыргызстандын аймагында колдонуудагы мыйзамдардын жана башка укуктук актылардын, ушул Конституцияга каршы келбеген бөлүктөрү колдонула берет. Ушул Конституция күчүнө киргенден кийин, анын талаптарына ылайык мамлекеттик, өкүлчүлүктүү жана өкмөттүк органдар жаңыдан түзүлгөнгө чейин, мурдагы мыйзамдардын жана башка укуктук актылардын негизинде иштеп жаткан бардык органдар иштей беришет жана жаңы кызмат адамдары шайланганга же дайындалганга чейин, иштеп жаткан мурдагы кызмат адамдары өздөрүнүн ишмердүүлүктөрүн уланта беришет.

Конституциялык реформа эмне берет?

-“Эл эгемендиктин ээси жана бийликтин булагы”- деген конституциялык жобо иштей баштайт, кызматка таза адамдар келет;

-бийлик чын дили менен элге жоопкерчиликтүү кызмат кылып, анын ишмердүүлүгү багытталып, бардык мүмкүнчүлүктөр бир нукка бурулуп, өлкө туруктуу өнүгүү жолуна түшөт;

-элдин бийликке ишеними жаралат, мамлекет менен эл бир бүтүнгө айланып, мамлекеттүүлүк бекемделет. Эл зарыгып күткөн адилеттүүлүк орнойт, коррупциянын тамыры кыркылат;

-шайлоо тополоңу, митинг, революция өзүнөн-өзү токтоп, өлкөдө саясий туруктуулук жана тартип орноп, тынчтык өкүм сүрөт;

-мамлекетти жана жергиликтүү өзүн-өзү башкарууда, нарктуулуктун жана салттуулуктун баалуулуктарына негизделген жамааттын жана аксакалдардын ролу күчөп, коом тазарат;

-жашаган жерине, улутуна, уруусуна карабай, өз-ара бөлүнүүлөр жоюлуп, эл биригет.

Эмне кылуу керек?

Элдин коомдук системаны өзгөртүү боюнча мыйзамдуу укугунан пайдаланып, сунушталган Конституциянын долбоорун жалпы элдик талкууга алып чыгып, элдин саясий аң-сезимин ойготуп, алардын укуктук реформалык пикирин жаратуу, Курултай кыймылын кайрадан жандантуу, элдин 300 миңден кем эмес колун топтоо менен, тынч жана мыйзамдуу жол менен чыныгы толук кандуу Конституциялык реформага барууга жетишүү зарыл.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

08-06-2015
Д.Сарыгуловдун долбооруна пикир
45258

13-05-2015
Шайлоо ыкмасы
30706

13-05-2015
Салыштыруу таблицасы
59268

13-05-2015
Жаңы Конституцияга киргизилген түшүнүктөр (Глоссарий)
40854

12-05-2015
Кыргыз Республикасынын Конституциясы (жаңы редакциясынын долбоору)
12844

11-05-2015
Кыргыз Республикасынын Конституциясы (жаңы редакциясынын долбоору)
14870

09-05-2015
Кыргыз Республикасынын Конституциясы (жаңы редакциясынын долбоору)
33661

08-05-2015
Кыргыз Республикасынын Конституциясы (жаңы редакциясынын долбоору)
16243

05-05-2015
Кыргыз Республикасынын Конституциясы (жаңы редакциясынын долбоору)
17636

01-05-2015
Кыргыз Республикасынын Конституциясы (жаңы редакциясынын долбоору)
29681

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×