Добавить статью
11:43, 9 мая 2015 17309

Ѳлүмдүн энергиясы...

Ѳлүмдүн энергиясы...

Акыркы мезгилдерде адамдар, айрыкча жаштар жана орто жаштагылар кѳп ѳлүп жатканын бардыгыбыз эле кѳрүп жатабыз. “ Эмне үчүн?”-деген суроо туулат. Мурункуга салыштырганда адамдар жакшы жашап жатышат, жашоо шарт жеңилдеген. Медициналык жардам да ѳнүккѳн: заманбап дары- дармектер укмуш кѳп, жаңы аппаратуралар колдонулуп, татаал операциялар жасалууда. Бирок ошого карабастан кант диабети, рак, жүрѳк кан- тамыр ооруулары, ВИЧ/ СПИД ж.б. ооруулар улам кѳбѳйүүдѳ. Анысы аз келгенсип “куш тумоосу”, “ чочко тумоосу” кошулду. Ушул жылдын май айында ТВдан тѳрѳттѳн ѳлгѳн энелердин саны 2014-жылга салыштырганда 2 эсеге ѳскѳнү, январдан бери 30 адам ѳз жанын кыйып мерт болгону айтылды.

Адамдардын ѳлүмүн азайтуу үчүн материалдык дүйнѳдѳ жакшы эле аракеттер кѳрүлүп жатат, бирок жыйынтыгы аз болууда. А балким мунун себептери руханий дүйнѳдѳ болуп жүрбѳсүн? Чынында эле, сарасеп салсак биздин мамлекет эгемендүүлүккѳ ээ болгондон баштап эле негизги кѳңүлдү качандыр бир ѳтүп кеткен инсандарга: Манас, Курманжан Датка, Курманбк, Байтик баатыр,ж.б. арналган юбилейлерди ѳткѳрүүгѳ бурду. Андай иштерге канчалаган акча сарпталды, биз билбейбиз. Бирок ал иштерден кандай пайда болду, жакшы жагына ѳзгѳрүү болдубу, жокпу, муну да эч ким билбейт. А балким зыян болгондур? А мүмкүн, ѳлүм- житим биздин ѳлкѳдѳ ошон үчүн кѳбѳйүп жаткандыр?

Руханий (кѳзгѳ кѳрүнбѳгѳн ) аалам жакшы(ак) жана жаман(кара) күчтѳрдѳн турарын, ак күчтѳрдүн башында Кудай Ѳзүнүн периштелери менен, кара күчтѳрдүн башында шайтан ѳзүнүн жин-перилери менен аракет кыларын, балким, кѳпчүлүк адамдар билбес чыгар.

Мына ошол шайтанга жана анын кара күчтѳрүнѳ канчалык кѳп кѳңүл бурулса, алар ошончолук кѳбѳйүп, күчүнѳ кирип, кѳп адамдарды ээлеп алышат да, акыр аягында ѳлүмгѳ алып келишет. Азыр ѳлгѳндѳргѳ ресторан –кафелерде куран окутуу, ашына жылкы же кара мал союп, кѳп элди чакыруу, тууган- уругуна кийит кийгизүү, ал турсун жылдыгын ѳткѳргѳндѳ- алтын сѳйкѳ, шакек тартуулап, шаан- шѳкѳткѳ айландыруу адат болуп калды. Бул аз келгенсип, ар жыл сайын орозо жана курман айттарда дагы мал союп куран окутуу, эстелик, күмбѳздѳрдү тургузуу да кѳнүмүш нерсе болгону баарыбызга белгилүү. Мына ушунун бардыгы ѳлгѳндѳрдүн рухуна табынуу болуп эсептелет да, ѳлүмдүн энергиясын кѳбѳйтѳт. Ал эми энергия-бул ѳтѳ зор күч! Ал жѳн турбайт, ал иштейт. Ѳлүмдүн энергиясынын максаты-адамдарды ѳлтүрүү. Ал ошол милдетин аткарып, ар түрдүү жолдор менен адамдарды алып кетип жатат: ар кандай кырсыктар, ооруулар, аракечтик, наркомания, уруш-жаңжал, ѳз жанын кыйуу ж.б. “себептер” менен. Ѳлүмдүн энергиясынын кѳбѳйгѳндүгүнүн дагы бир себеби- бул ѳлгѳндѳргѳ эстелик тургузуу, алардын күмбѳздѳрүнѳ зыярат кылуу, арбактарга табынуу. Мындай каада-салттардын зыян экенин азыркы адамдардын жан- дүйнѳсүнүн жабыркашы, үй-бүлѳлѳрдүн бузулушу, жарандар бийликке баш ийбей, ар ким ѳз каалаганын жасашы, ынтымак кетип, урууларга, улуттарга бѳлүнүү, жердешчилик менен трайбализмдин гүлдѳшү кѳрсѳтүп турат. Эгерде чындап эле биздин ата- бабаларыбыздын арбактары колдогон болсо, анда Кыргызстан эбак эле алдыңкы ѳлкѳлѳрдүн катарына кошулмак. Эмнегедир 24 жылдан бери “алардын колдогону” билинбейт да, кѳрүнбѳйт.

Биздин мекенибизде келечекке караганда, ѳткѳн тарыхка, илгери жашап кеткен инсандарга кѳбүрѳѳк кѳңүл бурулат. Мүмкүн, биздин коомдун алдыга жылбай жаткандыгынын, адеп-ахлактын начарлап бараткандыгынын себеби ушул болуп жүрбѳсүн? Кийинки жылдарда келечекке кѳз чаптырып, алдыда боло турган нерселерге умтулганга караганда, тескерисинче артка кайрылып, тарыхты казып, акылмандуулукту ошондон издеген тенденция күч алып баратат. Менимче бул туура эмес. Тарых ѳттү, кетти, ал экинчи кайталанбайт. Андан анча- мынча сабак алышыбыз мүмкүн, бирок алдыга жылууга ачкычты биз тарыхтан таппайбыз. Мисалы, Манастын тагдыры, жасаган иштери келечек муунга эмне бере алат? Азыр эч ким ага окшоп согушууну кѳздѳбѳйт, анын жашоо образы азыркы күнгѳ үлгү болуп бере албайт. Манасты азыркы жаштар окубайт, окуса да түшүнбѳйт, интернет доорунда андай окуялар алар үчүн кызыксыз. Акаев Манастын 7 осуятын ѳлкѳнүн идеологиясы катары жарыялаганда да эч кандай майнап чыккан жок, алар адамдардын жүрѳгүнѳн түнѳк тапкан жок. Деги эле Манасты кѳкѳлѳтүп, кѳркѳмдѳп пропагандалоо, анын атын ыйык тутуп, ага табынуу туурабы? Эгерде анын арбагы чын эле жардам бергенде Кыргызстан эркиндик алгандан кийин бардык КМШ ѳлкѳлѳрүнѳн алдыга озуп кетпейт беле. Анткени алардын “Манасы” жок да. Бирок экономика жагынан артта калгандыкты эске албаганда да, ѳлкѳбүздүн руханий абалын карап кѳрѳлүчү:

1. Адамдардан ыйман кетип, алдым-жуттум, ач кѳз, акча үчүн адам ѳлтүргѳндѳн кайтпай турган адамдар кѳбѳйдү.

2. Ата-эне менен балдардын ортосундагы мээрим жоголуп баратат. Ошондуктан балдарын бакпай койгон ата-энелер, ата-энесине карабай койгон, аларды басынтып, кордогон балдар четтен чыгат.

3. Коомдун фундаменти болгон үй- бүлѳ институту талкаланып жатат. Анын жыйынтыгы катары ажырашуулар, таштанды балдар, жалгыз бой энелердин, “ кѳчѳнүн балдары”нын саны ѳсүүдѳ. Үй- бүлѳдѳгү ынтымак, ымала жоголуп, жашоонун кѳркү кетип, турмуштун куту качты.

4. Коомдогу адеп-ахлак бузулуп, адамдар “ эмне жакшы, эмне жаман”, “эмне туура, эмне туура эмес” экенин биле албай калышты. Ойноштук, кѳп аял алуу, сойкулук, адам сатуу, педофилия, шылуундук, алдамчылык күч алды.

5. Жарандар Кудайдан коркпой калышты. Ошол себептен уурулук кылуу, уруш-жаңжал, талаш-тартыш, уруп-согуп бири- бирин кордоо, буйрук менен адам ѳлтүрүү демейдеги кѳрүнүш болуп калды.

6. Адамдык асыл сапаттар –сүйүү, мээрим, боорукердик, кайрымдуулук, адилеттүүлүк бааланбай, акча, байлык, бийлик, кара ѳзгѳйлүк, зордук-зомбулук, адилетсиздик адамдарга үстѳмдүк кылууда.

Мына ушул кесепеттердин бардыгы адамдардын Кудайдан коркпогондугунан, анын жолунда жүрбѳгѳндүктѳн болуп жатат. Ал эми Куранда же хадистерде “арбактарга арнап шаан-шѳкѳт менен аш-той берилсин, кийит кийгизип, эстелик тургузушсун”-деп жазылган эмес. Тескерисинче мындай нерселер “ширк” деп аталып, Кудайга жакпай тургандыгы айтылган. Анда эмне үчүн адамдар Кудайдын айтканын кылбай, шайтандын тилине кирип зыяндуу каада- салттарды жасап жатышат?

Деги “ арбак”деген эмне? Ал кайдан пайда болгон, кайдан келген? Ушул жѳнүндѳ ойжүгүртүп кѳрдүңүз беле, окурман? “ Акыл менен Кудайды тааныйт”-деген ата- бабаларыбыз. Анда изилдеп кѳрѳлүчү.

Кудай асман менен жерди жараткандан мурун адегенде периштелерди жараткан. Алардын ичинен эң акылдуу, таланттуу жана сулуу периште текеберденип, Кудайга баш ийгиси келбей Ага каршы чыккан. Ошондо Кудай аны каргап асмандан кууп жибергенде ал шайтанга (иблис) айланып, ал эми аны ээрчип кеткен периштелер жиндерге айланып калышкан да, асман менен жердин ортосун ээлеп алышкан. Кудай арбактарды жараткан эмес. Арбактарга арнап куран окутканда, аш- той бергенде мына ошол жиндер келишет. Ѳлгѳндѳргѳ кѳңүл буруп, аларга атап ар кандай иштерди жасаганда ошол жиндер кѳбѳйүп, семирип, күчүнѳ кирип, адамдарга жамандык кылышат: ооруулар, авария ж.б. кырсыктар, эрте ѳлүм, ж.б. жамандыктын бардыгы ошол кара күчтѳрдүн иштери. Ишенбесеңиз анализ жасап кѳрүңүз: ѳлгѳндѳргѳ ѳзѳгүн берип, аларга байланып, каза болгондорду даңктап-мактап, арбагына табынган үй- бүлѳлѳрдѳ ооруу да, ѳлүм да, чыгаша жана депрессия, ар кандай кырсыктар да кѳп болот.

Дарактын жаман же жакшы экенин анын жемишинен билген сыяктуу эле, ар кандай теориянын, окутуунун же кѳз караштын туура, же туура эмес экени да анын жыйынтыгынан билинет. Эч кандай Манасы да, Курманбеги да жок, “арбактар колдобогон” башка ѳлкѳлѳр кандай ѳнүгүп-ѳсүп кетип жатышат. А биздин Кыргызстанга арбактар жардам бербей эле зыян кылганын кѳрүп жатабыз: коррупциянын ѳсүшү, кѳрѳ албастыктын күчѳшү, чындык, абийир, уят- сыйыт жоголуп, акыл- эстин деградацияланышы, ѳлүм кѳбѳйүп, адамдардын ѳмүрүнүн кыскарышы ...ж.б. Мына ошол ѳлүмдүн энергиясы Кыргызстандын үстүнѳн басып тургандыктан жерибизден, элибизден береке кетип, алдыга жылуу жок. Эң кайгылуусу- ѳлүмдүн энергиясы адамдардын психикасына таасир этип, жан- дүйнѳсүн жабыркатууда. Ошондуктан жашоодон үмүтүн үзүп, болор-болбос себеп менен ѳз жанын кыйгандар, айрыкча жаштар кѳбѳйүүдѳ.

Ѳлүмдүн кѳбѳйүшүнүн дагы бир себеби- бул күнѳѳнүн кѳбѳйүшү. Анткени Кудай “ Күнѳѳ үчүн жаза- ѳлүм”-деген. Ушул жылдын апрель айында Ош шаарынын “Шаит-дѳбѳ”кѳчѳсүндѳ жашаган бир үй-бүлѳдѳн 5адам авариядан каза болгонун уккансыздар. Бул жѳн эле кокустук эмес. “Эмне үчүн мындай болду?”- деген суроо туулат. 2010-жылы болгон урушта ошол кѳчѳдѳ жашаган бир үй-бүлѳдѳн 3 адамды: жаш келинди 2 баласы менен ѳлтүрүп, ѳз огородуна кѳмүп коюшканын мен билем. Күйѳѳсү бир кызы менен башка жакта болгондуктан аман калышкан. Ошол трагедиянын кесепетинен 30дан эми ашкан бул жигит да жакында каза болду. Алардын 8 жаштагы кызы томолой жетим калды. Балким аларды ѳлтүргѳн адам азыр 5 жакынын жоготуп отургандыр? Руханий дүйнѳнүн закону бар: “Эмнени сепсең , ошону оросуң”-деген. Жакшылыкты сепсең да, жамандыкты сепсең да сѳзсүз түшүмүн аласың. Кудайдын мыйзамы ѳзгѳрбѳйт. Адам Атанын баласы Кабыл ичи тардыктын айынан бир тууганы Абылды ѳлтүргѳндѳ Кудай мындай деген: “Сен эмне кылдың? Жерден бир тууганыңдын каны Мага боздоп жатат.” Кудай айткан: “Адамдын жаны анын канында. Ким адамдын канын тѳксѳ, анын каны да адамдын колу менен тѳгүлѳт. ”

Февраль айында Анапияев Алманбет да бекеринен адам колдуу болуп ѳлгѳн жок. Ѳзүнѳ келип турган чагында ал да кѳп инсандардын канын тѳккѳн дешет. Аны Манастын досу Алманбеттин “арбагы” да сактап кала алган жок.

Келиңиз, окурман, ушул проблемалардын тегерегинде ой бѳлүшѳлү. Анткени адамдардын аң-сезими ѳзгѳргѳндѳ гана жашоо ѳзгѳрѳт. Ал эми аң-сезимди ой- пикир, Сѳз ѳзгѳртѳт.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

13-08-2015
Наадандык деген эмне?
17610

29-07-2015
“Сүйүү” дегенди кандай түшүнөсүз?
43845

06-06-2015
Адамга Кудай керекпи же дин керекпи?
12917

13-04-2015
Кыздарды сойку кылган кимдер?
10269

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×