Добавить статью
14:35, 8 мая 2015 16244

Кыргыз Республикасынын Конституциясы (жаңы редакциясынын долбоору)

IV БӨЛҮМ. Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлиги

1-БАП. Кыргыз Республикасынын президенти

61-берене

Кыргыз Республикасынын Президенти:

1. Мамлекеттин башчысы жана Кыргыз Өкмөтүн жетектеген эң жогорку кызмат адамы;

2. Конституциянын аткарылышынын, элдин жана мамлекеттик бийликтин биримдигинин, жарандардын укугунун жана эркиндиктеринин, салттуулуктун жана адилеттиктин бекем сакталышынын кепили болуп саналат;

3. Өлкөнүн өнүгүүсүнүн стратегиялык багыттарын аныктайт, аны Улуттук Курултайдын бекитүүсүнө коёт;

4. Кыргызстандын жана анын өкмөтүнүн атынан өлкөнүн ички жана эл аралык саясатын жүргүзөт жана жооп берет;

5. Кыргызстандын эгемендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн коргоо жана камсыз кылуу чараларын көрөт;

6. Мамлекеттик бийликтин ырааттуулугун, мамлекеттик органдардын биримдигин жана өз-ара макулдашып иштешин, алардын эл алдындагы жоопкерчилигин камсыз кылат;

7. Куралдуу Күчтөрдүн Башкы кол башчысы болуп саналат;

8. Өзүнүн ыйгарым укуктарын Кыргызстандын бардык аймактарында жана чет өлкөлөрдөгү элчиликтеринде милдеттүү түрдө аткарылчу жарлыктарды кабыл алуу менен жүргүзөт.

9. Президент ушул Конституцияда жана мыйзамдарда көрсөтүлгөн башка дагы ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырат.

62-берене

1. Кыргызстандын Президенти Улуттук Курултайда өкүлдөрдүн 2/3 добушу менен 5 жылдык мөөнөткө шайланат. Талапкерлердин бири да жетишээрлик добуш ала албаса, Кыргызстандын Президенттигине башка талапкерлер кайрадан көрсөтүлөт.

2. Бир эле адамды Кыргызстандын Президенти кылып катары менен эки мөөнөттөн ашык мөөнөткө шайлоо, Улуттук Курултайдын өк‰лдөр‰н‰н 2/3 добушунан өткөндөн кийин гана жалпы элдик добуш берүү менен жүргүзүлөт.

3. Кыргызстандын Президенти болуп мамлекеттик тилде таза сүйлөгөн жана жаза билген, улуттун тарыхын жакшы билген, мекенчил, элдин нарк-насилин жана каада-салтын карманган, жогорку билимдүү, маданияттуу, ден-соолугу чың, мурда соттолбогон, Кыргызстандын чегинен тышкары жерде өзүнүн жана жакындарынын жашыруун активдери жок, Президенттикке талапкер болгонго чейин республикада кеминде 15 жыл жашаган, жаш курагы 40тан кем эмес жана 65 тен ашпаган, кыргыз тектүү Кыргызстандын жараны шайланууга укуктуу.

4. Президенттикке талапкерлер, айылдык, конуштук Чогулуштарда, жамааттардын, коомдордун жыйындарында көрсөтүлөт жана өзүн-өзү көрсөтүүгө жол берилет. Талапкерлер Борбордук шайлоо комиссиясында катталат.

5. Кезектеги Кыргызстандын Президентин шайлоо, ишмердүүлүгүн аткарып жаткан Кыргызстандын Президентинин ыйгарым укуктары бүтөрүнө бир ай калганда жүргүзүлөт.

6. Кыргызстандын Президенти өзүнүн ыйгарым укуктарын аткарган мезгилде саясий партиялардагы жана уюмдардагы ишмердигин токтотот жана кандайдыр башка кызматты ээлөөгө, ошондой эле ишкердик кылууга укугу жок.

7. Кыргызстандын Президенти кызматка киришүү алдында Улуттук Курултайдын жыйынында элге ант берет. Жаңы шайланган Кыргызстандын Президенти ант берген мезгилден тартып, мурдагы Президенттин ыйгарым укуктары токтойт.

63-берене

Кыргызстандын Президентинин ыйгарым укуктары

1.Мамлекет башчы катары:

1) Кыргызстандын Конституциясынын жана башка мыйзамдарынын бардык мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү аткаруу органдары жана жарандары тарабынан аткарылышын камсыз кылат;

2) Аймактык Жыйындардын сунушу менен аймактардын Акимдерин жана Бишкек, Ош шаарларынын Бектерин дайындайт;

3) Мыйзамдарга кол коёт же мыйзамдарды каршы пикири менен Мыйзам чыгаруу жыйынына кайтарат;

4) Кыргызстандын бардык аймактарында аткарууга милдеттүү болгон жарлыктарга кол коёт жана элге жарыялайт;

5) Улуттук Курултайдын жана Мыйзам чыгаруу жыйынынын отурумуна катышууга жана сөз сүйлөөгө укуктуу;

2. Эл аралык маселелер боюнча:

1) Сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт, эл аралык, мамлекет аралык жана өкмөт аралык келишимдерге кол коёт, ыйгарым укуктарынан өкмөт мүчөлөрүнө убактылуу берүүгө укуктуу;

2) Ратификациялоо жана кызматташуу грамоталарына кол коёт;

3) Кыргызстандын чет мамлекеттердеги дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн башчыларын жана эл аралык уюмдардагы туруктуу өкүлдөрүн дайындайт, аларды кайра чакырып алат;

4) Чет өлкөлүк өкүлчүлүктөрдүн башчыларынын ишеним жана кайра чакырып алуу грамоталарын кабыл алат;

5) Кыргызстандын жарандыгына кабыл алуу жана жарандыгынан чыгаруу, саясий башкалка берүү маселелерин чечет.

3. Курулдуу Күчтөрдүн кол башчысы катары:

1) Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнүн жогорку командалык курамын аныктайт, дайындайт жана кызматтан бошотот;

2) Жагдай талап кылганда өзгөчө абалды айрым бир жерлерде жарыялабай туруп киргизет, ал жөнүндө Мыйзам чыгаруу жыйынына жана Улуттук Курултайга токтоосуз билдирет;

3) Өлкөнү коргоо жана анын жарандарынын коопсуздугун сактоо кызыкчылыгынан келип чыккан согуш абалын жарыялайт жана ал жөнүндө маселени Мыйзам чыгаруу жыйынына жана Улуттук Курултайга токтоосуз жиберет;

4) Жалпы же айрым аймактарда чектелген мобилизациялоо жарыялайт. Мамлекетке баскынчылык жасалганда же түздөн түз баскынчылык коркунучу туулганда согуш абалын жарыялайт жана бул жөнүндө Мыйзам чыгаруу жыйынына жана Улуттук Курултайга кабарлайт.

4. Кыргызстандын Президенти:

1) Кыргызстандын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлайт;

2) Кыргызстандын ардак наамдарын ыйгарат;

3) Жогорку аскердик наамдарды, адистештирилген жогорку аскердик наамдарды, атайын жогорку наамдарды, класстык чиндерди, квалификациялык класстарды, жогорку дипломатиялык рангдарды ыйгарат;

4) Ырайым кылууну жүзөгө ашырат.

64-берене

1. Кыргызстандын Президенти, мамлекеттин жана Өкмөттүн башчысы катары, өзүнүн ишмердүүлүгү жөнүндө Улуттук Курултайга жыл сайын отчет берет.

2. Кыргызстандын Президентинин кызматтан четтетилишине себеп болуучу негиздер:

- өлкөнүн жылдык өнүгүү программасынын аткарылбашы;

- республикалык бюджеттин аткарылбашы;

- улуттук идеологиянын иштебеши;

-мамлекетке жана коомго далилденген зыян келтирген социалдык-экономикалык ишмердүүлүктүн жүргүзүлүшү.

65-берене

1. Кыргызстандын Президенти кол тийбестик иммунитетке ээ.

2. Конституциялык мөөнөтүндө кызматынан четтетилбеген Кыргызстандын Президенти- Экс-Президент наамына ээ болот. Экс-Президенттин статусу мыйзам менен белгиленет.

66-берене

1. Кыргызстандын Президентинин ыйгарым укуктары, анын ушул Конституцияда каралган тартипте: ал кызматтан баш тартканда, Улуттук Курултай тарабынан кызматтан четтетилгенде, ооруп калгандыгына же өлгөндүгүнө байланыштуу ишмердүүлүгүн аткара албаган учурда токтотулат.

2. Кыргызстандын Президенти ооруп калгандыгына байланыштуу өз милдеттерин аткара албай калган учурда, Улуттук Курултай түзгөн мамлекеттик медициналык комиссиянын корутундусунун негизинде, өкүлдөрүнүн 2/3 добушу менен Улуттук Курултай Кыргызстандын Президентин мөөнөтүнөн мурда кызматынан бошотуу жөнүндө чечим кабыл алат.

3. Кыргызстандын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоо, анын ыйгарым укугунун мөөнөтү токтогондон кийин үч айдын ичинде өткөрүлөт.

67-берене

1. Президент кызматынан четтетилгенден кийин жазык жоопкерчилигине тартылышы мүмкүн.

2. Кыргызстандын Президентинин аракеттеринде кылмыш белгилери болгону жөнүндө Башкы Прокурордун корутундусу менен бышыкталган Улуттук Курултай тарабынан кылмыш жасагандыгы жөнүндө коюлган айыптын негизинде гана, Президент кызматынан четтетилиши мүмкүн.

3. Ушул берененин 1-пунктуна ылайык күнөөгө байланыштуу, Кыргызстандын Президентин кызматтан четтетүү жөнүндө Улуттук Курултайдын Убактылуу көзөмөл комиссиясынын корутундусу чыкканда, күнөө койгон күндөн тартып эки айлык мөөнөттөн кечиктирилбестен, Улуттук Курултайдын чечими анын өкүлдөрүнүн кеминде 2/3 добушу менен кабыл алынып, анын мыйзамдуулугу Конституциялык Соттун корутундусу менен ырасталат. Эгер, ушул мөөнөттө Улуттук Курултайдын чечими кабыл алынбаса, Кыргызстандын Президентине күнөө коюу четке кагылды деп саналат.

4. Кыргызстандын Президентин кызматтан четтетүү үчүн ага каршы күнөө коюу жөнүндө Улуттук Курултайдын чечими анын өкүлдөрүнүн кеминде 2/3 добушу менен кабыл алынат.

68-берене

1. Кыргызстандын Вице-Президенти, Кыргызстандын Президенти менен функциялык милдеттерин бөлүштүрүүсүнө ылайык Өкмөттүн маанилүү иш тармагын тейлейт.

2. Кыргызстандын Президенти республикадан сыртка чыккан, эс алган, дарыланган мезгилдердеги же башка себеп менен убактылуу милдетин аткарууга мүмкүн болбогондо, мөөнөтүнөн мурда кызматынан бошотулган же убактылуу кызматынан четтетилген учурда, жаңы Президент шайланганга чейин же убактылуу кызматтан четтетилген Кыргызстандын Президенти кайра кызматына келгенге чейин, ушул Конституцияга ылайык, анын ыйгарым укуктарын жана милдетин Кыргызстандын Вице-Президенти убактылуу аткарат.

3. Кыргызстандын Вице-Президенти Кыргызстандын Президентинин милдетин аткарууга мүмкүн болбогон учурда, аны Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы аткарат.

4. Кыргызстандын Президентинин ыйгарым укуктарын убактылуу аткаруучу адам- референдум дайындоого, Кыргыз Өкмөтүнүн ыйгарым укуктарын токтотууга, Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана Кыргыз Республикасынын өнүгүү программасына өзгөртүү жана толуктоо киргизүүнү сунуштоого укуксуз.

2-БАП. Кыргыз Республикасынын өкмөтү

69-берене

1. Кыргызстандын аткаруу бийлигин Кыргыз Өкмөтү, ага баш ийген министрликтер, мамлекеттик комитеттер, агентстволор, аймактык акимчиликтер, айылдык, конуштук башкармалыктар жана башка жергиликтүү өкмөттүк түзүмдөр ишке ашырат.

2. Кыргыз Өкмөтү Кыргызстандын аткаруу бийлигинин жогорку органы болуп саналат.

3. Кыргыз Өкмөтүн Кыргызстандын Президенти жетектейт, Кыргыз Өкмөтүнүн курамына Вице-президент, министрлер, мамлекеттик комитеттердин төрагалары жана агенттигинин директорлору кирет.

4. Кыргыз Өкмөтүнүн айрым бир мүчөлөрүнүн отставкасын Кыргызстандын Президенти кабыл алууга же четке кагууга укуктуу.

70-берене

Кыргыз Өкмөтү:

1. Кыргызстандын Конституциясынын жана мыйзамдарынын аткарылышын камсыз кылат;

2. Мамлекеттин ички жана тышкы аткаруу саясатын ишке ашырат;

3. Мамлекеттин эгемендүүлүгүн, аймактык бүтүндүгүн, Конституциялык түзүлүшүн сактоо, коргонуу бекемдүүлүгүн, улуттук коопсуздугун, укук тартиптүүлүгүн жана коргоо ишмердүүлүгүн жүргүзөт;

4. Мыйзамдуулукту, адилеттүүлүктү, салттуулукту сактоону, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин, коомдук тартипти камсыз кылууну, кылмыштуулук менен күрөшүүнү ишке ашырат, жарандардын жана жамааттардын кайрылууларына жооп берүүгө милдеттүү;

5. Каржылык, мүлктүк, тарифтик, инвестициялык, салыктык, төлөмдүк саясаттарын жүргүзөт;

6. Республикалык бюджетти иштеп чыгат, аны Кыргызстандын Мыйзам чыгаруу жыйынына сунуштайт жана анын аткарылышын ишке ашырат;

7. Менчиктердин бардык түрүн өнүктүрүүгө бирдей шарт түзөт жана коргойт. Мамлекеттик менчикти башкарууну ишке ашырат;

8. Социалдык-экономикалык, илимий-техникалык, руханий, жана маданий өнүгүү боюнча жалпы мамлекеттик бирдиктүү программаларды иштеп чыгат жана бекитилген программаны жүзөгө ашырат;

9. Тышкы экономикалык мамилени иш жүзүнө ашырат жана камсыздайт;

10. Бюджеттик жана башка активдерди күчөтүү максатында стратегиялык маанидеги сыртка чыгарылуучу же сырттан алынып келинүүчү жогорку кирешелүү товарларды, эл аралык келишимдин негизде республиканын максатына иштетүүгө милдеттүү.

11. Кыргызстандын Конституциясында жана башка мыйзамдарда көрсөтүлгөн ыйгарым укуктарды камсыз кылууга шарт түзөт;

12. Кыргыз Өкмөтүнүн иш тартиби жана аны уюштуруу Конституциялык мыйзам менен аныкталат.

71-берене

Кыргыз Өкмөтү:

1. Кыргызстандын бүткүл аймагында аткарууга милдетүү болгон токтомдорду жана буйруктарды чыгарат.

2. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык мекемелердин, жергиликтүү аткаруу бийлигинин ишмердүүлүгүн жетектейт.

3. Өзүнө баш ийген бардык органдардын мыйзамга ылайык келбеген актыларын жокко чыгарат.

4. Кыргызстандын Президенти:

1) Өкмөттүн жыйынын өткөрөт;

2) Өкмөттүн токтомдоруна жана буйруктарына кол коёт, алардын аткарылышын камсыздайт.

3) Өкмөттүн түзүмү жана өздүк курамы боюнча Улуттук Курултайга сунуш берет.

(уландысы бар...)

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

08-06-2015
Д.Сарыгуловдун долбооруна пикир
45259

13-05-2015
Шайлоо ыкмасы
30706

13-05-2015
Салыштыруу таблицасы
59268

13-05-2015
Жаңы Конституцияга киргизилген түшүнүктөр (Глоссарий)
40854

12-05-2015
Кыргыз Республикасынын Конституциясы (жаңы редакциясынын долбоору)
12844

11-05-2015
Кыргыз Республикасынын Конституциясы (жаңы редакциясынын долбоору)
14870

09-05-2015
Кыргыз Республикасынын Конституциясы (жаңы редакциясынын долбоору)
33662

05-05-2015
Кыргыз Республикасынын Конституциясы (жаңы редакциясынын долбоору)
17636

01-05-2015
Кыргыз Республикасынын Конституциясы (жаңы редакциясынын долбоору)
29682

29-04-2015
Кыргыз Республикасынын Конституциясы (жаңы редакциясынын долбоору)
45845

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×