Добавить статью
10:39, 9 мая 2015 33816

Кыргыз Республикасынын Конституциясы (жаңы редакциясынын долбоору)

V БӨЛҮМ. Кыргыз Республикасынын сот бийлиги

72-берене

1. Кыргызстанда сот адилеттигин соттор гана жүргүзүшөт. Мыйзамдарда каралган учурларда жана тартипте сот адилеттигин жүргүзүүгө жарандар да катыша алат.

2. Кыргызстандын сот системасы Конституциялык Соттон, Жогорку Соттон, аймактык соттордон жана аймактар аралык арбитраждык соттордон турат. Конституциялык мыйзам менен башка атайын соттор түзүлүшү мүмкүн. Өзгөчө сотторду түзүүгө жол берилбейт.

3. Кыргызстанда соттор көз карандысыз, Кыргызстандын Конституциясына жана мыйзамдарына гана баш ийет.

4. Каралып жаткан иш боюнча соттордон отчёт талап кылуу, көрсөтмө берүү, кысым көрсөтүүгө жатат.

5. Судьялардын кол тийбестиги анын турак-жайына, кызмат ордуна, пайдаланган унааларына, байланыш каражатына, кат-кагаздарына, ага тиешелүү мүлктөргө жана документтерге да тиешелүү. Аны кылмыш жасап жаткан учурдан башка жагдайда кармоого, камоого, үйүн жана унаасын тинтүүгө же жеке өзүн аңтарууга тыюу салынат.

6. Кыргызстандын сот системасынын статусу, иштөө тартиби мыйзам менен аныкталат.

1-БАП. Кыргыз Республикасынын конституциялык соту

73-берене

1. Кыргызстандын Конституциялык Соту, Кыргыз Республикасынын Конституциялык түзүлүшүнүн негиздерин сактоо ишмердүүлүгүн жүргүзөт.

2. Кыргызстандын Конституциялык Соту:

1) Кыргызстандын Конституциясына каршы келген мыйзамдарды жана башка укуктук ченемдик актыларды конституциялык эмес деп табат;

2) Кыргызстандын Конституциясынын колдонулушу, иштеши, түшүндүрүлүшү боюнча талаш-тартыштарды чечет;

3) Кыргызстандын Конституциясына киргизилүүчү өзгөртүүлөргө корутунду берет;

4) Кыргызстанда күчүнө кире элек, ратификациялоого жаткан эл аралык келишимдердин конституцияга ылайыктуулугу жөнүндө корутунду берет;

5) Мамлекетте бийлик бутактарынын тең салмактуулугу бузулганда, Улуттук Курултайга, Мыйзам чыгаруу жыйынына жана Президентке тиешелүү корутунду жолдойт;

6) Кыргызстандын Конституциясына каршы келген жогорку жана жергиликтүү органдардын чечимдерин бузат;

7) Кайрылуулар боюнча, жарандык, жамааттык коомдордун, коомдук бирикмелердин жана диний уюмдардын ишмердүүлүгүнүн Кыргызстандын Конституциясына жана мыйзамдарына ылайыктуулугун чечет;

8) Кыргызстандын Президентин шайлоо, аны мөөнөтүнөн мурда кызматтан алуу, ишеним көрсөтпөө (импичмент) маселелери боюнча корутунду берет.

3. Кыргызстандын Конституциялык Сотунун курамы анын 9 мүчөсүнөн: төрагасынан, анын орун басарынан жана 7 судьядан турат.

4. Кыргызстандын Конституциялык Сотунун судьяларын, төрагасын жана анын орун басарын Улуттук Курултай 5 жылдык мөөнөткө шайлайт.

5. Кыргызстандын Конституциялык Сотунун судьялыгына мурда соттолбогон, жаш курагы 40 тан кем эмес жана 65 тен ашпаган, жогорку укуктук билими жана он жылдан кем эмес юридикалык стажы бар, анын ичинде беш жылдан кем эмес соттук стажка ээ Кыргызстандын жараны талапкерлигин коё алат.

6. Конституциялык Соттун жыйыны анын судьяларынын 7 катышса кворумга ээ.

7. Конституциялык Сот чечимдерин жыйынга катышкан судьялардын көпчүлүк добушу менен кабыл алат, добуштар барабар болуп калганда, анын төрагасынын добушу чечүүчү болуп саналат.

74-берене

1. Конституциялык Соттун чечими акыркы жана даттанууга жатпайт.

2. Сот актыларынан башка Конституциялык эмес деп табылган мыйзамдар жана башка ченемдик актылар Конституциялык Сот тарабынан жокко чыгарылат. Жокко чыгаруунун мөөнөттөрү жана тартиби мыйзамга ылайык аткарылат

3. Конституциялык Соттун сот өндүрүшү атайын мыйзам менен аныкталат.

2-БАП. Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана аймактык соттору

75-берене

1. Кыргызстандын Жогорку Соту, жарандык, кылмыштык, администрациялык жана арбитраждык сот өндүрүшүндө жана башка Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында көрсөтүлгөн иштер боюнча сот бийлигинин жогорку органы болуп саналат.

2. Жогорку Соттун судьяларын, Төрагасын жана анын орун басарын Улуттук Курултай 5 жылдык мөөнөткө шайлайт.

3. Жогорку Соттун судьялыгына мурда соттолбогон, жаш курагы 40 тан кем эмес жана 65 тен ашпаган, жогорку укуктук билими жана он жылдан кем эмес юридикалык стажы бар, анын ичинде беш жылдан кем эмес соттук стажка ээ Кыргызстандын жараны талапкерлигин коё алат.

4. Жогорку Соттун судьялары Улуттук Курултайга ант берет.

5. Кыргызстандын бардык соттору катышкан Кыргызстандын сотторунун Жыйыны, Конституциялык Соттун ыйгарым укуктарынан тышкары каралчу бардык сот өндүрүшүнүн жана башка Кыргызстандын мыйзамдарында көрсөтүлгөн иштер боюнча сот бийлигинин жогорку органы болуп эсептелет.

6. Соттор Жыйыны, Жогорку Соттун жумушчу органдарын- Жогорку Соттун Президиумунун жана тармактык коллегияларынын курамын шайлайт.

7. Кыргыз Республикасында түзүлгөн соттук инстанциялар, түптөлгөн процессуалдык калыптарда, төмөнкү соттук инстанциялардын актыларын кайра кароону аткарат.

8. Жогорку Сот, сот процессинин катышуучуларынын арызынын негизинде аймактык соттордун ишине көзөмөл жүргүзүүнү, кайра кароо жолу менен жүргүзөт. Жогорку Соттун аймактык соттордун актыларын күчүндө калтыруу, өзгөртүү же жаңы чечим кабыл алуу шарттары мыйзамда аныкталат. Жогорку Соттун көзөмөл иретинде кайра карап кабыл алган чечими арызданууга жатпайт.

9. Жогорку Соттун жумушчу органдарынын иштөө тартиби Конституциялык мыйзам менен аныкталат.

10. Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун бардык судьялары катышкан Кыргыз Республикасынын сотторунун Пленуму төмөнкү сотторго соттук практика боюнча милдеттүү түшүндүрмөлөрдү берүүгө укуктуу.

76-берене

1. Аймактык соттордун жана аймактар аралык арбитраждык соттордун судьялыгына мурда соттолбогон, жаш курагы 40 тан кем эмес жана 65 тен ашпаган, укуктук жогорку билими бар жана укуктук кесибинде кеминде 5 жыл иштеген, судьялык ишке жарактуулугу Жогорку Соттун квалификациялык коллегиясынын корутундусу менен ырасталган Кыргызстандын жараны талапкерлигин коё алат.

2. Аймактык соттордун жана аймактар аралык арбитраждык соттордун судьялары альтернативдүү түрдө, өз кичи мекенинен башка аймакта, анын эли тарабынан шайланат.

3. Аймактык соттордун судьялары жана аймактар аралык арбитраждык соттордун судьялары аймактык Жыйындарга ант берет.

4. Жогорку Соттун төрагасы Улуттук Курултайга, аймактык соттордун төрагалары аймактык Жыйындарга сот адилеттүүлүгүнүн аткарылышы боюнча жыл сайын отчёт берет.

5. Судьялар өз каалоосу менен же ден-соолугуна байланыштуу кызматын аткара албай калганда, соттун мыйзамдуу күчүнө кирген айыптоо өкүмүнүн негизинде жана кызматындагы кемчиликтери үчүн Жогорку Соттун Президиумунун чечими менен кызматынан бошотулат.

6. Аймактык соттордун судьялары ротацияланбайт.

77-берене

1. Судья, тараптардын иш боюнча далилдерин жана такташууларын талдоо менен чындыкты аныктоого тийиш.

2. Ишти жабык кароого мыйзамдарда көрсөтүлгөн тартипте гана жол берилет. Мыйзамда көрсөтүлгөндөн башка шарттарда ишти сырттан кароого жол берилбейт.

3. Сотто айыпталуучу кылмыш иш боюнча өзүнүн күнөөлүү эместигин далилдөөгө милдеттүү эмес. Кандай гана болбосун күмөн, айыпталуучунун пайдасына чечилет.

4. Өз күнөөсүн мойнуна алгандын негизинде гана эч ким соттолбош керек.

5. Бир эле укук бузууга эки жолу жоопкерчилик тартууга жол берилбейт.

6. Жактоо бардык соттук инстанциялардагы бузулгус укук болуп саналат. Эгер, жарандын жактоочу жалдоого каржысы болбосо, анда ага юридикалык жардам жана жактоо мамлекеттин эсебинен берилет.

78-берене

1. Бардык соттордун соттоо практикасы жыл сайын Жогорку Сот тарабынан сөзсүз жана милдеттүү түрдө изилденип, туура эмес чечимдерди кабыл алган соттордун жоопкерчилиги Жогорку Соттун Президиумунда каралат.

2. Кайсы соттун судьясы болбосун, ишти өз убагында карабагандыгы үчүн жана ар бир бузулган иши үчүн, мыйзамда белгиленген тартипте жоопкерчилик тартууга тиийиш. Эгер, бир жылда үч жолу иши бузулса же туура эмес кабыл алган чечими оор жагдай жаратса, ал судья кызматынан четтетилет жана экинчи сот системасына судьялык кызматка алынбайт.

79-берене

1. Кыргызстандын күчүнө кирген соттук актылары бүт республиканын аймагындагы бардык мамлекеттик органдарга, чарбалык субьектилерге, коомдук бирикмелерге, кызмат адамдарына жана жарандарга милдеттүү түрдө аткарууга жатат.

2. Соттук актыларды тиешелүү түрдө аткарбоо же аларды аткарууга каршылык көрсөтүү, соттун ишмердүүлүгүнө киришүү мыйзамда көрсөтүлгөн жоопкерчиликке тартууга алып келет.

VI БӨЛҮМ. Кыргызстандын мамлекеттик атайын органдары

80-берене

1. Улуттук Банк Кыргызстандагы банк системасын башкарат жана тармактын ишмердүүлүгүнө жооп берет, Кыргызстандын акча-насыя саясатын аныктайт жана жүргүзөт. Бирдиктүү валюталык саясатты иштеп чыгат, жөнгө салат, акчаны эмиссиялоо боюнча атайын укукка ээ, банктык каржылоонун ар кандай түрлөрүн жана принциптерин иш жүзүнө ашырат.

2. Улуттук Банк кыргыз акча банкнотторун республиканын өзүндө чыгарууну колго алат.

3. Улуттук Банктын ишин текшерүү комиссиясын Улуттук Курултай жана Кыргызстандын Мыйзам чыгаруу жыйыны биргелешип, паритеттик негизде түзөт.

81-берене

1. Прокуратура органдары Кыргызстандагы мыйзамдардын жана башка укуктук ченемдик актылардын бардык жерде так жана бирдей аткарылышына көзөмөл жүргүзөт.

2. Прокуратура органдары мыйзамдарда көрсөтүлгөн тартипте жана учурларда соттук териштирүүгө катышат, мыйзамдарда каралган тартипте жарандардын укуктарын жактайт.

3. Улуттук Курултайдын чакырылышына же өткөрүлүшүнө ачык же купуя каршылык көрсөтүп жаткан бийлик башчыларына Кыргызстандын Башкы Прокурору токтоосуз иш козгойт.

4. Кыргызстандын Башкы Прокурорлугуна жаш курагы 40 кем эмес жана 65 тен ашпаган, жогорку юридикалык билимдүү, 10 жылдык юридикалык стажга ээ, анын ичинде 5 жылы прокурордук же соттук стажы бар кыргыз тектүү Кыргыз Республикасынын жараны Улуттук Курултайда шайланат.

82-берене

Кыргызстандын Эсептөө Палатасы республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин аткарылышын жана бюджеттен тышкаркы мамлекеттик жана башка менчиктин пайдаланышын, элдик менчиктин сакталышын, мамлекеттик бийлик органдарынын каржылык жана чарбалык иштерин текшерет.

83-берене

1. Статистика Комитети Кыргызстандын социалдык, соода, экономикалык, илимий, маданий, демографиялык абал жана башка коомго керектүү статистикалык маалыматтарды топтойт, аларды талдайт жана жарыялайт.

2. Менчиктин түрүнө карабастан, атайын тизмеге ылайык бардык уюмдар, мекемелер, ишканалар жана башкалар Статистика Комитетине жана анын жергиликтүү органдарына өз убагында жана ишенимдүү статистикалык отчет берүүгө милдеттүү.

84-берене

1. Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргызстанда мамлекеттик шайлоолорду жана жалпы элдик добуш берүүлөрдү (референдум) уюштурат жана өткөрөт.

2. Борбордук шайлоо комиссиясынын ички ишине бийлик бутактары кийлигишпейт.

3. Борбордук шайлоо комиссиясынын ишмердүүлүгүн жөнгө салган мыйзам кабыл алынат.

85-берене

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук маалымат Агенттиги Кыргызстандын мамлекеттик маалымат саясатын ишке ашыруучу мамлекеттик орган.

2. Кыргызстандын Улуттук маалымат Агенттиги:

-Кыргызстандын мамлекеттик жалпы республикалык, аймактык, ведомстволук жана атайын багыттагы (саясат, экономика, илим, маданият, спорт, туризм ж.б.) жалпыга маалымдоочу каражаттарынын (телевидение, радио жана басылмалар) ишмердүүлүгүн координациялайт;

-Кыргызстандагы коомдук-саясий жана өлкөнүн өнүгүүсү боюнча толук, анык, калыс жана өз убагында жалпы элге маалымат берүүнү камсыздайт;

-Кыргызстандын Улуттук идеологиясын, тилин, маданиятын, тарыхын жана башка маалыматты жогорку идеялык жана моралдык-нравалык сапатта элге үгүттөйт;

-Кыргызстандын маалымат коопсуздугун камсыздайт.

3. Жалпыга маалымдоочу каражаттардын Башкы редакторлору, алар тейлеген региондун жана мамлекеттик органдын жетекчисинин сунушу же макулдугу менен Улуттук маалымат Агенттигинин директору тарабынан дайындалат.

4. Кыргызстанда Улуттук маалымат Агенттигинин ишмердүүлүгү мыйзам менен аныкталат.

86-берене

1. Жалпыга маалымдоочу маалымат каражаттары ишмердүүлүгүн эркин жана мыйзамга ылайык жүргүзөт. Маалыматтын аныктыгына жана тактыгына жалпыга маалымдоочу маалымат каражаттары мыйзамга ылайык жооптуу.

2. Кыргызстандын Улуттук маалымат Агенттиги мамлекеттик эмес жалпыга маалымдоочу маалымат каражаттарынын ишмердигине кийлигишпейт.

(уландысы бар...)

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

08-06-2015
Д.Сарыгуловдун долбооруна пикир
45276

13-05-2015
Шайлоо ыкмасы
30718

13-05-2015
Салыштыруу таблицасы
59296

13-05-2015
Жаңы Конституцияга киргизилген түшүнүктөр (Глоссарий)
40886

12-05-2015
Кыргыз Республикасынын Конституциясы (жаңы редакциясынын долбоору)
12854

11-05-2015
Кыргыз Республикасынын Конституциясы (жаңы редакциясынын долбоору)
14888

08-05-2015
Кыргыз Республикасынын Конституциясы (жаңы редакциясынын долбоору)
16264

05-05-2015
Кыргыз Республикасынын Конституциясы (жаңы редакциясынын долбоору)
17668

01-05-2015
Кыргыз Республикасынын Конституциясы (жаңы редакциясынын долбоору)
29712

29-04-2015
Кыргыз Республикасынын Конституциясы (жаңы редакциясынын долбоору)
45873

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×