Добавить статью
15:45, 11 мая 2015 14871

Кыргыз Республикасынын Конституциясы (жаңы редакциясынын долбоору)

VII БӨЛҮМ. Жергиликтүү башкаруу

87-берене

1. Жергиликтүү башкарууга аймактардагы жана айылдык, конуштук башкармалыктардагы башкаруу жана аткаруу иштери кирет, ал ушул Конституциянын жана Кыргызстандын мыйзамдарынын чегинде аймактардагы жана башкармалыктардагы мамлекеттик башкаруу жана аткаруу иштерин, жергиликтүү өзүн-өзү башкарууну жүзөгө ашырат, жергиликтүү жамааттын кызыкчылыгына ылайык өз жоопкерчилигинде жергиликтүү маанидеги маселелерди чечет.

2. Жергиликтүү башкаруунун ишмердиги мыйзам менен аныкталат.

88-берене

1. Мамлекеттик ыйгарым укуктар жергиликтүү башкарууга мыйзамда аныктоо, өз-ара келишим түзүү же материалдык, финансылык жана башка каражаттардан жергиликтүү бийликке ыйгаруу аркылуу жүзөгө ашырылат. Жергиликтүү башкаруу органдары өткөрүп берилген ыйгарым укуктар боюнча мамлекеттик органдарга отчет беришет.

2. Жергиликтүү башкарууну каржылоо тийиштүү жергиликтүү бюджеттен жана мыйзамга ылайык республикалык бюджеттен жүргүзүлөт.

3. Жергиликтүү бюджетти түзүү жана аткаруу ачык-айкындыктын, коомчулуктун катышуусунун, жергиликтүү бийликтин жамаат алдында отчеттуулук принцибинин сакталышы менен жүзөгө ашырылат.

4. Мамлекеттик органдардын жергиликтүү башкаруунун мыйзамда же келишимде каралган ыйгарым укуктарына кийлигишүүсүнө тыюу салынат.

1-БАП. Аймактык башкаруу

89-берене

1. Аймактык башкарууга аймактар, аймактык маанидеги шаарлар жана өзүнчө статустагы Бишкек, Ош шаарлары кирет.

2. Аймактык башкаруу, аймактык өзүн-өзү башкаруу органдарынын системасынан жана аймактык аткаруу органдарынан түзүлөт.

3. Аймактык өзүн-өзү башкаруу органдарына- аймактардын, Бишкек, Ош шаарларынын жана аймактык маанидеги шаарлардын аймактык Жыйындары жана аймактык Кеңештери кирет.

4. Аймактык аткаруу органдарына - аймактардын акимчиликтери, Бишкек, Ош шаарларынын жана аймактык маанидеги шаарлардын башкармалыктары кирет.

5. Аймактык башкарууну каржылоо аймактык бюджеттен жана мыйзамга ылайык республикалык бюджеттен жүргүзүлөт.

90-берене

1. Аймактык Жыйын айылдык, конуштук Чогулуштарда шайланган 400 өкүлдөн турат.

2. Аймактык Жыйын:

1) аймакка- Акимди, Бишкек жана Ош шаарларына- Бектерди кызматка бекитүүнү Кыргызстандын Президентине сунуштайт.

2) аймактын социалдык-экономикалык өнүгүү программасын бекитет.

3) аймактын Акиминин жана аймактык маанидеги шаарлардын Бектеринин жылдык отчётторун угат жана баа берет. “Канааттандырарлык эмес” деген баа алган жетекчини кызматтан бошотуу сунушу менен Кыргызстандын Президентине кайрылат.

4) мыйзамга каршы келбеген башка дагы аймактык маанидеги маселелерди чечет.

91-берене

1. Аймактык Аксакалдар кеңешинин мүчөлүгүнө элдин рухий дөөлөтүнө каныккан, мекенчил иштерге активдүү катышкан, жасаган эмгеги жана өнөрү менен элге таанылган, инсандык жана ишмердик сапаттары менен коомчулукка үлгү болорлук улуу муундун өкүлдөрүнөн шайланат.

2. Аймактык Аксакалдар кеңеши:

-эл арасында нарктуулуктун жана салттуулуктун баалуулуктарына негизделген жамааттын жана аксакалдардын ролун күчөтүп, коомдун тазарышына жетишүүчү бийик нарктык - укуктук ченемдердин калыптанышын, кыргыздын жаштарды тарбиялоочу асыл баалуулуктарына, мекенчилдикке жана ыймандуулукка негизделген, жаратмандыкты жана өлкөнүн өнүгүүсүн багыттоочу Улуттук идеологияны жана кыргыздын жолдуулук ченемдеринин сакталышын жана иштешин көзөмөлгө алат;

-республикалык Нарктык Кеңешке эки өкүл шайлайт.

92-берене

Аймактык кеңеш:

1. Аймактык Жыйындардын аралыгында анын чечимине ылайык кеңешке тиешелүү ишмердүүлүк жүргүзөт.

2. Аймактык социалдык-экономикалык өнүгүү программасын карайт.

3. Мыйзам чегинде жергиликтүү жыйымдарды, төлөмдөрдү жана жеңилдиктерди киргизет.

4. Жергиликтүү бюджетти бекитет.

5. Аймактык кеңештин депутаты:

1) аймактык Жыйынга чечүүчү добуш менен катышууга укуктуу.

2) Айылдык, конуштук Чогулушка депутаттык ишмердиги боюнча жылдык отчёт берет.

“Канааттандырарлык эмес” деген баа алса же отчёт бербесе депутаттык мандатынан ажыратылат.

93-берене

1. Аймактардын Акимдери, Бишкек, Ош шаарларынын жана аймактык маанидеги шаарлардын Бектери:

1) аймакта мамлекеттик саясатты жүзөгө ашырат;

2) Кыргыз Өкмөтүнүн тапшырмаларын аткарат;

3) аймактын өзүн-өзү башкаруу органдарынын чечимдерин ишке ашырат;

4) аймактык социалдык -экономикалык өнүгүү программаларын жүзөгө ашырат;

5) аймактык бюджеттин аткарылышын камсыздайт;

2. Аймактык акимчиликтин өз ыйгарым укуктарынын алкагында кабыл алган чечимдери айылдык жана конуштук башкармалыктарда милдеттүү түрдө аткарууга жатат.

3. Жергиликтүү аткаруунун жетекчилери тиешелүү жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органынын ишине чечүүчү добуш менен катышууга укуктуу.

2-БАП. Айылдык жана конуштук башкаруу

94-берене

1. Айылдык, конуштук башкарууга- элетте айылдар жана шаарларда конуштар кирет.

2. Айылдык, конуштук башкаруу- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруусунун баштапкы баскычы болуп, өзүн-өзү башкаруу органдарынан жана аткаруу органдарынан түзүлөт.

3.Айылдык, конуштук өзүн-өзү башкаруу органдарына- айылдык, конуштук Чогулуштар жана айылдык, конуштук Кеңештер кирет.

4. Айылдык, конуштук аткаруу органы болуп, бир айылдан, шаарларда бир конуштан же алардын бир нечесинин бирикмесинен турган айылдык, конуштук башкармалык саналат.

5. Айылдык, конуштук башкарууну каржылоо айылдык, конуштук бюджеттен жана мыйзамга ылайык республикалык бюджеттен жүргүзүлөт.

95-берене

Айылдык, конуштук Чогулуш:

1. Айылдык, конуштук башкармалыктын курамындагы айылдардын же конуштардын тургундарынын 200 дөн кем эмес өкүлүнөн турат;

2. Аймактын Акиминин сунушу менен айылдык, конуштук башкармалыктын Башчысын бекитет.

3. Улуттук Курултайга жана аймактык Жыйынга өкүлдөрдү шайлайт.

4. Аймактык Аксакалдар кеңешине өкүлдөрдү шайлайт.

5. Айылдык, конуштук башкармалыктын Башчысынын жылдык отчётун аймактык Акимчиликтин өкүлдөрүнүн катышуусунда угат жана баа берет. Өкүлдөрдүн 2/3 добушу менен “Канааттандырарлык эмес” деген баа алган Башчы кызматтан бошотулат. Бошотулган Башчынын ордуна катышкан өкүлдүн сунушу менен жаңы Башчы шайлайт.

6. Жергиликтүү маанидеги башка маселерди карайт жана алар боюнча чечим кабыл алат.

96-берене

1. Айылдык, конуштук башкармалыктын тургундары айылдык, конуштук Кеңештин депутаттарын курамына аксакалдардан, аялдардан жана жаштардан катыштырып, мыйзамда белгиленген талаптарга жана ченемдерге ылайык шайлайт.

2. Айылдык, конуштук Кеңеш:

1) Айылдык, конуштук башкармалыктын жылдык социалдык-экономикалык өнүгүү жана социалдык коргоо программасын бекитет;

2) Айылдык, конуштук башкармалыктын бюджетин бекитет жана анын аткарылышын көзөмөлдөйт;

3) жергиликтүү жыйымдарды, төлөмдөрдү жана жеңилдиктерди киргизет;

4) жергиликтүү маанидеги башка маселелерди чечет.

3. Айылдык, конуштук Кеңештин депутаттары айылдык, конуштук Чогулушка чечүүчү добуш менен катышууга укуктуу.

4. Айылдык, конуштук Кеңештин төрагасы айылдык, конуштук Чогулушка Кеңештин ишмердиги боюнча жылдык отчёт берет.

97-берене

Айылдык, конуштук башкармалыктын Башчысы:

1. Айылдык, конуштук башкармалыктагы мамлекеттик саясатты жүзөгө ашырат;

2. Кыргыз Өкмөтүнүн, аймактык Акимчиликтин жана башка мамлекеттик органдардын тапшырмаларын аткарат;

3. Айылдык, конуштук өзүн-өзү башкаруу органдарынын чечимдерин ишке ашырат;

4. Айылдык, конуштук башкармалыктын социалдык –экономикалык өнүгүү программаларын жүзөгө ашырат;

5. Айылдык, конуштук бюджеттин аткарылышын камсыздайт;

6. Айылдык, конуштук башкармалыктын Башчысы, айылдык конуштук Кеңештин ишине чечүүчү добуш менен катышууга укуктуу.

7. Айылдык, конуштук Чогулушка ишмердиги боюнча жылдык отчёт берет.

(уландысы бар...)

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

08-06-2015
Д.Сарыгуловдун долбооруна пикир
45261

13-05-2015
Шайлоо ыкмасы
30706

13-05-2015
Салыштыруу таблицасы
59268

13-05-2015
Жаңы Конституцияга киргизилген түшүнүктөр (Глоссарий)
40854

12-05-2015
Кыргыз Республикасынын Конституциясы (жаңы редакциясынын долбоору)
12844

09-05-2015
Кыргыз Республикасынын Конституциясы (жаңы редакциясынын долбоору)
33669

08-05-2015
Кыргыз Республикасынын Конституциясы (жаңы редакциясынын долбоору)
16245

05-05-2015
Кыргыз Республикасынын Конституциясы (жаңы редакциясынын долбоору)
17636

01-05-2015
Кыргыз Республикасынын Конституциясы (жаңы редакциясынын долбоору)
29684

29-04-2015
Кыргыз Республикасынын Конституциясы (жаңы редакциясынын долбоору)
45846

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×