Добавить статью
18:43, 13 мая 2015 40886

Жаңы Конституцияга киргизилген түшүнүктөр (Глоссарий)

ЖАҢЫ КОНСТИТУЦИЯГА КИРГИЗИЛГЕН ТҮШҮНҮКТӨР

(Глоссарий)

Аймак- администрациялык - аймактык бирдик. Конституциялык реформа менен бирге администрациялык-аймактык реформа да жүргүзүлүп, натыйжада областтар жоюлуп, райондор ириленип, Бишкек жана Ош шаарлары менен кошо 21 аймак түзүлөт.

Айыл- элет жериндеги элдүү пункт.

Конуш- шаар аймагында же шаарга караштуу элдүү пункт.

Кичи мекен- адамдын ата-бабалары мекендеген жер, чөлкөм, аймак.

Айылдык, конуштук башкармалык- элет жеринде бир айылдан, шаарларда бир конуштан же алардын бир нечесинин бирикмесинен турган администрациялык-аймактык бирдик.

Курултай- мамлекеттик жана коомдук мааниси бар маселелер боюнча жарандардын же алардын өкүлдөрүнүн республикалык маанидеги жыйыны.

Өкүл- шайлоодо элдин ыйгарым укугуна ээ болгон жаран.

Элдик жыйындар системасы: республикада- Улуттук Курултай, аймактарда- Аймактык Жыйындар жана айылдык, конуштук башкармалыктарда- айылдык, конуштук Чогулуштар жүргүзгөн мамлекеттин негизги башкаруу формасы.

Улуттук Курултай- Конституциянын талаптарына ылайык, мамлекеттик бийлик бутактарын т‰з‰‰ч‰, алардын ишмердигин багыттоочу жана көзөмөлдөөчү, республикалык саясий системанын башындагы мамлекеттин эң жогорку өкүлчүлүктүү башкаруу органы.

Аймактык Жыйын- аймактардын, Бишкек, Ош шаарларынын жана аймактык маанидеги шаарлардын иштерин башкаруунун өкүлчүлүктүү органы.

Айылдык, конуштук Чогулуш- айылдык, конуштук башкармалыктарда туруктуу жашаган элдин мамлекеттик жана жергиликтүү маанидеги иштерди башкаруу органы.

Катчылык- Улуттук Курултайды чакыруу жана өткөрүү, курултайлар арасында анын чечимдерин иш жүзүнө ашыруучу, туруктуу иштеген орган.

Баш Катчы- Улуттук Курултайдын туруктуу иштеген органынын жетекчиси.

Убактылуу көзөмөл комиссиясы- Улуттук Курултай тарабынан түзүлүп, анын тапшырмасы менен мамлекеттик, саясий, коомдук, бейөкмөттүк, диний жана башка уюмдардын ишмердүүлүгүнө элдик көзөмөл жүргүзүүчү убактылуу иштөөчү орган.

Аким- аймактын аткаруу бийлигинин башчысы.

Бек- шаардын аткаруу бийлигинин башчысы.

Даанышман- акылман, билерман.

Даанышман Кеңеш уюму- Кыргызстанда Конституциялык реформаны демилгелөөчү уюм.

Жергиликтүү Аксакалдар Кеңеши- жергиликтүү (аймактык, айылдык, конуштук) жамааттардын ишмердүүлүгүн багыттоочу, насаат жана кеңеш берүүчү улуу муундун өкүлдөрүнүн салттуу институту.

Нарк- салттуу укук.

Нарктык Кеңеш- элдин рухий дөөлөтүнө каныккан, инсандык жана ишмердик сапаттары менен элге үлгү болорлук, улуу муундун өкүлдөрүнөн түзүлгөн нарктуулуктун жана салттуулуктун кепилдигин камсыз кылган өкүлчүлүктүү орган.

Нарктык Кеңеш Улуттук идеологияны жана кыргыздын жолдуулук ченемдерин түптөйт.

Кыргыздын жолдуулук ченемдери- кыргыздын улуттук салттуу этикасы.

Улуттук идеология- кыргыздын асыл баалуулуктарына, мекенчилдикке жана ыймандуулукка негизделген, жаратмандыкты жана өлкөнүн өнүгүүсүнө багытталган концепсия.

Салт- адат, каада, өнөкөт.

Салттуу жамаат, уруу- генетикалык тууганчылыктын негизинде бириккен эл.

Салттуу башкаруу- мамлекеттүүлук жок кезде уруунун саясий, коомдук, социалдык жана коопсуздугун камсыздоочу ишмердүүлүгүн башкаруучу демократиялык орган.

Салттуу жамааттын Курултайы- жашаган жерине жана кылган ишине карабастан, генетикалык тууганчылыктын негизинде, салттуу кызыкчылык менен бириккен элдин, мамлекеттик жана жамааттык иштерди башкаруу органы.

Тектүү адам- уруусу жана 7 атасына чейин белгилүү адам.

Конституциялык реформа комитети- өлкөдө Даанышман Кеңеш сунуштаган редакция боюнча Конституциялык реформаны уюштуруп өткөрүү милдети жүктөлгөн орган.

Элет жери- шаарлардын сыртындагы аймактар.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

08-06-2015
Д.Сарыгуловдун долбооруна пикир
45276

13-05-2015
Шайлоо ыкмасы
30718

13-05-2015
Салыштыруу таблицасы
59295

12-05-2015
Кыргыз Республикасынын Конституциясы (жаңы редакциясынын долбоору)
12854

11-05-2015
Кыргыз Республикасынын Конституциясы (жаңы редакциясынын долбоору)
14888

09-05-2015
Кыргыз Республикасынын Конституциясы (жаңы редакциясынын долбоору)
33815

08-05-2015
Кыргыз Республикасынын Конституциясы (жаңы редакциясынын долбоору)
16264

05-05-2015
Кыргыз Республикасынын Конституциясы (жаңы редакциясынын долбоору)
17667

01-05-2015
Кыргыз Республикасынын Конституциясы (жаңы редакциясынын долбоору)
29712

29-04-2015
Кыргыз Республикасынын Конституциясы (жаңы редакциясынын долбоору)
45873

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×