Добавить статью
14:16, 6 июня 2015 12918

Адамга Кудай керекпи же дин керекпи?

Дин Кудайга алып баруучу жолбу же тескерисинче, Кудайдан алыстатуучу жолбу?

Эгер Кудай бирөө болсо, анда эмне үчүн диндер абдан көп?

Эгер дин Кудайдын жолу болсо, эмне үчүн миллиарддаган динчил адамдар Кудайдын айтканын аткарбастан күнөө кылып жүрүшөт: алдамчылык, көрө албастык, жек көрүү, бузукулук, согуштар, адам өлтүрүү, ойноштук, гомосексуализм, педофилия...ж.б. ыпыластыктар?

Эгерде дин бейишке алып баруучу жол болсо, анда эмне үчүн диндер көбүрөөк таркап, күчүнө кирген сайын, күнөө кылуу да көбөйдү? Мечитке кирип, намаз окуп чыгып эле адамдар уурулук, алдым- жуттумдук кылышат; мушташып, нике бузуп, калп айтып, кумар ойношот; орозо оозун ачкандан кийин эле папирос чегип, арак ичип, наркотик колдонушат.

Келиңиздер анда, анализ жасап көрөлү: “Дин” деген эмне? Бул- адамдардын аң-сезимине ишеним аркылуу сиңирилген идеология. Диндер эмне үчүн, качан жана кантип пайда болгон?

Адам Ата менен Обо эненин күнөөсүнүн айынан адамдар Кудайдан алыстап, Анын үнүн укпай калышкан. Бирок адам Кудайга муктаж болгондуктан Аны издеп, ар кандай нерселерге табына башташкан: айга, күнгө, жылдыздарга, тоолорго, жаныбарларга, өздөрү колу менен жасап алган статуяларга, ж.б. Кудай жараткан нерселерге. Ошентип мындан 6000жыл илгери Вавилон империясынын убагында эле къп кудайларга ишенүү аркылуу диндердин көптөгөн түрлөрү пайда болгон. Азыр да дүйнө жүзүндө 5000 ден ашык диндердин түрлөрү бар. Көпчүлүк диндердин баалуулуктары окшош: күнөө кылба, соопчулук кыл, таза жана ыйык бол...ж.б. Ар бир дин адамдарды Кудайга кантип жагуу керек экенин үйрөтөт: чокунуп, шам жагып, намаз окуп, ажыга барып,табынып ж.б. диний ритуалдарды аткаруу аркылуу, б.а. адам өзү Кудайга жетүүгө аракет кылат. Бирок адам алсыз пенде болгондуктан, ал эч качан Кудайга өз күчү менен жете албайт. Анткени Кудай асманда. Көп адамдар пайгамбарларга ишенип, алардан үмүт кылышат-“Кудайга жагып, бейишке барышыма жардам берет”-дешип. Бирок кайсы пайгамбар адамдардын күнөөсү үчүн өз жанын берди эле? Кайсы пайгамбар азыр тирүү? Бардык пайгамбарлар биздей эле адам болушкан жана алар өлүшкөн. Алардын эч кимиси бизди тозок отунан куткара албайт. Анткени алар да Кудайдын сотуна келишет, кылган күнөөлөрү үчүн жооп беришет. Кудайдын Сөзүндө жазылган: “ адам бир жолу өлүп, Кудай сотуна келиши керек”-деп.

Дарактын кандай экени анын жемишинен билингендей эле, ар кандай динди жыйынтыгына карап баалоо керек. Дин-бул шайтан тартуулаган, адамдарды Кудайдын жолунан адаштырып, тозокко алып кетүүчү идеология. Мейли ал ислам болсун, христианство же буддизм болобу, диндердин баары окшош. Дүйнөдөгү диндердин биринде да күнөөгө каршы тура турган, шайтанды жеңе турган Руханий күч жок. Ошондуктан адамдар динге ишенип, анын эрежелерин аткарса да күнөө кыла беришет.

Ар бир акыл-эси жетилген адам өзүнө суроо берүүгө тийиш:

-канткенде адам Кудайга жакын боло алат?

-бул жалган дүйнөдөн өткөндөн кийин менин жаным кайда барат: тозоккобу же бейишкеби?

-бейишке кирүү үчүн эмне кылуу керек?

Бейишке баруу үчүн адам күнөөсүз болушу керек экенин бардык эле адамдар түшүнүшөт. Анткени бейиш ыйык жана таза жай, жана ал асманда. Кымындай күнөөсү бар адамды Кудай бейишке киргизбейт. Ал эми күнөөсү жок адам болбойт. Ар бир адамда Адам Атадан бери келе жаткан ата-бабаларынын жана өзүнүн күнөөлөрү мойнунда турат.

Бейишке кирүүнүн же түбөлүк өмүргө ээ болуунун бир гана жолу бар: Иса Машаяк аркылуу. Анткени Кудай адамдарды тозоктон куткарып алуу үчүн курмандыкка Өзүнүн Уулун-Иса Машаякты берген. Ошол мезгилдеги динчил адамдар Аны айкашкан жыгачка кадашкан. Кудай буга жол берген. Себеби адамдардын күнөөсү үчүн кан төгүлүшү керек эле. Кан гана күнөөнү жууй алат. Болгондо да малдын эмес, Кудайдын Уулунун ыйык каны. Кимде-ким Иса Машаякты “ Теңирим, Куткаруучум”-деп өз жүрөгүнө кабыл алып, Анын жолунда жүрсө, анын күнөөлөрүн Иса Машаяк мойнуна алат да, ал адам бейишке барат. Иса Теңир Өзү айткан: “Кудайга Мен аркылуу гана келе аласыңар. Мен – Чындык, Кудайга алып бааруучу жол жана Өмүрмүн (түбөлүк өмүр берүүчү)”-деген. Чынында жалгыз Кудайга алып баруучу жалгыз эле жол бар. Иса азыр тирүү, Кудайдын оң жагында асманда отурат. Аны өлүп, кайра тирилгенин 40 күн бою көп адамдар көрүп жана сүйлөшүп келишкен. Бул жөнүндө Куранда да жазылган: “Кыямат кайым болгондо Иса пайгамбар жерге түшүп келет жана бардык адамдарды соттойт”-деп. Чынында эле ойлоп көрөлүчү: биздей эле адам болуп жашап, эчак эле өлгөн пайгамбарлар жардам береби же азыр да тирүү асманда отурган Иса Машаяк жардам береби?

Чыныгы машаякчылык менен диндердин айырмасы асман менен жердей. Машаякчылык –бул дин эмес, бул- Кудайга жана Иса Теңирге ишенүү жана анын жолунда кандай жүрүү жөнүндөгү илим. Бул –Кудайга алып баруучу жол. Бул жолдо Кудай адамга Өзү келет: Иса Машаяк аркылуу, Анын Руху аркылуу. Болгону сен жүрогүңдү ачып, Аны чын дилиёден жашооңо чакырууң керек жана Анын Кудайдын Уулу экенине ишенүүң керек.

Шайтан- Кудайдын жана адамдардын күчтүү душманы. Ал абдан куу, айлакер, алдамчы жана жалганчы, адамды өз жолуна салып, акырында тозокко алып кетүүчү кара нээт душман. Аны Ааламда бир гана Иса Теңир жеңген. Ал бир гана Кудайдан жана Иса Машаяктан коркот. Ошондуктан машаякчыларда шайтанга жана күнөөгө каршы тура ала турган Руханий (көзгө көрүнбөгөн) Күч бар. Бул- Иса теңир. Ал ар бир машаякчынын ичинде жашап, ал аркылуу сүйлөйт, иштейт жана жашайт.

Ар бирибиз сокур ишеним менен жашап өмүр өткөрбөй, акылмандуулук менен Кудайды издеп, жашоонун эң негизги суроолоруна жооп табалы:

1. Мен ългъндън кийин менин жаным кайда барат?

2. Мен ишенип жүргөн дин бейишке барышыма гарантия бере алабы?

3. Динге ишенип, шайтандын жолунда жүргөн жакшыбы же чыныгы Кудайдын жолунда жүрүп бейишке барган жакшыбы?

4. Жашоонун маани-манызы эмнеде?

5. Адамды Кудай эмне үчүн жараткан?

6. Эмне үчүн бул дүйнөдө жакшылыктан жамандык көп?

7. Эгер Кудай чын эле кудуреттүү болсо, эмне үчүн адамдардын жашоосун тартипке салып койо албайт?

8. Канткенде адам Кудайга жакын боло алат?

9. Кудайга кантип жагууга болот?

10.Бейишке кантип барса болот?

Анткени адам өлгөндө денеси жерге көмүлүп, топуракка айланат. Ал эми анын жаны же тозокко же бейишке барат. Чын дүйнөдө башка жол жок.

Адамдар ар түрдүү кырдаалдар аркылуу: жокчулук, үмүтсүздүк, араккечтик,ооруулар, ажырашуулар, баңгилик, үй-бүлөдөгү уруш-жаңжал, ойноштук, паракорлук, алдамчылык сыяктуу шайтандын иштеринен жан- дүйнөсү талкаланганда бир Кудайдан үмүттөнүп, Чындыкты, Адилеттикти, Айыктыруучуну, Сооротуучуну издейт. Мына ошол бардык жамандыктардан, шайтандан жана тозоктон Куткаруучу- бир гана Иса Теңир экенин биз көптөгөн адамдардын жашоосунда көрдүк.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

13-08-2015
Наадандык деген эмне?
17612

29-07-2015
“Сүйүү” дегенди кандай түшүнөсүз?
43872

09-05-2015
Ѳлүмдүн энергиясы...
17310

13-04-2015
Кыздарды сойку кылган кимдер?
10269

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×