Добавить статью
11:59, 23 июля 2015 0

Кыргыздар өкүмдарын (президентин) сыйлабайбы же байыркы кыргыздарда өкүмдардын образы

22-июль күнү Бишкек-Балыкчы жолунун ачылыш аземинде бир аксакалдын туура эмес жоругунан – сүйлөп жаткан адамдын сөзүн бөлүү кыргыз каадасы боюнча туура эмес жорук – улам президентибиз А.Ш.Атамбаев “Урматтуу мекендештер, таарынбагыла! Бирок, өзүнүн президентин сыйлабаганды Кыргызстандан көрүп атам да. Өзбекстан, Россия, Турция, Кытайга барсам дагы, Европага барсам дагы момундай жок да. Жулунуп-жулкунбай, тартипти бузбай, өзүбүздү сыйласак, элибизди сыйласак. Мени сыйлабасаңар, мени шайлаган элди сыйлагыла. Бир да мамлекетте ушундайды көрө элекмин да. Бир да мамлекетте! ОБОН деген катындар кайсы мамлекетте бар?! Кээ бир шаарга барсам тетиякка туруп алып кыйкырышат: “Эй, Алмаз, бери кел” – деп. Уялбайсыңарбы! Мен жанымды берип атам, ден-соолугумду берип атам Кыргызстан эли үчүн, Кыргызстан үчүн!” – деп таарынычын айтып алды. Президентибиздин бул таарынычы жазалы деп, бирок чоло тийбей жаза албай жүргөн ушул макалабызды жазууга түрткү болду.

Бир мамлекеттин интеллигенциясы, өзгөчө, илимий интеллигенция коомдун барометри катары ортодо туруп, жакшыны жакшы, жаманды жаман деп чындыкты көзгө сайып көрсөтүп турууга милдеттүү. Биз, “Улуу кыргыз дөөлөтүн” курган байыркы кыргыздардын жазма маданиятын, байыркы кыргыз (Енисей) жазма эстеликтерин, бул жазма эстеликтердеги байыркы кыргыз турмушун, коомун изилдеген окумуштуу катары ушул жазма эстеликтердеги өкүмдардын (президенттин) образын, кандай кабыл алынганын карап чыгууну туура көрдүк. Себеби “Улуу кыргыз дөөлөтү” азыркы кыргыздарга өрнөк болушу керек.

Эң биринчи карашыбыз керек болгон жагдай – бул байыркы жана азыркы кыргыз тилинде өкүмдарды билдирген кан сөзүнүн этимологиялык курулушу жана лексика-семантикалык мааниси. Биздин оюбуз боюнча аталган сөз байыркы кыргыз тилинде ата деген мааниге келген каң сөзү менен уңгулаш болуп, маанилик жактан да байланышта болушу мүмкүн. Себеби байыркы түрк, кыргыз тилинде мурунчул ң тыбышынын н жана г тыбыштарына айланышы фонетикалык жол менен сөз жасоонун бир түрү катары орун алган (Кононов, 1980: 103-104). Ушуну эске алсак, ата маанисине келген каң жана өкүмдар, падыша маанилерин берген кан сөздөрүнүн ка уңгусуна ң жана н тыбыштарынын жалганышы менен түзүлгөн уңгулаш жана маанилик жактан да байланыштуу сөздөр деп белгилей алабыз. Демек, тилде кан сөзү менен аталганына караганда өкүмдар, эл башчысы байыркы кыргыздар тарабынан үй-бүлө башчысы болгон ата катары кабыл алынган. Башкача айтканда, мамлекет делген чоң үй-бүлөнүн атасы. Енисей жазма эстеликтери байыркы кыргыздарга таандык болуп, бул жазма эстеликтер бектерге, баатырларга жана жөнөкөй адамдардын элесине арналып тургузулган. Эң кызыгы, бул жазма эстеликтерде адамдар мамлекети менен өкүмдарына тойбой аркы дүйнөгө кетип бара жатышканын белгилешкен: илимке, канымка бөкмедим (Мамлекетиме, каныма тойбодум) (Е 32, 14) (Усеев, 2011, 474-475). Күбө болгонубуздай, бул жерде Таркан Саңун аттуу бабабыз мамлекети менен өкүмдарына тойбой каза болгонун жазып атат. Демек, байыркы кыргыздар мамлекети менен өкүмдарын сыйлап, ал тургай күмбөз ташына жазышкан.

Белгилүү Сужи (Е 47) жазма эстелигинде Бойла Кутлуг Йарган деген бабабыз уулдарына мындай керээз калтырган: огланым, эрде марымынча бол, канка тап, катыглан (Уулдарым, эрлердин арасында устатыбыз сыяктуу болгула, канга кызмат кылгыла, кайраттангыла) (Усеев, 2011: 504). Бул жерде өкүмдарга, канга кызмат кылуунун бир ата насааты, керээзи экени, өкүмдарга, канга кызмат кылуунун маанилүү, ыйык милдет болгону көрүнүп турат. Себеби байыркы түрк элдеринде, анын ичинде кыргыздарда өкүмдарга, канга кызмат кылуу бир эрдин, эркектин ата-мекенди сүйүү, эр жүрөктүк жана баатырдык сыяктуу негизги жана маанилүү сапаттарынын бир катары эсептелген (Угдыжеков, 1998: 34-35).

Енисей жазма эстеликтеринде өкүмдар, падыша маанисине келген кан сөзү мамлекет маанисине келген эл сөзү менен биргеликте эл-кан кош сөзүн уюштуруп, он жети жазма эстеликте он тогуз жолу кезигет: элиме-каныма бөкмедим (Мамлекетиме-ханыма тойбодум) (Е 11, 7); алту(н) шоңа келип, элим-каным төрүсин бунта ур(т)ым (Алту(н)-Соңага келип, мамлекетим-канымдын мыйзамдарын бул жерге орноттум) (Е 38, 1-3); көк теңриде күн-ай эсизиме (б)өкмедим, ай(ыта), йагыз йерде элим-каныма, эсизиме, айыта, кадашыма, айыта, эсизиме, бөкмедим, айыта (көк теңирдеги күн-ай кайрандарыма тойбодум, аттиң ай, күрөң жердеги мамлекетим-каныма, кайрандарыма, аттиң ай, туугандарыма, аттиң ай, кайрандарыма, тойбодум, аттиң ай) (E 149, 2-5)’ ж.б.

Мамлекет маанисине келген эл жана өкүмдар, падыша маанилерин берген кан сөздөрүнүн лексика-семантикалык жактан бир бүтүнгө айланып, жазма эстеликтерде эл-кан кош сөзү түрүндө учурашы байыркы кыргыз мамлекет түшүнүгүндөгү маанилүү бир жагдайды чагылдырып турушу өңүтүнөн маанилүү. Белгилүү болгондой, Чыгыш, анын ичинде түрк элдеринде, кыргыздарда мамлекеттин куралышы, өнүгүшү күчтүү бир лидерге, башкача айтканда, жазма эстеликтерде учураган канга байланыштуу. Мисалы, кытайлардан жеңилип, өздөрүнүн ата-журтунан сүрүлгөн кыргыздар Манастын эр жетип, чоңоюшунун жыйынтыгында кан болуп шайланышы менен кайрадан жанданып, бир мамлекет курушкан. Ал тургай, Бээжинге чейин жортуул жасаганга мүмкүнчүлүк түзгөн күчкө жетишкен. Бирок, Манастын каза болушунун айынан мамлекет колдон чыгып, Манас тарабынан бир бүтүн мамлекетке айланган элдер кайрадан чилдей тарашкан. Демек, жазма эстеликтерди тургузган кыргыздардын мамлекет түшүнүгүндө мамлекеттин курулушу жана өнүгүшү күчтүү лидерге, канга байланыштуу болуп, мамлекет менен өкүмдар бир бүтүн нерсе катары кабыл алынган. Муну “көк теңриде эсиз күн-ай эрмиш, йагыз йерде эсиз эл-кан эрмиш, бөкмедим, айыта, эсизе (Көк асманда кайран күн-ай болгон экен, күрөң жерде кайран мамлекет-кан болгон экен, аларга тойбодум, аттиң ай) (Е 148, 4)” сүйлөмүндөгү салыштыруу өтө так жана көркөм формада далилдөөдө. Аталган сүйлөмдө кара-күрөң жердеги мамлекет менен өкүмдар көк жүзүндөгү, асмандагы күн менен айга окшоштурулган. Ай менен күндүн дүйнө элдеринин күнүмдүк жана мифологиялык түшүнүгүндө ар дайым бир бүтүн нерсе катары кабыл алынганын эске алсак, кыргыздарда, башка түрк элдеринде мамлекет менен өкүмдар да ай менен күн сыяктуу бир бүтүн нерсе катары кабыл алынганын көрөбүз.

“көк теңриде эсиз күн-ай эрмиш, йагыз йерде эсиз эл-кан эрмиш, бөкмедим, айыта, эсизе (Көк асманда кайран күн-ай болгон экен, күрөң жерде кайран мамлекет-кан болгон экен, аларга тойбодум, аттиң ай) (Е 148, 4)”; “көк теңриде күн-ай эсизиме (б)өкмедим, ай(ыта), йагыз йерде элим-каныма, эсизиме, айыта, кадашыма, айыта, эсизиме, бөкмедим, айыта (көк теңирдеги күн-ай кайрандарыма тойбодум, аттиң ай, күрөң жердеги мамлекетим-каныма, кайрандарыма, аттиң ай, туугандарыма, аттиң ай, кайрандарыма, тойбодум, аттиң ай) (E 149, 2-5)”” сүйлөмдөрүндөгү биздин көңүлдү бурган нерсе – бул жердеги мамлекет менен өкүмдардын, кандын көк жүзүндөгү, асмандагы күн менен айга салыштырылып колго алынышы. Бул сүйлөмдөрдө бир жагынан көк жүзү, асман – кара-күрөң жер салыштырмасы, экинчи жагынан күн/ай – мамлекет/өкүмдар байланышы курулган. Орто кылымдардагы адамдар үчүн көз жүзүнүн, асмандын түбөлүк асман телолору катары кабыл алынган күн менен айдын адамзаттын жашоосундагы ордунун чоң экендиги талашсыз чындык. Ушундан улам айрым элдердин ишениминде күн кудай катары кабыл алынып, аска бетиндеги сүрөттөрдө, петроглифтерде көп тартылган. Байыркы түрк ишениминде да ай менен күн өзүндө рух камтыган барлыктардын башында турган. Мына ошондуктан түрк кагандары эртең менен жаңы чыккан күнгө, кечинде болсо айга салам беришчү (Koca, 2003: 165-166). Булардан мындай жыйынтыкка келүү мүмкүн. Байыркы кыргыздардын түшүнүгүндө мамлекет менен өкүмдар күн менен ай сыяктуу маанилүү, кымбат деп эсептелип, асман күн менен айсыз болбогондой эле жер жүзү да мамлекет менен өкүмдарсыз элестетилбеген. Башкача айтканда, адамдардын турмушунда, күнүмдүк жашоосунда, адамзат делген түрдүн жашоосунун уланышында мамлекет менен өкүмдар ай менен күн сыяктуу эле зарыл, маанилүү болгон. Өкүмдардын күнгө салыштырылышы, окшоштурулушу өкүмдардын бардыгына бирдей карашы зарыл деген ойду, башкача айтканда, адилеттүү болушу керектигин белгилөөдөн улам келип чыкса керек. Ушуну менен бирге Жусуп Баласагындын Кутадгу Билиг чыгармасында өкүмдар Күнтогды (Күнтууду), башкы вазир да Айтолды (Айтолду) деген аттар, ысымдар менен аталганы кызык. Демек, байыркы кыргыздардын күн/ай – мамлекет/өкүмдар байланышы, салыштырмасы, параллели ислам кабыл алынгандан кийин да улантылган. Ушундан улам Кутадгу Билиг байыркы кыргыз, түрк мамлекет түшүнүгүн чагылдырган эмгек дей алабыз.

Жогорудагыларды жыйынтыктай турган болсок, байыркы кыргыздардан калган Енисей жазма эстеликтеринде өкүмдар мамлекеттин айрылгыс бөлүгү катары сүрөттөлүп күнгө салыштырылган. Жөнөкөй адамдар да жазма эстеликтеринде мамлекети менен өкүмдарына тойбой каза болгонун жазышып, мамлекети менен өкүмдарына болгон сый-урматын, назик мамилесин билдиришкен. Бирок, негизгиси, жогорудагы сүйлөмдөрдөн көрүнгөндөй кандын, өкүмдардын ысымы аталган эмес. Ошондуктан байыркы кыргыздарда, кан/өкүмдар институтунун бир кишиге байланбай, коомдук институт катары калыптанып калганын айта алабыз. Демек, кыргыздар тарыхында өкүмдарды сыйлаган, ага назик мамиле кылып, күнгө салыштырган эл болгон. Себеби өкүмдарлары да элине атадай мамиле жасаган.

Эми сөзүбүздүн башына келсек, азыркы кыргыздардын президентти сыйлабай калышы мурунку президенттерибиздин иш-аракетинин жыйынтыгы. Туңгуч президентибиз А.Акаев президенттик институттун кадыр-баркын түшүрсө, К.Бакиев такыр эле тамтыгын чыгарып кетти. Кадыр-баркы кеткен президенттик кызматтын маанисин көтөрүү азыркы президентибиз А.Ш.Атамбаевдин колунда. Ушул жерде белгилей кетчү нерсе, ошол эле 22-июль күнү президенттик админстрациянын жетекчиси Д.Нарымбаев коррупция менен күнөөлөнүп, камакка алынды. Президентибиз жемкорчулукка күрөштө эч кимге жан тартпай турганын пресс-катчысы Ж.Акаев аркылуу билдирди. Эгер азыркы президентибиз ушул калыбынан жазбай, элге берген убадаларына туруп, мамлекеттин абалынын жакшырышына өз салымын кошо алса, кырыз элинде президенттик институттун кадыр-баркы көтөрүлө турганында шек жок. Жараянга, иш-аракетке катышкан жактардын жеке өз кызыкчылыгын эмес, жалпы кызыкчылыкты да көздөсө иш илгерилеп, абал жакшыра турганын Нобель сыйлыгынын лауреаты Джон Нэш далилдеген. Ошондуктан, жараяндын бир жагы болгон ар бир жараныбыз мамлекеттин да кызыкчылыгын көздөшү зарыл. Ошондо гана өлкөбүздүн экономикасы оңолуп, элибиздин жашоосу жакшырат. Мамлекеттин абалы жакшырса, ар бир жарандын жашоосу оңолот. Ал эми жараяндын экинчи жагын түзгөн, акылдуу, иштерман деп бийликке алынган, элдин эсебинен жашаган бийлик биринчи кадамды жасоого тийиш. Бул кадам бир звонок менен катардагы адам өмүр бою таппай турган акчаларды жасаган жемкорлордон кутулуу. Биз, кыргыздар, тарыхта “Улуу кыргыз дөөлөтүн” курган элдин тукумубуз. Демек, келечекте да өнүккөн мамлекет кура алабыз.

Түркологиянын доктору (PhD) Нурдин Усеев, Кыргыз Республикасынын Ч.Т.Айтматов атындагы Мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты

Адабияттар:

Кононов, А. Н., (1980), Грамматика языка тюркских руничeских памятников (VII-IX вв.). Лeнинград.

Угдыжeков, С. А, (1998), О сакральном характeрe власти правитeля в Хакасии VI-X вв., Вeстник ХГУ им. Н. Ф. Катанова, Вып. VII. Сeрия 7. Обшeствeнно-политичeские науки, Абакан, с. 34-45.

Усeeв, Нурдин, (2011), Енисeй жазма эстeликтeри I: лeксикасы жана тeксттeр, Бишкeк: Кыргыз Улуттук илимдер академиясы жана КТМУ.

Koca, Salim, (2003), Türk Kültürünün Temelleri, II. Cilt, Ankara.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×