Добавить статью
9:26, 13 августа 2015 17536

Наадандык деген эмне?

Наадандык деген эмине?

Мамлекеттик денгээлден алып караганда “”наадандык” деген бул--:

 -24 жыл эгемендүү мамлекет болуп туруп ширенке чыгара турган бир завод же күндөлүк керектелүүчү буюмдарды(самын, паста, пакет ж.б.) арзан баада камсыз кыла турган ишкана кура албагандык.

 алтын, көмүр, суу ж.б. байлыктары бар туруп, аларды иштете албай, талашып- тартышып, элдин турмуш- денгээлин жакшырта албагандык.

 мамлекеттик кызматты ээлеп туруп, кыргыздын жерин, өлкөдөгү завод- фабрикаларды, ишканаларды өзүнүн пайдасы үчүн арзан баада сатып, экономиканы төмөндөтүп, адамдардын ырыскысын кыйгандык.

 “Ишкана” салгандын ордуна “Ашкана” салып, бир көчөдө 2-3 төн ресторан, кафе куруп, бей-бечара, жетим-жесирге көзүн жумуп, байлыгына чиренип, текеберденип, башкаларды теңсинбегендик. Ыйык Китепте жазылып турат: “ Ал эми байлар, силерге кайгы! Анткени өзүңөрдүн көңүл соорото турган нерсеңерди алгансыңар.

Азыр курсагы ток жүргөндөр, силерге кайгы! Анткени ачка болосуңар. Азыр жыргап күлгөндөр, силерге кайгы! Анткени боздоп, ыйлайсыңар”.

 Мектептер эскиргендиктен балдар чатырда сабак окуп жатса, бир айылга 2-3 мечит салып, анда отуруп алып саясаттын “ данегин чаккан” наадандык эмеспи?

 Кыргызстанда жашап туруп, арабча самтырап кийинип, 17-20 жаштагы жигиттер апсайтып сакал коюп чал болуп, кыздары “ хиджаб” кийип кемпир болуп, анысы аз келгенсип, Сирияга барып, террорист болуп, өз өлкөсүнө чыккынчылык кылган, бейиштей болгон кыргыздын жерин “ арабстанга” айландыргысы келген адамдарга кайдыгер карап, ушундай караңгылыкка жол коюп жашоо- наадандык эмей эмне?

 Ар бир райондо 1-2 ден окуу жайын ачып, анда адамдар окубай эле, алардын “ акчасы окуп”, диплому бар, бирок билими жок “ маңкурт адистердин” санын көбөйткөндү эмне десек болот?

 Төрөт үйүндө иштеген санитаркадан баштап, Президенттин аппарат жетекчисине чейин коррупцияга малынгандык, байыган сайын алдым- жуттумдук кылган ач көздүк- анык наадандык.

Коомдун өңүтүнөн алып караганда:

Адам баласы жашоодогу максатын , жашоонун маани –маңызын билбесе, эптеп-септеп жан багуу, күн өткөрүү менен турмуш кечирет.

Кыргыз элинде кашыктап тапканын чөмүчтөп чачкан адамдар көп кездешет: аш-тойлордо, туулган күндөрдү белгилөө, көзү өткөн ата-эне, тууган- уруктарына эстелик тургузуу, алардын атын мектептерге, көчөлөргө, айыл- кыштактарга ж.б. коюу сыяктуу иштерге, айрыкча уул үйлөп, кыз бергенде 5-10 дон машиналарды көчөгө чубуртуп чыгарып, 300-400 адамды ресторанга чакырып, той берүү модага айланып бара жатат. “Казга теңелип, карганын буту сыныптыр” дегендей, мындай шаан- шөкөттөрдү өткөрүү колу жука адамдарга кыйын болуп калды. “Эл көзүнө мен да бир көрүнүп койоюн” деген ойго жетеленип, кредит алып, байларды туурап, банкрот болуу –наадандык эмей, эмине?

Үй- бүлөдө:

Арзып алган аялын, балдарды төрөп, үй-тиричилигин жасап, анын кирин жууп, курсагын тойгозгон өмүрлүк жарын уруп, сөгүп, анан кечинде андан жакшы мамилени талап кылып, сүйүүнү күткөн эркек наадан эмей, анан ким?

“А “ аттуу жигит институттун дипломун акчага сатып алгандыктан өз кесибинде иштей албай, жумушу жок көп жылдар бою жүрдү. Жөн жүрбөстөн атасынын малын сатып, аракты өкүртүп ичти. Бекерчиликтен зериккенде эмгекке жумшабаган күчүн аялынан чыгарып, аны кирсе- чыкса сөгүп, кордоп, кемсинтип, жер-жеберине жетти. Үйдө тынчтык, ынтымак жок болгондуктан балдары да тартипсиз, адепсиз болуп чоңоюшту. Балдарынын айынан аялы же кетип кала албайт, же мындай эрдин айласын таба албай азап тартып жүрөт. Эми карап көрүңүздөрчү: бул жигит же эркек болуп, үй-бүлө бакпаса, ата болуп балдарына жакшы тарбия бербесе, жар болуп, аялынын көңүлүн таппаса, жаран болуп, эли-жерине эмгек кылбаса, анда мындан өткөн наадан барбы? Ал эми мындайлар биздин коомдо толтура.

Өз кызын же карындашын, жаш наристелерди зордуктаган, эркек м-н эркек, аял м-н аял жыныстык катнаш жасаган адам түспөлдүү айбандар ж-до акыркы убактарда көбүрөөк укчу болдук.Бул - наадандык эмей, эмине?

Россияга иштегени барып, айылдагы жарын таштап, башка эрге тийип же аял алып алган “чыккынчы аял- эркектерди” эмне кылуу керек?

Эрге тие элек бала төрөп, аны ар жерге таштап кеткен “күкүк кыздарга”, аларды туудуруп коюп качып кеткен “ кулаалы жигиттерге ” эмне дейбиз? Ушулардын бардыгы Кудай алдында жийиркеничтүү күнөө экенин, анын ар бири үчүн Кудайдан жаза келерин алар билишпейби?

Жеке инсандын жүрүм-турумунда:

Отурган жеринде семичканын кабыгын таштап, баскан- турган жерин булгап, какырып –тукуруп, эс алган жерин таштандыга толтуруп кеткен - наадандык эмей, эмине? Кээ бирөөлөр наадандыкты “ кыргызчылык” деген маска менен жаап- жашыргысы келет. Бирок “наадандык” менен “ кыргызчылык” –бир медалдын эки бети, экөө тең адамдардын аң- сезиминдеги караңгылыктын көрүнүшү экенин тана албайбыз.

Келиңиз, окурман, ой бөлүшөлү, наадаандыкка каршы чогуу күрөшөлү. Кайдыгер гана окуп коюп, тим болбой, ой- пикириңизди жазыңыз, сунуштарыңызды айтыңыз. Наадандыктан кантип кутулабыз, кайдыгерликтин сазынан кантип чыгабыз? Жооп издейли, “ издеген табат ”- дейт эмеспи. “ Сен күйбөсөң, мен күйбөсөм анда ким күйөт”?- деп Назым Хикмет айткандай, коомдун туура өнүгүшү үчүн, адамдардын адеп- ахлагынын оңолушу үчүн бардыгыбыз жапа- тырмак аракет кылалы!

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

29-07-2015
“Сүйүү” дегенди кандай түшүнөсүз?
43138

06-06-2015
Адамга Кудай керекпи же дин керекпи?
12892

09-05-2015
Ѳлүмдүн энергиясы...
17287

13-04-2015
Кыздарды сойку кылган кимдер?
10249

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×