Добавить статью
16:13, 5 октября 2015 47650

Улуттук идеология керекпи?..

Акыркы жүз жыл ичинде эле дүйнөдөгү адамзат коомчулугу өздөрү жашап келе жатышкан ондогон, жүздөгөн кылымдардын арасынан болуп көрбөгөндөй өзгөрүүлөрдү башынан кечирди. Айрыкча техникалык прогресс дүйнө цивилизациясын түп-тамырынан бүтүндөй өзгөрттү. Бир кездеги жомоктогулардын баарысы азыркы заманда адам баласынын өз колдорунан жаралып олтурат.

Эсил кайран СССРдин тушундагы мезгилге салыштырмалуу социализмден бир заматта капиталисттик системага аттап кеткен жылдар ичинде элибиздин дүйнө таанымдары асман менен жердей эле болуп калды. Коом алмашкандан бери тапкандарыбыздан жоготкондорубуз, жоготкондорубуздан тапкандарыбыз арбын болуп, «жол ача болсо, иттин башы каңгы болот», - дегендей эле кайсыл коомдо жашап жаткандарын түшүнүп түшүнбөгөндөрүбүз да жок эмес.

Буга албетте өз алдынчалуулукка ээ болгон алгачкы жылдарда бийлик башында отургандардын туура эмес жүргүзгөн эксперимент реформалары, өлкөнү экономикалык, социалдык оор жагдайга алып келип, калктын басымдуу бөлүгүн түзгөн аялуу катмарларынын өз арбайын өздөрү согуп калганы, өнөр жай ишканаларынын дээрлик токтошу, жумушсуздуктун арбышы, айыл чарбасындагы “өгүз өлбөсүн араба сынбасын” кейпиндеги оор жагдайлар жана башкалардын баарысы чогулуп келип коомду деградацияга учуратты.

Жаратылышынан табигат менен гармонияда жуурулушуп турмуш кечирип, күнүмдүк турмушунда улууга сый, кичүүгө ызаат көрсөткөн, дайыма рухий улуулукту туу туткан элдин мүнөзү менен азыркы замандын кыргызын эч салыштырып болбойт. Кечээги эле мындан 25-30 жыл мурдагы элеттиктер менен азыркы замандын элеттиктеринин жашоо тирлигинде, бири-бирине болгон мамилелердин ортосунда чоң айырмачылыктар болуп калды. Так кесе айтканда улутубуз туу тута турган нукура улуттук руханий дем дөөлөтүбүз же идеологиябыз жок, айсыз түндө жол таппай адашкан жолоочунун кейпин кийип турабыз десем мүмкүн ашыкча кетпестирмин.

Биз, баарыбыз жашап жаткан ХХI кылымда дүйнөдөгү экономикалык, социалдык жана башка факторлордон улам ааламдашуу процесстери күч ала баштады. Бул процесс жыл өткөн сайын кулачын кеңири жайып жаткан мезгилде, кыргыз улуту үчүн улуттун биримдигин, башкысы мамлекеттүлүгүбүздү сактаган, коомдогу чоң өзгөрүүлөргө туруштук бере ала турган улуттук көөнө идеология чөл кезгендер үчүн суу кандай керек болсо, биз үчүн ошондой эле зарылдыкта турат дейт элем.

Антпеген күндө, ансыз да ички руханий дүйнөбүз жакырланып, баарыбызды көр дүйнө көйгөйү басып турганда, хиджап кийген кыздарыбыз менен узун чапан шалбарларды кийип сакал муруттарын сапсайткан атуулдарыбыз арбып, арабдашуу тымызын тамырлашып жатканда, кокту-колотко бөлүнгөн трайбализм өз өкүмүн коё бербей, саясатты океандын нары жагынан же Батыштын демократиясынан баштаган “өзөктөн чыккан өрттөй, өздөн чыккан жаттай” болгон “Абыке, Көбөштөрдүн,”заманы жүрүп турган мезгилде, депутаттык мандат менен бийлик талашкан ич ара ыйкы-тыйкы келишпестиктерибиз өзүбүз менен кошо жашап, булардын баарысы реалдуу чындык болуп жатканда элдин биримдиги менен мамлекеттин бүтүндүгүнө доо кетирген коркунуч жок деп ким айта алат? “Караңгыда кайсалаган там сүзүп, же бир чуңкурга түшөөрү боло турган иш. Караңгыдан чыгуу үчүн албетте жарыктын шооласы керек. Ал эми жарыктын бир учугу бул – улуттун улут экендигин, болгондо да байыркы көчмөндөрдүн улуу цивилизациясын түптөгөн, башкысы Манас сыяктуу улуу чыгарманы жараткан эл кыргыз экендигин каныбызда да, жаныбызда да сезе билген идеологияны таппай, балким көрүп турсак да ага болгон чаңкообузду кандай кылып кандырарды билбей тургандайбыз.

1994-95-жылдары Манас эпосунун 1000 жылдыгына даярдык көрүп жатып Манастын жети осуятын улуттук идеологиянын түп тамыры катары элибизге таңуулап жибердик. Биз өзүбүз күбө болгондой ал кагаз бетинде жазылган бойдон калды.Болгону бир аз күндөн кийин унутула турган мектеп окуучулары кезектеги сабакка даярданып жаттаган тапшырма сыңар эч деле натыйжа алып келген жок. Ошол кездеги бийликтин бул демилгесинин суу кечпей калганынын себеби, – эпосубузда элибиздин бүтүндөй турмушу камтылган көөнө тарыхый баалуулугу буга чейин калктын калың катмарына күн мурунтан жетпей калгандыгынан улам болду деп ойлойм.

Арийне, ошол таңууланды деп жаткан Манас бабабыздын жети осуятынын бир жеринде кемчилик барбы? Албетте жок. Маселе, анын калктын калың катмарына камыр-жумур болуп аралашып кетпегендигинин себептеринде. Ал үчүн, жок эле дегенде Улуу Ата Мекендик согуштан кийин бүлүнгөн чарба калыбына келип, элдин турмуш-шарты оңолуп калган 50- же, 60-жылдардан кийин улуу эпосубуздун наркын касиетин, анын кыргыздын кан жанынан жаралган баалуулугун, эпостун өзүндөгү ынтымак-ырашкерликти, Мекен сүйүүчүлүктү, айкөлдүктү, баатырлыкты бир сөз менен айтканда улуттук өзгөчөлүгүбүздү бийикке өзүбүз көтөрүп, ар бир жылы эпосубуздун бир айлыгын өткөрүп келсек мындай идеология мүмкүн турмушубуздан өз ордун тапмак. Тескерисинче, ошол жылдар ичинде Манас эпосу дүйнөдө тендеши жок улуу чыгарма, деп кооз сөздөр менен ооз көптүрө мактанып келгенден башка иш жасабагыныбызды да мойунга алышыбыз керек.

Элибиздин эпикалык оозеки чыгармаларынын башында албетте, дүйнөдө теңдеши жок улуу эпосубуз «Манас» турат. Күндөп-түндөп, ал гана эмес айлап-жылдап айтылуучу көлөмдүү чыгарманы кылымдар кыйрынан бери ондогон жүздөгөн манасчыларыбыз муундан- муунга оозеки өткөрүп келишкен. Ал эми биз жашап жаткан доорго жеткиргендердин акыркы могикандары Сагымбай Орозбаков, Саякбай Каралаев жана Кытайдагы кыргыздардын арасынан чыккан залкар манасчы Жүсүп Мамай болду.

Ооба кыргыз бар жерде сөсүз турдө Манас эпосу жана башка ондогон элдик оозеки чыгармалар кошо жашап келген. Себеби дегенде, мындай чыгармалар жалаң гана кыргыз элинин өзгөчө касиеттери менен жаралып, анын тамыры өтө эле тереңде жаткандыгында. Сөз өнөрү менен байланышкан мындай өзгөчө касиет, дүйнө элдеринин арасында беш манжа менен ачып жуумп санагандай эле элдерде болбосо башка бир да элде жок.

«Манас эпосу—элдин көркөм өнөргө ынактыгын, ырга шыктуулугун далилдеген чыгарма. «Сөзмөр кыргыздар жөнөкөй сүйлөгөндө да жамактатып, ырга айландырып кетет. Ырды кыргыздар дуйнөдө искусствонун эң жогорку баскычы катарында карайт,» - деп өткөн кылымдын ортосунда академик В.В.Радлов жазып кеткен.

Элибиз алмустактан бери эле сөзгө өзгөчө маани берип, «өнөр алды - кызыл тил»,- деп бекеринен айтышпаса керек. Ал эми оозеки чыгармалардын арасынан айрыкча Манасты жогору баалашып, аны айтуучуларды да терең урматташып, күндөлүк тирликтеринин калып калгандыгына карабай жумуштарын таштап салышып, атайылап угушкан.Тагыраак айтканда, «башканы коюп Манасты айт» - деген сөздүн өзү эле улуу эпосубуздун канчалык деңгээлде урматталганынан да кабар бербей койбойт.

«Манасты изилдөөчүлөрдүн бири же болбосо алгачкы жолу жол очерктери аркылуу гезит бетине жарыялаган казак окумуштуусу Чокан Валиханов өз убагында улуу эпосубуз тууралуу мындайча тыянакка келген. «Манас эпосу - Талаа Илиадасы сыяктуу чыгарма. Бул чексиз чоң эпопеяда кыргыздардын турмушу салты, географиясы дини жана медициналык түшүнүгү жана эл аралык мамилеси орун алган».

Саякбай атабызды ХХ кылымдын Гомери деп айтып жүрөбүз. Эми ошол эле Гомериң айткан “Илиада” 15693 сап, “Одиссей” 12110 сап ырдан турат экен. Саякбай Каралаевдин айтуусунда Манас эпосунун бардык көлөмү (Манас, Семетей, Сейтек, Кенен, Алымсарык, Кулансарык”) 400554 сап, Сагымбай Орозбаковдун бир гана Манас бөлүмү кагазга түшүрүлүп, ал 180378 сап болгон.Демек, көлөмү жагынан эпосубуздун бучкагына да тең келбеген чыгарманы айткан Гомер менен Саякбай атабызды теңештирүүгө деги эле ооз барбайт. Тескерисинче ошол Гомериң ХХ кылымдын Саякбайына эптеп-септеп жакындашат десек анан араң барып окшошор.

Чындыгында эле бул теңдешсиз улуу үч илтигибизде элибиздин көркөм сөз өнөрүнүн эң эле бай экендигин гана көрсөтпөстөн, кыргыз деген элдин өз алдынча тарыхы, салт - санаасы жана маданияты өнүккөн байыркы эл экендигин да ачык айкын далилдеп турат. Анда улутубуздун бүтүндөй турмушу, салт-санаасы, маданияты, бири-бирине болгон урмат-сый мамилелери, жана дүйнө таанымы бүтүндөй камтылган. +здөрүнүн көчмөн маданиятын көркөм сөз өнөрүнүн жогорку чеберчилиги менен өлбөс-өчпөс кылган элдин өзү эле кылымдар тереңиндеги байыркы кыргыз деген элдин жогорку цивилизациядагы улут экендигин да ташка тамга баскандай тастыктап турат.

Ооздон-оозго айтылып келген оозеки адабиятыбыздын баарысы болбосо да бизге чейин келип жеткендери ушул жүз жыл аралыгында кагазга түшүрүлүп, эми кимибиз болбосун кайсыл убакта болсо да окуганга мүмкүнчүлүк түзүлүп олтурат. Экинчи жагынан алганда улуу эпосубуз кагазга түшкөндөн бери ошол эле Саякбай, Сагымбай сыяктуу залкар манасчылардын аягы Саякбай Каралаев менен токтоп калгандай болду эле, кудайга шүгүр, улутубуздун көркөм өнөрүнүн туу чокусун баалап баалап-барктап, аны терең түшүнгөн, улуттун уңгусун улаган атуулдарыбыздын арты менен төкмөлүк жана манасчылык өнөрлөр колдоого алынып, нукура манасчыларыбыз көрөңгөлүү журтубуздан үзүлбөсүн көрүп билип калдык.

Улуу эпосубузду кылымдар кыйрынан бери жазуусу жок эле ооздон- оозго төкпөй чачпай жеткирген, тилекке каршы, айткан чыгармалары жетип өздөрүнүн аттары билинбей же бизге жетпей калган ар бир доордун улуу манасчыларына мен кыргызмын дегендердин баарысы тең дайыма башыбызды ийип таазим этсек аздык болор.Ошол жүздөгөн миңдеген жылдарды ичине камтыган не бир оомал-төкмөөл замандын оош-кыйышына карабай, чайпалса да төгүлтпөй, чачылтса да бөксөртпөй бизге жеткирген өз заманынын улуу манасчыларынын бул эмгектеринин баасы өздөрүнүн Манасы сяктуу эч бир нерсеге тең келбейт. Жөнөкөйлөтүп айтканда табигаттын өзү жергебизге канчалаган кен байлык берсе, жараткандын өзү кыргызга ошол кен байлыктарынын баарысынын кунуна тете болгон улуу чыгармасын кошо шыбагалаган окшойт.

Айтмакчы Жогорку Кеңештин депутаты К.Самаковдун демилгеси менен эпосубуз ЮНЕСКОнун баалуу маданий мурастарына кабыл алынгандан бери ал, тилекке каршы кайрадан коомчулуктун эсинен унутулуп бараткансыйт.Дүйнө тарыхына кылчайып сары эсеп сала келгенде тигил же бул мамлекеттик түзүлүштө жашап жатышкан коомчулуктун же улуттун идеологиясы болмоюнча ал кайсыл бир ийгиликтерди жаратары да арсар экендиги айтпасак да түшүнүктүү. Андыктан келечекте күчтүү кыргыз мамлекетин курабыз десек, биринчи ирээтте улуттук идеологиябызды эртелеп таап алуубуз учурдун кечиктирилгис иштеринин бири.

Улуттук идеологиябызды жаратуу үстүнө атайын окумуштуу адистер тартылып, мектептердин окуу программасына атайын сабак катары киргизүү керек. Менин жеке сунушум боюнча улуттук идеологиябыздын негизи кылып улуу эпосубузга кайрылуубуз шарт. Кайрылганда өткөндөгү катачылыгыбызды эске алуу менен аны түз эле таңуулабай жалпы билим берүүдөн баштоо менен ага удаа эле жылына бир жолудан атайын Манас эпосунун күнүн белгилеген бир айлыктарды өткөрүү иш чараларын да кошо алып баруу менен улуттук идеологиябыздын түп тамырын бекемдей алабыз. Ал, – ар бир айылдарда, райондордо, облустарда жогорку тараптан келген буйуртма иш чаранын бири эмес, элибиз өз демилгеси менен өткөрө тургандай болгон механизмин иштеп чыгуу зарыл. Улуттук идеологиябызды жаратуу үстүндө иш алып баруучу окумуштуу-адистердин иштөөсү үчүн атайын каражат бөлүп, жана башка тиешелүү шарттарды камсыз кылуу учурда бийлик башында отургандардын жана өкмөтүбүздүн милдети болууга тийиш.

Муну менен биз биринчиден түпкү, нукура маданиятыбызга өсүп келе жаткан келечек муундарыбызды жакындата алсак, экинчиден мамлекеттик тилибиздин илгерлөөсү үчүн өзүбүз эле чоң утуш алат элек. Эне тилибиз мамлекеттик тил макамын алган чейрек кылымдан бери дагы эле болсо өз максатына жетпей келет. Эмне үчүн? +зүбүз маани бербегендиктен. Башкасын коёлу, жок дегенде бири-бирибиз менен сүйлөшкөндө кыргыздын нукура сөзү менен сүйлөгөнгө аракет кылалычы, айланайындар дээр элем. Мисалы...“времяңды айтып койчу,...почти бүгүн устал... деген сыяктуу башка элдин тилин колдонуу адатка айланып баратат.+зүбүздүн тилибиздин тазалыгына өзүбүз аракет кылбасак, башка бирөө келип жасап бербейт. Улуу чыгарманы жараткан тил бул касиеттүү тил.Биз ал үчүн дайыма сыймыктануубуз гана керек.

Ал эми үчүнчүдөн болсо улуттук идеологиябыздын калыптануусуна шарт түзүлмөк. Улуттук идеологиябыздын негизин Манас эпосунан алууга токтолуп жатканымдын дагы бир негизги себеби, коңшулаш Кытай Республикасында же чек аранын аркы тарабындагы кыргыз боордошторубуз улут катары өз тилин, дилин, маданиятын сактап калуусун Манас эпосу менен тыгыз байланыштырышат. Бир жарым миллиард калктын арасында Манас болбогондо бир ууч кыргызың мүмкүн чындыгында эле эчак сиңишип, аргындашып кетет беле ким билет?

Ал эми өзүбүздүн мисалдан алып карасак Советтер Союзунун курамында болгон 70 жыл ичинде борбор калаабызда жалгыз бир гана кыргыз мектеп калып, эне тилин билбеген “киргиздерибиз” “кудайга шүгүр көбөйүп”, ошол титулдук улуттун тили сүрүлүп отуруп өңчөй кыргыздар жашаган айылдарыбызга жетип калды эле го. Деги эле бир жарым миллиард эли бар Кытайда жашап жаткан кыргыздардын ( 2000-жылдардагы эл каттоо боюнча 260 миңдин тегерегинде) эне тилин, улуттук каада-салтын маданиятын сактап калуусунун дагы бир уюткусу Манас эпосунан сырткары башка да толгон-токой эпикалык чыгармаларыбыз, үч кыл комузубуз баштаган улуттук музыкалык аспаптарыбыз улутубузга мүнөздүү искусствобуз экендиги айтпаган күндө да белгилүү.Бүтүндөй өмүрүн Манас деп өткөн, Кытайдагы маданий төңкөрүш жылдарындагы кыйынчылык мезгилде да өз башын канжыгага байлаган Жүсүп Мамай аксакалыбыз Манас эпосу дүйнөдөгү улуу чыгарма экендигин Кытай мамлекетинде тааныта алган 1975-жылдардан бери карай, чек аранын аркы тарабындагы кыргыздар башка элдерге жети жаштан жетимиш жашка чейинки элибиздин баарысы Манас айтышат деп мактанышат.

Айтышкандай эле бизге салыштырмалуу бул тарапта улуу эпосубузга өзгөчө мамиле жасалып, ал улуттун сыймыгы катары бийиктикке көтөрүлгөн. Манасчы туулуп-өскөн Ак-Чий районунда Жүсүп Мамайдын тандоосу боюнча 60 бала манасчыга атайын “жаш манасчы”,- деген оорак берилип, ага мамлекет тарабынан акча каражатынан стипендия төлөнүп берилет. Ак-Чий районунун акими Заман Сакен уулунун айткандарына таянсак бала манасчылардын арасынан Жүсүп Мамай аксакалдын вариантын толугу менен айткан жаш бала манасчылар чыгып жаткан. Жогоруда сөз арасында белгилеп кеткендей акыркы беш-алты жылдан бери жыл сайын Кызыл-Суу кыргыз автоном облусунда андагы үч кыргыз районунда (Ак-Чий, Улуу-Чат жана Ак-Тоо) алмак-салмак Манас фестивалын өткөрүү салтка айланып келет.

Экинчи дүйнөлүк согушта жеңилип, талкаланып, итке минип калган Германия менен күн чыгыш өлкөсүндөгү Япониянын биз жашап жаткан мезгилдеги жетишкендиктерине немец калкынын тактыгы менен жапондордун самурай духу таасирин берсе керек, деп ойлойм.

Ал эми дүйнөдө өзүнө теңдеши жок Манас эпосун жараткан элдин өзү улуу эл. Акыркы жүз жыл ичиндеги кыргыз элинин башына түшкөн оор күндөр, коомдук өзгөрүүлөр, коммунисттик системанын жетимиш жыл ичиндеги таңуулаган идеологиялык саясаттары, жана башка көптөгөн тышкы жана ички таасирлердин аркасында элибизге мүнөздүү өзгөчө касиеттерибизди, башкысы адам баласынын жашоодогу мыкты сапаттарын же болбосо улуулугун жазылбаган философияда мээсине сактап, аны бүт сезими менен туюп, күнүмдүк турмушунда дайыма туу тутунган кыргызга мүнөздүү касиетибизди кемитип алып, бүгүн минтип арабөк калып олтурабыз.

Элүү жылда эл жаңы, жүз жылда жер жаңы», деп элибиздин накыл сөзүндө айтылгандай жылдардын алмашуусу менен жаңы муундун өкүлдөрү эскилерин толуктайт. «Уугум сага айтам уулум сен ук, керегем сага айтам келиним сен ук», демекчи жогоруда сөз башында белгилеп кеткендей өзүбүздүн көөнө улуттук идеологиябызды эртелеп таап алып, аны менен келечек муундарыбызды тарбиялашыбыз керек. Ушул багытта биринчи ирээтте, мектеп мугалимдеринин, коомдогу чыгармачыл интеллигенциянын, маданий ишмерлердин аткара турган иштери арбын, же чекеси оюла элек. Адамдын ички руханий дүйнөсүндө өзгөрүү, жаңылануу болмоюнча идеалдуу коомду түзүү мүмкүн эмес деп айтышат. Демек, эртеңки келечегибизди ойлосок, ал жөнүндө бүгүн кам көрүшүбүз керек.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×