Добавить статью
10:45, 24 ноября 2015 117391

1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүштүн тарыхый маанисин тастыктоо – учурдун актуалдуу талабы

Мындан 100 жыл мурунку кыргыз элинин башына түшкөн кайгылуу окуялар, тагыраак айтканда 1916-жылкы көтөрүлүш бир кылымдан кийинки кыргыз тарыхнаамасынын сересинен көз чаптырсак башкача түстө баамдалат.

Чынында бул улуу улуттук кыймыл болуп өткөн эле жылы “ысыгы кете элек окуянын” изин суутпай изилдешкендер, болгондо да Орусиянын мыкты уулдары болгон. 1917-жылдын Февраль революциясынын жеңиши менен каардуу падышачылыктын тактан кулатууга бирден бир тиешеси бар чоң саясатчы Александр Федорович Керенский ошол кезде Орусиянын Мамлекеттик Думасынын көрүнүктүү ишмери, өлкөдө таанымал инсан, империяны демократизациялоонун зарылдыгын, Орусияны Европанын алыңкы мамлекеттери сыяктуу реформалоо керектигин жактап келгендиги маалым. А.Ф.Керенский Түркстанда чоңоюп, жаш кезинде Ташкенттеги орус гимназиясында белгилүү демократ-агартуучу, казак элинин улуу уулдарынын бири Мустафа Чокаев менен бирге окугандыгын окурмандардын көбү биле бербесе керек (Мустафа Шокай. Тандамалы.1-2-томдор.-Алматы.”Кайнар”, 1998.99.-432-б.)

А.Ф.Керенский ортоазиялыктардын, анын ичинде кыргыздардын 1916-жылдагы улуттук көтөрүлүшү жөнүндө уккандан кийин Мамлекеттик Дума түзгөн комиссияга жетекчилик кылган да Ташкент менен Самаркандга чейин поезд менен келип, иликтөө жүргүзгөн. Биринчилерден болуп көптөгөн маалыматтарды жыйнап, анын негизинде 1916-жылдын 15-декабрында Думанын жыйынында баяндама жасаган. Баяндама кашкайган чындыкты коомчулукка жеткиргендиги менен айырмаланган. Атүгүл, орус жазалоо отряддарынын кылмыштарын болгонун болгондой кылып сүрөттөп, эмчектеги балдар менен кары-картаңдардын аяосуз кыргынга учурагандыгын айтып бергенде депутаттардын бири Шингарев ордунан тура калып “варварлар!...”, деп кыйкыргандыгы документтерде сактылап калган (Керенский А. Ф. Мемуары. Россия на историческом повороте.-М.,1993; Восстание 1916 года в Средней Азии. Сборник документов.-Ташкент, 1932). 

Падышалык кулап, анын ордуна социал-демократтар бийликке келгени менен, 1917-жылы Өктөбүр төңкөрүшү менен Совет бийлиги орногондун жакшы билебиз. Апааттан аман-эсен калган, улуу Үркүндөн тирүү кайткан кыргыздарды кайрадан өз мекенине жайгарууда белгилүү иш жасалганы менен 1916-жылкы көтөрүлүш боюнча ал мезгилдеги кырдаалдын курчтугунан олуттуу изилдөөлөр болгон эмес. Улуу көтөрүлүш темасына ал окуянын 10, 20 жылдык эскерүү даталарында гана айрым бир саясатчылар, анын арасында коомдук ишмерлер менен тарыхчылар да кайрыла калып келгендиги белгилүү.

Советтик катаал идеологиянын капшабында жашап, иштесе да, андан чочулабай эле 1916-жылкы каргашалуу окуяларды объективдүү сүрөттөшкөн инсандардын арасына советтик алгачкы улуттук ишмерлерден «Новый Восток» журналына 1924-жылдан баштап макалаларын жаза баштаган Р. Рыскуловду (Киргизстан. – М. : Соцэкиздат, 1935.-59-б.) Совет өкмөтүнүн ошол кездеги Улуттар саясаты боюнча Комитеттин кызматкери, бир кезде И.В.Сталин менен чогуу иштешкен Г.И.Бройдону (Восстание киргиз в 1916 г. (Мое показание прокурору Ташкентской судебной палаты, данное 3-го сентября 1916 г.-Т., 1925), Ж.Абдрахмановду (Доклад выступления Председателя СовНарКома Киргизской ССР Ю.Абдрахманова на торжественном заседании, посвященном 15-летию восстания 1916 г.//Восстание 1916 г. в Кыргызстане. Сб.документов.-Б.,2011, 235-273-бб; Ошол эле автор. Незабываемая годовщина (К  15-летию восстаниявКиргизии) //Советская Азия. 1931 Кн. 5-6.,70-175-бб.), Б.Исакеевди (Из доклада секретаря Киробкома ВКП(б) Б.Исакеева на собрании рабочих Интергельпо и железнодорожников, посвященному 15-летию восстания 1916 года./ Восстание 1916 г. в Кыргызстане. Сб.документов.-Б.,2011, 274-288-бб.; Ошол эле автор. Киргизское восстание 1916 года. - Фрунзе, 1931.), Е.А.Федоровду (Очерки национально-освободительного движения в Средней Азии,- Т., 1925), И.Меницкийди (О  характеристике  событий   1916  г.   в  Туркестане.   По  поводу статьи  тов.Рыскулова «Восстание  туземцев в Туркестане» //Коммунистическая мысль Кн. 2. - Ташкент.: Изд-го САКУ,  1926.  151-155-бб.), П.Г.Галузону (16 год в Туркестане: и как не следует о нем думать // Коммунистическая мысль Кн. 2. - Ташкент.: Изд-го САКУ,  1926. -167-172-бб.), А.Н. Зоринди (Революционное движение в Киргизии. Северная часть.-Фрунзе, 1931), И.   Чеканинскийди (Восстание киргиз-казаков  и  каракиргизв Джетисуйском (Семиреченском) крае в июле - сентябре 1916 года. - Кызыл-Орда, 1926.) жана башкаларды атап кетсе болот.

Кийин бул каргашалуу күндөргө советтик кыргыз тарыхчылары үңүлүп карабаса да, айрымдары өз изилдөөлөрүндө үзүл-кезил көңүл бурушкан. Маселен, академиктер Б.Джамгерчинов («Добровольное вхождение Киргизии в состав России» (1963), «Очерки политической истории Киргизии XIX в.» (1966), «История Киргизии (с древних времён до 23 съезда КПСС), С.Ильясов (Земельные отношения в Киргизии в конце XIX – начале XX вв.-Ф.,1963) жана башкалар 1916-жылкы көтөрүлүштүн өбөлгөлөрүн жана себептерин ачып беришкен. Бирок, советтик тарыхнааманын рамкасынын ичинде эле биринчи жолу ар тараптуу изилдеп, Улуу көтөрүлүштүн тарыхый себептерин, жүрүшүн жана жыйынтыктарын фундаменталдуу изилдеген окумуштуу К.Үсөнбаев болгонун баары билишет (Восстание 1916 г в Киргизии.-Ф., 1967, 306 б.).

Кыргызстандын эгемендик доорунун алгачкы жылдарындагы тарыхнааманын концептуалдук өзгөрүүлөрүнүн башатында 1916-жылдагы көтөрүлүш темасынын негизги изилдөөчүсү катары кайрадан эле белгилүү тарыхчы Кушбек Үсөнбаев болгон. Анын орус тилиндеги “1916: героические и трагические страницы. (Б.: Илим, 1997) китебинде мурунку теориялык жана изилдөө базасын кеңейтүү менен Улуу көтөрүлүш жөнүндөгү маанилүү жаңы ойлор берилген.

Бирок, мурунку советтик-тоталитардык идеологиядан айрылган менен кыргыз тарыхнаамасында советтик кездеги тар концепция, таптык көз караш, партиялуулук принциби өкүм сүрүп, тарыхта эл массасы гана чечүүчү ролдо, ал эми инсандар эзүүчү таптын өкүлдөрү болгондуктан көтөрүлүштүн кыймылдаткыч күчү боло алышкан эмес, кыргыздар “улуу агасындай болгон орус элине каршы чыккандыктан алар катуу жазаланды”, ошондуктан көтөрүлүш реакциялуу, орус элине каршы кыймыл болгон деген сыяктуу түркөй илимий ой-пикирлердин саркындылары дагы деле жашап келет.

Маселен, эгемендик доордо бул окуялар боюнча реалдуу жаңы көз караштарды айткан Т.Өмүрбеков жана Чоротегин Т.К. (Кыргыздардын жана Кыргызстандын тарыхы: (XIX к. башы — 1917-ж.): III бөлүк: Орто мектептин 8-классы үчүн окуу китеби / Жооптуу редакторлору К.Үсөнбаев, А.Асанканов. — Бишкек: «Кыргызстан» басма үйү, 1998. — 196 б.; (2-chygarylyshy - 2003. – Bishkek.), Т.Өмүрбеков. 1916-ж. көтөрүлүштүн өбөлгөлөрү, негизги очоктору, жетекчилери, жана өзгөчөлүктөрү.//1916-жыл: Азаттык көтөрүлүшү. Конференциянын материалдары.-Б., 2012, 22-36-бб.); Т.Чороев (1916-жылкы көтөрүлүшкө байланыштуу бир катар публицистикалык жана тарыхый материалдар); Т.Шейшеканов (Ысык-Көл өрөөнүндөгү 1916-ж. улуттук боштондук көтөрүлүшүнүн өбөлгө, себептери жана башталышы. 1916-жыл: Азаттык көтөрүлүшү. Конференциянын материалдары.-Б., 2012, 207-217-бб.; ошол эле автор. Көлдөгү боштондук кыймылынын жетекчилери жөнүндө.//Кыргызстан тарыхынын маселелери. № 3.-Б.,2012.); М.Махмутбекова (Кыргызстандагы 1916-ж. көтөрүлүш.-Б., 2009.) ; К.Молдокасымов (1916-жыл. Эркиндик үчүн күрөштүн барактары жана сабактары. //1916-жыл: Азаттык көтөрүлүшү. Конференциянын материалдары.-Б., 2012, 55-70-бб.) жана башкалар болгонуна карабай, дагы деле алды-артын карап, кооптонуп, болгон чындыкты айтуудан айбыккан изилдөөчүлөр бар.

Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаевдин 2015-жылдын 27-майында кол койгон "1916-жылкы каргашалуу окуялардын 100 жылдыгы жөнүндө” аттуу жарлыгында аталган окуя ушул күнгө чейин өзүнүн так тарыхый баасын ала электиги белгиленип, ал окуяларга тарыхый жактан натыйжалуу баа берүү үчүн жана элдин биримдигин чыңдоо, жарандык мекенчилдикке тарбиялоо максаты менен 2015-16-жылдар аралыгында бир топ иш-чаралар пландалган. Тарыхчы-окумуштуулар, расмий бийлик өкүлдөрү, коомдук ишмерлер катышкан Өкмөттүк комиссия жана анын алдында жумушчу топтор түзүлүп, иш кызуу башталган. Бул тарыхый маанилүү датаны жаңыча методологиялык принциптер менен тастыктап, баалоо максатында иш-чаралардын алкагында бир катар эл аралык маанидеги илимий-конференцияларды өткөрүү долбоорлонгон.

Ошону менен катар 1916-жылкы улуу көтөрүлүштүн 100 жылдыгын белгилөө иш-чарасын кыргыз коомчулугу да активдүү колдоп, 1916-жылкы улуу көтөрүлүштү жана Үркүндү изилдөө, эскерүү максатында белгилүү коомдук ишмер А.Бекназаровдун жетекчилиги астында “1916-жылкы кайгылуу окуяларды (Үркүндү) иликтөө боюнча көз карандысыз саясий-коомдук комиссиясы” түзүлгөн. Үстүбүздөгү жылдын 15-июлунда коомдук комиссиянын атынан А.Бекназаров Кыргызстандын, Казахстандын, Орусиянын, Өзбекстандын жана Таджикистандын лидерлерине расмий кайрылып, анда 1916-жылкы окуяны ар тараптуу изилдөө, ага объективдүү, укуктук, саясый, тарыхый, илимий баа берүү кыргыз улутунун, кыргыз мамлекетинин эгемендүү укугу деп айтылган жана бул окуяга расмий баа берүүгө көмөктөшүүгө чакырган.

Коомдук комиссия 11-август күнү Жети-Өгүздүн Барскоон айылында бир жарым миңге чукул адамдын катышуусу менен өткөн элдик курултайда мындан 100 жыл мурунку каргашалуу окуялардын тегерегинде кеңири жана кызуу талкуу уюштурулуп, расмий токтом кабыл алынган.

Ал эми 2015-жылдын 11-ноябрында Бишкек шаарынын Достук мейманканасында 1916-жылкы каргашалуу окуяларды, улуу көтөрүлүштү жана Үркүндү изилдөөгө алып жүргөн тарыхчы-илимпоздордун жана коомдук ишмерлердин катышуусунда “1916-жылкы көтөрүлүш: мааниси жана сабактары” деген темадагы илимий-практикалык жыйын өттү. Жыйын тийешелүү резолюция кабыл алып, анда мындан 100 жыл мурунку кыргыз элинин башынан өткөн кайгылуу окуяларды жаңы методологиялык көз караштардын негизинде терең изилдөө, анын тарыхый маанисин илимий-теориялык жактан баалоо боюнча алгылыктуу сунуштар айтылган.

Улуу көтөрүлүштү изилдөө жараяны чынында өтө ар тармактуу болоору белгилүү болуп калды. Аталган конференциянын эртеси эле экс-элчи М.Абылов жыйында кабыл алынган резолюциянын тийешелүү беренелерин “өз алдынча чечмелеп, жыйын 1916-жылкы кыргыз элинин кайгылуу жоготууларын “тукум-курут (геноцид)” деп атоо кабыл алынды деп балп эттире “Кабар” агенттигине, Азаттык радиосуна бере салды. (Караңыз: kabar.kg 12.11.2015 16:02:13 ). Ал маалымат башка агенттиктерге да тарап кетти. Мындай жосунга кабатырланган КР Президентине караштуу Тарых илимин өнүктүрүү боюнча Мурас корунун төрагасы, Эл аралык “Кыргыз Тарых Коомунун” президенти, т.и.д., проф. Т.Чоротегин оперативдүүлүк менен “ 1916-жылкы улуу көтөрүлүш: Тактыкка карай умтулсак: (Мурдагы элчи М.Абыловдун билдирүүсүнөн улам)” аттуу кеңири макаланы Азаттык родиосунун сайтына 15-ноябрь күнү сунуштап, ал интернет булактарында бир далай талкууларга алып келди.

1916-жылкы көтөүлүштү изилдөөнүн жана аны баалоонун акыркы чекит-мерчеми, албетте, 2016-жылдын акыр жактарындагы эл аралык конгрессте коюлат. Бирок, ага чейин расмий жумушчу топтордун мүчөлөрүнүн, адис тарыхчылардын изилдөөлөрү менен катар эле 1916-жылкы көтөрүлүш жөнүндө маселе коомдук уюмдардын, башка кызыккан саясатчылардын, журналисттердин жана түрдүү ишмерлердин иликтөө объектиси болоору анык болуп калды. Демек, алдыда далай талаш-тартыштар, көз караштар жана жаңы ой-пикирлер боло турган көрүнөт.

Өкмөттүн каржылоосу менен учурда КРнын Архив агенттигинин жетекчилиги тарыхчы-илимпоздордун тикелей катышуусу менен архивисттерди Москва, Санкт-Петербург, Алматы, Ташкент жана башка шаарларга сапарга аттандырып, Кыргызстандын жаңы доордогу тарыхы, анын ичинде Улуу көтөрүлүш жана Үркүн боюнча булактарды алып келүү пландаштырылган. Бул иштин жыйынтыгында 1916-жылкы көтөрүлүш темасын дагы да тастыктоочу тарыхый фактылар арбын боло турган окшойт.

Ошондуктан кыргыз тарыхчылары, коомдук ишмердери чар тарапка тартылган ой-пикирлерди топтоп, кыргыз улутунун кызыкчылыгын, Кыргызстан элдеринин биримдигин, ынтымагын алдыңкы орунга коюу менен бул жүз жылдыгы белгиленүүчү олуттуу окуяны иликтөөнү тарыхый чындыктын тартиби менен аяктай алаар деген ишеним бар.

1916-жылкы көтөрүлүштүн 100 жылдыгын белгилөө боюнча Өкмөттүн алдындагы жумушчу топтун мүчөсү, тарых илимдеринин доктору, профессор Ташманбет Кененсариев. 23-ноябрь, 2015-жыл, Бишкек шаары.

Кыргыз Республикасынын жарандык коомунан, 1916-жылкы кайгылуу окуяларды (Үркүндү) иликтөө боюнча көз карандысыз саясий-коомдук комиссиясы тарабынан уюштурулган “1916-жылкы көтөрүлүш: мааниси жана сабактары” деген темадагы 2015-жылдын 11-ноябрында Бишкек шаарынын Достук мейманканасында өткөн илимий-практикалык конференциянын

РЕЗОЛЮЦИЯСЫ

Кыргыз Республикасынын президенти А.Атамбаевдин “1916-жылкы кайгылуу окуялардын 100 жылдыгы жөнүндө” 2015-жылдын 27-майындагы жарлыгында аталган окуя ушул күнгө чейин өзүнүн так тарыхый баасын ала электиги белгиленип, окуяга тарыхый жактан баа берүү, элдин биримдигин чыңдоо, жарандык мекенчилдикке тарбиялоо максатында 2015-16-жылдарга бир топ иш-чаралар пландалган. Бул тарыхый датаны жаңыча методологиялык принциптер менен тастыктап, баалоо максатында иш-чаралардын алкагында бир катар илимий-конференциялар долбоорлонгон.

1916-жылкы кайгылуу окуялардын 100 жылдыгы боюнча иш-чараны коомчулук активдүү колдоп, коомдук ишмер А.Бекназаровдун жетекчилиги менен 1916-жылкы кайгылуу окуяларды (Үркүндү) иликтөө боюнча көз карандысыз саясий-коомдук комиссиясы түзүлгөн. 2015-жылдын 15-июлунда коомдук комиссиянын атынан А.Бекназаров Кыргызстандын, Казакстандын, Орусиянын, Өзбекстандын жана Таджикстандын лидерлерине: 1916-жылкы окуяларды ар тараптуу изилдөөнү, ага объективдүү, укуктук, саясий, тарыхый, илимий баа берүүнү жана 100 жылдыкты биргеликте өткөрүү сунушун билдирип кайрылуу жиберген.

Ошондой эле комиссия элдик боштондук кыймылынын 100 жылдыгын өткөрүү күнүн 2016-жылдын 11-августуна коюуну (анткени Үркүндүн 15 жылдыгы 1931-жылы ушул күнү өткөрүлгөн) Кыргызстандын расмий бийлигине сунуштады.

Коомдук комиссия 2015-жылдын 11-августунда Жети-Өгүз районунун Барскоон өрөөнүндө 1916-жылкы кайгылуу окуялардын тегерегинде кеңири талкуу жараткан Элдик Курултай өткөргөн жана Курултай өз чечимин кабыл алган.

Ал эми 2015-жылдын 11-ноябрында Бишкек шаарынын Достук мейманканасында 1916-жылкы кайгылуу окуяларды изилдөөгө алып жүргөн тарыхчы-илимпоздордун, саясий жана коомдук ишмерлердин катышуусунда “1916-жылкы көтөрүлүш: мааниси жана сабактары” деген темадагы илимий-практикалык жыйын жогорку деңгээлде өттү.

Жыйында доор жана тарыхый кырдаал, падышачылыктын оторчул саясаты, көтөрүлүштүн жүрүшү жана кесепеттери, көтөрүлүштүн тарыхый мааниси жана анын азыркы муун үчүн сабактары деген багыттарда мазмундуу, илимий жактан маанилүү баяндамалар угулуп, жарыш сөздөрдө элдик боштондук көтөрүлүшү тууралуу ачык айтылбай келиши, 90 жыл аралыгында шейиттердин сөөктөрүнүн көмүлбөй турушу, Үркүн боюнча айрым окуялардын азыр да бурмаланып (мисалы, 18.09.2015-ж. Ломоносов атындагы МГУдагы эл аралык конференцияда) жатышы тууралуу ойлор айтылды. Жалпысынан 7 илимий баяндама жасалып, 13 адам жарыш сөзгө чыгып, кызуу талкуу жүрдү.

Мындан 100 жыл мурунку кыргыз элинин тагдырындагы кайгылуу жана каргашалуу окуяны терең изилдөө, ага адилеттүү тарыхый баа берүү, Үркүндүн кесепетинен келип чыккан сабактар такталып, анын негизинде азыркы муунду мекенчилдикке, эл достугуна тарбиялоо, 2016-жылы аталган окуянын 100 жылдыгын илимий жана коомдук маанилүү иш-чара катары эл аралык деңгээлде белгилөө багытында баалуу сунуштар айтылды.

“1916-жылкы көтөрүлүш: мааниси жана сабактары” деген темадагы илимий-практикалык жыйындын катышуучулары кыргыз коомчулугуна, мамлекеттик бийлик өкүлдөрүнө, билим, илим жаатындагы коомчулукка төмөнкүлөрдү сунуштайт:

1. 1916-жылкы кайгылуу окуялар кыргыз элинин тарыхындагы орус падышалык империясынын курамында отор саясатынын кесепеттеринен келип чыккан эң кайгылуу жана каргашалуу окуя катары белгиленсин.

2. XX кылымдын 20-жылдарынан баштап ушул күнгө чейин бул кайгылуу окуяны изилдеп келген Ж.Абдрахманов, Б.Исакеев, Т.Рыскулов, Г.Бройдо, К.Усенбаев ж.б.д.у. сыяктуу улуу муундагы мамлекеттик жана коомдук ишмерлердин, тарыхчы илимпоздордун изилдөөлөрү мындан ары заманбап методологиялык принциптердин, жаңы табылган булактык базанын негизинде улансын жана илимий жактан ар тармакта кеңейтилсин.

3. 2016-жылкы элдик көтөрүлүштүн 100 жылдыгын белгилөө иш-чаралары кеңири коомчулук жана илимий чөйрө тарабынан мамлекеттик деңгээлде даярдалсын жана өткөрүлсүн. Бул иш-чараларга 1916-жылкы кайгылуу окуяларды (Үркүндү) иликтөө боюнча көз карандысыз саясий-коомдук комиссиясы өз салымын кошууну улантсын. Комиссия уюштурган Элдик курултайдын чечимине кирген Д.Садырбаевдин “Кайран эл” кинофильмин көрсөтүү, Үркүн боюнча Б.Шамшиевге тапшырылган тарыхый-көркөм тасма тартуу иш-чарасы колдоого алынсын жана М.Токобаевдин “Кайгылуу Какей” драмасы жаңыдан сахналаштырылсын.

4. Аталган маселе боюнча мындан кийинки мамлекеттер аралык жана эл аралык илимий конференция, симпозиумдарга катышууга илимий чөйрөдө кеңири белгилүү, 1916-жылкы кайгылуу окуяларды изилдөөгө тиешелүү илимпоздор жиберилсин.

5. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен аталган маселени күн тартибине киргизип кароо менен саясий-укуктук жактан баа берүү суралсын.

Болуп өткөн илимий-практикалык конференциянын жыйынтыктары катары төмөнкүлөр белгиленсин:

а. 1916-жылкы көтөрүлүш жана кайгылуу окуялар тарыхый жактан илимпоздордун басымдуу көпчүлүгү белгилегендей “1916-жылкы элдик боштондук көтөрүлүшү” деп аталсын;

б. 1916-жылкы элдик боштондук көтөрүлүшүнүн кыймылдаткыч күчү эл массасы, эл арасынан чыккан чыгаан инсандар, улуттук боштондукка көтөрүлгөн кыргыздарга тилектештигин билдирген башка улуттардын өкүлдөрү болгон деп таанылсын;

в. 1916-жылкы элдик боштондук көтөрүлүшүнүн өбөлгөлөрү жана себептери XIX кылымдын ортосунан башталган оторчул, “бөлүп ал да бийлей бер” принцибиндеги отордук-административдик эзүү, жүрүм-турум, тил, дин, жана дил жагынан “алыска болжолдонгон орусташтыруу” мерчеми, жергиликтүү калктын экономикалык базасына оор запкы алып келген (дээрлик бардык жерди тартып алуу) жер-салык саясаты болгондугу, Орусия падышасы Николай II нин 1916-жылдын 25-июнундагы “Реквизиция жөнүндөгү” Жарлыгы көтөрүлүштүн түздөн-түз шылтоосу болуп бергендиги, Жарлык 19-43 жаштагы эр бүлөөлөрдү оорук иштерине атуул катары чакыруу (мобилизациялоо) эмес, аларды “мал же мүлк катары реквизиция кылуу” (түшүндүрмө сөздүктү караңыз), башкача айтканда түп мааниси боюнча “экспроприациялоо” катары ойлонулган деп белгиленсин;

г. Көтөрүлүштүн башталышы, жүрүшү жана жыйынтыктары боюнча фактологиялык материалдар илимпоздор тарабынан мындан ары да изилденсин, кыймылдын катышуучуларынын курамы, кыргынга учурагандардын, Кытайга качкандардын, Чыгыш Түркстанда өлгөндөрдүн, кайтып келгендердин чындыкка жакындашкан саны 2016-жылдагы 100 жылдыкты расмий белгилөө күнүнө чейин илимий иликтөөлөр аркылуу объективдүү такталсын;

д. Көтөрүлүштүн жыйынтыктары жана анын кыргыз элине алып келген кесепеттери илимий жактан объективдүү баалансын. 1916-жылкы кайгылуу окуялардын 100 жылдыгы боюнча иш-чаралардын акыркы этабына чейин бул окуя тарыхчылар, экономисттер, социологдор, политологдор, конфликтологдор ж.б. илимий тармактын илимпоздору жана коомчулук тарабынан “кыргын” (истребление) же “тукумкурут”(геноцид) экендиги, же башка баалоолорго жооп берерлиги тууралуу так далилденсин;

и. 1916-жылкы кайгылуу окуялардын сабактары - кыргыз элине жана Кыргызстанда жашаган бардык улуттарга кеңири түшүндүрүлүп, өлкөнүн атуулдарына мекенчилдиктин жана улуттар аралык ынтымактын бекемделишине өбөлгө катары негиз боло ала тургандыгы белгиленсин.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×