Добавить статью
16:12, 30 ноября 2015 41295

Кыргыз кыпчактар (эссе)

Аргымакты жаман деп,

Бууданды кайдан табасың?

Агайынды жаман деп,

Тууганды кайдан табасың?

Токтогул

-Кыпчак! Барсыңбы?..

-Бармын, ата!

Т.Касымбеков.

«Сынган кылыч»

Береги чыгарманы «Кыргыз кыпчактар» деп атасамбы же «Кыпчак кыргыздар» деп атасамбы дегенчелик бир далай түйшөлдүм. Анан, бирпаста эмес, аста-аста, эки кыл аталыштын бири биринен дээрлик айрымаланбай турганына акылым даана жетти.

Асыресе, күнү бүгүн деле коомубуздагы уруу маселелерин козгоо салаасында кош ачакей мамиле өкүм сүрөт: бир жагынан уруулардын уңгу-мүчөсүн талдоону, урууларга жиктелүүнү мурдагы өткөн мусапыр замандардын саркындысы кыязында санап, мурдубузду текебер тейде чүйрүйбүз, экинчи жагынан тарыхыбыз уруулардын өтмүшүндө, андай экен, насилин, жети атасын жеткиликтүү билбес эмелер керт башына күчтөп-зордоп шири кийгизилген маңыроо маңкуртка –жетесиз тирүүлөй жетим, куураган кул-кутанга тете деген омоктуу пикирди куп гана карманабыз.

Илгери-кийин дейм, мен жолугуп, аңгемелешкен пайгамбардай касиеттүү карыялар урууңду кылдат териштирип, тыкыр аныктаган соң, «ап-баракелде, балам, сенин түбүң кыргызга баланча атадан, түкүнчө муундан биригет» деп калыс кебин ооруксунбай оозанат эле. Эмкисин эмнегедир пейилибиз жаман тарыды. Тек -жайды сүрүштүрүүдө текеберчилик үстөм. Ашынган уруучулдар жайыл дасторконго төрт-беш кишинин насиби төпөлөмө төгүлгөн аш-той, майрам-мааракени мындай кой, мамлекеттик даражадагы мартабалуу иш-чараларда, басма сөз барактарында, үналгы-сыналгынын обосунда ану-муну дегиче, ачып, көздү жумгуча ала койду бөлө кыркып жиберишет.

Арада, айтса, баягы эсил кайран коммунисттик идеология узак жылдар бою жактырбай жерип, түздөн-түз тыйып келген «санжыра» жанры, тимелеби, коолап-чайлап өсүүдө. Уруу, а түгүл, уруу ичиндеги урук, тайпа, жарым тайпалардын, андан тышкары, мөртүндөгү уруу башчылардын, элеси булас баатырлардын, даткалардын, манаптардын, акелердин, молдокелердин, казы-бийлердин таржымалдары гезит-журналдабы, китеп калыбындабы, байма-бай басылды. Чоң-кичине уруулардын мыкты чыкмалары ийиндешип, ич ара жыйын чакырып, куйрук улаш Оң (Ак уул), Сол (Куу уул), Ичкилик (Кызыл уул) уруу кошундарынын курултайларына чогулушту. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына төп уюштурулуп, расмий катталган тигил же бул уруунун аракеттеги кыймыл, уюм, бирикмелери жарандык жамаатташтык тутумунан ордун тапты. Ушу тапта, болжолумда, урууларыбыздын басымдуу көпчүлүгүнүн жеке тамгалары (герб), желбиреген желек-асабалары, обондуу ураан өлөңдөрү (гимн) беленделип, даярдалуу.

Үстүбүздөгү мезгилде зыялыларыбыздын бир бөлчөгү улуттук парламентти уруу белгисине (принцип) таянып шайлоонун натыйжалуулугун таңуулоодон таюу тартышпайт. Тигиндей идеолог-саясатчылар не Жогорку Кеңеште, не Өкмөттүн түзүмдөрүндө түмөн-түмөнгө, облус-облуска, бөтөнчө, түндүк-түштүккө бөлүнгөнгө караганда, уруу-урууга бөлүнүү оңдуу, мындайча чечмелегенде, Кыргызстанды жетектөөнү калк көңүлүндө кадиксиз кадыр-баркка ээ уруу жакшыларына ишенүү түпкүлүктүү тилек-мүдөбүзгө шайкеш деп кадыресе эсептешет жана мунун жөнеле тыңшаганда жөндүүдөй угулган итапкан жүйөөлөрүн ортобузга салышат.

Ий-е, «уруу» ушинтип биресе билерман аламан тарабынан өйдө-төмөн деңгээлде үстөккө-босток «оп-майдаланып», биресе опсуз саясатташып баратыр. Эмненин ичинен чыгышыбыз али бери белгисиз. Менимче, улутубуздун ыдырабас бүтүндүгүнүн жогоркудай, кезектеги дейличи, катаал сыноодон кебелбей өтмөгү да бешенебизге чийилген зарылдык.

Азыр, жаңылбасам (ылайым, жаңылып эле калайын!), кырк уугубуздун бир уугу –кыпчактын жаратылышын, жазмышын түшүнүп-түшүнбөй, өз бетинче ардеме-бирдемени түкшөмөлдөгөндөр аз эмес. Анын бир себебин абалкы доорлордо төбөсү бийик асман астында, төшү түктүү жер үстүндө «кыпчак» аттуу калдайган калк жашаганы, өлбөс- өчпөс даңазалуу байыркы калайыктын нөөмөтүндө кубат-каркындуу «Кыпчак хандыгын» уюмдаштырып, бийлеп-башкарганы менен тикелей байланыштыруу туурадыр. Карапайым кишинин жакабелибиздеги кыпчак уруусунун өкүлдөрүн ичер тамчысы түгөнгөн этностун бөлүндүсү, демек, кыргызга тиешеси анчейин дегендей тукурууга такаатсыз ынанмагы толук ыктымал. Кантсе да «таза кыргыз», «чала кыргыз» жөнүндөгү түк майнапсыз, кызыл чеке талаш-тартыш оожалгандан ырбаган кашыбыздагы мерчемде кыпчакка кадалган көз карашыбыз бөлөк урууларга салыштырмалуу саал салкыныраактай сезилет, мага.

Кыпчакты зерттегенде замандаш санжырачыларыбыз дагы, этнология илиминин изилдөөчүлөрү дагы, албетте, баары эмес, бир даары, журтубузду жупташтыра жуурулуштуруп, курама темирдей курчуткан куржунубуздагы айныксыз далилдер менен жагдайларды таптакыр элебегендей тариздүү. Же ачылып айткысы келбейби? Айран-таңмын. Асыресе, кыргыз тукумунун агымдагы жана келечектеги ынтымагы үчүн, дегиңкиси чыркыраган чындык үчүн жанагылардын учугун кайрадан жандырып, буруу-терүүсүз жаңылап-жашаңдамагыбыз абзелдей.

Эмесе, ыйыктын ыйыгы, эне-тилден баштайлы. Беш материктеги тилдерди тектештик чен-өлчөмдөрү жагынан топ-топко топтоштурган тилчи адистер, эреже катары, кыргыз тилин түрк тилдеринин кыпчак тайпасына (группа) кийирет. Кыпчак тайпасы эсе бир нече жарым тайпаларга (подгруппа) ажырымдалган ондон ашуун улуттук тилдерден куралат. Ал эми кыргыз-кыпчак жарым тайпасында Асан-Үсөндөй эки кошмок эл сүйлөйбүз: биз жана түштүк алтайлыктар.

Эмнеге? Анткени Чыңгыз заалимдин канды-булоон жапырагынын босогосунда аталган тилибиз Дунайдан Алтайга дейре ээн-элким жайылып, азыркы кыргыздын курамындагы үркөрдөй урук-уруулардын да эне- тили болгону маалым. Агездеги кыпчак тилинин орошон ооматын он үчүнчү кылымдын аягында, он төртүнчү кылымдын башында Кырым -Урумда бапталып-сомдолгон «Кодекс Куманикус» же «Кыпчактардын китеби» аттуу эзелки колжазма жыйнак ашкере айгинелейт. Ага үңүлгөндө италиялыктар, француздар, немистер Евразиянын учу-кыйырсыз аймагын ээлеген кумандар, өзүбүзчө айтканда, кыпчактар менен соода-сатык жүргүзүү үчүн тийешелүү сөздүктөрдү түзгөнүнө жана аңгыча теңирчиликке сыйынган көңкү журтту христианчылыкка табынтуу үмүтүндө бир канча диний тексттерди кыпчакчага которушканына күбө өтөбүз.

Кудай жалгап, «Кодексте…» эски кыпчак тилиндеги ырлар, табышмактар, баталар сакталуу. Ошобу мурастарды жыйырма биринчи жүз жылдыктын кыргызча нака сабаттуу кыргызы кыйналбай-нетпей окуйт. Эч болбосо маңызын боолголойт. Маселен, мен тигиндеги «Сенде жок, менде жок, сеңир тоодо жок, катуу ташта жок, кыпчакта жок» деген табышмакты такалбай аңдадым. Жандырмагы –куштун сүтү. Атагы дубандан дубанга дуулдаган аят тумардай китебибиздин бир нускасын 1303-жылы Венециядагы Сан-Марио китепканасына адамзат адабиятынын классиги Франческо Петрарка тапшырганын билгенимде, ири алды, калемгер иретинде ичимден алда кандай сыймыктануу сезимине чөмүлгөнүмдү сураба?!

Калемгер демекчи, он биринчи кылымга таандык руханий эстелигибиздеги –Жусуп Баласагындын «Кут даарыган билиминдеги» «кыпчак» этноними көркөм каражат сапатында кыстарылган биртке поэтикалык сапты үч сыйра кайталап таржымалап, баары бир түп нускадагы чулу ойду үргүлжү жеткирүүгө жарабадым окшойт. Мунуңуз, барып-келип, «бетеге кетет, бел калат, бектер кетет, эл калат» деген белгилүү макалды жадыма түшүрбөй койбоду:

Жер жүзү –кыпчактын бактысы,

Жел өпкө өмүрүң ок жетпес.

Бектердин кулайт бейм тактысы,

Береги көр дүйнө «солк» этпес.

Эмдигиси:

Жер жүзү –кыпчактын ырысы,

Желмаян тирдигиң арыбас.

Бектердин көбөйөр тырышы,

Береги көр дүйнө карыбас.

Соңкусу:

Жер жүзү –кыпчактын таалайы,

Жашоонун жашоосу –зымыраш.

Бектердин көгөрөр саамайы,

Береги көр дүйнө жыдыбас.

Баса, аалымдар кыпчак тилин илим тармагына адегенде, он биринчи кылымда даңктуу түрк таануучу Кашкарлык Махмуд кийирген жана анын кыпчактар туурасындагы байкоолору Жети-Суу менен Чыгыш Түркстандагы урууларга тиешелүү деп бекемдешет. Кызыкдар тарыхчылар «Шахнаме», «Огузнаме», «Коркут Ата», «Игордун кошуну тууралуу баян» сындуу даркан дастандарда атпай кыпчак тууралуу данектүү кабарлар камтылганын дамамат кулакташат.

Баса, кыргыздын фольклорунда «кыпчак» темасы өзөктүү темалардын бири. Айталы, «Эр Төштүк», «Курманбек», «Олжобай менен Кишимжан», «Сейитбек», «Жоодарбешим», «Шырдакбек» жана башка ушул сыяктуу алмустактын мөөрү катылуу эпостордо, накыл- уламыштарда, оозеки поэзиябызда кыргыз кыпчактардын же кыпчак кыргыздардын турмушу сүрөттөлөт эмеспи. «Манаста» анын үзөңгүлөштөрүнүн бири – кыпчак ханы Эр Үрбүнүн күрдөлдүү бейнеси тартылган. Анүстүнө жез таңдай акындарыбыз менен чалкар манасчыларыбыз кыпчактардын чыгаан өкүлдөрүн көбүнчө элибиздин эркиндиги менен көз карандысыздыгы үчүн кашык канын аябаган жоокер атуулдар, анын адеп-ахлактык наркын ашырган татыктуу инсандар шекилинде, негизгиси, жамы кыргыздан кылчалык четтетпей, алакчылабай, шилекей агызгыдай ширин, шыңгыр добуш ыр-күүгө шыдыр кошот: «Кыргыз, кыпчак –бир ата» (Балык манасчы), «Сапырылган сан кыпчак» (Сагымбай манасчы), «Кыпчак эле элибиз» (Саякбай манасчы), «Кыргыз кыпчак эл турмак, кылымга кетер дастаның» (Калык Акиев), «Түбү кыргыз эл экен, аты-жөнүн, уруусун, калың кыпчак дээр экен» (Алымкул Үсөнбаев), «Күрөңкө, кочкор, кыпчактар, иттери майды карабас, атактуу байлар ушулар» (Жусуп Мамай), «Асмандан мөндүр бурчактап, айкыргансыйт «кыпчактап», кыйлага мөндүр бурчактап, кыйкыргансыйт «кыпчактап» (Сарыкунан Дыйканбаев, тоо булбулу Токтогулдун шакирти).

Кайсы бир тарыхый булактарда атургай Эр Манастын өзүн кыргыздын кыпчак уруусунан, кыпчак кыргызынан, дегеле кыпчактан деген даректер кездешет. Мисалы, он тогузунчу кылымдын этегинен тартып, жыйырманчы кылымдын отузунчу жылдарынын капортосуна чейин узанган кашкөй санжырачыбыз Белек Солтоноев «Кызыл кыргыз тарыхы» аттуу айтылуу эмгегинде «Ырчылар Чыңгыздын уулу чын Манас деп да ырдашкан. Жана Самарканда сарт Манас деп айтышат. Ошентип, ырчылар өздөрү дагы Манастын насилин анык «баланча» деп кесип айталбайт» дегендей билдирмесине жалгай, «1916-жылы кыргыз бузугунда Турпанга, Кытайга качып бардым. Андагы черик кыргыздын кабарында алар өздөрү болсун, Саркол (Памир) жана кыргыз болсун Манасты сары ногой, кыпчак дешет экен. Кашкар кыргызынын көпчүлүгү кыпчак кыргызынан, лакшу уругунан Манас чыккан деп айтат дешет. Кетмен-Төбө, Фергана кыргызы Манасты ногой дейт.

1920-жылында Талас кыргызынын берген кабары: «Алма-Атага жакын Кара-Кыштак деген жерде кыпчактын локуш деген уругунан Манас деген баатыры кара кытай каптап келгенде жеринен ооп, Таласка келип туруп, кара кытай менен согушканда, кара кытай абдан быт-чыт болуп жеңилип, Каштекти кайтадан кыпчака берген. Мындан соң ал жерге кара кытайлар көп жылга жете келе албаган. Таластык кыргыздын экинчи кабары: кыпчактын жети кашка деген уругунан 680-970-жылдарда болгон Манас баатыр» -деп бир ууч жыйынтыгын чүргөйт («Кызыл кыргыз тарыхы», Бишкек, 1993. 138-б.).

Аңгемесин арылай тереңдетип, ал төмөнкүдөй чечимге аялдаптыр: «Х1 кылымдын башына жете эки ортодо могол-түрк тукумунан, көбүнчө кыргыз, казак, кыпчак, ууз, өзбек, татар-могол, сары ногойдон чыккан Манас деген баатыр болгондугуна, эгерде аты Манас болбосо, атагы болуп, Алтай менен Орто Азиянын биринен чыккан кыраан экендигине эч шек жок. Башка түрк-моголдон эмес, Манас кыргыз насилинен деп көзүн айтууга мүмкүн эмес. Эгерде кыргыздан болбосо, кыпчак кыргызынан болмогу этимал. Себеп, бир далай ырчылар жана журт карыялары Манасты кыпчак уругунан дешкен» (151-б.)

Албетте, бул, илимпоздун өзү моюндагандай, «ооз кабар». Арийне, ошого жуук, үндөш мазмундагы бедерлөө он алтынчы кылымдын башталышында тажик тилинде жазылган Молдо Сайпидин Аксыкентинин «Маджму-ат-Таварихинде» («Тарыхтар жыйынагы») да учурайт. «…Таварихти» 1996-жылы кесиптешибиз Омор Сооронов Молдо Сабыр экөөлөп кыргызчалаган.

Эпикалык поэманын алиги жыйнакта жарыяланган прозалык үлгүсүнө ылайык (а береги үлгү көркөм байлыгыбыздын качандыр бир ак баракка чиймелеп-сызмаланган туңгуч үлгүсү) Манас кыргыз аттуу элдин жолбашчысы Каркара хандын небереси. Анан калсабы, Манастын эли да «Кар(а)кыралык кыпчактар» деп аталат.

Өмүркул Караев, бүткүл энергиясын, бүкүлү мүмкүнчүлүгүн наети тарыхыбызды тартиптештирүүгө сайган сайкашка интеллектуалыбыз кимак жана кыргыздын мейкининин танапташтыгы туюнтулган «Худуд-ал-алам» («Дүйнөнүн чек аралары») деген чыгарманы персчеден англис тилине кең-кесири жандырмактарга жабдып которгон орустун чыгыш таануучусу Владимир Минорскийдин Каркара, Кара-Кыштак, Манас, кыпчак туурасындагы пикирин караштырып, кыргыздар менен кимактардын, кыпчактардын ирегелеш жашашы ыктымалдуу болгон онунчу кылымдагы Каркарахан улусун жана «Манас» эпосундагы Каракара жергесин Ысык-Көлдүн чыгышындагы Каркыра жайлоосуна теңештирген. «Кийин кыпчактар көп элдин, анын ичинде, кыргыздардын курамына кирди. Ошондон улам Манастын жана анын кырк чоросунун ата-бабалары каракаралык кыпчактар деп аталды» -деп чекене корутундусунун четин кайрыйт, окумуштуу («Восточные авторы о кыргызах», Фрунзе, 1994, 49-б.).

Орусиянын Томск шаарында эмгектенген жаш илимпоз Рустам Абдуманапов интернет түйүнү аркылуу, ага улай кагаз жүзүндө «жер тыңшар» окумал-чилистендердин шыбага- энчисине буйдалбастан тийген «Кыргыздын «Манас» эпосунун кыпчак түп-тамырлары» аттуу илимий ишинде «Маджму -ат-Таварихтен» кыргыз жана кыпчак этноаталыштары синоним, симбиоз катары көрүнгөнүнө, бирин-экин советтик белдүү чыгыш таануучулар «жарымы тарых, жарымы уламыш» дегендей ченеп-бычканына карабастан, анда кыргыздардын заманбап урук-уруучулук түзүмүнө дээрлик далма-дал келүүчү илгерки кыргыздардын уруулары менен уруктарынын тизмеги тизилгенине назар оодарат. 1987-жылы болсо маркум фольклорчубуз Эсеналы Абдылдаев «Манас» эпосунун историзми» деген наамда борбор калаабыздан жарыкка чыккан докторлук монографиясында Айкөлдүн кыпчактыгы ырастыгын ырастаган.

Эр Манастын уругун ногой, сары ногойдун тегинен суурумакка куштар улук-кичиктерибиз деле арбын. Мисалы, кыпчакты кымындай да кылапаттабаган, эзели өгөйлөбөгөн баба дыйкан жазуучубуз Түгөлбай Сыдыкбеков. Чын-чынында кайран Түкөм жана Түкөм өңдүүлөр ыктаган позициянын орундуулугу ныпым шек туудурбас. Амалейким, бүгүнкү ногой урпактарынын жазмакөй азаматтары өздөрүнүн Улуу Кыпчак талаасынан тараганы, бери эле дегенде, кыпчакка туугандыгы тууралуу угуза жардаганын укканыбыз эп. Р.Абдуманапов өйдөрөөктө мисалга тартылган китебинде ногойлордун «Манастагы» «Кырк чорону» эстетүүчү «Кырк баатыр» эпосунун бүктөмүндө «Куман өлкө, кыпчагым» деген ыр сабынын барлыгын кур бекер кылтыйтпагандыр.

Кыргыздар «Эдил кайда, эл кайда» деп арман кылышат, эркек бала төрөлсө, «Оролбай», «Оролбек» деп медер тутушат. «Эдил» -орусча Волга дарыясы, «Орол» -Урал тоосу. Демек, ногой, татар, башкыр, чуваш, кумык, карачай, балкарга, ал турсун фин -угор калктарына канатташ өмүр кечирген кезеңибиз тарыхый аң-сезимибизге зылдай орногон окшобойбу. «Манастагы» «Жакып элди чогултуп, Алтайдан Анжиянга көчөлү деп айтканы» аттуу бапта деп баяндалат:

Оролдун узун тоосу бар,

Ошого жакын барсак деп

Бир кыйла элдин оозу бар.

Эдил, Жайык жери бар,

Эне-атабыз өскөн деп

Бир кыйла элдин кеби бар.

Ооба, ногой –бизге ага-ини журт, атамзаманда күжүлдөгөн күжүрмөн ногойлу-кыпчактын бутагы. Аттиң, ак калпак кыргыз айдыңында калыптанып, кадыр-сыйы ашкан, бир казанда кайнап, бир жакадан баш, бир жеңден билек созгон дүйүм уруубуз эмес, мекени ыраакта, чаржайыт, соңку кылымдардагы чыйыры айры.

Адабият таануунун ыңгайынан баккандачы, Манас – жалпылама, шарттуу кейипкер. Демек, анын уруусу огобетер шарттуу түшүнүк. Каарманынын жердигин ким дебейли, кайдан издебейли, андан үчилтиктин көркөм-идеялык куну бузулбайт. Ал бар эмеспи, уруулук жомоктон улуттук эпоско өскөн, кызыл тил өнөрүбүздүн гениалдуу, шедевр туундусу, «кыргыз рухунун туу чокусу» (Чыңгыз Айтматов), төгөрөктүн төрт, Мединанын беш бурчундагы улутташтарыбыздын орток дөөлөтү, маңгиликтүү мактанычы, эч ким эч качан мөөнөтүн чектөөгө батынбас мандаты.

Бирок, «кыпчак» дегенден дагы сыртаныбыздын нукура кыргыз табияты эгерим ылдыйлап, ылайкаланбайт, өксүбөйт да, бөксөрбөйт. Андыктан түпкүрдөн өнгөн фактыларды көкбөрүдөй тарткылаганда учкул макалдан сарыкчу таамай кеңешти кунт коюп тыңдап, калем уч жазган нерсени балталап кесип ыргытуу өлүмжан мүмкүн эместигин көкүрөгүбүзгө түйгөнүбүз ийгидир. Мен буерде, шекериңиз оозуңузда, Эр Манастын зили-задине тийиштүү сейрек тыянактарды кыпчактын кыргызга камыр-жумур ширелгенине таасын шилтеме, өтөлгөлуу өбөлгө сымал гана пайдаландым. Антпесемби, тек амалым куруду.

Ошонусу ошо болсун, ой толгообуздун уланды-курандысы кошо болсун. Кытайлык, улуту кыргыз, профессор Макелек Өмүрбай «Кытай тарыхый жазмаларындагы кыргыздар» деген орчундуу макаласында «кыргыздын өзүнүн курамындагы урууларынан тарыхый жазмаларда төөлөс, бугу, кыпчак урууларынын аттары тыбышталып так жазылганын» тастыктайт («Эркин Тоо», 4-март, 2003-жыл).

«Маджму -ат-Таварихте», айтмакчы, Актемир кыпчактын жети жетик баласынын –Даулетяр, Кудаяр, Бердияр, Алияр, Мусаяр, Исаяр, Түлөяр –мусулмандыкка дит бурмакка, шарият тартибин астейдил үйрөнмөккө ыкласы артып, ислам динин озунуп кабылдоо ниетинде Орто Азия чөлкөмүндөгү таасири оголе зор динаятчыларга ата-конушу Куландан жараган жети боз кашка камбарбоз камчылап келип, салам-аликтешкени айтылат. Ошондон чыгаар, арабдын сейит- мударистери «кыпчакты» кыргыздын жазма санжырасынын кылда учунда сыялаптыр.

Кызыгы, жыйырманчы кылымдын жыйырманчы, отузунчу, кыркынчы жылдарында чаалыкпас түрколог Саул Матвеевич Абрамзон Кыргызстанды сыдыра кыдырып, акыл-парасат токтоткон жарандарга бетме-бет кезигип, батымдуу баарлашып, баягы жетөөнөн таркаган «жети кашка» уругу солто, кыпчак, басыз сындуу уруулардын койнуна сиңгенин текшерет. Береги окумуштуу да «Кыргыздар, анан алардын этногенетикалык жана тарыхый-маданий байланыштары» деген фундаменталдуу эмгегинде «кыпчак» уруусун алтынчы-он биринчи жүз жылдыктардагы байыркы түрк жана орто кылымдын баш чениндеги уруулардын (төөлөс, мундуз, каңды, кушчу, арык, азык, бугу ж.б.у.с) ортосунда кыргызды каймактаткан жерпай «катмарга» көктөп, ичкилик канатынын эң алгачкы сабына чыгарган. Тажрыйбалуу эпос таануучу Турдубай Абдыракунов жети кашкадан «Манастагы» (дагы «Манас» !) жети хандын прототибин тааныйт.

Учурдагы этнос изилдөөчү Мехмет Кылдыроглунун маалыматы боюнча калкыбыздын кан-жанына кыпчактын мамындай майда уруктары уюуптур: ак баш, ак кыпчак, артык, чортон, барак, бачман, бешсары, жети уруу, каба, каман, конгур, канглы, канжыгалы, кара кыпчак, карлы, кармыш, кашка, жети кашка, кулан, кулан кыпчак, курама, котон, кочкор, куртка, күн тууду, кызылаяк, кытай кыпчак, лакай, ногой, сарай, сары (саруу, сары кыпчак), сакалды, таз, тогуз кыпчак, токмок, токсаба, тору айгыр. Санак узун, лекин, алымча- кошумчага муктаж.

Мехмет Кылдыроглунун ушуреки «Кыргыздар менен кыпчактардын он биринчи-он алтынчы кылымдардагы этносаясий байланыштары» аттуу диссертациялык ишинде казактын «Кобыланды баатыр» дастанынын көп вариантынын бир вариантында анын башкы каарманы кара кыпчак Кобыландыны кызылбаштардын Казан баатыры «Ала-Таунын кыргызы, кийгениң ала кырмызы» деп мүнөздөгөнү эскерилет. Бир курдай, жадымда, «Слово Кыргызстана» гезитиндеги «Шагали по планете кыпчаки…» («Кыпчактар жер жүзүн аралап…”) деген этюдга карек кададым. Анда, азилиби, тамашасыбы, же кандай, тооба, кыргыздардын качандыр бир Муз мухит менен Тынч мухиттин кесилишиндеги кысыктан Түндүк Америкага убай-чубай, индейлерге (индейцы) кол сунганы көсөөлөнөт. Дегеле Аляскадагы индейлерге ыңгайлышып, аргындашкан кыргызга кыпчагы аралаш бекенби!?

Москвадагы «Наука» басмасында 1973-жылы басылган «Материалы по истории киргизов и Киргизии» ( «Кыргыздардын жана Кыргызстандан тарыхы боюнча материалдар») аттуу хрестоматиялык китепке жазган кириш сөзүндө чыгыш таануучу, котормочу В.А.Ромодин кыргыздын өтмүшүн ар тараптуу изилдөөдө, ириде, Тияншан, Фергана, Чыгыш Түркстандын тарыхына байланыштуу жазма булактардан жана этнографиялык дайын-даректерден кыпчактар тууралуу кабарларды кабалтең иргеп, чогуу-чаран иликтөө болочоктуу багыт болмогун эскерткен. Элестүү айтканда, кыпчакты казсаң, кыргызга кабыласың деген. Ракматы Вадим Александровичтин олуялык осуяты канчалык өлчөмдө орундалганын же орундалбаганын билбейт экем.

Кантсе да, кыпчак –Кыргызстандын жети дубанына таруудай чачырап жайгашкан уруу, бирөөндө суюгураак, бирөөндө жышыраак дегендей. Ошондой эле Ооганстан, Кытай, Өзбекстан, Тажикстан мамлекеттеринде эбактан бери кыртыш тырмап, төрт түлүк баккан башка кыргыз урууларына наар-насиби бирге, жатындаш-кусакташ, киндиктеш-эмчектеш. Куда-сөөк. Оболку санжырачылар кыпчакты, ал турмак, оң канатка шылгаган. Кечээ жакында эле Такла Макан чөлүнөн ары, Тибетке чукул Куэнь-Лунь тоолорунда кыргыздын кыпчак уруусунанбыз деген мал жандуу үй-бүлөөлөр көчүп-конуп жүрүшүптүр. Кызыл-Суудагы (Шинжаң) ичкилик кыргыздарынын түп көтөрө «кыпчак» жаатын жактаганы жышаналуу. Тиердеги адигинеге кирген бирин-экин урууларыбыздын «хан кыпчак» атыкканын этнос таануучулар алардын туш-тушунда кыпчак ханы өкүмдарлык жүргүзгөн улуста өсүп-өнгөнү менен мыйзамченемдүү байланыштырышат.

Байкашымча, ааламдагы кыпчактын түрү дагы бир кыйла: армян кыпчактары, калмак кыпчактары, венгр (мадьяр) кыпчактары, мамлюк (Мисир) кыпчактары, дербент (Түндүк Кавказ) кыпчактары … Кыпчак уруу (эриш-аркак этникалык бөлүк) макамында он чакты түрк тилдүү улуттун уюткусунда учурайт. Булардын бакиси бизден тыш, некин, элибиздин бөлөк калктар менен тарыхый-генеалогиялык алакаларына ачыктан ачык айгак шекилдүү. Этнологдор кыргыз кыпчактардын казак, өзбек боосундагы кыпчактар менен кээ бир окшоштуктарын кыйыр каңкуулашыптыр. Кийинчерээк, чамамда, «Фергана кыпчактары», «өзбек тилинин кыпчак диалектиси» деген сөз айкаштары дембе-дем жаңырды. Алтын бешигибиз Алтайда эсе кыпчак, мундуз сөөктөрү (уруу) бири биринен кыз алып, кыз беришпес карындаш-уруктардан делет дешет.

Ар качандан бир качан кыргызды кыпчактан, кыпчакты кыргыздан бөлөктөө кыйын-ов! Антмегиң, саресепте, сөөмөй манжанын тырмагын боор этинен сыйрууга барабар.

Тилекке каршы, кыпчактын кадимий доорлордогу жана казыркы мезгилдеги өзгө хандыктардын, өлкөлөрдүн, этностордун тутумунда турушуна “туталангандар” баамга илешет. Негизи, жеке эле кыпчак эмес, кыргыз урууларынын тегиз баары, ири алды, тигил же бул түрк-моңгол калктарынын жетилүүсүнө азыноолак катышкан же ар кандай кырдаал-шарттын айынан адепки тобунан айрылып, кыргыз бирикмесине (союз) оогон. Андыктан алардын аталыштарынын Евразиядагы жумурай журттарда өз алдынча уруу, урук, тайпа, жамаатчылыктын ысымы, анан калса, топоним (жер-суу аттары), эпоним (адам аттары) сыпатында жыйырма биринчи кылымга чейин колдонулганы кадыресе кубулуш.

С.М.Абрамзон –кыргыз таануунун негиздөөчүлөрүнүн бири эмеле үзүндүлөнгөн эмгегинде теориялык ыңтайдан элибиздин ядросун (толто) онунчу-он бешинчи кылымдардагы өзбек, казак, каракалпак, башкыр, алтай сындуу улуттарга тийшелүүлүгү эмдигиче так такталбаган, мындайча түшүндүргөндө, тигилердин курамында саналбаган оң канаттын беш-алты уруусу түзөт деп эсептейт. Ырас, кыраакы аалым андай укуктан берки канаттарды да кур жалак калтырбай, «бул багытта мындан ары иликтөөлөр талап кылынышын» көргөзөт. Андан бери карай жарым кылымга жакын убакыт карыды. Ара-тородо илимпоз баякыда «толто» атаган уруулардын уруулаштары, короолош теги кошуна калктардан, башкалардын да, биздин да элдик жана тарыхый-илимий санжыраларыбыздан аста-секин табылып отуру.

Буюрбасын, «толтого» каршылык нөл. Мейли. «Толтолор» дагы жалпы кыргыз тоголоктоп ийленген май топурактан. Маселенин угуту бирдиктүү улутту «толто», «толто эмес» дегенсип, мандемдүү “чарт” жаруунун опурталдуулугунда. Үлкөн окумуштуу Лев Гумилёв «Этногенез жана жер биочөйрөсү» («Этногенез и биосфера земли») аттуу китебинде акыйкат белгилегендей, «атасы же энеси гана бар адам жок сыяктуу эле, көп түрдүү түп бабалардан түптөлбөгөн этнос да болбойт. Этнос ( эл, журт, улут, уруу, уруу бирикмеси) –бул арбып-кемип, ташкындап-тартылып, тынымсыз кубулуп турчу процесс (жараян)».

Асыресе, Чыгыш Түркстандагы алигиде «каршкарлык», «жаркендик» деген жамияттар бүгүн чылк уйгур, Кытайдагы Уйгур автоном районунун жергилик калкы, Орусиядагы Хакас автономиясынын түпкүлүктүү элинин мурунку аталышы - абакандык татарлар, Тоолуу Алтайдын журтун Өктөбүр төңкөрүшүнө чейин ак калмактар дешиптир, Казакстан СССРдин тутумуна алгач Кыргыз республикасы деп катталып, өзбек бурадарларыбыз «чү» дегендеги Түркстан, Сартстанга анчалык алымсынбай, жумуриятына Дашт-и-Кыпчактык Өзбек хандын ысымын ыйгарат. Мен, албетте, чукул аранын гана үлгүсүнө сүйөндүм. Мамлекетинин наамына элинин, тилинин наамы уйкаш эместер канча?!

С.М.Абрамзон «кыргыз» этноними он алтынчы-он жетинчи кылымдарда бир эле мезгилде бири-биринен окчун аймактарда –Түштүк Сибирде, Чыгыш Түркстанда, Тянь-Шанда, Памир-Алайда, Орто Азияда, казактын сарталааларында, Оролдун оромунда кезиккенин маалымдайт. Ушуга эзелки Энесай кыргыздарын чиркесек, жоон топ ар түрдүүлүккө урунабыз.

Адегенде бир ыптасы Мавренахр, экинчи ыптасы Могулистанда баш паанектеген, анан бир даары Кокон хандыгына, дагы бир даары Букар эмирлигине күңкор, чек арасыз, борбордук өкмөтсүз азап-шордуу элибиз жыйырманчы кылымдын жыйырма төртүнчү жылында -Ленинге ыракмат! –эң төмөнкү тепкичтеги азат өлкө бирдигин канжыгасына бөктөрдү. Ошо биригүүнү н арапасында ата-бабаларыбыз «арка кыргыздарына», «анжыян кыргыздарына» тарамдап, «кара кыргыздарга», «ичикилик кыргыздарга», «тоолук кыргыздарга», «чөлдүк кыргыздарга» тозуп, “бурутка”, «жапайы таш кыргызга» төңкөлүп жашаганын унутууга жарабас. Орусияга караштуу «Тоолуу облус», «Кара кыргыз облусу» жүрө-жүрө, бүт улуттун таламдары таанылгандан тарта биротоло Кыргызстан аталбадыбы?!

Совет бийлигинин телчигүү аралыгындагы кара тасма кинохроникада эмкисин ылгый өзбек, тажик кийген ала допучан кыргыздар, Түштүктүк ичкиликтер, сол канаттын, адигиненин кулундары карачыгыңызга чалдыгып-чалдыкпайт. Ал гана эмес отузунчу жылдардагы Сталиндик алааматта айыпсыз атылган республикабыздын туңгуч башчысы Абдыкадыр Орозбеков да ала допусун келдесинен түшүрбөптүр. Сыягы, агезде Фергана өрөөнүндөгү ыйман-ырыстуу баш кийим допу болсо керек. Көөнө кыпчактардын ак калпакчан, болгондо да бий калпакчан сүрөтүн, айтса, Орусиялык тарыхчы-археолог Светлана Плетнёванын «Половцы» деген популярдуу китебине көрсөтмөлүү далил сыпатында коштоп жарыяланган Радзивиллов летописинин «Половцы ведут в полон изнемогающих русских пленников» («Половецтер арып-ачкан орус туткундарын айдап баратышат») деген миниатюрасынан көргөмүн.

Кыпчак кыпчак болголу, кыпчак атка конгону сансыз жаз-жай, күз-кыш алмашты. 1909-жылы фин тилчиси, эски моңгол жана азыркы алтай салыштырмалуу тил таануусунун негиздөөчүсү Густав Йон Рамстедт сегизинчи кылымда чегилген «Селенга ташынын» -Уйгур каганы Элетмиш Билгенин эстелик-кабырынын (Монголия) бетинен «түрк-кыфчактар (советтик көрүнүктүү чыгыш таанучу Сергей Григорьевич Кляшторныйдын окуусунда «түрктөр жана кыбчактар») бизди элүү жыл башкарды» деген сүйлөмдү бириндете жандырганы илим-билимди аздектеген Батыш-Чыгышка жарыя. Тигил чокон сүйлөм «кыпчак» этнониминин жазмада биринчи мертебе эскерилиши катары өтө кымбат.

Асыресе, С.Г. Кляшторныйдын бүтүмүнө караганда, «кыбчак» баштагы сирлерге (сары –шары, кытайча сеяньто) басмырлоо максатында сырттан жабыштырылган лакап ысым. Кайсы тилден сузулуп-калпынганы жөнүндө жетиштүү унчукпай, ал «кыбчакты» «жолсуз», «жарамсыз», «бактысыз» дегенчелик бир тутам келеке кепке бирдей чырмайт. Себеби эпсиз букара жумшоого атайын төрөлгөнсүгөн өктөм, өжөр сирлер 646-647-жылдарда уйгур, кытайдан утулуп, аёосуз кырылат экенби. Ошондо карыптыкка кириптер немелер каргашалуу тукум курутчулуктан качып кутулуу, карышкыр чүмбөт карамүртөздөрдүн кайтпастай каргышын, көзүгүүнү –көз тийүүнү жазгыруу үчүн бапестеген ишеним, баалаган ырым-жырымын жетектеп, азан чакыргандагы атын таанылгыстай өзгөртүүгө аргасыз көнөт бейм. Мына сага, дымактуу сүрөткер, драматизм, мына сага, Уильям Шекспир пир туткан трагизм!

Бөлөк версияда «кыпчак» -бактын кабыгы, көңдөй, кабак жыгач. Анткени аны энеси дарактын коңулунда төрөйт имиш. Муну он жетинчи жүз жылдыкта жазылган «Түрктөрдүн санжырасы» аттуу чыгарманын эгедери, Хива ханы Абулгази Бахадур бирөөдөн көчүрүп, Абулгази Бахадурдан бержакка дагы бирөөлөр көбүртүп көчүрүп, айтор, итабар шакелдешти. Берегидей узун-туура болумуштарга тушукканда сезимтал акындарды туурап, «Мен-даракмын!..» дегиче, тынч уйкуңдан майдан талдын кырчынындай серпилгиң келет.

Кыпчактын этимологиясын «каардуу киши», «эки бычак», «(с)киф-сак», койчу, эмне-эмне деп чечмелегендер четтен, толтура. Арийне, тап жылдырбай, көзгө сая эметкени чыга элек. Мүлдө гипотезалар талаш-тартыштуу, жондото жобураган жоромол-дөдөмөлү оркоёт. Балким, күлдү элдин жазмышы купуялуулугу менен кызыктыр?!

Ленинграддык окумуштуу С.Г. Кляшторный сексенинчи жылдардын башталышында Фрунзеде, Илимдер Академиясындагы Бүткүлсоюздук ири конференциянын минбарынан бир жазмада «сир», экинчи бир жазмада жарыша эле «кыбчак» аттыккан этностун өтмүшүн жаңгактай чакканда ушул эссенин автору, андагы атка жеңил, тайга чак журналист залда болчумун. Жыйын тамамдай сүйлөгөн Чыңгыз Айтматов «кыпчактын» семантикасын –маанисин териштиргенде иликтөөчүлөрдү «кыпчуур», «кыпчыл» деген сөздөргө сөзсүз имерилүүгө үндөгөн. Чын эле жат-жалаага артыкбаш жалдырабай, уруубуздун атынын затын, башат нугун атарабыбыздан аңтарып-теңтергенибиз дурус эмеспи.

Кыргыз кыпчактар айтат, илгери-илгери кыргыз атабыздын сепил-чебин өчөгүшкөн душман отуз ороп курчап, катуудан таш, жумшактан күл калтырбай, чакчалекей чаап кирет деп айтат. Капыс кол салган кастын кара таандай кыжылдаган аскерине теңдеш каршы турууга күч аз, курал-жарак өп-чап, калайыктын «какыйлап» үрөйү учат. Дал ошондо Кыргыз падышанын кайрат-каарына карабашыл, айры аяк жан чыдагыс, карачечекей уулу кечикпей жардамга үлгүрүп, жоболоңдуу жоону татырактата кубалап, изме-из артка сүрөт дейт. Буга бек атасы жетиналбай кубанып, сүйүнүчтөн керчөөсү керилип, маңдайы жарылып, «Купчагым!» деп «заңк» эте, куп учурунда асыкаткан баласын сыга кучактаган белем. Ошол күндөн ушул күн Ала-Тоонун кокту-колот, жылга-жыбытындагы купчактар –кыпчактар ата намысын эч кимге тебелетпейт, эрөөлдөгү мөрөйүн эгерим жулдурбайт деген аңыз апсана дилден дилге жугуп, көөдөнүбүздүн төрүнө төнүп келатат.

«Кып» жана «чак». Биринчиси тууранды, күчөтмө айтым: Эшиктен «кып» этип кирди. Кыпкызыл, кыпкыргыз. Экинчиси – мезгил, бирдемеге төптүк, ылайыктуулук. Тааныштарыбызды унутчак, уялчак, тартынчак, таарынчак дейбиз. Өскөн жерлерибиз эсе Кулунчак, Жуукучак, Чуңкурчак… Диалектиде көтөрүңкү маанайдагы, дүйнөсү түгөл киши «көңүлүм чак», «убактым чак» деп компоёт.

«Кыпчак», Айтматов ишараттагандай, «кыпчылган чактыр». А балким, ыкчам чак, бакыт-таалайлуу чак, чагылгандай чарт-чурт, жарк-журк чагылган чактыр.

Кыябы, «кыпчактын» кыргызча дагы бир туюнтмасына айланчыктоо артыкбаштык кылбайт: Куб(а) чак. «Куба», «кубакай», «кубакы» деген сөздөрүбүз орустардын кезинде «половецтерге» койгон ысымын (ак саргылтым, бакал, саман, топон, сапырылган дандын кебек-улпагы кебетеленгендер) дээрлик кайталайт. Эмне бизде куба жүздүү, буудай ыраңдуулар чандабы? Чаткалдагы Бозы (у)мчак тоосунун өң-түстүн шайлыгынан ошондой атка конгону күмөн жаратпайт го. Сарыбагыш, карабагыштын аталышында деле боёктун катышы кашкаят. Саруунун «мачак» уругу мала түспөлдүүлөрдүн бирлигиби дегенчелик кыялый чамалоого чарпыласың.

Мен эшиткен «Олжобай менен Кишимжан» дастанында Кишим сулуу Олжобай ашыгына моминтип кайрылат: «Балыкчы, Куба жериң бар, Олжом, көлдөгөн кыпчак элиң бар, Олжом». Учурда Куба Фергана өрөөнүндөгү Өзбекстанга баш ийген шаар. Таң, аердеги кубалардын, кубакайлардын, кубакылардын көчү үзүлгөн эместир.

Кыргыз-орус, орус-кыргыз сөздүктөрүнүн автору Константин Кузьмич Юдахин Жээнбай Мукамбаевдин «Кыргыз тилинин диалектологиялык сөздүгүнө» арнаган «ак батасында» Жергетал, Баткен тараптагы, ошондой эле Талас, Чүй боорундагы «цайырчылар» («чайырчылар») же «ч»ны «ц»га чалган, айталы, «чөптү» «цөп», «чечекти» «цецек», «качанды» «кацан» деген «ц»чылдар тилчилерди «түпкүрдөгү тилдик кубулушка –кыпчак (куман, половецтер) тилинин өзгөчөлүктөрүнө алып барып такаганына» көзү жетет да, андан ары соболун кабыргасынан коёт: «Бул факт тилчилерди гана эмес, тарыхчыларды да ой жорутууга түрткүлөйт, анткени, алар кыргыз элинин генезисине байланышкан көрүнүш эмес бекен?!» (Китепте: Ж.Мукамбаев. «Кыргыз тилинин диалектологиялык сөздүгү», Бишкек, 2009-ж. 16-б.)

«Эл ысымдан башталбайт, элге ысым ыроолонот, -дептир орустун даанышманы Михайло Ломоносов, -Айрым журттар ичкериден жана кошуналары тараптан бүтүнгө бириктирилип аталат. Кээ бир калктар өзүнө чоочун жана али күнчө белгисиз ат менен маалым болот. Жаңы ысым коюлганда эски ысым көбүнесе өчөт же эски аталыш астанадан ааламга тарап, өзгө өлкөлөрдө жаңы аталыштай кабыл алынат». Анын сыңарындай, «кыпчактын» альфа-омегасын (баш-аягын) жазбай ачыктоо түгөнгүс түйшүк. Неткен менен, алты тыбыш-арипке сыйдырылар сырдуу сөз сыныбыздагы этностун о мурдагы окто-текте, оомал-төкмөл доорлордогу кыл чайнаган кыйчалыш тагдырынын күзгүсү, менчик эн тамгасы, акыреттик ариети.

«Кыпчак» десем, карт тарыхтын дабышы мухиттин көк ириминен көлбүп, жайдак жээкке чабылган үлүлдүн кабыгын кулактын калдырканына тоскондо тээ терең-эренден үзүл-кесил күүлдөп, күңгүрөөчү күр-шардай бүдөмүк жаңырат: «Балкан, Балкан, Балкан тоо, Балкан тоого мен чыксам…» деп сустаят Суу шарпылдап, Жер бүткөнүнө кабатыр Атилланын жеңишчил черүүсүнүн өрт-жалын чериги. Султан Бейбарс фараондордун күмбөзүнө жанаша менменсиген мечит курдурат. Закиридин Бабур Гераттагы Кыпчак дарбазасынан аттанып, Гиндикуштагы Кыпчак дабанынан Индустанга илгиртпей ашат…

Кара деңиздеги Кыпчак булуңун кайыкчан тымызын кечип, Кара-Кум, Кызыл-Кумга боз үйүмдү тигем да, Каракалпакстандагы карчыты эгиз коргондун капалына (кыш) күлботодон жука шыбап, кыдыракей кынаптап тизем... «Төөлөрдүн мойнундагы коңгуроодой, телефон токтоп, токтоп шыңгыраганга» дейре ойчул өнөкөтүн карматкан Жолон Мамытовдой «келтирем калыбына тыйпыл болгон, байыркы зор калаанын сөлөкөтүн».

Атакөрү, бейчеки зываңдаган кимдир-бирөөгө шаша-буша, чала-бучук жооптошкончо, «арылап элестердин уңгулары, сүрүлүп замандардын жылды баары». Некин, чыкыйымды мыкчып, чымырканып, эсимди эптеп жыйдым. Эриксиз чыныдагы муздаган чайды бүдүр чамасы менен апыл-тапыл кере ууртап, какап-чакадым, окшуп оңолдум. Анан, жинимдин кашайганы ушунчалык, өгүнкү Өктөбүрдө, сабатсыздыгыбыз туташ жоюлгандагы жаңычыл жазмабызда, өзгөчө, кат тааныбаган айтуучулардан жомок, санжыра чогултканыбызда, кыргыз кыпчакты, кыпчак кыргызды бири биринен ажырабаган ченде деле жасалма ажыраткан, акыбетинде алыстаткан, адаштырган дендароо дефис (кыска сызыкча) жана үтүрөйгөн үтүрдү грамматикабыздан Чалкалмактын сербейген суйдаң сакалын жулгандай искектеп жулууга карыша белсендим.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×