Добавить статью
10:11, 14 декабря 2015 94286

Бектемир агай багындырган белестер (Бектемир Мурзуибраимовдун 75 жылдыгына)

Адатта, адамдар инсандык насили жашоо турмуштагы максат мүдөөлөрүнүн, парызын аңдоо мерчеми жана реалдуу активдүү ишмердүүлүгүнүн масштабы, натыйжалары менен айрымаланышат. Кыргыз коомунун соӊку тарыхыдагы ушундай инсандардын кат башында химия илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын илимдер академиясынын академиги Бектемир Мурзубраимов турат. Арийне, анын химия тармагындагы табылгалары илим тармагындагы мамлекеттик сыйлыкка татып алдебак таанылган. Бектемир агайдын көп кырдуу ишмердүүлүгү «бир тармактын» же «бир мекеме чегиндеги» адис катары кароого мүмкүндүк бербейт. Ал өзүнүн кесиптик вазийпаларынан тышкаркы коомдун, улуттун бүгүнкүсү менен эртеңине таандык татаал маселелерге такай сарасеп салып орун алган олуттуу көйгөйлөрдү башкалардан мурда туюп чечилиш жолдору туралуу куш учкан бийиктиктен акыл калчап ишке ашырууга активдүү катышып башкаларды да шыктандырып келген атуулдук ар намысы, активдүүлүгү жогору инсан. Ошондуктан Бектемир агайдын бейнесине «элдик адам», «эл мыктысы», «журт мыктысы» - абалтан келе жаткан салттуу атрибуттар куп жарашып турат. Анын коомчул адам катары өлкөбүздүн өнүгүшүндөгү көйгөйлүү проблемалар туралуу жазгандары айрым коомдук илимде ооматтуумун деген окумуштуулардын өмүр бою жараткан эмгектеринен да көптүк кылат. Алардын коомдук аң сезимге тийгизген таасири да өзгөчө сөз кылууга арзыйт. Алсак, ал тарабынан «Ысырапкорчулук» туралуу эмгегине топтолгон макалалары көп жылдар бою басма сөздөрдө калктын калың катмарынын бүйүрүн кызыткан талкуулардын обьектиси болуп келген. Ал эми «Мугалим –мөмөлүү дарак» (Бишкек. 2015) аттуу жаңы китеби аталган кесиптин көп кырдуу аспекттерине байланыштуу көп жылдык ой пикирлерин концептуалдуу көз караштарын ичине камтыган мезгилинде коомдун назарын бурган аралыгында жазган макалаларынан, интерьвюларынан, расмий жыйындарда сүйлөгөн сөздөрүнөн турат.

Китептеги макалалардын эң алгачкылары Бектемир агайдын мугалимдик ишмердүүлүгү менен жашташ б.а. 60 –жылдардын орто ченине таандык. Мектеп ишинин мерчеми менен алганда бул окуучулардын беш муунунун окуучулук курагын баштан аяк камтыган 50 жолку окуу жылы. Көмүрдөй кара чачтуу жаш мугалимден буурул чач ардагерликке чейинки өмүр аралыгын камтыган «кылымга тете» убакыт. Бул жылдар аралыгында Б. Мурзаибраимов катардагы айылдык мугалимден Улуттук илимдер академиясынын академиктигине чейинки белестерди баш ийдирди. Түштүк Кыргызстандын түптүү окуу жайы Ош мамлекеттик университетинин кафедра башчысынан, ректорлугуна чейин көтөрүлдү. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин эки жолку депутаты болду.

Мындай масштабдуу жетекчилик-уюштуруучулук жана коомдук иштер анын педагогикалык ишмердүүлүгүн бир саамга да токтоткон жок. Тескерисинче, мугалим кадрларды даярдоо жана алардын ишмердүүлүгүнүн жемиштүүлүгүн, кайтарымдуулугун арттыруунун көп кырдуу факторлорун терең үңүлүп талдап үйрөнүп, реалдуу чечүүгө активдүү салым кошушуна шарт түздү.

Китептин өзөк мазмунун дал ушул мугалимдер проблемасы түзөт. Китепте мектептин мектеп болушу анын мугалимдерден көз каранды. Программаларды өзгөртсө болот, өтө көп каражаттарга да ээ болушу мүмкүн, кооз имараттарды да курууга, окуу сааттарын узартуу, жаӊы муундагы окуу китептерин жаратуу да кыйын эмес, бирок компeтенттүү иш билги мугалимдерсиз, аталган аракеттердин кайтарымы ойдогудай ишке ашышы күмөндүү «Мугалимин унуткан эл келечегин куруткан эл» деген элдик акылмандык менен ашташ ой санааалар баштан аяк кызыл сызык менен белгиленип өтөт. Ошону менен бирдикте мектепте билим берүү мазмунун өркүндөтүү, кайтарымдуу уюуштуруу, окуучулардын сапаттуу билим алышынын факторлору аны камсыз кылуу багытындагы оош кыйыштар, реалдуу иш аракеттер туралуу маалыматтар да кеңири. Менин терең ишенимимде Кыргызстандын билим берүү ишинин даанышман, жетик жетекчи, уюуштуруучуларынын бири Бектемир Мурзаибраимовдун кесиптик педагогикалык жана активдүү коомдук ишмердүүлүгүнөн алынган жандуу ойлор жана фактылар Кыргызстандын билим берүү ишинин өнүгүш тарыхын, азыркы абалын өнүгүш тенденциялары туралуу илимий билимдердин чектерин толуктап байыта алат. Алар университеттерде окутуулуучу «Билим берүүнүн жана педагогикалык ойлордун тарыхы», «Мугалимдик кесипке киришүү» курстарынын мазмунунун жандуу материалдар менен байытуу, өркүндөтүүдө да колдонулушу зарыл.

Биздин пикрибизде китептин эң башкы, эң баалуу сабагы мына мында турат. Анын мазмунунда жарым кылымдан ашык мугалимдик кесипти аркалап, мээнеткеч, салабат-сабырдуу, каниет ток-пейил жашоо эрежесин тутунган окумуштуулук данышмандык даражасы бир илимдин, бир тармактын масштабына сыйбаган кыргыз калкынын таанымал таалимчисинин жашоо өрнөгү өзүнөн өзү ачып турат. Ал өрнөк миңдеген жаштарга кишилик, кесиптик максаттарын аныктоо үчүн ориентир болуп келген жана да боло берээрине ишенебиз.

Кыргыз –Түрк «Манас» университетинин педагогика кафедрасынын башчысы,

педагогика илимдеринин доктору, профессор А.Алимбеков

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×