Добавить статью
17:15, 2 марта 2016 39283

Илим менен практикада орду чоӊ окумуштуу педагог

Сулайман Рысбевдин башка окумуштуулардан эӊ башкы айырмалуу жагы мына мында: анын бейнесин бир гана тармакка таандык жалкы титулдар менен ачып берүү түк мүмкүн эмес. Ал ириде жоголуп бара жаткан балдар үчүн жомок жазуу өнөрүн колго алган талантуу балдар жазуучусу, жаӊы доордун “Алиппесинин” автору, этнопедагогика менен эне тилди окутууну бир контексстте изилдеген абройлуу аалым, мектеп муктаждыктары үчүн эӊ зарыл окуу-методикалык эмгектерди жаза билген мээнеткеч методист, акын, публицист. Соӊку Кыргызстандын тарыхында бул тизмедеги тармактардын көбүнүн өнүгүш тарыхын Сулайман Рысбаев деген ысымсыз элестетүүгө болбойт.

Сулаймандын кайсы тармактагы гана чыгармасын албайлы, анын түпкүрүндө өмүр турмушу, мектеп, мугалимдер, балдар менен жуурулушуп кеткен тажрыйбалуу педагог, ойчул окумуштуунун педагогикалык чөйрөнү жакшыртууга багытталган ийги тилектеринин, ой санаааларынын, чаалыкпас чакырыктарынын жандуу деми ачык туюлуп тургансыйт.

Сулаймандын колунан жаралган жомок, окуу китеп, методикалык колдонмо болсун баары түгөлү менен азыркы муундарды окутуу, тарбиялоонун жандуу каражаттары катары таасирдүү кызмат өтөп келет. Анткени, алардын баары биринчиден, окумуштуу педагогдун мектеп муктаждыктарын ичтен туюп, ошолорду канаатандыруу ниети менен жаралган. Айталы, азыркы педагогикалык чөйрөдө балдар үчүн өрнөктүү жүрүм –турум, үлгүлүү жоруктар таӊкысытыгы жашап келет. Бул үчүн азыркы замандын балдарга “бала” деп үстүдөн эӊкейип карабастан тизе бүгүп көздөрүнө тике карап, алардын бою менен боюун, оюу менен оюун теӊештирип бир тилде сүйлөй билген балдар жазуучуларына болгон муктаждык аба менен суудай зарыл.

Сулайман Рысбаевдин жоон топ жомокторун астейдил окуган, даанышман педагогикалык ишмердүүлүгүнө баам салган ар кандай адам ал кыргыз адабияты менен педагогикасындагы ушул кементени толуктай алды деп ишенимдүү айта алат.

Окумуштуунун эгемендүүлүк алган күндөн кыргыз мектептеринин улуттук окуу китептерин жаратуу жагындагы эмгеги өзүнчө сөз кылууга арзыйт. Анын эне тилибизди кыргыз, өзбек, тажик, орус тилдүү балдарга үйрөтүү багытында даярдаган окуу китептери орду толгус мааниге ээ. Ал ойчул окумуштуу, чебер методист катары бардык эмгектерин тилге үйрөтүүнүн заманбап парадигмаларынын негизинде даярдаган. Алсак, анын методикалык соңку эмгектеринде окуучулардын байланыштуу кебин өстүрүү, кебинин маданиятын (кептин тазалыгын, тактыгын, тууралыгын, логикалуулугун, көрктүүлүгүн, байлыгын, адебин, орундуулугун) калыптандыруу, жазуу ишкердүүлүгүн (ритмикалык жазуу) өнүктүрүү, жазуу маданиятына көнүктүрүү, жазуу ылдамдыгын жана жазуу көлөмүн аныктоо маселелери туруктуу орунду ээлөөдө. 

Мектеп үчүн жазылган ар кандай мыкты эмгек инструменталдык функцияны аткарат деген ишеним бар. Биздин пикирибизде Сулайман Рысбаев тарабынан жаралган ар кандай жанрлардагы эмгектер кыргыз менктептеринин ишин жаӊы сапаттык баскычка көтөрүүнүн каражаттарынын бири катары узак мезгил кызмат кыла алат.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×