Добавить статью
23:31, 2 апреля 2016 27167

Шейшеби бекип калуу же простатит

Адамдын денеси эки нерседен турат, биринчи денеси жана жаны. Бул эки нерсенин жашашы үчүн кубат алат, кубаттануу үчүн тамак жейт жана рух дүйнөнү байытыш үчүн көңүл ачып, телевизор көрүп, ыр угуп, ыр ырдап, китеп окуп,дүйнөгө саякат жазайт.ж.б.

Бул адамдын укугу дейли. Ал эми адамдын өз денесине болгон милдети бар. Аны толук аткарып жатабызбы жок. Милдети: биологиялык саат боюнча туруп, өз убагы менен тамактанып, өз убагы менен жатып уктап, эс албайбыз.

Мен адамдын даарат алуу милдети жөнүндөгү маселени жалпыга койгум келди. Даарат алууда жазылып турат- дааратканада жай олтур, жерге жакын олтур, көңүлүң жайлангыча олтур, оозуңду жаап олтур деп. Ден соолугум таза болсун, көп жашайм десеңиз чычаңыңыз жерге жакын, чокчоюп олтуруш же бүркүт олтуруш менен заара кылгыла. Эгерде энурез (заара коё берип коюу), простатит (шейшеби бекип калуу), цистит (табарсыктын боштугу) жана аденома (туттугуп калуу), импотент (букан) бөйрөктө таш, табарсыкта таш, бөйрөгүм оорубасын десеңер аялдар 1,5 минута, эркектер 2 минутага чейин дааратканада олтуруп заара кылгыла.

Аны аткарып жатабызбы: жок, эркектер туруп заара кылышат, аялдар табарсыктагы заараны төгүп алып чыга беришет. Кептин баары ушул жерде болуп жатат.

Батыштагы элди туурап, туруп заара кылуу менен чаткаяктагы жалкы без (просто жалко) кыпчылып калып, чоңдугу 5 см салмагы 50 грамм болгон зат, мээден барган импульс -сигналды аткара албай калат , ал эми олтуруп заара кылганда денеде физиологиялык функциялар жүрүп, моторика иштеп, табарсыкта, бөйрөктө пайда болгон суюктуктун сыртка чыгышына өбөлгө түзөт, каналчалар кеңейип, жыныстык мүчөгө кан толуп, жарым-жартылай эрекция пайда болуп, бөйрөктө жана табарсыктагы суюктук менен бирге майда нерселер (кумдар ) кошо сыртка чыгат. Бул бөйрөк менен табарсыкта таш, кум пайда болуусунан арылтат.

Себеби: эркек олтуруп заара кылууда чаткаятагы жалкы без жана булчуң чоюлуп кыймылга келип, без өзүнүн физиологиялык функциясын мээден барган импульс менен моторикасы иштеп, заараны сыртка чыгарууга аракет кылат, ийилчектигин жумшактыгын жоготпойт жана карыган кезде да жумшак бойдон калат.

Туруп заара кылуу, бара-бара эркекке көнүмүш адатка айланат, жаш өткөн сайын чаткаяктагы жалкы без (просто жалко) өз кызматын аткаруудан четтеп, мээден барган буйруктарды аткара албай калат, без жылдан-жылга шишип,катып өзүнүн жумшактыгын жана ийилчектигин (эластичность) жоготуп, кошумча бездер пайда болуп чоңоюп, түтүкчөлөрдү кыса баштайт. Бул өзү простатит (шейшеби бекип калуу) андан кийин туттугуп калуу( аденома простаты, рак предстательный железы) дартына алып келет, аягы катып калган безди скалпель менен эмес сындырып алууга тура келет.

Бул дарттарды изилдөө үчүн дүйнөдөгү элдердин дааратканаларына интернет аркылуу кирип көрдүм. Мусулман өлкөлөрүндө простатит дарты жок экен,болсо да аз экен. Японияда, Кореяда, Кытайда да жок экен. Бул өлкөлөрдө отуруп заара кылуу менен адамдар узак жашайт экен. Японияда аялдардын орточо жашы 83, эркектер 79 жаш. Алар чокчоюп олтуруш же «бүркүт отуруш» менен ичтейин тазалап, уулуу заттардан арылышат. Японияда чай церемониясы, гүл церемониясы сыяктуу эле даараткана церемониясы бар.

Илгери аталарыбыз сол тизеге таяна калып заара кылчу, азыр орустарды туурап туруп заара кылуу менен кыргыздын эркектери жашыбызды кыскартып жатабыз.

Апаларыбыз баланы алдына алып олтуруп, бир топ убакыт кармап заара кылдырчу.

Тамакты жарым саат,бир саат, той берсең бир күн кечке тамак жеп, 2 минутаны дааратканага коротуп, отуруп заара кылсаңыз, эч качан кемип калбайсың.

Короодогу дааратканаң талапка жооп берсин. Эркек балдарды кичинекейинен 1 минутага чейин олтуруп зараа кылганга көндүргүлө, бала бакчадан, мектептен үйрөткүлө. Кыз балдар дагы 1 минутага чейин олтуруусу керек. Колунан келгендер унитазды (кан такты) Европалыктардын өздөрүнө бергиле, биде же жапыз унитаз орнотуп алгыла (горшоктун бийиктигинде). Япондук унитаз, туркиялык унитаз-Чаша Генуя орнотуп алгыла. Бөтөнчө шоферлор, бухгалтерлерге, кечке компьютерде отургандарга, стол кучактап чекесин жерге тийгизгиси келбеген кур чирендерге, ооруп калса врачка жүгүргөн, айыгам деп тепкичтин эки-үчүн бир аттагандарга, адам болом деп Адамолду кочуштап ичкендерге, велосипед тепсем , атты жайдак минсем айыгам дегендерге эң жөнөкөй эреже.

2 МИНУТА ЧОКЧОЮП ОЛТУРУП ЗААРА КЫЛУУ.

Унитазды колдонуу 1790-жылдарда Англияда Элизавета падыша үчүн ойлонуп чыгарылган. Ал эми Японияда узун аштоо,Түркияда жана мусулман өлкөлөрүндө жердеги унитаз- чаша «Генуя» колдонулат. Бул өзү биринчиден жерге жакын болот жана ден соолукка жакшы дешет.

Бизде коомдук туалеттерде писсуарлар жана дубал бетинде арыктар колдонулат. Бул архитектуралык шедеврларды жок кылуу, эл ичинде отуруп заара кылууну үйрөтүү менен жогорудагы дарттардын алдынан алган болобуз. Адам баласы миллиондогон, миңдеген жылдардан бери олтуруп заара кылып келген, кийинки 100-200 жылдан бери бул адат бузулду,

Исследование показало, что почти у 75% из людей в возрасте более 60 лет, которые скончались из-за тех или иных причин, кроме разнообразных болезней также был и рак предстательной железы.

Кроме того, почти каждый третий житель США или Европы в возрасте от 30 лет имеет определенные проблемы как с потенцией, так и с предстательной железой. А вот на востоке ситуация кардинально отличается – там отмечаются одни из самых низких в мире показателей рака простат.

Балдарыбыз кичинекей кезинен олтуруп заара кылса, ар бир адам заара кылууга 1,5-2 минута убакыт сарптасак энурез, цистит,простатит жана аденома оорусуна кабылбайбыз, дене таза болуп узак жашайбыз бул оорулардын алдынан алган болобуз. Буга көңүл бөлүү жана убакыт бөлүү керек. Тамакты кандай рахатанып жесек ошондой эле рахаттанып денедеги артык баш нерселерден арылуу керек. Аялдар дааратканада көбүрөөк олтуруп денесин тазалоо менен уулуу заттардан арылгандыктан эркекке караганда көп жашашат. Аялга караганда эркектин суюктукту сыртка чыгаруучу жолу татаал жана узак. Дааратканаларда жарнактарды илүү керек.

Мисалы: Эркектер карыганда заараң чыгып турсун десениз, эмитен отуруп заара кылыныз!!!

Современные японцы сидят в туалете на корточках в т. н. туалетных шлёпанцах. Надпись слева от вертикальной трубы гласит: «Пожалуйста, сядьте на корточки» Кстати, привычная для наших сельских уборных «позиция орлом» органична и для современной Японии — там до сих пор в ходу достаточно современные туалеты такого типа. Считается, что сидеть на корточках без контакта с унитазом и гигиеничнее, и полезнее для здоровья.

Швеция парламентинин атайын указы.

Шведский парламент обяжет мужчин справлять малую нужду сидя.

На этой неделе шведский парламент рассмотрит законопроект, обязывающий мужчин справлять малую нужду сидя. Его инициатор, Вигго Хансен, депутат мужского пола от левой партии, полагает, что это позволит повысить гигиену, укрепить равенство между мужчинами и женщинами и побороть рак простаты.

Но речь идет не только об общественных туалетах. По мысли авторов законопроекта, если мужчин приучить к сидячему хождению по нужде, количество семейных ссор значительно уменьшится. Они также полагают, что привычка «писать сидя» «поможет профилактике рака простаты». Они уверены, что сидячая поза улучшает сексуальную жизнь сделает ее более ...«продолжительной».

Жакында Кочкор райондук “Эмгек туу” газетасында “Заараны кармай албай калууну жашыруу эмес дарылоо керек” макаланы окуп алып таң калдым. Бул жаратылыш берген денесин башкара албай калуу. Анын физологиялык функциясын так аткарбоо менен заарасы токтобогондорду , табарсык сфинктерин ичкертүү башталыптыр. Ошол операция жазап жаткан врач, а дегенде канча убакыт дааратканада олтурасың деп суроо берүүсү керек эле. Суюктук адегенде бөйрөктө топтолуп, түтүкчөлөр менен табарсыкка келет. Бөйрөк менен табарсыкты бир олтурушта бошотуу керек. Табарсыкты бошотуу менен көйгөй чечилбейт,1,5 минута убакыт керек. Ушул сфинктерин ичкерттирген аялдар базарда иштегендер болсо керек. Эми түтүк койдуруу эле калыптыр. Европада сатып жатат , балким бизге деле келгендир.

Эгерде кыргыз элинин генофондусу, ден соолугу таза болсун,кыргыз элинин саны көбөйсүн десек , бул ишти токтоосуз изилдеп, менин оюм туура болсо тезинен элге жайылтуу керек. Дүйнөлүк денгээлде дааратканалар ар түрдүү болгону менен ал адамдын расалык, класстык,социалдык, жана жашына карабастан,баардык адам баласына бирдей экендигин, адам баласынын денесинин чакырыгы менен денени тазалоодо заара кылуу да, философиялык мааниси бар экенин: денеңи тазалоо менен жан дүйнөңдү тазалайсың деген терең маанидеги сөз менен аяктагым келет.

“ЫЙЫК МУРАС” коомунун төрагасы Кайырбек Коңурбаев.

Колдонулган адабияттар:

Дивов Андрей -Сосуды тайн.Туалеты и урны в культурах народов мира.

Исла́мский туале́тный этике́т (араб. آداب الخلاء‎‎‎) Автор: Алексей Хисматулин и др.

Японский туалет в современном доме. Туалеты в Японии.

Материал из Википедии —свободной энциклопедии: Напольный унитаз ча́ша «Ге́нуя»,

Французский напольный унитаз, Моча.Уринация и поведения. / Под ред. А. В. Калуева.

Обсуждение этикета уринации в Википедии, Мочеиспускание, Дефекация, Позиция дефекации на корточках. туре́цкий унита́з.А. Н. Мещеряков Японские туалеты и урны.2000-г. Швеции общественные туалеты будут общими!

Туалеты в системе общественных построек Древнего Рима.

Китай: туалеты и урны. Полевые заметки.Кое-что о корейском туалете

Об обычаях санитарии и гигиены у народов Южной Азии.Туалеты и урны: ислам

Название: Сосуды тайн: Туалеты и урны в культурах народов мира

Автор: Алексей Хисматулин и др.Издательство: Петербургское Востоковедение .год издания: 2002.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

15-01-2020
Ой-пикир: НАМАЗДЫН СЫРЫ
15131

10-04-2019
Эмне үчүн эркектер отуруп заара кылышпайт? 1-бөлүк
14931

12-11-2016
Тарыхыбызды тактайлы
78316

13-07-2016
Түндүктү ылдый тартып, салаңдаган 50 үзѳңгү
27955

23-05-2016
Ааламдын сырдуу дүйнөсү, 2-бөлүк.
38724

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×