Добавить статью
16:57, 15 апреля 2016 79845

Такталбаган тарыхый шаарды тактап алсак болобу?

Дүйнѳдѳ адам баласы жашап келгенден бери алгач топ-топко биригип , жашоосундо материалдык, руханий байлыктарды түзүп, ѳзүлѳрү жашоо үчүн мүдѳѳлѳрүн камсыз кылып келгени улуу тарыхый чындык. Канчалак кылымдардан бери адам баласы эмне деген тарыхтарды башынан ѳткѳрүп, адам ѳзү түзгѳн коомдо такай ѳзгѳрүүлѳргѳ дуушар болуп келди. Анда, адам баласынан да күчтүү турган жаратылыштын таасири болсо, адамзат анын күчтѳрүнѳ баш ийип, сырттагы таасир күч бар дешип – сыйынуунун жол жобосун ойлоп табышып, ѳзү жашап турган коомдогу аң-сезимди ѳзгѳрткѳнгѳ жетишти. Ошонун негизинде топ-топ болуп жашоодон жамаатык, андан барып коомдук жашоонун түрдүү баскычтарын басып отуруп, азыркы учурга чейин жетти. Адамзаты үчүн анын жашоосу, болуп ѳткѳн окуялары, коомдун ѳзгѳрүлүп турма процесстери кылымдар бою боло берген жана боло берет. Мындайды анктай турган тарых илими, анын теориялык жагын жалпылап караган кѳз карашы объективдүү болуусу зарыл.

Адам баласы жашап ѳткѳн доор менен тарыхый окуяларды бурмалап, бир ѳлкѳнүн таңуулаган идеологиялык методологиясын негизи ушундай болчу деп, бир беткей кѳз карашта болбой, жаңы табылгаларга астейдил мамиле кылып, чыныгы тарыхты жазып, ачылбай калган жагдайларды дагы тереңирээк иликтеп, изилдей турган кез келди. Совет доорунда СССРдин тарыхын окуп, бир беткей кѳз караштагы марксизм-ленининзм окуусуна сугарылып чоңойдук. СССРдин тарыхын жалпы окуганыбыз менен, байыркы эл болуп келген кыргыздардын түпкү тарыхын окубай, билбей келгендерибиз канча болду. Кѳрсѳ, кыргыздардын тарых илими катары, кыргыздардын ѳткѳн жашоосу, анын тарыхый процесстери, окуялары изилденсе да бир беткей гана ыкмаларга салып: кыргыздар сабатсыз эл болгон, ѳзүнүн жазмасы менен адабияты, маданияты жок эл болгон. Булар Совет доорунан бери орус элиинн кийлигишүүсү менен эл болду деген сѳздѳр, биротоло аң-сезимизге кирип, чынында эле ушундай болгон турбайлы деген психология менен жашап келгенибизди эч ким танбас.

Ал эми кыргыздардын эзелки эл экенин далилдеп турган тарых илиминде: антропология, археология, генеалогия, санжыра илимдеринде бардыгы далилденип, такталып тургандыгында болуп жатпайбы. Бул илимди коштоп, аркалай турган – адамдардын табияты, эвалюциялык ѳнүгүшү, расасы, дене түзүлүшү, эзелки адам турмушу, оокат тиричилигиндеги материалдык буюмдары, эстеликтери, ата-теги, уруулардын таралышы, тууганчылык байланышы, урук-уруу боюнча айтылып, оозеки чыгармалары далилдеп турганын ким танат. Менин айтайын дегеним, кыргыздардын орто кылымдагы тарыхы менен географиялык абалына байланыштуу бай материалдар ѳтѳ кѳп, дагы кѳптѳгѳн сырлары ачыла элек десем жаңылбасмын.

Кытай Эл Республикасынын байыркы борбору болгон Сиань шаарына 4 чакырым (км) жакын жерде жайгашкан «Теракот аскелер музейин» билбеген адам аз болсо керек. Бул музей менен кытай мамлекети аябай сыймыктанат, байыркы Цинь (Чин) Шихуан императорунун мүрзѳ-музейи делет. Бир гана жери «теракот» аскерлеринин жайгашкан жери Цин Шихуан императордун мүрзѳ комплексинен 1,5 чм (км) аралыкта. Бул аскерлердин табылыш тарыхы мындай болгон экен: 1974-жылы бир дыйкан уулу экѳѳ жашылча сактаган жертѳлѳ казып жатышып «теракот» аскердин башын таап алышып, жергиликтүү ѳкмѳткѳ алып барышат. Мындайды билген Кытайдын ѳкмѳтү айтайын экспедиция уюштуруп, ошол жерден 8 000 чоподон жасалган аскерлердин (теракот) тулкуларын казып чыгышат. Баарынан кызыгы, бул 8 000 тулкулары бири-бирине таптакыр окшошпогонунда. Демек, бул аскерлерди жасаган уста-айкелчилердин калыпка салып куйбаганы анык. Убакыт ѳз ишин жасаганы билингенин аныкташкан, себеби ошол доордогу кытайлар кыргыздардан коргонуш үчүн ушундай амалдарды ойлоп табышкан, ага далил катары Манас эпосундагы Сагынбай, Саякбай, Жусуп Мамайлардын айткандарында эскерилет:

«Арып менен жасалган

Ѳрѳѳн толгон кѳп колдон

Катылбай туруп кетели,

Найза сунбай, жаа тартпай,

Черүүнү кечип ѳтѳлү. – дешип учу-кыйыры билинбеген кылкылдаган аскерди аралап ѳтүп кетишет, делет. Андан наркы саптарында:

Кѳрбѳгѳн адам ѳтпѳдү,

Баары сүрѳт жан эмес.

Бакбурчун арзан шаар эмес

Шер сүрѳтү дагы бар,

Аскер болуп жер жайнап,

Эсеп жетпей, курт кайнап,

Эл сүрѳтү дагы бар. – деп кете берет. Үч манасчыныкы тең ушул чопо аскерлерди сүрѳттѳгѳндѳрү бири-биринике окшош.

Казышкан убакта, казылган аскерлердин боёктору ѳчүп калса да, байкалган. Айрым сынгандарын изилдешсе, ичи кѳңдѳй болгону, ар бир эстеликтин калыңдыгы 3 см экендигин далилдешкен. Бул «теракот» аскерлеринин башчылык кылган 45 нойондордун (генералдардын) баштары кесилип, бир канчасы талкаланып, ѳрттѳлгѳнүн, аскерлердин бардыгы күн батышты кѳздѳй бет алып тургандарын белгилешкен. Мына ушудан кийин, 1979-жылы Кытай мамлекети, дүйнѳдѳ башка аналогу жок музей катары дүйнѳ жүзүнѳ жар сала жарыялаган.

Ушундай эле табылганы Кочкор ѳрѳѳнүндѳгү Кумдѳбѳ айылында кыргыздардын орто кылымына таандык болгон жер астынан табылган имараттардын калдыктар табылып жаткандыгын, 40 жылы бою ѳзүнүн иликтѳѳлѳрүн жүргүзүп, ал жердеги табылган артефактарды чогултуп, кийин кыргыз элинин тарыхына бир кереги тийип калар деп, ушул эле Кумдѳбѳ айылынын тургуну Кайырбек Коңурбаев, ушул эле айылдын аймагында бир канча табылгаларды изилдеп, далилдеп жергиликтүү бийлик гана эмес андан жооркуларга да билгизсе, ушу күнгѳ чейин кѳңүл бурбай келгендери таң калыштуу. Чындыгында илимий тарыхта канча деген эмгектер жазылып, изилдѳѳчү окумуштуулар, археологдор эмгектерин арнабады. Кыргыз жерлерине байыркы кытай тарыхчыларынын келип – изилдеп, жазып кеткен эмгектерине таянып, алардын изилдѳѳлѳрүнѳ карата кыргыздар жашаган жерлердеги элдердин айтымдарынан кагаз беттерине түшүрүп, илимий эмгектерди жазгандарды манжаларын ачып-жумуп, орустун окумуштуулары: Бичурин, В.В.Бартольд, Н.А.Аристов, Б.И.Зимин, А.Н.Бернштам жана башкалардын эмгектерин санап берип, алрга алкоолорун айтат. Сѳзүм тѳгүн болбос үчүн, мындан мурда бул жерге бир эмес, бир канча жолу келип ѳз кѳзүм менен кѳрүп, билгеним жѳнүндѳ жазган элем. Эмесе ошолордун кээ бирлерине дагы токтолоюн: 67 жаштагы Кайырбек Коңурбаевдин кѳп жылдык эмгектерине кѳңүл бурбай коюга болбойт, бир топ эмгектерди жасаган. Үй музейи, археологиялык казуулар, байыркы шаарлар, андан табылган тарыхый буюмдардын топтому, ар бир табылгага ѳзүнчѳ мүнѳз бергени, тарыхы ѳзүнчѳ эле бир жомок. Баарлашкан адамды бир топ ойго салып, чын эле ушундай болуп жүрбѳсүн деген ойду калтырып, ишеним жаратканында.

Ал, «Кочкор ѳрѳѳнүндѳгү алаамат же Суяб шаарынын жок болуп кетиши» жѳнүндѳ аталган райондогу: Тѳрт-Кѳл, Кырк-Чоро, Кужнар-Башы, Кочңар-Башы (Кочкор-Башы) шаар сепилинин пайда болуш тарыхы, ага тарыхый далилдерди келтиргени арзырлык иш дешке болот. «XI к. Махмуд Кашкаринин «Ааламдын картасында» Кочкор-Башы (Кочңар-Башы), Кочкордогу (Йрышдагы) шаарлардын бири деп жазган. «Занби-Арт Кочңар-Башы менен Баласагундун ортосундагы бир ашуунун аты» дейт. (Махмуд ибн Хусейин Кашгари. Түркий тилдер сѳз жыйнагы. «Кыргыздар» жыйнагы. Б. «Кыргызстан», 1993. 459 б.). Кочкор ѳрѳѳнүндѳ бештен ашык шаар болгон делет. Алар: Кул-Шуб, Жол-Шуб, Кулан, Касра-Бас (Кочкор-Башы, Кужнар-Башы) жана Суяб. Мындай ойдо орус тарыхчысы Н.Ф. Петровский да кошулат, ал шаарлар Александровский хребеттинин (Кыргыз Ала-Тоосу) түштүк жагында деп жазгандарынан бери кѳңүл бурган. (В.В.Бартольд. Кыргыз жана Кыргызстан тарыхы боюнча тандалма эмгектер. «Кыргызстан –Срос ф. 1996. 399 б.)

К.Коңурбаевдин айтуусу боюнча, Тѳрт- Кѳл, (Кырк-Чоро), Кочкор-Башы же Кочңар-Башы шаар чалдыбарларын атайын изилдеген адамдар болгон эмес, болгону үстүртѳдѳн гана жазышкан. В.В.Бартольд 1897 ж. бул шаар жѳнүндѳ угуп, бирок араба жол болбогондуктан келген эмес. Кийин 1937-жылы Зимма, 1944-жылы А.Н.Бернштам келип, сепилдин дубалына салынган күмбѳздѳрдү сүрѳткѳ тартып, 18-19 к.кыргыз элитасынын мүрзѳлѳрү экенин аныкташып, дѳңсѳлүү дубалдары XII к. шаардын калдыгы экен деп гана коюшкан.

Тарыхта – Суяб шаары Караханиддердин хан ордосу делип жазылып, Карлуктардын, Түрктѳрдүн, Түргѳштѳрдүн ордосу делет да, байыркы шаар катары эмне себептен жок болуп кеткени тууралуу белгисиз болуп калганы жазылбай калган. Казакстандын окумуштуулары: С.Байтлен менен К.М.Байпаков, «Түрк каганытынын ордосу Суяб шаары X к. чейин кытай жана араб саякатчыларынын эмгектеринде жазылып, андан кийин жок болгон, кайда?» - деп жазышат. В.В.Бартольддун жазгандарында да эки ача ойду жараткан, ал алгач: «Суяб шаарын Чүй суусунун башынан издегиле» дейт да, кайра айнып – Токмок шаарынын жанында Ак-Бешимдин сепилинин чалдыбарын болжолдойт. Н.А.Аристов – Суяб шаарын Кичи Кеминдеги Кара-Булак айылынын жанынан издегиле, деген. А.Н.Бернштам болсо – Чоң Кемин ѳрѳѳнүнүн Новороссийск (Шабдан) сепил чалдыбары менен байланыштырган. Сепил Чүй суусунунан 25 км. алыс деген жерди – Кожемяко сепилди изилдегенде, VIII-XI к. маданий катмары жок экенин аныктаган. Ошентип, орустун кѳп деген окумуштуулары, тарых изилдѳѳчүлѳрү Токмоктун түштүк батышындагы Ак-Бешим шаар сепилинин чалдыбарын Суяб деп келишет. Божомолдонгон Ак-Бешимдин аянты менен археологиялык изилдѳѳлѳрдүн материалдарына карап, X-XI к. тарыхый жазмалар менен географиялык изилдѳѳлѳрдѳ Суяб шаары жоголгондугуна байланыштуу болгон.

Эң кызыктуусу, Ак-Бешимди изилдеп, археологиялык казууларды жүргүзгѳн Л.Кызласов, Караханиддерге тийштүү артефактылардын аз экендигине жана бул шаар сепили Суяб эмес экендигин ачык эле айткан. Орто кылымда Суяб шаары Орто Азиядагы негизги шаарлардын бири жана Жетисуудагы кыргыздардын, батыш түрктѳрдүн, түргѳштѳрдүн –Карлуктардын каганынын борбору болгону анык (К.К.). Будда кечили Сюань-Цзань, 630-жылы Индияга бараткан жолдо Суй е дарыясынын жээгинде Суяб шаарын таптым. Шаар айланасы менен 6-7 ли. Ал жер, ар жактан келген соодогерлер жана согдиликтер жашаганын кѳргѳн. Суябдын айланасындагы шаарлар жана турактардагы адамдардын жашоо турмушун, кийиген кийимин, каада-салтын, сүрѳттѳп, шаарларда кол ѳнѳрчүлѳр жана соодогерлер жашаганын жазган. Ушундай эле сѳздѳрдү улаган тарыхчылар: В.М.Массон жана В.Д.Горячевалар, Сюань-Цзань –«Суй е Шуй коңшу мамлекеттердин соодогерлердин чогулган жери түрк, түргѳштѳрдүн кагандары жана карлук башкаруучуларынын борбору- Суябды Ысык-Кѳлдүн батышында Чүй суусунун башталышынан тапкан», деп жазат. Дагы бир кѳңүл бура турган маалымат: «Сюань-Цзань достигнув юга восточной берега Иссик-Куля, проехал 500 ли вдоль берега озеро и дальше на севера запад до упомянутого города. Из этого видно, что город, как заставляет предпологать уже его название следуеть искать на берегах Чу дейт. (В.В.Бартольд. Избранные труды по археологии и истории кыргызов и Кыргызстана. Б. «Шам» басмасы, 1996 ж.,400 б.).

Чүй (кытай тарых булактарында Суй е, Суйше) монголдордун келишине чейин мусулман адабиятында айтылбайт, бирок шаардын аты Суяб аталышы (суй-«вода»+перс. Аб-«река» - Суй-Аб) дарыянын аты менен байланышкан (В.В.Бартольд. Аталган эмгек. «Шам» бас.1996 ж., 292 б.). Сюань Цзань «Ысык-Кѳлдү жээктеп чыгышынан түндүк батышка 500 ли (250 км) жол басып, Суй е дарыясынын жээгиндеги шаарга келдим, шаар айланасы менен 6-7 ли экен. Айдоо жерлеринде кызыл таруу, буудай, арпа жана жүзүм ѳсѳт, жапайы чыккан токойлор жок эсе. Аба ырайы суук жана аркырыган шамал жүрүп тургандыктан жашоочулар кийизден тигилген кийим кийишет экен». ( Н.А.Аристов. Усуни и кыргызы или кара-кыргызы. 1997., 230 б.)

К.Коңурбаев: «Чындыгында эле, Кочкор ѳрѳѳнүндѳ токойлор болбогонун, ошол кезде шаардын айланасы сепил болгон, азыркы Кум-Дѳбѳ айылынын орду 6-7 ли болот. Башка ѳрѳѳндѳрдѳй болуп карагай ж.б. ѳспѳйт. Бул ѳрѳѳндѳ шамал басымдуулук кылат. Таруу, арпа, буудай жана алма, жүзүмдүн ѳскѳнү ѳрѳѳндүн түндүк тарабы Кайнарда таруу, арпа, буудай жана алма, жүзүм ѳсѳт. Ак-Бешимде же Чүй ѳрѳѳнүндѳ аркыраган катуу шамал болбойт. Сюань Цзандын аныктамасына кѳз чаптырсак, 250 км менен 178 км кѳлдүн узундугу, кѳлдѳн Кум-Дѳбѳгѳ чейин 72 км болот. 178+72= 250 км. Арабдардын астрономиялык аныктамасы боюнча, Кочкор ѳрѳѳнүндѳгү - Кочкор-Башы жана Суяб шаарына дал келип жатат. Мындай тактык - В.В.Бартольддун шилтемеси менен азыркы тактыктарды салыштырганда да так келүүдѳ. В.Д Горячеванын «Средневековье городские центры и архитектурные ансамбли» деген эмгегинде, Ф. 1983 г. минтип жазганы бар: «Интересные, но несколько противоречивые описания города дают китайские путешественники и чиновники Танского двора. Они описывают путь в обратном направлении – с востока на запад: О прозрачного озеро (Иссык-Куль) через 100 ли (то есть около 50 км) лежит город на реке Суй-е (Суйап)» деп.

Ал эми саякатчы – Семенов-Тянь-Шаньский жиберген жаңылыштыгында, аты окшош жерлерди талдабай эле блжолдой берген. Анын айтуусунда, Суяб шаарын Талас дарыясынын жээгине алып барат, Талас жергесинде да Миң-Булак деген жер бар, ал Миң-Булакты Түркстан шаарынын жанына да алып барат. Кочкор ѳрѳѳнүндѳгү Миң-Булак Сарала-Саз жайлоосун экени анык. Бул жѳнүндѳ кенен изилдебей туруп, аты окшош жерлерди элдин оозунан жазып алып, ушул жер экен деп жазып койгонуна шек жок. Кыргыз жерлеринде аты окшош жерлер толгон- токой, менин оюмча анын болгон жерлеринде кагаз бетине түшүрүп, ак падыша үчүн ѳзүнүн жиберген отчётунда жооп катары жазып койгону байкалып турат.

Кочкор ѳрѳѳнүндѳ бузулган суунун сели жүргѳндѳн кийин, суу ылдыйлап – Сарала-Саздын коктуларынан булактар чыкпай калганын аныктабаганы Семенов – Тянь-Шаньскийдин адашуусунда кѳрүнүп турат. Анын дагы бир адашуусу, ал кербендерди Боом капчыгайы аркылуу ѳткѳн, деп жазат. Ал убакта Боом капчыгай аркылуу кербендер жүргѳнгѳ жол жок болгон. Капчыгайдын ичи аска-зоолор болгондуктан, ортосунда дарыя гана агып турган, анын кыры менен «кой жол» деген гана жалгыз чуума жол болгондуктан, бир эле жѳѳ койчу менен койлорго ылайыктуу жол болгон.

Ал убакта негизги жолдор: Шамшы (Шамчы), Калмак-Ашуу, Чоң-Кемин ашуулары аркылуу каттап турушкан. Терс суу деп – Кочкор суусу аталган. Себеби, түндүктѳ жападан жалгыз тетири – батыштан чыгышка аккан Кочкор же Чүй суусу. Семенов – Тянь-Шаньский жазгандай, Талас менен казактардын Түркстанында терс (тетири) аккан суулар жок. Орто кылымда Чүйдѳн: Кашкар, Кочнар-Башы, Суяб, Тянь-Шанга, Нарынга, Атбашыга катоочу – Шамшы, Кочкор ашуусу аркылуу жалгыз жол каттамы гана болгон. Дагы бири, Чүй ѳрѳнүнѳн Синь-Цзянга кетчү жол: Чоң-Кемин, Кѳк-Ойрок ашуусу аркылуу Ысык-Кѳлдүн түндүк жагы Чолпон-Атанын тушунан чыккан жол болгон. Ал убакта Боом (Буум, Бугам) капчыгайы туюк болгон. Чүй (Кочкор) суусу Ысык-Кѳлдѳн агып чыккан эмес, бирок Ысык-Кѳлгѳк куйган.

Миң жыл мурда Кѳк-Мойнок, Орто-Токой, Кочкор ѳрѳѳнүнүн чыгыш жагы ѳзүнчѳ кѳлдѳр болгонун Сюань-Цзан «үч кѳл бар экен» деп жазат. «Ошол кезде үч кѳл болгону анык: Ысык-Кѳл, Кѳк-Мойнок жана Орто-Токой кѳлү. Чүй суусу Орто-Токойго кошулуп, андан ашканы Ак-Ѳлѳң жагы менен Ысык-Кѳлгѳ куюп турган анык» дейт К.Коңурбаев. Чүй ѳрѳѳнүнѳн Синьцзянга кеткен жол – Боом капчыгайы аркылуу эмес, Чоң Кемин, Кѳк-Ойрок ашуусу аркылуу Ысык-Кѳлдүн түндүк жагына Чолпон-Атанын тушунан чыккан». (А.Н.Бернштам. Избранные труды по археологии и истории кыргызов и кыргызстана. т.1. 416 б.Б. 1997 ж.«Сорос»).

«Туура жазган, ал заманда Боом капчыгайы менен эмес, Шамшы ашуусу аркылуу Чүй тарапка кеткенде ортодон Суяб шаары, ал шаар азыркы Кум-Дѳбѳ айылындагы Кырк-Чоро, Тѳрт-Кѳл чалдыбары экени анык», дейт К. Коңурбаев. Кайырбектин кѳп жылдык изилдѳѳсүндѳ, толук маалымдуу кабар дешке да болчудай, анын божомол – аныктамасы боюнча, Чүй дарыясы 1200 жыл мурда ѳзүнүн суусун толук кѳлгѳ куюп турган. Мындан 1000-1500 жыл илгери Ысык-Кѳлдүн деңгээли азыркы абалынан ылдый болгон. Кургакчылыктан кѳл азайып отуруп, 100 метрге ылдыйлап кеткен эмес, кѳлдүн чыгыш жагынын чѳгүүсү менен кѳл тѳмѳндѳп кеткен. Тѳмѳндѳгѳн кѳлдү толтурууга, азыркы абалына келүүсүнѳ 5-6 кылым убакыт кеткен. «Мындан 2 миң жыл мурда, Ысык-Кѳлдүн бийктиги 1640 метрге барган. Чүй cуусу Ак-Ѳлѳң ѳрѳѳнү тарабынан кѳлгѳ куйган. XIII-XIX к. аралыгында аба ырайынын нымдуулугу кѳбѳйгѳн сайын, кѳл 1815,5 метрге чейин кѳтѳрүлгѳн» (А.О. Коңурбаев. Трансгерессии и регресии озеро Исык-Куль: Проблема не решена) деген эмгегине да маани-маңыз берип, Кайырбек Коңурбаев тѳмѳндүгүдѳй жыйынтыкты келтирет: «Трансгрессия жана регрессия кубулуштарынын пайда болушунда эбегейсиз көп бузулган суудан – сел жүрүп. Суу ушунчалык кѳп болгондуктан – Айгыр жал тоосунан ашып түшүп, Сандык тоолорунун бетине чейин жабылат. Туз тоолорунан – көптөгөн туздарды агызып кеткен.Туз тоолорун карап көргөндө, туз, чопо менен булганган катмарлар агып отуруп ѳрѳѳндүн түштүк жагы менен ѳтүп, туздарды эритип агыза брип, коктуну чоңойтуп салган. Кочкор өрөөнүнөн агып барган туздан башка, Ысык-Көлдүн түштүк жагындагы Туз-Көлдүн (Шор Көлдүн) тузу да кошулган.

Орто-Токой кѳлүндѳ да суусунун составында – туздун концентрациясы көбөйүү менен, өрөөндө аба ырайын кескин өзгөрүүгө алып келген. Көлдүн суусунда туздун кристаллдары күнгө күзгү сымал чагылуусу менен, үстүнкү аба катмарында ысык абаны пайда кылган. Ошол себептен Хан Теңгриден соккон жел ысык абаны батыш тарапкака айдагандыктан – Тоң, Кочкор, Кемин жана Көк-Мойноктун тоо беттерине чейин жеткен. Натыйжада, бул жерлерде кургакчылык пайда болуп , өсүмдүктөрдүн өсүүсү азайып, тоолордо мөңгүлөр топтолбой, өрөөндөр чөл кейипке айлана баштаган. Кочкор,Тоң жана Көк-Мойнок өрөөндөрүндө тоо беттери жылаңач калып, чөптѳр өспөй, какыраган таштуу кум дөбөлөрдү пайда кылган. Бул өзү регрессиянын (кургакчылыктын) башталышы болгон. Тарыхта жазылган кургакчылыктын (регрессиянын) мезгили башталган. Көлдүн азыркы дээңгелине келүү мезгили 5-6 кылымга созулган. Күндүн ысыктыгы 400 Стан ашып, жер бетиндеги баардык нерселерге өзүнүн белги – тагын салган. Кум-Дөбө айылы турган аймакта бара-бара кумдуу дөбөлөр пайда болгон.

Абанын үстүнкү катмарына тийгизген таасиринен, батыштан келген муздак жел Ала-Тоонун кырларында ысык жел менен аралашып, муздак – нымдуу шамалды пайда кылып, күчѳп отуруп – Кызарттын жана Уландын ыркыраган шамалдарын пайда кылат. Ысык Көлдүн таасиринен, шоро аралашкан желден улам тоолордо ар кандай ѳсүмүктѳр өсүүгө нымдулук болбогондуктан – Кочкор жана Тоң өрөөндөрүндө карагай өспөй, жылаңач тоолор пайда боло баштайт.

Эл ичинде айтылып жүргөн уламыштарда, Ысык- Көл ойдуңун белгисиз жер астынан чыгып каптаган суудан башка, эбегейсиз зор көлөмдөгү суу көп алыс эмес түштүк же түндүктөн бир нече миң фут бийиктиктен келгендигин да айтышат. Элдик уламыштарда, көлдүн чыгыш жагында шаардын сууга чөгүүсү да айтылат... (Н.А.Аристов. «Усуны и кыргызы или кара-кыргызы». Бишкек. “Сорос”. 2001. 29,53 б.).

Ысык-Кѳлдүн чыгыш жагы чѳгүп кетишинен, чѳккѳн жер тулкусу (массаы) баскан суу Шамшы ашуусунун батыш жагындагы Шиш-Чокунун түбүнѳн 3800 метр бийиктиктен оргуштап атылып чыккан – жүз миллион куб суу ѳтѳ чоң – кубаттуу болгондуктан, бир ѳрѳѳндүн тоо башындагы мѳңгүлѳрүн эриткенин эритип, таш, топурак, кум аралаш сел каптаган бойдон Сарала-Саз жайлоосун бүтүндѳй аралай агызганы тарыхта белгилүү. К.Коңурбаев: “Мен бул сел жѳнүндѳ эски кишилерден жана ѳз атамдан кѳп угар элем. Убагында элес албагандыктан бир топ чындык, уламыштар унутулуп калды”- дейт. Мезгилинде Г.Фетисов, 1877-жылы кѳлдүн түштүк-батыш жээгинен доктор Ригел менен кыдырганда, Кѳтмалды менен Барбулактын ортосундагы жээкте кѳптѳгѳн карапанын сыныктары жана адамдарын сѳѳктѳрүн жатканын кѳрүшкѳнүн эскеришет.

Мында, X к. биринчи жарымында Кочкор ѳрѳѳнүн сел каптаганы бул тарыхый чындык. Сел, Кочкорбашы – Суяб шаарынын борбордук бѳлүгү менен сепилдердин дубалдары бүтүндѳй талкаланып, бул жердеги мыкты имараттар, мечиттер, медереселер, хан – ордо, ордонун жоокерлер жашаган жайлар, адам үйлѳрү аябагандай чоң селдин астында кѳз ачып-жумгуча заматта кала берип, үстүлѳрүн топурак аралашкан кумдар басып калганынын дайыны азыркы убакта белгилүү болуп жатат.

Байкоолордо, мурдагы муундардын айткандарында жана Сюань Цзяндын изилдеп жазып кеткен аныктамаларына карганда – жер астындагы курулуштардын калдыгы, казылып табылган сѳѳктѳрдѳ – малдаш токунуп отурган бир канча адамдар ошол отурган бойдон чыккандары далил боло алат. Алаамат – сел түн ичинде каптап, Суяб шаарынын жашоочулары аман калып калууга эч мүмкүн болбогон. Топурактын астында калып калгандары жер астында калып, суу үстүндѳгү калкып калган буюм-тайымдар менен адамдардын денелерин бүтүндѳй агызып отуруп Ысык-Кѳлдүн ѳзүнѳ чейин агыза алып кеткен. Ага, бир канча кылым бою кѳлдүн жээгинен табылган адамдын сѳѳктѳрү жана буюм-тайымдар далил боло алат. «Миңдеген адамдардын сѳѳгүнүн чогулуп жатышы, кан агызган чоң согуштун кесепети же алааматтан кийинки деп түшүнүүгѳ болбойт. Кандуу кагылыштын жана алааматтын кандай деңгээлде, кандай шартта болгондугу белгисиз, эбегейсиз кѳп адамдардын сѳѳгү менен кошо кѳптѳгѳн кыштар (кирпичтер) жана карапанын сыныктарынын жатышынын ангын да билүү кыйын» (Н.А.Аристов. Усуны и кыргызы или кара-кыргызы. Бишкек. Сорос. 2001 ж., 44 б.) деп жазат.

Тарыхый маалыматтарга караганда, “Улуу Жибек жолунун жоголо башталышынын мааниси, Ысык-Кѳлдүн чыгыш жагынын чѳгүүсү, Кочкор ѳрѳѳнүндѳгү – топон суунун жүрүшү же Түндүн Тянь-Шандагы жер титирѳѳнүн кесепети жана Кочкор-Башы (Суяб) шаары, анын эли, ѳрѳѳндѳгү шаарлар, турак-жайлардын селдин-суу стында калып, эл башкарып турган – кандар, бектер, жоокерлер, кербен-соодогерлер, жашоочулар заматта жок болуп кетишинин себеби алибетте аймактагы ѳзгѳрүүлѳргѳ байланыштуу деп айтууга толук негиз бар” дешке болот. Илимий негизде тарыхка байкоо жүргүзгѳн болсок, 2012-жылы 14-17 ноябрда “Кыргыз каганытынын 1170 жылдыгына” арналган Бишкекте болуп ѳткѳн илимий конференцияда, Россиянын Новосибирск академиясынын академиги, тарых илимдеринин доктору, кыргыз изилдѳѳчүсү, археолог – Юрий Худяков: “В это время Кыргызский каганат исчерпал людские ресурсы” дейт да, ошол эле убакта суроо берет: “Адамдар эме болуп жок болуп кетти, эпидемия болдубу, согуштан кырылдыбы же башка себеби барбы?” - деп.

Мына ушундай суроого: Кочкор ѳрѳѳнүндѳгү алаамат менен Ысык-Кѳлдѳгү шаарлардын жок болуп кетиши жѳнүндѳ илимий жооп болуп жүрбѳсүн. Болбосо, кыргыз каганытынын ордосунун заматта белгисиз болуп кетишине эмне себеп болот?

“Кыргыз каганаты – Бобрбордук Азиядагы ошол доордогу түрктѳрдүн эң кубаттуусу болгон. Бул боюнча Кыргыз каганатынын ошол доордогу кыйрашынын себептери жакшылап изилдене элек, маалыматтын жоктугунан ал мезгилди изилдеп, үйрѳнүү да кыйын жана жооп да жок. Кыскасы 847 жылдан кийин кыргыз тарыхы дээрлик маалыматтар жок”. (Е.Кычанов, Т.Бейшеналиев. Юань мин доорундаг кыргыздар. К.Жусупов. Кыргыздар. 2 т., 232, 248 бб.)

1988-жылы, айыл ичинде бала-бакча салууга жер пайын казганда кезде, бир жерден 18 адамдын сѳѳгү чыккан болсо, Таалай Дүйшенбековдун үйүнүн жер тѳлѳсүн казган убакта, 4 адамдын отурганы абалында жана ортодо кумара болгону табылган, аларды ошо отурган жеринде эле сел келип басып калган, деп болжолдоого болот. Суяб шаары боюнча кѳптѳгѳн илимий материалдар жазылылгандыктан – К.Коңурбаевдин 40 жыл изилдеген эмгектериндеги далилдер, айрым тарыхчы – авторлорду кооптондурушуда мүмкүн, Суяб шаары Ак-Бешим эле, деп. К.Коңурбаевдин кесиби – маданият кызматкериби же инженерби, кептин баары анда эмес, тарыхый чындыкта. Тарыхчылар изилдеп тактабаса, археологдор Союздун тушунда бир элдин оозун карап: эмне айтат, кандай буйрук берет, кай жерди изилдеп казыдарат, акча каражатын бѳлүп береби (?) деген психологияда кѳнүп калган адаттен чыга албай, бир элдин – бир беткей түртмѳгүндѳ калгандыктан, ушу кезге чейин кыргыз жерлеринин тарыхый-археологиялык шаарлары так, даана изилденбей дагы деле келатканында сѳз болуп жатат.

Тарыхый байлыктарыбыз, археологиялык жергебиздеги табылган тарыхый мурастарыбызды, артефактыларды ооз ачтырбаган заманда – Россиянын тарыхый музейлерине ташып алып кеткен фактылар четтен чыгат. Кайырбек Коңурбаевдин айтуусунда: “Тарыхчылар кыргыз тарыхын тактап жазышбаса, археологдор изилдеп казууга акча жок деп жатышса, айла жоктон, күйгѳнүмдѳн тарыхчы да, археолог да болот экенсиң. Папан Дүйшембиев деген журналист: “Кабинеттерде отуруп алып абстрактуу трактаттарды тырактата беришкенден кѳрѳ, кѳйгѳйлѳрдү чечкенге конкретүү салымдарын кошушса, илим үчүн да, мурастар үчүн да алда канча пайдалуураак болмок ” деп, бир жолу Кыргыз Туусуна 2009 жылы 21 декабрда жазыптыр. Кѳрсѳ, ал дагы мага окшоп күйгѳнүнѳн жазса керек” дейт.“Анткени, мен кѳп эле адамдарга кайрылдым, бирок жоопторду бир беткей алдым. Кыргыз академиясынын окумуштуу археологу – Бакыт Аманбаевага Суяб шаары жѳнүндѳ ойлорумду айтсам, ал “сардоба” десе, Кыргыз Түрк “Манас” университенин профессору – Кубат Табалдиев, бул “күмбѳз” же “ханака” дешкенде күйбѳгѳн жерим күл болду. Изилдебей туруп ушунтип жыйынтык чыгарышкандыктарына “баракелде” дедим, башка эмне деп айтам. Бул тереңдиги 11 метр жер астында жаткан – уникалдуу архитектуралык тарыхый шаардын калдыктары жатат деп, ишенимдүү айта алам. Канча деген жерден 3-4 метр бийктикте чыгып турган шаардын үстүлѳрүндѳгү бышкан кыштарын элдер ташып алып, ар кандай иштерине жаратып алышты. Менин сунушум, Бул курулуш имараттарын казып, изилдѳѳгѳ алып, сактап калуу үчүн зор эмгек керек. Азыркы кездеги карыялар: “Атаңдын кѳрү! Биз бала кезде эмне деген карапа, чоподон жасалган суу түтүктѳрүнүн, канча деген идиш-аятарды талкалабадык. Жер айдап жатканда канча деген трактирлер айдоо учурунда чуңкурларга түшүп кетти. Ошодон улам ата-энелерибиз, ал жака барбагыла, ажыдаарлар чыгып силерди соруп же жеп кетет” деп, бизге барганды тыю салбады”, дешет. Бул сѳз алардын айтканы.

Мен болсом, айдоо жерлердин астында калган шаардын калдыктарын баардыгын билем. Бул ѳрѳѳндѳ 3 шаардын калдыгы бар, археологиялык, антропологиялык, полеография жана геология илимдеринин жардамы керек. Мындай изилдѳѳлѳргѳ ѳкмѳт тарабынан алгылыктуу кѳңүл бурулса, бул жердеги жердин астындагы архитектуралык, археологиялык монументалдык эстелик шаарлар – Кочкор ѳрѳѳнүндѳ байыркы шаарлардын бир бѳлүгү болуп калары чындык. Ар жактан келген ээнбаш “черный капателдер” (казучулар), 2011-жылдан бери баалуу буюмдарды издѳѳ максатында жер астындагы курулуштарды жапондук жүктѳѳчү техниканы жалдап алышып, жогорку сапаттагы салынган бышкан кыштарын менен дубалдарын эч кимден уруксат албай, жер астындагы кѳк боёк менен сырдалып кыналган кыштарын аңтарып, казып, бузуп киришкен. Бул жер астындагы имараттын бийиктиги 8,5 м. чейин терең казып, андан нары чыгыш тарапка 3 м. имараттын ордуларын дагы казып, андан чыккан ар кандай буюм-тайымдарды алып кетишкен. Бул жер астындагы калган шаардын архитектуралык тарыхый баалуулугун сактап калуу керек. Кочнар-Башы шаарынын кылымдар бою жер астында жатканынын тарыхы далилденмек, деп жазганым бар.

«Таңсың кыргызды мактаган», деген ытайлык кыргыз жазуучу, котормочу Макелек Ѳмүрбайдын макаласында: Кытайда Индиадан ном алып келген Таң падышалыгынын монахы Шуан Жуаңды демейдеги тилде Таңсың деп гана атап келет. Таңсың жазган «Батышка сапар эстелиги» боюнча желелеш филим тасмасы тартылып, көп жылдап Кытайда, чет элде көптөгөн тилдерге которулуп көрсөтүлүү менен, ал тургай, түрдүүчө сүрөттүү жомок китептери басылып таратылгандан кийин, батышка ном алууга барган сапардагы Таңсың, Сун Вукоң жана Жу Бажийе, Шахышаңдарды билбеген киши жок. Мына ошол Таңсың, өз кезинде, кыргыздарды: «Атчан жаа атууга маш эл» деп мактаганы анын өмүр баянына байланыштуу тарыхка жазылып калган. Таңсыңдын кыргыздарды тилге алган баяны мындайча болгон: Шуан Жаң Таң падышалыгынын жингуан жыл санагынын 3-жылынан 19-жылына чейин, атап айтканда, биздин санактын 629-жылдан 645-жылга чейин болгон аралыкта Индиага барып, андан будда номун алып, Таң падышалыгынын ордосу Чаң-Анга кайтып келген. Ошондо Таң падышалыгынын императору Таңтайзуң аталган Ли Шымын, Шуан Жуаң монахтын ийгиликтүү кайтып келгендиги боюнча салтанаттуу маареке өткөрүп, аны кызуу тосуп алат. Ошол тосуп алуу салтанатында, Таң падышасы Шуан Жуаңдын бул жолку ном алып келүү жумушу, өтө эле улуу жумуш экенин мактап, ал кишини мамлекеттик мансапка сунуш кылат; бирок Шуан Жуаң мансабын кабыл кылбай, падышага чоң ыракматын айтып, ал да падышанын Таң падышалыгын дүйнөгө таанытканын, түндүктө «аттуу жаа тартканга маш Кыргыздарга» таанылганын, түштүктө Тибетке таанылганын мактап сүйлөйт.

Ошондо Таңсыңдын оозунан кыргыз сөзү чыкканы 7-кылымда кыргыздардын да таанылуу эл экенин туюнтканы эле. Бул баян 9-кылымдан 12-кылымга чейинки аралыкта байыркы Уйгурлардын монахы Самытсо Метро аттуу адамдын «Шуан Жуаң өмүр баяны» деген кытайча китептен байыркы уйгур тилине которулган текисте сакталып: «кыркыз я мингүлүк кишилар» болуп жазылган. Бул жазманы тапкан киши Ички моңгулда жашоочу, тарых илимдеринин доктору Ваң Жийе болду. Ал бул баянды «Ички моңгул мугалимдик жогору окуу жайынын илимий журналында» жарыялап (караңыз, аталган журналдын 2012-жылдык 5-санынын 110-бетине), кыргыздарды сүйүнттү.

Таңсың Индиага ном алуу үчүн тарткан сапарынын жол чиймесин өз кезинде чийип кеткен. Аны жөнөкөй тааныштырсак: Кытайдын Таң падышалыгынын ордосу Чаң-Андан жолго чыгып, Хышы өндүрү менен өтүп, Комул, Пычан, Турпан, Токсун, Кара-Шаа, Бүгүр, Күчар, Ак-суу, Уч-Турпан шаарларын аралап өтүп, Бедел ашуусу (ошондо жазылганы аталган ашуу 4284 метир бийктикте деген) аркылуу Ысык-Көл, Суяп,Талас, Жамбыл, Фергана андан ары Ташкенден ары кетип, Индиага барып, 645-жылы кайтып келген. Таң монагы ошол сапарынан тарыхта белгилүү болгон «Батышка сапар эстелиги» аттуу баян жазган. Ошол эстелигинде кыргыздын тарыхына түз байланышы бары Талас шаарын аралап, Таласта канча шаар бар экенин баяндаганы пайдалуу болгон. Бул баянды кыргыздын чыгаан тарыхчысы Белек Солтоноев тээ 1920-жылдардын башында жазган «Кызыл кырыгыз тарыхы» эмгегинде мындай айтканы адамды таң калтырат: «7- кылымда Кытайдын (Таң падышалыгынын) Шуан Жуаң деген ажысы (монахы) Талас шаарынын айланасы төрт жарым чакырымга созулган. Талас шаары суунун эки жагына салынган. Мындан башка, Таласта тогуз шаар болуп, тоо арасында күмүш кени чыккан, Текепкет деген калаа болгон,-дейт. Ал азыркы Күмүштактын алдындагы Төрткүл болмогу мүмкүн. Таластык кыргыздар «Чалдыбар дейт» деген маалыматты берген (караңыз, аталган китептин «Бишкек, 2003» басылышынын 200-бетин). Белек Солтоноев бул маалыматты кайдан алганын эскертпегени менен, аны Бартольддон алганы билинет. Себеби, башка кытай жазмаларындагы маалыматтарды Бартольддон алганын эскерткен. Ал Бартольд болсо, Бичурундун кытайчадан которгон котормосунан пайдаланган. Таңсыңдын (Шуан Жуаңдын) Таласты аралаганы, ал тургай, андан толук маалымат бергени, кудум эле Сун Вукоңдун асмандан күзөтүп, өлчөп чыкканындай элести берет. Андан да кызыгы, Белек Солтоноев ушул Таңсыңдын маалыматын ырастоо максатында, 1920-жылдарда атайын Талас өрөөнүн аралап, Талас шаарын жана Таңсың айткан андан бөлөк 9 шаардын тоомун издеп, мындай корутундуга келген: «Талас өзөнүндө, бүткүл Төрткүл баарысы − 10. Тарых боюнча да 10 шаар болгон...» (караңыз, аталган китептин 227-бетин). Ал эми Белек Солтоноев Талас шаарын «Акдөбө төрткүлү» болушу мүмкүн экенин далил менен көрсөткөн. Ал тургай, Талас өрөөнүндөгү 10 шаардын (Таңсың Талас шаары жана андан бөлөк 9 шаар деген) ар биринин Таластын кайсыл жеринде экенин түшүндүрүп, санактап көрсөткөн. Талас тарыхий материалдарда суунун атына коюлган шаардын ысмы деп баяндалган. Ал байыркы эле Жа Дан геогирафтын эмгегинде да аталган.

Таңсың андан бөлөк, Токмок шаарын да аралаганы анын «Батышка сапар эстелигинде» жазылганы бар. Ошого караганда, Таңсыңдын сапары бүт эле Кыргызстанды аралаганы билинет. Таңсындын «Батышка сапар эстелиги» Кыргызстандагы жер – суу аттарынын маанисин чечмелөөгө, кыргыздардын байыркы шаарларынын тоомдору менен таанышууга, казып – текшерүү иштеринде пайдалануу наркы жогору болот…

Ушундай маалыматтардан кийин, Кайырбек Коңурбаевдин келтирилген изилдѳѳ, иликтѳѳ иштери дал келип турганындыгына маани берип, тактап алсак болчудай…

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

25-02-2015

«Улут, ѳз тагдырын ѳзү чечет» деген юрист

Эскерүү

76250

06-10-2014
«Курманжан датка» тасмасы мактоого арзыйбы?
41251

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×