Добавить статью
11:20 30 Апреля 2016

«Таза Шайлоо» ассоциациясы: Паспорт столдорунун жана ЗАГСтардын иши жөнүндө калк кандай ойдо?

Мамлекеттин негизги милдеттеринин бири коомго өз кызматтарын көрсөтүүдө сапаттуулугун жогорулатуу болуп саналат. Мында мамлекеттик кызматтарды берүүнүн натыйжалуу эмес системасы калк арасында мамлекеттин кадыр –баркына терс таасирин тийгизээрин дээрлик бардыгы түшүнөт, анын үстүнө бул коррупция үчүн өбөлгө түзөт.

Бүгүнкү күндө мамлекеттик органдардын иши заманбап милдеттерге жана талаптарга адекваттуу жаңы сапаттарга акырындык менен ээ болууда. Көптөгөн кайра түзүүлөр чийки, формалдуу мүнөздө, көбүнесе мамлекеттик органдарды кайра түзүү менен чектелет, мамлекеттик органдарга ишеним көрсөтпөө үчүн негиз түзгөн кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаттуулугу менен байланыштуу терең жаткан проблемаларды козгобойт .

Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөргө мониторинг жүргүзүү жана сапаттуулугуна баа берүү жарандарын башкарууга катышуусун кеңейтүүнүн, мамлекетти туруктуу өнүктүрүү үчүн коом менен мамлекеттин өз ара аракеттенүүсүнүн маанилүү негизи болуп саналат.

«Таза Шайлоо» ассоциациясы ««Кызмат көрсөтүүлөргө жарандык коом тарабынан мониторинг жүргүзүү аркылуу кардарлардын кайтарым байланышына көмөк көрсөтүү” долбоорунун алкагында калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо жагында Мамлекеттик каттоо кызматынын (МКК) 22 кызмат көрсөтүүлөрүнө жарандардын канаттануусуна изилдөөлөрдү жүргүзгөн.

Изилдөөлөрдүн жүрүшүндө жарандар МККнын кызмат көрсөтүүлөрүн ЗАГС жана паспорт столдорунун кызмат көрсөтүүлөрүнүн сапаты, сарпталган убакыт, кызмат көрсөтүүлөрдү маалыматтык камсыз кылуу, кызматкерлердин кесипкөйлүгү жана МККнын жайларынын абалы сыяктуу параметрлер боюнча баа беришкен.

Биринчи параметрдин алкагында изилдөөлөрдүн катышуучулары кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн, алардын баасын, кызмат көрсөтүү мөөнөттөрүн жана анын уюштурулушуна баа беришкен. Жалпысынан кызматтарды алуучулар паспорт столдорунда жана ЗАГСтарда кезекте турууга көп убакыт кетээрине нааразы болушкан.

Сарпталган убакыт параметрлерин талкуулоодо изилдөөнүн дээрлик бардык катышуучулары документтерди топтоого көп убакыт кетээрин белгилешкен, анткени документтердин тизмеги абдан чоң жана шаардын же райондук борбордун ар кайсы жерлеринде жайгашкан ар кандай мекемелерден чогултулат.

Үчүнчү параметр боюнча изилдөөлөрдүн катышуучулары тарабынан маалыматтын жеткиликтүүлүгү, анын кардарга канчалык түшүнүктүүлүгү жана алардын керектөөлөрүнө көнүктүрүлүшү, анын ичинде маалымат берилген тилине баа берилген.

Кызматкерлердин кесипкөйлүгүнүн параметрлерин талкуулоодо фокус-топтун катышуучулары олуттуу проблемаларга кызмат алуучуларга карата кызматкерлердин оройлугун, алардын кардарлардын суроолоруна жооп бергиси келбегендигин, кызматкерлер тараптан жеке жана финансылык кызыкдарлык жок болсо, кандайдыр-бир консультативдик жардамдын жоктугун таандык кылышкан.

Кызмат көрсөтүүлөрдү бешинчи параметр менен баа берүүдө негизги басым айлана-чөйрөгө, т.а. кызматтар көрсөтүлүп жаткан жайлардын ыңгайлуулугуна жасалган.

Респонденттердин пикири боюнча изилденип жаткан мекемелердин абалы талаптагыдай эмес: бөлмөлөр тар, караңгы жана коридорлор кууш, желдетилбейт. Дээрлик бардык изилденген жайлар капиталдык оңдоону талап кылат, буга ЦОН кирбейт. Коридорлордо кардарлар үчүн шарттар жок: бланктарды толтуруу үчүн столдор, отургучтар жок, кардарлар өз кезегин туруп күтүшөт, алардын арасында оорулуулар, улгайган адамдар, балалуу аялдар бар.

Мындан тышкары, кызматкерлерде бирдиктүү униформанын жоктугу, кандайдыр-бир айырмалоочу белгилердин же бейджиктердин жоктугу кардарлардын көз алдында кызматкерлер кызмат алуучулардан айырмаланбагандыгына алып келет, аларды жумуш столунун үстүнөн отурганда гана тааныса болот

ЗАГС жана паспорт столдорунун кызмат көрсөтүүлөрүн бардык критерийлер боюнча баа берүүгө өткөрүлгөн фокус-топтордун материалдары боюнча тыянактар жасалган.

ЗАГС жана паспорт столдорунун кызмат көрсөтүүлөрүнүн канааттандыраарлык эместигинин негизги себептери болуп төмөнкүлөр саналат: узун кезектер, видеобайкоо камераларынын жоктугу, бул болсо турмуштагы коррупциянын өсүшүнө, документтердин көп тизмегин чогултууга байланыштуу убакыттын жана финансынын сарпталышын жана ар кайсы жерлерде жайгашкан ар кандай мекемелерге кайрылуу зарылчылыгын шарттайт, кызматтарды алуучулар мамлекеттик алым бир гана РСК банкта алынаарын, ал жерде дайыма кезек узун экендигин, ошондой эле паспорт столдорунун жана ЗАГСтын кардарлары үчүн өзүнчө терезе жоктугуна даттанышкан.

Изилдөөлөрдүн жүрүшүндө даректик-маалымат бюро жөнүндө көп нааразылыктар айтылды. Даректик-маалымат бюронун бөлүмдөрү чоң шаарларда жана облустук борборлордо гана ачылган, буга кээ бир алыскы райондор кирбейт. Адамдар көбүнчө паспортту жоготуп алганда абдан кыйналышат.

Мисалы, респонденттердин жоопторунда Бишкек шаарында паспортту жоготуп алган учурлар жөнүндө айтышкан. Паспортун жоготуп алган аял Түп паспорттук столуна кайрылганда, аны Караколдогу даректик-маалымат бюросуна малымкат алып келүүгө жөнөтүшкөн. Ал Караколго үч жолу барган. Респондент “Эмне үчүн мындай маалымкатты Түптө берсе болбойт?” –деп суроо узаткан.

Мындан тышкары, кызмат алуучулар 20 сомдук маалымкат үчүн 100 же андан ашык чакырым жол жүрүү, транспорт чыгымдарына 100-200 сом сарптоо алардын кыжырдануусун жаратпай койбойт. Изилдөөлөрдүн катышуучулары калк тууралуу бүт маалымат камтылган республика боюнча бирдиктүү маалымат базасынын жоктугуна нааразы болушкан.

Өткөрүлгөн изилдөөлөргө ылайык, сапаттуу кызмат көрсөтүүлөрдү алуу процессин кызматтарды маалыматтык камсыздоонун начарлыгы татаалдантат. Өзгөчө республиканын алыскы региондорунун айылдарынын тургундары маалымат алуу үчүн гана убактысын да, финансысын да коротууга аргасыз.

Жалпысынан ЗАГС бөлүмдөрүнүн жана паспорт столдорунун кызматкерлеринин кесиптик деңгээли салыштырмалуу төмөн деп баа берилген. Оболу, бул документтерде кызматкерлердин өздөрүнүн каталарды кетириши, документтердин өз убагында берилбегендиги менен байланыштуу.

Өз жоопторунда изилдөөлөрдүн катышуучулары кызматкерлердин кесипкөйсүздүгүнүн мисалын келтиришет.

Алсак, респонденттердин бири паспорт алуу үчүн паспорт столуна 3 жолу барган. Көрсө алар паспортту башка жерге коюшуп, кардарга Id-card али даяр эмес деп айтышкан. Акыр-аягында паспортту 30 күндөн кийин гана табышкан.

Башка мисал, фокус-топтун катышуучусу чет өлкөлүк паспортту жарым жылдан кийин гана алган. Мындай күттүрүү кардардын документин өз убагында тапшырбаган кызматкердин жоопкерсиздигинен улам болгон. Азыркы учурда керектөөчү бул же тигил кызматты алууга укукту негиздөө үчүн МККга берүүчү коштоочу документтердин көбүн өз алдынча, өз эсебинен даярдоого туура келүүдө. Адатта МКК инсандыгын күбөлөндүрүүчү документти, бул же тигил фактыларды (жашаган жеринен маалымкат, никесин каттоо тууралуу күбөлүк) баяндаган ар кандай документтердин түп нускаларын же нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн талап кылышат.

Документтерди топтоо, көчүрүү жана күбөлөндүрүү керектөөчүнүн көп убактысын, жеке күчүн жана финансылык каражаттарды талап кылат, документтерди өз убагында албаса, тезарада алуу үчүн төлөөгө кошумча чыгымдарга жана кыйла татаал административдик жол-жоболорго алып келет. Мисалы, баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүктү туулган учурдан тартып бир ай ичинде алган оңой, ал эми белгиленген мөөнөтүү сактабоо каттоодон баш тартуу үчүн негиз болуп саналбайт, бирок каттоо үчүн зарыл документтердин саны бир ай мөөнөт өткөн соң кыйла өсөт.

Долбоордун координатору Алмаз Абдыкеримовдин пикири боюнча мындай изилдөөлөрдү өткөрүү мамлекеттик органдарга кырдаалга талдоо жүргүзүүгө жана калктын керектөөлөрүнө ылайык кызмат көрсөтүү чөйрөсүн реформалоого көңүлдү бурууга мүмкүнчүлүк берет.

Алмаз Абдыкеримов: «Мындай изилдөөлөр – калктын ишенич артышынын жана ачыктыгынын инструменти, ал кызматтарды көрсөтүү боюнча кырдаалды жакшы жагына өзгөртүүгө мүмкүнчүлүк берет. Ал коррупция жана кызматтык ыйгарым укуктардан аша чабуу фактыларын ачуу менен калк менен кайтарым байланыштын механизмдерин жөндөөгө жардам берет”.

Фокус-топ өткөргөн изилдөөлөрдүн натыйжалары боюнча республиканын көпчүлүк жарандары үчүн МККнын изилденген кызмат көрсөтүүлөрү жөнүндө актуалдуу жана так маалыматтын жоктугу кыйла көйгөй экендиги аныкталды.

МККда билдиргендей, бүгүнкү күндө кызмат тарабынан бул багытта иш жүрүүдө. Алсак, жарандар үчүн ыңгайлуулук жана тейлөөнүн сапатын жакшыртуу үчүн электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн порталы - e.srs.kg жакында ишке киргизилди, ал кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүүлүктүн бирдиктүү түйүнү болуп саналат.

e.srs.kg сайтында жеткиликтүү формада МККнын кызмат көрсөтүүлөрү тууралуу жалпы маалымат, зарыл документтердин тизмеси, баалардын прейскуранты, ченемдик укуктук база, ошондой эле МККнын бардык түзүмдүк бөлүмдөрү жана ведомстволук бөлүмдөрү боюнча байланышуу маалыматтары берилген.

Учурдагы жылдын март айынын аягында электрондук кызмат көрсөтүү порталынын базасында кызмат тарабынан бул ресурстун Android операциялык системасы алдында акысыз мобилдик байланышуу ишке киргизилген. Смартфондордун пайдалануучулары «МККнын электрондук кызмат көрсөтүүлөрү» тиркемесин PlayMarketке көчүрүп алса болот.

Мамлекттик кызмат көрсөтүүлөрдү электрондук форматка которуу – электрондук кызматтарды берүү боюнча реформаларды ишке ашыруунун этаптарынын бири, мында кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөр кезекте турбастан, кайра-кайра эшик какпастан, кызмат көрсөтүүлөрдүн көбүн онлайн ала алышат.

Бул басылма америка элинин колдоосунда АКШнын эл аралык өнүктүрүү агентствосу (USAID) аркылуу мүмкүн болду. «Таза Шайлоо» коомдук ассоциациясы басылманын мазмуну үчүн жоопкерчилик тартат, ал USAID же АКШ Өкмөтүнүн позициясын милдеттүү түрдө чагылдырбайт.

Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Добавить статью
X
Для размещения комментария авторизуйтесь
АКИpress. Новости Кыргызстана, которые интересуют всех.
Закрыть
X
Для размещения комментария авторизуйтесь