Добавить статью
0:12, 23 мая 2016 38706

Ааламдын сырдуу дүйнөсү, 2-бөлүк.

Биз мурун бул адамдын башынан өткөнүн жазганбыз. Эми ааламдагы 6 планета менен байланышып, берилген маалыматтар кандай айтылса өзгөртпөстөн торчого койдук.

Терхару- “жашыл аалам” дегенди билдирет. 29/1- 2011 жыл.

Бизде баардыгы жашыл өсүмдүктөр менен курчалган. Ошол өсүмдүктөр менен тамактанабыз, эт жебейбиз. Бири бирин өлтүрбөйт. Баардыгы жетиштүү. Силердин жерге барып изилдеп келебиз. Сөзүңөрдү тилиңерди өзүбүздүн тилибизде кабыл алып түшүнөбүз. Бизде сокур, дудук деген оорулар жок жана жугуштуу оорулар болбойт. Башкача айтканда биз оорубайбыз. 200 жылдан 500 жылга чейин жашайбыз. Араздашуу көрө албастык,бийлик, жер талашуу деген болбойт. Ок дары пайдаланбайбыз. Аң сезимибиз өтө жакшы өөрчүгөн. Турак жайлар да жашыл өңдөр менен салынат. Жашоо шартыбыз эң жакшы ошондуктан сага окшогон адамдар менен байланышып жердеги оорууларды айыктырууга аракеттенебиз. ”СПИД” деп аталган ооруну айыктырууга болот. Дуба жана биз берген энергия менен сен түздөн-түз биз менен байланышып энергия алып адамдарга берүүгө кудуретиң жетет. Биз мындан 23 жыл мурун сага энергия бергенбиз. Эми күчөтүп пайдаланууга убакыт жетти, дагы айтып турабыз. Маалыматтарды жазып тур байланыш 12-00дөн 1 00гө чейин

Спид оорусун айыктыруунун жолу. 30/1 2011-жыл .

Сен көк жашыл нурду кабыл аласың, албетте, а дегенде нерв системаларың менен туюп анан көз алдыңа тартылып ,нурлар тамырлар менен кол учуна келет. Ошол нурларды кол учуң менен оорулуу адамды көздөй жибересиң. Адамдын нерв системалары аркылуу нурлар өтүп кан тамырлар менен чуркайт. Нурлар (өөрчүгөн) ооруган клеткаларды жансыз кылып өлтүрө баштайт, кан тазара берет да заара аркылуу өлгөн клеткалар түшө баштайт. Алгач сенин оозуңа дуба беребиз.ошол дубалар сеанс бүткөнчө кайталанып окулуп турат. Сен окуган дубалар оорулуу адамдын денесиндеги дартты айыктыра баштайт.

Нерв системаларын,Баштын чел кабыкчаларын,Кулак,ооз, мурун көңдөйүн,Жүрөк, өпкө боор тилкелерин,.Иче карын, ашказанды.,Бөйрөк ,көк боор, уйку безди.Жыныстык түтүкчөлөрүн, жатын., Буттар , колдор, Буттагы тамырлар.Таман.

Ошентип организмдин баарын дарылап өтөт. Андагы микробдор өлүүгө дуушар болот да организм жакшыра баштайт. Жана дагы түрдүү нурлар, дубалар ооруга жараша берилип турат. Бир жумада бүртүкчөлөр жоголот. 2-жумада кандар тазаланат. Оорулуу айыгат.

Жин ооруусун айыктыруунун жолдору.

31-январь 2011-жыл

Негизинен жин ооруусу жетиге бөлүнөт.

Башынан жаракат алуу.Нерв системаларынын бузулушу, стересс болот.

Аракты көп ичип, нерв системалары бузулуп организмдин алсызданышы. Адамдын өзүнүн даремети жете албай катуу оорууга чалдыгат. Ар кандай табыгый нерселерден жаракат алуу: М: куюндун удургуп келип адамзааттын денесинде ойноп кетиши. Куюндар менен жиндер жүрөт жана жин даарып кеткен деп аталат. Тоо таштарда керемет касиеттүү жерлер болот. Ошол жерлерди сыйлабоо, булгоо ж.б. нерселерди жасоодо ал жердин ээси нааразы болуп каргыш айтат. Өзүнүн жашап турган үйүн ыплас кармоо жана анын ээсин сыйлабоо . жалкоолук кылуу , арак ичүү ( өзгөчө) өтүп кеткен бабаларды эскерип куран окуубоо.

Жер энени сыйлабоо, урматабоо. Өзүнүн айлана чөйрөдөгү адамдарга көрө албастык менен мамиле жасоо, ичи тардык алла тааланын жазасын алып жин оорууга чалдыгат.

2-февраль 2011-жыл.

Ооруну дарылоодо төмөндөгүдөй ыкмаларды колдонуу керек .Башынан жаракат алган ооруулуга дуба окуу менен анын аурасын ачуу. Андан кийин кабыл алынган биотокту берүү нерв системаларын дарылоо. Жансыз болуп эске тутуусу абдан начарлаган нервдерди жандандыруу. Укалоо. Берилген дубаларды улам окуп туруу. Бул оорууну дарылоо 7 күнгө созулат. Суу дубалап берүү. Дубаланган суу нервдеги кан айлануу жана жаракат алган сезимдерди,(сөөктүн ) баш сөөктүн жабырлануусун ордуна келтирип, ойлонуу сезимин ойготуп, унутчаактыктыгын калыптандырат. Сууну дубалап берүү өтө жогорку деңгеелде дарыланууга мүмкүнчүлүк түзөт. Сен ,Ай, Нур, Жаннага, Жаңырык, Терхару, Черхару планеталары менен байланыш болгондуктан алардан келген нурлар, дубалар ооруулунун дартын айыктырууда эң жогорку баскычта турат. Ааламдын энергия топтолгон жериндеги эң күчтүү нурларды кабыл алып берээриңди унутпа. Ооруулулардын 7 даам алып келип куран окуп башташын талап кылгын. Тиги дүйнөдөгүлөргө бул даамдар эң керектүү азык. Алар нан, чай, кант, мейиз, өрүк , жана жер-жемиштин эки түрүн кошсо болот.

3-февраль 2011-жыл.

Нерв системасынын бузулушу катуу жапа чеккендиктен бузулат.

Акырындык менен ичинен сызып бук болуп, ал нерв системаларын акырындык менен оорутуп жүрүп күчөгөн түрүнө келет. Адамды кемсинтүү ар кандай жетишпеген жактарын чукуп, басым жасоо теңсинбөө ,өз катарына кошпоо ж.б. ушундай кылыктар жинденүүгө алып келет. Бир убакта көп жылдар аралыгында чегине жетип катуу ооруп жыгылат. Эс учунан танат. Эч нерсени эстей албай, көз алдына элестете албай ооруйт. Сураган нерсени тескери айтып жооп берет. Алдастайт, калчылдайт,өңү бузулуп( өң алеттен кетип жыгылат) . ошол мезгилде моралдык колдоо болсо айыгып кетүүсүнө шарт түзүлөт. Эгерде колдоо жок болуп, кордоо басымдуулук кылса андан бетер күчөп эс учун жоготот. Аны адамдар жинди болуп кетти дешет. Ооба бул жин ооруга айланып кетти, муну дарылоодо 1) нерв системаларын калыпка келтирүү , дуба окуу, нур берүү жана моралдык колдоо көргөзүү . аяр мамиле жасоо. Тыкаттык менен дарылоо, үй бүлөөдө ага кеңешип көңүл буруу. Кеңешип иш жасоого аракеттенүү терс жактарын эскертпөө,чүнчүгөндөн арылтуу. Көңүлүн ачуучу жайларга алып баруу.

4-февраль 2011-жыл.

3. Аракты көп ичүү адамдардын акыл-эсинен ажырап калуусуна алып келет. Аз-аздан ичип күндөн күнгө кошуп олтуруп бир топ жылдарда көбөйүп кетип,арак нерв системаларын жана организмди алсыздандырып салат. Анын эс дарты ичүү кантип кайдан ичем дегенден башка ой келбей, үй бүлөө жана айлана чөйрөдөгү ар кандай жашоо тиричилигине маани бербей калбайт. Эч кимдин сөзүн акылын ж.б. кабыл албаган учурга тушугат. Ичпей калса жини келип үй бүлөөгө чатак салат жана кимдир бирөө өзгөчө жаман көрүнүп кубалайт, урат, өлтүргүсү келет керек болуп ашынса өлтүрүүдөн кайра тартпайт. Бул оорулууларды жин даарыйт, шайтан азгырат, көзүнө көрүнүп жаман жакка тартат. Бул көрүнүштөр жанында жүргөн адамдарга сезилбейт.жин шайтандар алсыз адамдарга жакын болуп үйүр алышат. Жана оорулуунун өзүлөрүнүн айтканын аткарып жатканына маашырланып күлүшүп, шылдың кылышат. Аракты ичип кетишинин себеби, адам бир нерсеге кыжаалат болуудан же катуу стересстен, же болбосо жөн эле ичип көрүп, берилип кетет. Бул оорулууларды дарылоо өтө татаал формада өтөт. Оорулуулар стадияга бөлүнөт.1-2-3 стадия.

5-февраль 2011-жыл .

Биринчи стадияда аракты аздап ичип отуруп көбөйө баштайт.нерв системалары начарлап,талыкшып ичкенден кийин магдырап бир нерсеге канаттангандай боло берет. Ичкенден кийин дагы ичкиси келип башка бирөөнүн сөзүнө маанибербей өзүнчө бир чөйрөгө кире баштайт. Чыр-чатак көбөйөт, үй бүлөөдө уруштар көп болот. Ал чатакты эстеп туура эмес иш кылып жатканын сезип, бирок билмексен болуп жеңет. Бул учурда туура түшүнгөн психолог болсо аны дарылап жөнгө салып коюга алы жетет. Ал эми сенин дарылооң боюнча тамырды кармап диагоноз койгондон кийин, дубалар окулуп, алла тааланын амирине кайрыласың. Алла тийешелүү дубаларды берүүгө буйрук кылат.

Сен аны алып окуйсуң. Экинчиден сен байланышкан планеталардын ичинен Терхару жардамга келет, нерв системаларды айыктыруучу нурларды берет. Тамыр кармоо менен нурларды кабыл алып оорулуунун тийиштүү организмине жибересиң,кан тазаланат. Андан кийин жин шайтандын азгырыгына карата алладан дуба алып окуйсуң. Баардыгы алладан,алла боорукер, алладан кечирим сурасаң кечирет жана жакшылык берет. Оорулуу алланын амири менен айыгат. Ишенбегендерге даба берилбейт.

7-февраль 2011-жыл.

Экинчи стадиясында нерв системалары чыңалып эч нерсени кабыл албай, арак ичкиси келип ээ жаа бербей катуу жиндене баштайт. Организм ууланып бүтөт. Тамак ичпей арак эле ичип калат.эч кандай уят болом дебестен чечкиндүү арак ичүүгө киришет. Айтылган сөздү кабыл албайт. Түнкүсүн тура калып түшүнүксүз булдуруктап, шилекейи куюлуп кандай жерге жатканын билбей, баары бир болот. Бул учурда дарылоо өтө татаал. Анын дарыланууга ишеними да болбойт. Эң биринчи алланын берген дубасын окуу керек,анан тамыр аркылуу нурларды жиберүү,канды тазалай баштоо. Бабалар жардамга келет. Черхару жардамга келет. Бул учурда түнкү сеанстар жүргүзүлөт. Ай , Нур, Жаңырык, Жаннага, Терхару, Черхару баардыгы жардамга келишет Күчтүү дубалар берилет. Оорунун бир жума ичи өтөт, ошондон кийин тазаланып мурунку абалына келет, өлгөн сезимдер ойгонуп дарыланууга өзү аракет жазайт. Жин шайтандардан алланын берген дубаларын окуу менен арыл.

8-февраль 2011-жыл.

3-стадиясында оорулуу өтө начар абалда болот. Элирип, көзүнө бир нерселер көрүнүп ошолорду кубалап алар менен сүйлөшүп алар чакырган жакка жулунуп чуркап жөөлүйт. Анын сезиминде эч нерсе калбай, ооруйт. Кыйналат, көзү тумандап үйдөгү оокаттар оюнчуктай болуп, аларды өртөп жибергиси келет. Жин шайтандар аны тегеректеп ээрчип алып каткырып күлүшүп жаман нерселерди жасаганга үндөшөт. Анын оозуна келме дегеле келбейт. Бул учурда кантип дарылоо керек. Эң биринчи дагы алланын берген дубасын окуп бир топ күн тамырын кармап организмди тазалоо,дубаларды тынымсыз окуу. Бабалар келип жардам берет, кызыл атчандар, кара атчандар Ибн-сина, кылымдын дарыгерлери ,бүбү энелер,Ай,Нур, Жаннага, Жаңырык, Терхару, Черхару, шейиттер ж.б көптөгөн мазарлар , баатыр бабалар,манасчылар, мусулман арбактары, топ жылдыз пайгамбарлар. Ушул учурда тынымсыз дуба окулат, суу дубалап бересиң. Алланын амири менен айыгат. Алланын керемети кудуретчилиги менен дарыланат. Сенин дубаң ракты айыктырат, сөзсүз жаңылышсыз айыгат. Күнөм санагандар алланын каарына калат. Жана баардык дартка себепкер болот. Адамдарга нааразы болбой ишиңди уланта бергин, алла тааланын назарындасың, Бул көрүнүп турган нерсе.

9-февраль 2011-жыл. Бисмиллахир рахманир иррахим.

Терхару –жашыл ааалам-сага эмнелерди берет? Бул жашыл түстөгү аалам сени менен байланышып изилдөө салганына 23 жыл болду деп айтканбыз. Ошол жылдардан бери сен жашыл нурларды кабыл алып аларды кандай жол менен пайдалана ала турганыңды даана биле элексиң. Эмесе угуп , жазып тургун, сенин нерв системаларың 6 планета менен байланышып 6 антенна нерв системаларыңа туташтырылган . аны ошол учурда өзүң сезгенсиң, ошол антеннадан 6 нур чачырап турат. Адамдын же оорулуунун тамырын кармаганда оорулуунун дартына жараша нур берилиш керек. Эгерде сен рак оорусун дарылап жатсаң жашыл нур тамыр аркылуу сенин колдоруңдун учу менен кан аркылуу жүгүрүп ооруган жерге барып дарылоо башталат. Андан кийин жаңырык планетасы жардамга келет. А сиздердин ракты дарылай турган кызгылт түздөгү нуру келет. Рактын өөрчүгөн түрүн дарылоого болот. Булар ириң канды тамырлап кеткен учурунда күйгүзүп жоготот. Ошентип анын түпкү тамыры өзөгүнө келип токтойт. Ошол учурда Жаннага жардамга келет. Өзөктү операция жолу менен алып салат. Ошондон кийин 3 күн нур берип тамыр аркылуу дарылайсың. Мына ушундай жол менен дарыланат. Мазды дубалап маткага саласың. Дуба ракты айыктырат. Ага түрдүү нурлар , дубалар берилет.

10-февраль 2011-жыл.Туберкулёз оорусун айыктыруу.

Оорунун пайда болушу- бул оору суук тийгенден пайда болот. Алгач өпкөгө суук тийип көңүл бурбай жүрө берет. Жөтөлөт, дене ысыйт, алы кетет. Ошол учурда дарыланбаса өтүшүп кетет да өпкөдө ыйлаакча пайда болот. Ал ыйлаакча жүрүп жүрүп өпкөнү алсыратат. Өпкөдө тактар пайда болуп, адамды арыктатып, тамактануу начарлап күндүр-түндүр жөтөл күчөп кыйналат. Оору катуулап тактарда курттар пайда болуп өпкөнү жей баштайт. Өпкө акырындык менен азайып олтуруп кан кусуп ,өпкө эзилет адам өлүмгө дуушар болот. Муну дарылоодо биринчи дуба окулат, тамыр аркылуу жана көөдөн аркылуу нур жиберилет. Суу дубалап улам жаңыртып туруш керек. Буга Ай, Нур, Жаңырык, Терхару планеталары жардамга келет. Өтүшкөн стадиясы 40 күндө айыгат.

11-февраль 2011-жыл. Бисмиллахир рахманир иррахим.

Кан басымы жогорулаган ооруларды дарылоо.

Оорулуу көп ойлонуу, капалануудан пайда болот. Аз аздан нерв системалары начарлай баштайт. Жана дагы катуу стересс оорунун катууланышына алып келет. Башы ооруйт алы кетет, андан жүрөк ооруга чалдыгат.Кан коюла баштайт, толук кандуу айлана албай алсыз начар абалда болот. Жүрөктүн жана нерв системаларынын кан тамырлары ичкерип алсызданат . кан басымы өйдө ылдый түшүп кыйналат. Дарылоо: дуба окуп тамырды кармап туруш керек,андан кийин сары түздөгү нур келет. Бул канды суюлтат. Ичкерген кан тамырларды калыбына келтириш үчүн агыш көгүш нурлар келет. Ай, Нур, Терхару, Черхару аркылуу аласың. Күндөн күнгө абал жакшыра баштайт. 20 күн дарылоо керек. Жүрөккө масаж кылуу нур жиберүү жана сөзсүз түрдө алла тааланын берген дубаларын окуп туруу . 3 литрден суудан 2 жолу дубалап берүү зарыл.

Черхару – көк жээк дегенди билдирет.Бул планетадан кочкул , жашыл жана көгүш түстөгү нурларды алабыз . Бул нурлар жерде жок. Биздин келбетибиз адамдар сыяктуу эле .Бирок жашообуз жакшы. Тамак жебейбиз,аба менен тамактанабыз. Өңүбүз сертирээк. Ааламда болуп жаткан окуяларды көрүп , билип турабыз .Бул сезимдерибиз аябай өрчүгөн. Башка планеталарга саякат жасайбыз. Жашоо турмуштарын үйрөнөбүз .

Жерге келебиз кимбиз жерде оору адамдар көп түрдүү ооруулар менен оорушат.

Жерде жин , шайтандар көп отурукташып алган. Алар адамдарга көп зыяндуу нерселерди алып келишет. Мисалы : аракты , наркотикти адамдардын генин бузуп ооруга көп дуушар кылышат , жана тоо кендеринин иштетүүдө көп зыяндарды алып келет . мисалы: рак, жүрөк оору,шал оорусуна,нерв оору, кандын бузулушу аллергия ооруулары, абанын бузулушу мунун баарын адамдар өзүлөрү бузуп жатат. Туура эмес иштетүүдөн, мына ушул жагы өзгөчө мааниге ээ. Ичи тардык , көрө албастык , мыкачылык өтө көп кездешет .Алланын кудуретчилиги , керемети дегенди кабыл алуу жокко эсе . Алланын бар экенин унутуп калышат.Жасаган жаман иштери боюнча алланын алдында жооп берээрин жокко чыгарышат , бийлик, мансап, байлыкка көз артып турушат. Ушул себептүү Алла кезек–кезеги менен адамдарды жазалап турат . Биз ооруларды айыктуурунун жолун көрсөтүүгө мажбур болдук. Албетте , Алла талаанын амири менен нурлар менен айыктыруу өтө пайдалуу. Булардын зыяны жок.Биз 23 жыл мурун сага энергия берип кеткенбиз. Эми сен кыйналып жатып калыптандың. Сен аркылуу Алла талаанын кереметин адамдарга көрсөтөбүз. Биз алтообуз – Ай, Нур, Жаннага, Жаңырык, Терхару, Черхару биригип сага жардамга келебиз. Сен эч кандай чочулабай биздин керемет нурларыбызды кабыл алып оорулуу адамдарга бересиң. Тамырды карма, дубалар окулат, андан кийин оорулууну айыктыруучу нурлар бериле баштайт.Эгерде оорулууда ишенүү сезими жакшы болсо нурларды толук кабыл алат. Айыгып кетет. Күмөндөр болгон оорулуу айыга албайт . Сен аларды көрбөөгө аракет кыл. Аларга энергия өтпөйт . Мунун баары алланын куудуретчилигинен.

13 – февраль.

Биз сага сокурларды кантип айыктуурунун жолун айтабыз. Бул ооруулар тубаса жана кийинки учурда болот.Карама сокурлардын, нерв системаларынында көздү көздөй кеткен тамырчаларда ак суюкттук көздүн карегине агып кетет. Бул көздүн шал оорусу деп аталат. Бул ооруну дарылоо түнкү сеанс керек, андан кийин дарылоо зарыл. Тамырды кармагандан кийин алла таала шыпаа кылат. Чочулабай тамырды карма, дуба барат. Энергия же керектүү нурларды Терхару , Черхару, Ай, Күн, Жаңырык, Жаннага аркылуу алып бересиң.

15-февраль. Дудуктарды дарылоо.

Буларды дарылоодо Черхару жардамга келет .Тамырды кармаганда дуба келет. Андан кийин энергия берилет. Түнкү сеанс болот. Алла талаанын берген дубаларын окуйсуң . Нурларды жибересиң .Түрдүү массаждар берилет.Чочулабай тамырды карма алла талаанын назарындасың ,ишиң илгери болуп, эмиң консун. Биз ар дайым сени мененбиз. Бабаларын , планеталар.

24/6.2011 жыл. Топ жылдыздар

Биз ааламдын чыгыш жагында жайгашканбыз.Биз менен мурдагы кылымдардагы окумуштуулар дарыгерлер байланышкан,биз байланыша турган адамдарды өзүбүз тандайбыз. Биз топтошуп тургандыктан топ жылдыздар деп аташкан.Ак ниет, бузукулук кылбаган калп айта албаган адамдарга кайрылабыз .Сени биз 23 жыл мурун эле тандап алганбыз .Сен өзүн билип жана сезип ,сыйынып тургансың, андан бери ааламдын сырдуу дүйнөсүн кабыл ала албай кыйналып жүрүп жетилдиң.Сага кайрылып келдик . Сен эми жин оору, шал оору, спид оорусун, дудук, сокурларды айыктырып атагың чыгат.Бул ооруларды айыктууруга толук кандуу киришесиң, сен алла талаанын сыноосунан өтүп бүттүң.Биз дагы жардамга келебиз .Сен бизден кара ,күрөң жана темир түстөгү нурларды аласың .Кочкор атага барып энергия аласың .Биз чакырганда, андан аркысын дагы айтып турабыз. Сага ак жол, каалайбыз. Күндө саат 3:00дө жолугушуп турабыз.

25-июнь, саат 3:00дө.

Биз менен байланышканда нерв системаларын менен кабыл алып кара , күрөң,темир түстөгү нурларды тамыр аркылуу жибересиң. Бул нурлар адамдын бузулган нерв системаларына таасир берип ооруларды,дудуктарды жин ооруларды айыктырууда зор милдет аткарат.Көздүн тамырларына жана сүйлөөгө алсыз болуп турган тил жана тамак көңдөйүнө иштешине жардам берип дарылайт.Дарылоодо тамыр кармаш керек .Түнкү сеанстар болот. Жин оорунун нерв системаларынын калыптанышына эске тутуу сезиминин ойгонушуна жардам берип дарылайт жана да шал оорунун айыгышына өтө күчтүү таасир этет. Багымдат намазынан кийин сага дем күч берилип энергия толукталып турат. Оорулуну алгандан кийин дарылоо жолу аяктайт. Ошондо бул дубаны айткын “ синьязин алхамду жафи раат бисмиллахир рахмаанир ирахим” ошондо сен оорубайсың. Бирөөлөрдүн жаман дубасы үйгө, өзүнө , балдарына жукпаш үчүн төмөнкү дубаны жума сайын кайталап тур. “Бисмиллахир рахманир ирахим “ субина риминаат аллаху рабият субханаллаха муслимат”. Муну балдарына үйрөтүп кой ,бул дубаны кагазга жазып үйдүн кире беришине ылайыктуу жерге жашырып кой. Күндөрдү туура айта албаган себебиң эми Таласка барышынды күтүп айтабыз ушул акыркы жолу Таласка барганда 2 түнөйсүң Манастын күмбөзүнө, Каныкейдин булагына, ошондон кийин кемчиликтер толуктайт.

26-июнь, 3:00дө

Жыландар менен туюм аркылуу да үн чыгарып дагы сүйлөшөсүң . Алар менен арбашканда дубаларды алла талла оозуна салат. Алардын аты жөнү да кайсы даражада экенин айтылат . Алар сага баш ийет.Алла тааланын кудуретчилиги менен сени жыландардын падышасы жана Алманбет, Жаңырык планетасы колдоп турат. Жыландар адамдарды сүйлөгүс кылып тилин байлап койгон учурлар кездешет. Дубалар менен адамдын өңүн бузган жараларды денесине беришет ж.б. ооруларды “ала”деген жыландын дубасынан болот. Окуп айыктырасың жана денесине май дубалап сыйпаш керек .Суу дубалап бересиң тамыр аркылуу энергия (нур) жибересиң. Алланын кудуретчилиги менен сүйлөшүү жолу менен аларды жер которууга кудуретиң жетет.

Алланын кудуретчилиги менен кызыңдын багы ачылып эмне тилесе орундалат.

27 -июнь 300

Бисмиллахир рахманир рахиим бардык алланын амири менен болот.Алла талаа эч жанга теңдеши жок зат. Ал он сегиз миң ааламды көз жаздымынан кетирбей башкарып турат. адамдар эненин курсагында жатканда эле алардын турмуш жолу жазылат.Алла керемет дүйнөнү өзү жасайт .Биз алланын амирин аткаруучуларыбыз. Сырдуу дүйнөнүн кандайча өзгөрүп турарын адамдар анча деле баамдай албайт. Адамдын тулку бою жансыз зат.Анын жаны учуп кеткенде өлдү дешет.Ал эми денеси эч нерсени туйбай чирийт, жаны болсо башка ааламга учуп кетет да ал жакта да жашоосу улана берет .Бирок ал башка дүйнөдө. Алла тааланын сурагынан өтүп анан адам болуп жашаганда анын жакшы сапаты көп болсо жакшы жайга, терс жактары көп болсо начар жайга жиберилет.Канчалык жамандык кылса ошончолук кыйналат. Арамдык кылуу, көрө албастык, ичи тардык, калп айтуу, кайраштырып ушак айтуу, ач көздүк, уруулук , каракчылык, киши өлтүрүү, кыянаттык кылуу жазыксыз адамдарды дубалоо ж.б. ушуга окшогон жаман жорук жосун жасоо.

2013 жыл 20 август 1355 сентябрь. Бисмиллахир рахманир ирахим.

Сен биздин сынагыбыздан өттүң. Алланын амирин жазып тургунуң .Жолго чыгасың Кочкор Атага эл менен чыгуу болосуң. Сага жана ошол элдин алдында керемет көргөзөбүз. Сенин касиетиң жөнүндө элге жарыя кылабыз . Манас ордого барганда жин оору, шал оору, сокур, дудуктарды, спид оорусун айыктырууга жолдомо аласың.Элге жарыяланат.Сулайман тоодон зор дем , күч беребиз.Оорудан сакаясың күндүр - түндүр ооруларды дарылап, нур берип биз берген дубаларды окуп элди ооруларынан сакайтасың. .Ишиң жүрөт.Балдар, кыздарыңа, неберелериңе, бир туугандарыңа бак-таалай бердик .Тилектериң кабыл болду укум –тукумун ак жолго түшөт. Жүрөктөрүнө келиндериңе, болочоктогу күйөө балдарыңа, куда сөөгүнө кайың – журтуңа , кошуналарыңа , эл журттарыңа ыйман салдык. Пендечилик кылбай ак , так иштейт деп ишеним салып,жолунду ачтык.

22 сентябрь. Жин оорулар .

Сувханалла ,суваханалла , суваханалла .Бисмиллахир ирахманир ирахим.Сага бабалар жардамга келди.Ишиң жүрөт. Жин шайтандарды жеңе турган дубалар берилет .Тамырды карма алгач анан 5 атанын Түктүбай , Сүйүмбай ,Сарыбай, Жамбыл, Кайназар аталарды чакырып дем салып камчылап берүүсүн суранасын. Андан кийин тамыр аркылуу нур бересиң дубаларды окуйсун , суу дубалап бересиң .Алланын шыпаасы болот .1 жумадан сакайып эл катарына кошулат.Түнкү сеанстар болот. 2) Шал ооруну айыктырууда тамырды карма, 5 атаны чакыр . Андан кийин тамыр аркылуу нур жиберип , дубаларды окуйсун.Жиберилген нурлар буту колду жибитет. Нерв системасынан баштап таманына чейин дарылайт.Түнкү сеанстар болот. Мындан ары саат 10 до өзүн жатпайсың оорулууну жатышын талап кыласың. Сенин колуң бошобойт. Сен аларды көз алдындан өткөрүп сеанс болгонун сезип көрүп турасың. Жети даамды сөзсүз талап кылгын, каалабагандар айыкпайт.

22- сентябрь. Бисмиллахир ирахманир ирахим.

Сокурларды айыктырууда тамырды карма .Тамыр аркылуу сенин колдоруңдун манжалардын учунан Терхару, Черхару, Топ жылдыздардан келген нурлар өтүп көздүн тегерегиндеги оорулуу нерв системаларын дарылай баштайт.Баштын сөөктөрүн мээдеги ичке тамырларды дарылайт жана биз берген дубаларды окуйсуң суу дубалап бересиң 3 литр.Укалайсың тиешелүү точкаларды.Ай,Нур, Жаңырык , Жаннага , Терхару , Черхару, Топ жылдыз , бабалардын 41 тобу кылымдын дарыгерлери , Мухаммед жана Иса пайгамбарлар жардамга келет.Сөзсүз түрдө 7 даам менен куран окуй баштагын. Куранга садага таштагыла деп талап кыласың.Аны аткаргысы келбегендерди дарылабай эле кой. Бул алла тааланын кудуретчилиги менен болорууна ишенбегендерге эм түшпөйт.

23 – сентябрь .Бисмиллахир рахманир рахим.

Дудуктарды дарылоодо. Батаны чакырасың эмдеп бергиле деп.Анан тамырды кармайсың. Нерв системаларына сенин колуңдун учунан дарылоочу нурлар тамыр аркылуу жылып барат. Дубаларды айтасың. Бабаларды чакырасың. Ай , Нур,Жаннага, Жаңырык , Черхару , Терхару ,Топ жылдыз дарылайт.Тамак көңдөйүнөн ачылышына дубалар окулат. Алланын амири менен сен кайрылганда дубалар берилет.Түнкү сеанстар болот.Мухаммед пайгамбар , Иса пайгамбар жардамга келет.Эч тартынбастан тамырын карма.Алланын керемети менен дудуктар 1 жумада сүйлөйт.Биз айткандарды талап кыл, ким ишеним менен келсе, дартынан сакайят. Күмөндөр болгондорду көрбө.Аларга жардам тийбейт .

24-сентябрь. Бисмиллахир рахманир ирахим.

Спид оорусун айыктырууда сөзсүз түрдө 5 атаны чакыргандан кийин тамырды карайсың. Аллага кайрыласың. Андан кийин сага дубалар жиберилет.Ай, Нур ,Жаңырык ,Жаннага, Терхару ,Черхару, Топ жылдыздардан нур аласың. Жаңырык жыландардын уусу менен дарылайт.Топ жылдыз нурлары менен ак бүртүкчөлөрдү же болбосо оорунун очогун жоготот. 7 күн нурлар менен дубалар менен дарылайсың 3 литр суу дубалап бересин. Сага кылымдын дарыгерлери , Ванга, Кашпировский, Абу Ибин сина, бабалардын 41 тобу кызыл атчандар, кара атчандар, манасчылар , баатыр бабалар, 7 олуя ата , Кошой ата, Сопу ата, Бала бий ата ,Арыстанбек Буйлаш ата, Арыстан баба , Айша бүбү эне, Айчүрөк эне,Ак буура ата , Укаша ата , Рабия Бегим эне, Карачач эне,Бүбү мариям эне,Ибрагим ата ,Карахан ата ,Манас ата, Аблайхан ата, Карасай ата, Жер эне,Каныкей эне, Курманжан датка, Алымбек датка, Адыгене уруулары , 40 Чоро, 40 Чилтен ,Семетей, Сейтек,Алымсарык , Кулансарык, Сыргак , Чубак,Алмамбет ,Күлчоро,Жайма көкүл жаш Айдар, Кочкор ата,Таш рабат ,Баба ата , Кызыл –Дөбө, Дары булак, Манжыл ата, Ак Мазар,Кумайык ,Бакай , Желмаян, 60 баштуу ажыдаар, Жер, Манас аалам ,18 миң ааламдын ээлери ,өзүңдүн Бабаларың жети атаң,7 таятаң ,7 кайнатаң, Мухаммед пайгамбар жана Ильяз пайгамбар, Отрарда 30 баб . Сайрамдагы сансыз баб , Түркстанда түмөн баб. Пайгамбардын сахаба ,шадиярлары жана жалпы пайгамбарлар колдойт.Күмөн санабай зыяраттан келгенден кийин ишке киришесиң .Үзгүлтүксүз оорулуулар келишет.Ак жолун шыдыр болсун .ООМИЙИН.

25 сентябрь. Бисмилахир ирахманир ирахим.

Жүрөк ооруларды айыктыра аласың .Бул оору көбүнчө адамдын капилет чочуусунан пайда болот. Жүрөк чочуганда огунан жылып кетип туура эмес иштеп калат.Тубаса жүрөк оорулар эненин курсагында жатканда эле пайда болот. Эненин жүргөн турганынан, ден соолугунан, ичкиликтен , наркотиктен ж.б. Порох сердца бул эненин боюнда барда катуу чочуп корконунан түйүлдүккө да таасир берет. Абадан, абанын бузулушунан таасир болот. Бул ооруларды нур менен, түнкү сеанстар менен жана берилген дубалар , суу дубалап берүү менен айыктырууга болот. Бабалар, Ай , Нур,Жаннага , Жаңырык ,Терхару , Черхару , Топ жылдыз , Кылымдын дарыгерлери ,Африка , Венгер , Монгол ,Кыргыз шейиттери , кызыл атчандар , Бабалардын 41 тобу ,40 чоро ,Манас , Каныкей , Айчүрөк ,Кумайык , Ак шумкар, Жер,Иса пайгамбар,Айша бүбү эне, Арыстан баб,Ак буура ата, Түктүбай ,Сарыбай , Кайназар, Жамбыл ,Сүйүнбай аталар, Азиздер , Сыргак ,Чубак, Алманбет,Кочкор ата , Баба ата ,Таш рабат , Манжыл ата,Кызыл-Дөбө колдойт,жардам берет.Тамыр карма алла таала шыпаа кылат.

26- октябрь 2013-жыл .Бисмиллахир ирахмананир ирахим.

Бала күнүңдөн кыйналып ушул 64 жашка келдиң. Эми жетилдиң ,жин, шал, дудук, сокур, спид ооруларын айыктырууга жолдомо беребиз .7 токоч , 7 даам алып келгин күтөбүз.

Керемет болот,ооруларды сакайтып даражаң көтөрүлөт. Дүйнөнүн төрт тарабындагы оорулар келип сакайып кетишет. Баары Алланын керемет кудуретчилиги менен болот.

28- октябрь. Бисмиллахир ирахманир ирахим.

Сенин окуткан курандарыңа ыраазы болдук..Шашылбай ооруларды көрө бергин .Керемет болот. Өттөгү ташты дарылоодо тамыр карма, андан ары алла шыпаа кылат.Нур жибергенде таш эрийт четинен эрип жоголот. Өттөгү каналчалар ачылып өт баштыкчалары жана боор дагы дарыланат. Ишиң илгери болсун.

6- февраль.Бисмиллахир ирахманир ирахим

Жин ооруларын айыктырууга жолуң ачылды .Эмне кылам деп чочулабай тамырды кармап, аталарды чакырып ,аллага кайрыласың ооруларды келе баштайт. Шал оору , сокур,дудук , спид оорулар .Тамырды карма алла шыппа кылат. Келген оорулуулардан 7 даамды жана куранга садага коюшуна талап кылгын.Сенин даражан көтөрүлдү.Ата бабалардын арбагы ыраазы болду.

5-март. 2014 жыл .Бисмиллахир рахманир ирахим.

Алланын сынагынан өттүң. Алла ден соолук дем күч берди.Жолго чыксан жолуң болот. Көрө албагандар артында кала берет, ишиң илгерилейт.Сулайман ата , Бакай ата , Каныкей эне , Айчүрөк эне ,Курманжан датка, Алымбек датка,адигене уурулары бата берет. Манас атандан бата алып кайтасың. Жин оору , шал оору, сокур, дудук, спид ооруларын айыктырасың . Көрө албагандарга нааразы болбой ишиңди уланта бер. Алланын назарындасың .Укум тукумуна, урпактарына,балдар , кыздарына бак бердик. Бак-таалайлары ачылып өз эл жерине жадырап жайнап бакубат турмушта, ден соолугу чың , өмүрлүү болушат.Сый урматка ээ болосуң. Зыяраттан кайткандан кийин кереметтер болот.

2014 –жыл.15-май.Бисмиллахир рахманир ирахим

Манастан ураан чакырдың.Жүрөгүңө көп нерсени батырдың.Манас атаң колдоду.Ишин эми башталат. Жин оору,Шал оору , сокур, дудук, спид ооруларын айыктырасың. 5 атаны чакырып Кошой ,Алмамбет, Бала бий ата , Сарт ата, Арыстанбек Буйлаш ата чакырып баштайсын. Момбай уулу Кыдыралы колдоо берет.Төрөкул уулу Чынгыз жардамга келип колдоо берет. Балдарың кыздарың ак жолго түшүп өзүнүн жеринен орун очок алат. Айнагул эпос жазат. Укум- тукумун билим жолу менен кетет. Эл журт башкарат, оорулуулар келе баштайт. Коркпостон колдогон аталарыңды чакырып тамыр карма андан ары Алла шыпаа кылат. Каралыктар акырындык менен жоголот. Дем, күч бердик. Ишиң илгери болсун. Оомийин . Бабалардын колдоосуң. Алланын амири.

15-октябрь 2014-жыл.

Биз сага дем күч ,касиет берип кеттик.Сен биздин сынагыбыздан өттүң.Жин оору,шал оору,дудук , сокур , спид ооруларын айыктырууга күч коштук. Зоб ж.б. оорулар текшергенде дал чыкпай жатат деп кейибе, баары дал келет, күчүнө күч , касиетине касиет коштук.Дал келбей жатат деп айтышканда сабырдуулук кылып Алла тааланын керемети күчтүү деп туура жооп бергениңе Алла ыраазы болду.Сен айткандай керемет менен айыгып сакайганы далилденип эл журтка учу кыйры жок ааламга атагың чыгат. Оомийин. Бабаларың.

Сагынбүбү Сабырбекова.

Планеталардан бул адамга сигналдардын келиши менен кандай айтылса өзгөртүлбөстөн жазылды.

Интернетке чыгарган Кайырбек Коңурбаев.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

15-01-2020
Ой-пикир: НАМАЗДЫН СЫРЫ
15124

10-04-2019
Эмне үчүн эркектер отуруп заара кылышпайт? 1-бөлүк
14926

12-11-2016
Тарыхыбызды тактайлы
78294

13-07-2016
Түндүктү ылдый тартып, салаңдаган 50 үзѳңгү
27937

02-04-2016
Шейшеби бекип калуу же простатит
27156

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×